Байланыштуу кеп
Байланыштуу кеп – бир адам тарабынан ойлордун, билимдердин узак, ырааттуу, байланыштуу баяндалыш системасы жана ошол ишкердүүлүктүн натыйжасы – айрым бөлүктөрү маанилик, тилдик жана түзүлүшү жагынан өз ара байланышкан кеп, текст.
Байланыштуу кеп – сөз өстүрүүнүн өзүнчө бир тармагы. Анда текст жөнүндөгү маселелер каралат.
Байланыштуу кеп
Байланыштуу кептин теориялык негизин төмөнкүлөр түзөт: 1.Текст жөнүндөгү маселелер ( тема, андагы негизги ой, тексттин түзүлүш өзгөчөлүктөрү);
2. Кептин стилдери : а) сүйлөшүү стили;
б) көркөм стиль;
в) илимий стиль;
г) публицистикалык стиль;
д) расмий-иштиктүү стиль .
3. Кептин түрлөрү : а) сүрөттөө;
б) баяндоо;
в) ой жүгүртүү.
I. Текст
- Текст – адабий чыгарманын, илимий эмгектин, кандайдыр бир документтин, докладдын жана башкалардын жазуусу, анын айрым үзүндүсү же бир нече сүйлөмдөрдүн байланыштуу айтылышы.
- Текст – маанилик, тематикалык, грамматикалык, стилистикалык жана структуралык жактан тыгыз байланышкан бир нече сүйлөмдөрдүн жыйынтыгы.
- Тексттин негизги белгилери:
1) тексттеги сүйлөмдөрдүн туруктуу мүчөлөнүшү;
2) маанилик жактан бир бүтүндү түзүшү;
3) сүйлөмдөрдүн өз ара байланыштуулугу.
- Тексттин маанилик бүтүндүк катары компо- зициялык – структуралык жактан үчкө бөлүнөт:
1) тексттеги ойдун башталышы;
2) тексттеги ойдун өнүгүшү;
3) тексттеги ойдун аякталышы.
- Тексттин маанилик бүтүндүгүнүн негизги белгилери:
а) текст – белгилүү бир темада сүйлөшүү;
б) текстте сүйлөөчү адамдын негизги оюнун ишке ашырылышы;
в) ар кандай көлөмдөгү тексттин бүткөн ойду билдириши;
г) негизги ойду билдирүүчү ат тандап алуу;
д) тексттин туура башталып, туура бүтүшү.
Тексттин мүнөздүү белгилери
- а) экиден кем эмес сүйлөмдөн уюшулат.
- б) андагы сүйлөмдөр стилдин бир түрүнө мүнөздүү.
- в) тексттин тутумундагы сүйлөмдөр өзүлөрүнүн берген маанилери боюча тыгыз байланышта болуп, биринин маанисин экинчиси толуктоо, аркылуу мазмундук-тематикалык жактан бир теманын айланасында топтоштурулат.
- г) грамматикалык түзүлүшү боюнча өз ара тыгыз байланышта болот.
Тексттин структурасы (курулушу, түзүлүшү)
- Текст структуралык жактан кептин бир эле түрү аркылуу да, же кээде бир нече түрүнүн элементеринин катышуусу аркылуу да түзүлө берет.М: Сүрөттөө баяндоо сүрөттөө
Баяндоо сүрөттөө баяндоо
- Ал эми стилдер жөнүндө сөз кыла турган болсок, текст кептин бир гана стили аркылуу түзүлөт.
- М: Адабий көркөм чыгарма – көркөм стилде;
- Окуу китеби – илимий стилде;
- Арыз, мүнөздөмө – иш кагаз стили;
- Репортаж, интервью – публицистикалык ст .
Тексттин темасы жана анын бөлүнүшү
- Ар бир текст өзүнүн мазмунуна жараша белгилүү теманы түзөт. Т е м а – тексттин мазмунуна коюлган ат, тексттин эң маанилүү өзөгү, тексттин жалпыланган мазмуну.
- Тексттин темасы п о д т е м а г а (темачага), б ө л ү м г ө жана м и к р о т е м а г а бөлүнөт.
- Тексттеги сүйлөмдөр негизги идея , ой менен байланышат.
- Подтема – чоң теманын ичиндеги кичирээк тема.
