СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Байламталарды жыйынтыктоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Байламталар боюнча бышыктоо сабагы. жомок-сабак

Просмотр содержимого документа
«Байламталарды жыйынтыктоо»



№3 Чалдыбар жалпы билим берүү орто мектеби



Окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары:_____________



Кыргыз тили сабагынан өтүлүүчү тренингдин иштелмеси



Байламталар. Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү: Байланыштыргыч байламта.

ТЕМАСЫ:































Жомок сабак

Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.

Сабактын темасы: Байламталар. Байламталардын маанисине карай бөлүнүншү: Байланыштыргыч байламта.

Сабактын максаты:

  • Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү, байланыштыргыч байламта жөнүндө түшүнүк берүү;

  • Окуучуларга байламталардын маанисине карай бөлүнүшүн өтүү менен биридүүлүккө, ынтымакка тарбиялоо. Элин – жерин сүйүүгө, кыргыз улутунун каада-салтын сыйлоого үйрөтүү жана тарбиялоо;

  • Кызматчы сөз түркүмдөрү жөнүндө алган билимдерин жана таанып билүү жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү, сөз байлыгын өстүрүү.

Сабактын тиби: Жаңы теманы түшүндүрүү;

Сабактын методу: Интерактивдүү-салттуу эмес ыкма;

Сабактын формасы: Сабак-жомок.

Сабак аралык байланыш: Адабият, сүрөт, тарых, кол эмгек.

Сабактын жабдылышы: Көрсөтмө куралдар, флипчарт, ребус, ТСО, кошумча адабияттар, окуу куралдары.

Сабактын жүрүшү:

А) Жаңы тема:

- Саламатсыңарбы, балдар. Бүгүнкү өтө турган темабыз: “Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү.байланыштыргыч байламта”

Сабактын максаты: Байламталардын маанисине карай бөлүнүшү жөнүндө, анын ичинен байланыштыргыч байламта тууралуу кеңири түшүнүк берүү.

-Балдар, жомок укканды жакшы көрөсүңөрбү?

-Ооба.

-Айткылачы, биз 5- класстан бери кайсы жомокторду өттүк?

-“Алтын куш”, “Акылкарачач”, “Кекире майса суусады, чөлдө ботом куурады”, “Бала менен сыйкырчы” ж.б.

-Туура, анда эмесе, бүгүн биз жомоктор дүйнөсүнө саякатка барабыз. Бүгүнкү жомогубуз өтө кызыктуу, өзгөчө жомок. Балдар, мен силерге бир сыр каттым. Эгерде силер бул сырды ачсаңар жомогубузду баштайбыз. (Ребус)

+ = суу самын;

+ = кол чатыр;

+ = төө кууш;

+ = таш бака;

+ = темир жол.



Илегри өткөн заманда “Маани берүүчү сөз түркүмдөрү” деген чоң падышачылык болуптур. Ал падышачылык өтө бай, өнүккөн анын тегерегиндеги андан чакан хандыктар болгон. Алр Маани берүүчү сөз түркүмдөрүнө көз каранды болгон экен. Бирок ошолордун ичинен “Кызматчы сөз түркүмдөрү” деген хандык өзгөчө болгон экен. Ал хандык “Маани берүүчү сөз түркүмүндөй” эле өз түркүмдүк касиетке ээ болгон. Силерде эмне үчүн өзгөчө болгон деген суроо туулдубу?!

-Ооба.

-Анкени, “Кызматчы сөз түркүмдөрү” калыс, адилеттүү болгон. Ал хандыкта 3 хан жашаган экен. Алар: жандооч, байламта, бөлүкчө. Байламта өзүнүн калыстыгы менен айырмаланчу. Себеби, ал сөз менен сөздү, жөнөкөй сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштырып, тутумдаштырып турчу экен.

Байламта:

Мен байламта падыша Байлыгым менин алынча Төрт уулум бар бой жеткен Биринен бири өткөн амалкөй Кызматым менин атымдай Сөз менен сөздү, Жөнөкөй сүйлөм менен сүйлөмдү Байланыштырып, тутумдаштырып турам. Уулдарым менен тааныштырам.