- Микротема – жалпы теманын майда бөлүкчөлөрү
же болбосо, кептин маанилик эң кичине бирдиги
Тексттеги абзац
- Абзац – бир ойдун бүтүшү менен экинчи ойдун башталышы же ойдун андан ары тереңдешин билдирген каражат. А б з а ц – тексттин башындагы кемтик, же эки кемтик саптардын ортосундагы текст.
Немец тилинен алынып, “чегинүү” дегенди билдирет.
- Абзацтын да башталышы, өнүгүшү, аякталышы болот. М: Зууракан ордунан турду. (окуя башталды )
Илгери басты. Жүрөгү алып-учуп дикилдеди. Бүткөн бою коргошундай балкыды .(окуя-н өнүгүшү ) Председатель Зуураканга Ленин орденин тапшырды. (окуянын аякташы)
Текст абзац микротемалар
Тексттеги сүйлөмдөрдүн байланышуу жолдору эки түргө бөлүнөт
1. Уланма байланыш.
М: Жапар алга карай жүгүрдү. Анын артынан жоокерлер да чуркашты. Жапардын кыйкырыгы аларга дем-күч берди. Аскерлер Жапардан калбай кетип баратышты. 1 2 3 4
2. Удаалаш байланыш .
М: Биздин ушул тоолордо илбээсиндер: аркар, аюу, кулжа, жолборс, бугу, маралдар бар. Алма, жүзүм, кызылча, жаңгак биздин тоолордо.Элдин миңдеген койлору, жылкылары, уйлары биздин тиги Ала-Тоодо багылат. Ала-Тоонун байлыгы, суулары, токойлору – элдики, биздики.
1
2
3
4
5
Тексттеги сүйлөмдөрдү байланыштыруунун каражаттары
- Синонимдик байланыш;
- Сөздөрдүн кайталанышы аркылуу;
- Маанилеш сөздөрдү алмаштыруу аркылуу;
- Киринди сөздөр аркылуу;
- Байламталар аркылуу;
- Интонация аркылуу( тыныш белгилер);
- Баяндоочтордун жак, сан, чак боюнча бирдей келиши аркылуу;
- Антонимдик байланышуу;
- Синтаксистик параллелизмдер аркылуу;
М: Чаң созулат тамандан,
Жакшылык келбейт жамандан.
Булбулдун мукам үнү бар,
Тайлактын таза жүнү бар.
Орундуу жана орунсуз кайталоо
- Баяндалып жаткан ойду тактоо, бышыктоо, бекемдөө жана образдуулугун, көркөмдүүлүгүн, элестүүлүгүн арттыруу максатында колдонулган кайталоо о р у н д у у к а й т а л о о деп аталат.
- М: Ынтымагы бар элдин , таалайы, багы ачылат,
Ынтымагы жок элдин , тапканы бекер чачылат.
О р у н с у з к а й т а л о о – сөз байлыгынын жардылыгынан, ой жүгүртө албагандыктан пайда болгон кайталоо.
Орунсуз кайталоону четтетүүнүн жолдору:
1. Синонимдерди колдонуу;
2. Ат атоочтор менен алмаштыруу;
3. Интонация жана байламталарды колдонуу.
Тексттеги сөздөрдүн түз жана өтмө мааниси
- Эгер сөздөр өзүнүн лексикалык маанисинде колдонулса, т ү з м а а н и деп аталат.
М: Кол жетпегенге, акыл жетет. Бүркүттүн көркү жүн менен, булбулдун көркү үн менен.
2. Сөздөрдүн лексикалык түз мааниси аркылуу башка маанинин түшүндүрүлүшү ө т м ө м а а н и деп аталат.
М: Кол курады, беш каман, мурункудай чапмакка.
Кубанышып бир өскөн, Булбулум Током келген бейм. Оо, кайран бүркүтүм, сен да келдиңби?
Тексттеги сүйлөмдөрдүн түз жана терс орун тартиби
- 1. Сүйлөмдөгү сөздөр грамматикалык жактан бири-бири менен байланышып, сүйлөм мүчөлөрү туруктуу өз ордун сактап, туура орун алса, т ү з о р у н т а р т и п д.а.
- М: Биз башынан эки үй жанаша турабыз. Мен чоң үйдүн баласымын.
- 2. Сүйлөм мүчөлөрү өзүнүн туруктуу ордун сактабай, стилдик максатта орун алмашып айтылса, т е р с о р у н т а р т и п д. а
- М:1. Даниярдын мүнөзүнө күлө турганбыз, биз .
2. Уялганымдан жер карап калдым, мен. 3. Данияр апкаарый түштү, Жамийланын мындай чечкиндүүлүгүнөн .
Тил жана кеп
- Тил жана кеп бири-бирине абдан жакын: өз ара тыгыз байланышкан, шартталган, бирок окшош эмес түшүнүктөр.
- Тил – коомдо байланыш-катыш жасоонун, пикир алышуунун негизги каражаты.
- Кеп – байланыш жасоонун, пикир алышуунун конкреттүү колдонулушу, ишке ашырылышы, б.а. айтылган сөз, сүйлөнгөн кеп, оозеки же жазуу жүзүндө берилген сөз.
II. Кептин стилдери
Стиль – кептин белгилүү бир максатка, пикир алышуунун чөйрөсүнө ылайыкталган түрү.
1. Оозеки стиль
2. Жазуу стили Илимий стиль (ИС)
Көркөм стиль (КС)
Публицистикалык ст.(ПС)
Иш кагаз стили (ИКС)
Расмий иш кагаздары
Расмий эмес иш кагаздары
Илимий стилдеги материалдар
Илим м-н техника тармагында жа-
зылган монографиялар;
Илимий-популярдуу справочниктер
Энциклопедиялар;
Методикалык колдонмолор;
Рефераттар, докладдар;
Газетага жарыя-н илимий макала-р
Диссертациялык эмгектер кирет.
ИС илим изилдөө мекемелеринде, окуу жайла- рында, орто мектептерде, илим менен алектенген бардык чөйрөлөрдө кеңири колдонулат.
ИС дин өзгөчөлүктөрү:
1.Жалпылангандык
2. Объективдүүлүк
3. Логикалуулук
4. Тактык – ИСдеги терминдер так, түшүнүк- түү , кыска келет.
ИСге мүнөздүү тилдик каражаттар
1. Лексикалык каражаттар . ИС терминдерге бай. Термин + өзөк түшүнүк + өзгөчө белги = аныктама.
2. Морфологиялык каражаттар .
ИСде киринди сөздөр, кызматчы с-р, сын ат-н -ыраак мүчөсү, сан ат-н эсептик, бөлчөк, иреттик сандары кеңири пайдаланылат.
3. Синтаксистик каражаттар.
Себеп-натыйжаны, ой-пикирлердин жыйынты- гын туюндурган ББТС, жайылма сүйлөм-р, байламталар жыш колдонулат.
Доклад – илимий-практикалык, илимий-методикалык конференцияларда, педагогикалык окууларда, съезддерде ж.б. окулат. Докладда бүткөн, аткарылган, изилденген, жыйынтыгы чыккан иш так баяндалат. Кириш сөздө иштин актуалдуулугу, илимдеги мааниси ж.б. так көрсө- түлөт. Негизги бөлүмдө фактылар м-н далилденген илимий ачылыштар, жетишилген ийгиликтер айтылып, жыйынтыгында анын мааниси көрсөт-т.
Конспект – окуган адамдын өзүнүн жеке кызыкчылыгы, көз карашы үчүн маанилүү. Окулган эмгекти же чыгарманы унутуп калбаш үчүн кыскача, маанилүү жерлерин өзүнө эскерткич катары жазып алуу.
Реферат – илимий эмгектердин негизинде изилдөө иштерин жүргүзүү менен аткарылган монографиянын кыскача аныкталган мазмуну.
Рефератта илимий эмгектерди окуп чыгуу менен тема б-ча ой жыйынтыкталат, көз караштар топтолот. Ойдун тууралыгын аныктоо үчүн окумуштуулардын илимий пикирлерине таянып, цитата берилет. Цитата м-н катар автору, эмгектин аты, чыккан шаары, жылы, эмгектин бети кошо көрсөтүлөт.
Цитата – илимий иштерде эске алынуучу маа- нилүү таяныч. Аны кеңири карасак, бирөөнүн оюн өз оюңду бекемдөө үчүн колдонуу десек болот. Андай учурда макал-лакаптарды, философ ойчулдардын учкул сөздөрүн да цитата деп айтууга болот.
Илимий чыгармадагы цитата – өзгөчө. Илимий көз караштын тууралыгын бекемдөө үчүн өз оюна окшош, автордун эмгегине шилтеме жасайт.