-Мына, балдар, өзүңөр уккандай байламтанын төрт уулу болуптур.

1. Байланыштыргыч 2. Ажыраткыч 3. Каршылагыч 4. Себеп-натыйжалаш

1) Байланыштыргыч байламта:

Атамдай болуп кызматым

Байланыш жагын тейлеймин

Беш кызым бар супсулуу

Алардын акылдары да өтө кең.


2) Ажыраткыч байламта:

А менин кызматым

Өтө эле тескери

Ажыратып таштаймын

Сөздөр менен сөздөрдү.


3) Каршылагыч байламта:

Меники деле ошондой,

Сөз маанисин бири-бирине

Каршы кылып таштаймын.


4) Себеп –натыйжалаш байламта:

Меники кызмат кичине,

Сөз маанси Себеп-натыйжалаш экенин гана аныктйм.


-Мына, өзүңөр күбө болгондой төрт уулдун мүнөзү, кызматы ар башка болгон экен.

-Эми байланыштыргыч байламтанын беш сулуу, биринен –бири ашкан акылдуу кыздары менен таанышалы.

Жана:

Жана деген мен болом менин чөйрөм абдан кең,

Сөз түркүмүн бириктирип, баардык стилде колдонулам мен.


Менен:

Чынында мени жандооч деп алмаштырат кээ бирөө.

Ошентсе да жана менен синонимдеш келем мен.


Да:

Бөлүкчө деп мени да чаташтырбай окучу,

А мейли эмне десе да байламтанын сулуу кызы

Деп эсептеймин өзүмдү.


Дагы:

Бир болсо эки деп, сөз маанисин кеңейтем.

Менин дагы дилегим атакемдей өтө кең.


Арынары:

Мени деле тактооч деп жаңылышат кээ бири,

Лексикалык мааниде байламтамын баары бир.


-Мына, балдар, өзүңөр жогоруда угуп өткөндөй байланыштыргыч байламтанын беш сулуу кызы болгон экен.


Сыйкырчы:

Булардын жыргап жатканын кара, менин ичим абадан тар. Мен бул беш кызды жансыз кылып таштайын. Аларды жандандырыш үчүн оор табышмактарды берейин.


1-тапшырма:

Бул сүрөттү карап, МЕНЕН, ЖАНА байламталарын катыштырып үч мүнөттүк аңгеме жазгыла.


2-тапшырма:

Кар да кетер, кадыр да өтөр.

Коркок көлөкөсүнөн да коркот.

Көрбөс төөнү да көрбөйт.

Кумурска кичине болсо да, кайраты тоо аңтарат.

Ойноп сүлөсөң да, ойлоп сүйлө.

Оору калса да, адат калбайт.

Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.

Тилден бал да тамат, уу да тамат.

Турнанын да башы бар.эр карыса да, ой карыбайт.

Аз болсо да, саз болсун.

Той болоор, тойдун эртеси да болоор.

Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.

Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башта бар.

Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.

Жокко суу да жок.

Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт.


-Азаматсыңар балдар! Силер тапшырмаларды так, даана аткардыңар. Ал эми сыйкырчы бизге такыр жолобойт. Байланыштыргыч байламтанын кыздарына жан кирди. Балдар, силер байламтанын кандай кызмат аткараары жөнүндө түшүнүк алдыңарбы?

-Ооба.

-Байланыштыргыч байламталаргачы?

-Ооба.


Жыйынтыктоо:

-Демек, азыр түстүү барактарга байланыштыргыч байламталар катышкан жаз мезгилине тиешелүү сүйлөмдөрдү түзгүлө. (Доскага кластер түзүшөт.


-Азаматсыңар, балдар! Силерге мен ушул гүлдөй ачылган бейкут жашоону каалайм!

Үйгө тапшырма:

Байланыштыргыч байламталарды ктыштырып сүйлөм түзүү.

Баалоо:

Формативдик баалоо.