Илимий реферат түзүүнүн үлгүсү
Тема: Кыргызстандын суу байлыктары
План:
Киришүү . (Суу байлыктары б-ча кыскача маалымат берүү м-н, тандап алган теманы иликтөө зарылчылыгы көрсөтүлөт).
I. Мөңгүлөр . (Мында мөңгүлөр, көп жылдык тоң кыртыштар ж-дө, алар кантип жаралат, эришинин себептери, көп эрип кетсе эмне б-т, андан кантип сактанууга болот ж.б.)
II. Суулар . (Мында теманы ачуу үчүн «Агын суулар, Көлдөр, Суу сактагычтар, Жер алдындагы суулар» деп бөлүп алуу зарыл)
Корутунду.
Пайдаланылган адабияттардын тизмеси.
Публицистикалык стиль (ПС)
Публицистика – латынча publisuz «көпчүлүк», «коомдук» деген түшүнүктү билдирет.
ПС стилдин башка түрлөрүнөн айрымаланат. Анда коомдук саясий лексика (терминдер) көбүрөөк орун алат. Ал далилдүү, чыныгы,элдик мазмунда болуп, түшүнүүгө жеңил, окууга кызыктуу, көркөм, курч сөз каражаттары менен жазылат.
ПСдин милдети – коомдук турмушта, саясий чөйрөдө, эмгек процессинде же чет элде болуп жаткан алдыңкы идеялар, өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды өз убагында элге тез, таасирдүү, жеткиликтүү баяндоо, ал окуяларга карата коомчулуктун пикирин пайда кылуу, агитациялык, пропагандалык ролду аткаруу б.с.
ПСде илимий стилдин да, көркөм стилдин да белгилери сакталат.
ПСге мүнөздүү тилдик каражаттар
1. Лексикалык каражаттар .
ПСде коомдук-саясий техникалык, география- лык, искусствого бай-туу терминдер, абстрактуу маанидеги жалпы сөздөр, аталыштар, неологизм- дер кеңири колдонулат.
2. Синтаксистик каражаттар .
ПСде ЖС, ТСнын бардык конструкциялары, төл жана бөтөн сөздөр, КС, КРС, СС кеңири колдон-т.
ПСдин мүнөздүү белгилери: таасир этүү, үндөө, шыктандыруу, демилге берүү, маалымдоо.
ПСдеги материалдар
жаңылыктар
маалыматтык-аналитикалык кабар
эл аралык кабарлар
радио,телекабарлар
ПС очерк
интервью
газетанын баш макалалары
фельетон
ораторлордун сүйлөгөн сөздөрү
репортаждар кирет.
Көркөм стиль (КС)
Көркөм чыгармалардын ( аңгеме, повесть, роман, ыр, поэма, драма ж.б. ) тили кирет. Анда улуттук тилдеги көркөм каражаттар ( метафора, метонимия, эпитет, салыштыруу, гипербола ж.б. ) кеңири колдонулуп, бизди курчап турган айлана чөйрө, тиричилик, жаратылыш, адамдардын образдары, турмуштук, үрп-адат ж.б. өтө кызыктуу, элестүү, эмоционалдуу берилет. Учкул сөздөр, фразеологизмдер, макал-лакаптар ж.б. кеңири колдонулат.
Адабий тилдин нормасында жазылат.
Иш кагаздардын стили(ИКС)
ИКС эки түргө бөлүнөт:
мыйзам, указ, келишим, буйрук, устав, меморандум, программа, жобо ж.б.
2 . Расмий эмес же канцелярдык иш кагаздары: канцелярдык иш кагаздары өз ара экиге бөл-т:
а)мекемелер тарабынан жүрг-чү иш кагаздары: справка, токтом, квитанция, ведомость, көрсөтмө, мүнөздөмө ж.б.
б)жеке адамдар тарабынан жүрг-чү иш кагаздары: тил кат, акт, ишеним кат, арыз, түшүнүк кат, өмүр баян, кулактандыруу, чакыруу, отчёт ж.б.
Расмий иштиктүү стилдин мүнөздүү белгилери
1.Лексикалык каражаттар : РИСде дайыма колд-п, калыпка салынган сөздөр, сөз айкаштары жана ар кандай маанидеги терминдер кеңири колдонулат. РИСте адамдын аты-жөнү (Касымова Айжаркын Бакытовна), иштеген жери (департаменттин кызматкери), дареги (Талас шаары, Нуржанов көчөсү 227), документте адамдардын иш абалын билдирүү (арыз ээси, жашоочусу ж.б.), мекеменин аттары (КРнын министрлер кабинети мекеме башчылары ( лицейдин директору) ж.б.у.с. аталыштар туура, так жазылууга тийиш .
2.Морфологиялык каражаттар:
а ) Көптөгөн аталыштар,терминдер сөз жасоочу мүчө-н жалганышы аркылуу п.б. М: токтом – токто+ым, келиш+ым, мүнөздө+ма
б) Эсептик сан атоочтор колд-т: текстке катар номерлер коюлат жана пункттарга ажыратылып, абзацтарга бөлүнүп жазылат.
М: 1.Массалык театрлаштырылган сценарий б-ча: Биринчи бирөө – 4000 сом, Экинчи бирөө – 3000 с.
2.Агитациялык көркөм сценарийлер б-ча:
Биринчи бирөө – 3000 сом, Экинчи бирөө – 2000 с.
в) Иреттик сан атоочтор колд-т: 2014-жылы 21-мартта Нооруз майрамы аянтта майрамдык маанайда өткөрүлөт.
г) Туунду сын атоочтор колд-т : Дүркүрөгөн кол чабуулар, урматтуу меймандар ж.б.
3. Синтаксистик каражаттар:
Иш кагаздарында сүй-р түзүлүшүнө карай өзгөчө б-т. 1.Сүй-н айкындооч мүч-ү, баяндоочу ээден мурда к-т. М: Берилди ушул аныктама Болот Мамытовго; 2.Атама сүй-р кол-т. М: Москва. 16-январь. 3.Түшүндүрмө мүчөлөр көп колд-т : Мен, Арапов Изат , 1995-ж. 25-майда Талас шаарында туулгам(өмүр баян) 4 . Туруктуу эреже катары калыптанып калган тилдик штамптар колд-т : отчёттук мезгил ичинде, күн тартиби, каралуучу маселелер, иши жактырылсын, канааттандырарлык деп табылсын, жарыш сөзгө чыгып сүйлөштү, токтом кабыл алынды, буйрук кыламын, биз төмөндө кол коюп, акт жазуучулар, алкыш (сөгүш) жарыялансын, уруксат берүүңүздү суранам, төмөндөгү документтерди тиркеймин, берилди ушул справка ж.б.( булар канцеляризмдер д.а.)
- Иш кагаздарынын тилине коюлуучу негизги талаптар
• окуяларды чындыкка дал келгидей так, туура, ачык-айкын чагылдыруу;
• юридикалык жактан сабаттуу болушу;
- тексттин ача пикирди туудурбашы;
• сѳздѳрдүн бир гана мааниде колдонулушу;
• ашыкча маалыматты камтыган сѳздѳрдү колдонбоо;
• жеке пикирди, ички сезимдерди, көркөм, ѳтмѳ маанидеги тилдик
каражаттарды колдонбоо;
• диалектилик сѳздѳрдүн, фразеологизм, архаизм, историзм, вульгаризм, жаргон, сленгдердин дээрлик колдонулбашы
.• Жаңы термин же кесиптик сѳздѳрдүн түшүндүрмѳсүн кашаага жазып
берүү;
• Кыскартылган сѳздѳрдүн жазуу эрежелерине ылайык колдонулушу;
• Ойдун так, кыска, ырааттуу түрдѳ чагылдырылышы;
• Сүйлѳмдүн жѳнѳкѳй түрүн пайдалануу сунушталат;
• Иш кагазынын ар бир түрү ѳзүнчѳ синтаксистик түзүмгѳ ээ. Мисалы, арыз-
да жѳнѳкѳй сүйлѳмдѳр колдонулганы ыңгайлуу болсо, жобо, токтомдордо
татаал сүйлѳмдѳр үстѳмдүк кылат.
Иш кагаздарын жүргүзүүдөгү талаптар
- диалектилик сөздөрдү колдонбоо;
- кесиптик терминдердин орду жана өз маанисинде келиши;
- артыкбаш сөздөрдү колдонууга жол бербөө;
- көркөм сөз каражаттарын ыксыз пайдаланбоо;
- айтылуучу ойдун тактыгы, ачыктыгы, түшүнүк- түүлүгү. (Бул үчүн чаржайыт баяндоолордон этият болуу);
- иш кагаздарынын сабаттуулугу (адам, мекеменин аттарын туура жазуу жана убакытты так көрсөтүү);
- тексттин туура жабдылышы (пункттарга ажыратуу, абзацттарды сактоо, катар номерлердин көрсөтүлүшү).
1
Расмий иш кагаздары
1. Мыйзам – мамлекеттик бийликтин жогорку органы тарабынан бекитилген , жалпыга милдеттүү жобо, эреже. М: Билим берүү ж-дө мыйзам, жер ж-дө мыйзам.
2. Указ – жогорку бийлик органдары, президент тарабынан бекитилип, закондуу күчкө ээ болгон токтом.
3. Устав – кандайдыр бир уюмдун түзүлүшүн же иш-аракетин аныктоочу эрежелердин, жоболордун жыйындысы. М: партиянын уставы, лицейдин уст.,дыйкан чарба-н уст.
4. Программа – 1) Келечекте иштеле турган иштин болжолдуу планы М: XXI к. «Билим» прог . 2) Бир нерсенин, иш-аракетти өткөрүүнүн тартиби. М : радио, телеберүү-н , концерттик оюндардын, илимий-прак-к конференциянын программалары. 3) окуу жайларында, мектептерде окулуу-чу сабактардын, предметтердин кыскача мазмуну. М: кыргыз тилинин, адабиятынын окуу програм-ры.
Расмий эмес иш кагаздары
Арыз – оозеки же көбүнчө жазуу жүзүндө бери- лүүчү билдирүүнүн бир түрү.Ал бир нерсе ж-дө даттануу, өтүнүү, сурануу максатында жазылат. Арызга коюлуучу талаптар же реквизити: арыз берилген мекеме-н аты, жетекчи-н аты-жөнү; арыз ээсинин жашаган жери, кызматы; өтүнүчү, даттануусу, фактылар; ага тиркелген докум-н аты, ким бергендиги ж.б.; арыздын жазылган күнү, айы, жылы жана өз колу коюлат.
Талас шаарындагы №1 орто
мектебинин директору Р. Асановго 10-класстын окуучусу Т. Муратовдон Арыз
Ата-энемдин башка кызматка которулгандыгына жана жашаган жерибиздин өзгөргөндүгүнө байланыш- туу менин өздүк деломду берүүңүздү суранам.
Арызга окуп жаткан Темиров атындагы орто мектеп тарабынан берилген справканы тиркейм.
(колу) Аты-жөнү, атасы-н аты
Күнү, айы, жылы
Өмүр баян
Өзү тарабынан басып өткөн жолун жазуу. Өмур баян ишке орношкондо, сыйлыкка көрсөтүлгөндө ж.б. жазылат, ага төмөнкүдөй талаптар коюлат: өмүр баян жазган адамдын аты, атасынын аты, туулган жылы, күнү, айы, туулган жери (кыштагы, району, областы, республикасы); качан, кайсы жылы, кайсы мектепке киргени, качан, кайсы жылы 11- классты бүткөндүгү, мектептин толук аты, дареги; ата-энеси ким болуп иштери; өмүр баяндын жазылган күнү, айы, жылы, аты, атасынын аты, өз колу.
Өмүр баянда эпитеттер, метафоралар, салыштыруулар, көркөмдүк лексикалар ж.б. колдонулбайт.
Өмүр баян
Мен, Асаналиева Бактыгүл , 1980-жылы 15-майда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областындагы Жети-Өгүз районунун Ак-Кочкор айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгамын.
1987-жылы ушул орто мектептин биринчи классына кирип, 1997-жылы орто мектепти бүтүрдүм.
Мектепте окуп жүргөн мезгилдерде адабият, тил ийримдерине катыштым. Жакшы окугандыгым үчүн мектеп дирекциясы тарабынан 5 жолу Мактоо грамотасы менен сыйландым.
Атам Асаналиев Эсенбек, энем Асаналиева Осуйпа дыйкан чарбасында иштешет.
(колу) Асаналиева Б.
21-июнь, 2003-жыл .
Ишеним кат
Ишеним кат- адамдын колу бошобой, зарыл иши болгондуктан, же убактысынын жоктугунан, же башка себептерге байланыштуу айлык акысын же болбосо өзүнө тиешелүү болгон башка нерсени алуу үчүн бирөөгө ишеним көрсөтүлүп, адамдын өз колу коюлган кат.
Ал төмөндөгүдөй бөлүктөрдөн турат: ишеним кат берүүчү адамдын аты-жөнү; ишеним кат берген адамдын аты-жөнү, аткарган кызматы, анын жашаган жери, дареги; эмне алуу керектиги, суммасы, паспорт номери, качан, ким тарабынан берилгендиги, кайда, кайсы дарекке катталгандыгы; ишеним катты берген күнү, ай, жылы,аты-жөнү, колу; ишеним катты күбөлөндүрүүчү адамдын кызматы, аты-жөнү, күбөлөндүрүлгөн күн датасы, айы, жылы, колу, мөөрү.
Ишеним кат (үлгүсү)
Мен, Жусуп Турусбеков атындагы орто мектептин мугалими Асанбаев Эмилбек , райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясынын октябрь айы үчүн 450 (төрт жүз элүү) сом айлык акымды ушул эле мектептин мугалими Эсеналиев Нурбайдын алышына ишеним кат берем. Дареги: Карасуу айылы, паспорт 1-ГС № 196146 Ленин РИИБ тарабынан 1978-жылдын 19-ноябрында берилген. Бул дарекке 1995-жылдын 17-ноябрында катталган.
(колу) Асанбаев Э.
25-декабрь, 1997-жыл .
Справка
Справка адамдын иштеген, окуган жерин, ошол адамдын жашын, иштеп жаткандыгын, эмгек акысынын өлчөмүн, стажысын ж.б. күбөлөндүрүш үчүн мекеме, ишкана, уюм, ж.б. тарабынан берилет.
Cправка жазууда төмөнкүлөр эске алынат: справка берген адамдын иштеген кызматы, аты-жөнү, атасынын аты; справканын мазмуну (эмне үчүн берилгендиги); кайсы мекемеге берилгендиги мекеменин жетекчисинин, катчысынын аты-жөнү аты жазылып, колдору, ишкананын мөөрү коюлат; справканын берилген убагы мекеменин штампы басылган жерге жазылат.
Справка(үлгүсү)
Мектептин штампы
күнү,айы,жылы
Бул справка Акталаа районундагы Ломоносов атындагы орто мектептин 8- классынын окуучусу Ташматов Барыктабаска берилет, себеби бул окуучу 2003-2004-окуу жылынын 2-жарым жылы-нан баштап, жогорку аталган мектепте окуйт.
Справка окуучунун өздүк делосун алуу үчүн Нарын шаарындагы С.М. Киров атындагы орто мектертин дирекциясына берилет.
Мектептин директору (колу) Бакасов С.
Катчы (колу) Эшеналиева Ж.
(мөөр басылат)
Күнү,айы,жылы
Кулактандыруу
Гезитке же журналга, же мекеменин көрүнө жерине жазылып коюлган, же радиодон, телекөрсөтүүдөн күн мурунтан берилүүчү кабар.
Кулактандыруулар өзүнүн мазмунуна жана максаты боюнча ар түрдүү жазылат.
Көңүл бургула!
Кымбаттуу окуучулар жана ата-энелер! 31-августта Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү белгиленет. Ушул майрамга карата мектебибизде музей ачылды. Анда мектептин 50 жылдык тарыхы чагылдырылган.
Музей эртең мененки саат 9дан кечки саат 18ге чейин иштейт. Каалоочуларга эшик ачык.
Мектеп жетекчилиги.
Тил кат (расписка )
Башка кишиден бир нерсе алгандыгын күбөлөндүрүүчү кат- тил кат (расписка ) деп аталат. Тил каттын схемасы төмөндөгүдөй болушу мүмкүн: тил кат жазган адамдын аты, атасынын аты-жөнү, товар берген мекеменин аты, аны берген кишинин аты-жөнү кызматы; алынган буюмдун атын, санын цифра менен да, сөз менен да жазуу; алган адамдын колу, күнү, айы, жылы.
Эгерде тил кат өтө маанилүү болсо, ал мекеме же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлөт.
Тил каттын үлгүлөрү:
Тил кат
- Мен, Асанакунов Эмилбек, 2006-жылдын 15- ноябрында Кызылтуу орто мектебинин мугалими Бейшенакунов Зарылбектен убактылуу 250 (эки жүз элүү) сом карыз алдым. Аны эки айдын ичинде төлөп берем.
(колу) Асанакунов Э.
15-ноябрь, 2006-жыл
- Мен, мектептин 10-классынын окуучусу Кыдырбаева Мира, чарба иштери боюнча директор- дун орунбасары Абылов Мусатайдан бөлмөнү жабдуу үчүн 3 (үч) стол, 10 (он) отургуч, 5 (беш) метр кызыл кездеме, жерге төшөөчү 3 (үч) метр килемче алдым.
(колу) Кыдырбаева М.
Күнү, айы, жылы.
Күбөлүк кат
Мекемеде иштеген адамдырды же жогорку, атайын орто окуу жайында окуган студенттердин, анда иштеген мугалимдердин, доценттердин , профессорлордун ж.б. чындыгын, аныктыгын күбөлөндүрүү үчүн берилет.
Күбөлүк кат эки түрдүү болот. Анын биринчиси- иш сапарлык күбөлүк кат, экинчиси-кайсы мекемеде ким болуп иштегендигин аныктоочу күбөлүк кат.
Күбөлүк катка төмөндөгүдөй талаптар коюлат: күбөлүктүн номери, мекемеде иштеген адамдын аты-жөнү, кызматы, номери, кайда, эмне үчүн, канча күнгө жиберилгендиги (иш сапарлык күбөлүктө); күбөлүк каттын мөөнөтү, канча убакытка берилгендиги, мекеме жетекчисинин колу, мекеменин мөөрү, штампы качан берилгендиги, эмнеге негизделип иш сапарына жиберилгени, жогорку органдардын буйругунун номери, айы, жылы.
Иш сапарлык күбөлүк кат
Мекеменин штампы
күнү, айы, жылы
Бул күбөлүк кат Бишкек шаарындагы №75-кыргыз орто мектебинин 8-классынын окуучусу Абдыралиев Асанбайга берилет.Бул окуучу Ташкен шаарында өтөрүлүүчү мектеп окуучуларынын математикалык олимпиадасына катышат. Командировканын мөөнөтү 28-марттан баштап, 7 күн.
Негизи: Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министирлигинин 2006- жылдын 15-мартындагы №101/2 буйрутма (буйругу).
Мекеме жетекчиси (колу) Базарбаев А.
(мөөр басылат)
Келишим
Мекеме менен мекеменин, мекеме менен жеке адамдын же жамааттын ортолорунда түзүлүп, бир мекеме ишти тапшырууга, экинчиси (жеке адам) аны аткарууга макулдашуу максатында жазылат.
Келишимде төмөнкүлөр так, туура көрсөтүлөт: келишимдин кайда, качан түзүлгөндүгү; келишим түзүүчү мекеменин аты, аны түзүүгө катышкан мекеме жетекчисинин аты-жөнү, башкы бухгалтеринин аты-жөнү, ишти аткаруучу адамдын аты-жөнү, эмне иш тапшырылгандыгы, көлөмү, өлчөмү, кандай акыга макулдашканы; аткаруунун мөөнөтү; акысынын жалпы суммасы; келишим түзгөн мекеменин, аткаруучу адамдын, башкы бухгалтердин дареги, аты-жөнү, өз колдору коюлат. Келишим мекеменин жетекчиси тарабынан бекитилет.
Келишим (үлгүсү)
Бишкек шаары 2006-жыл, 4-октябрь
Биз, төмөндө кол коюп келишим түзүүчүлөр, Бишкек шаарындагы №5 кыргыз орто мектебинин директору Арымкулова Нагыйма, башкы бухгалтер Асанбаев Мусаш, экинчи тараптан Жакыпова Айша төмөнкү иштер боюнча эмгек келишимин түздүк:
1.Бишкек шаарындагы №5 кыргыз орто мектеби Жакыпова Айшага «Кыргыз тили жана адабиятын окутуудагы мугалимдердин иш тажрыйбаларын» компьютерге басып берүүнү тапшырат. Аткаруучу Жакыпова Айша тапшырылган ишти кабыл алат. Өз убагында сапаттуу басып берүүгө милдеттенет.
2.Жыйнактын ар бир бетин 10 сомдон басып берүүго жана ушул суммада акы алууга макулдашат.
3.Аткаруу мөөнөтү 17 күнгө белгиленет. Ишти 4-майда өткөрүп алып, 22-майда басып бүтүп, мектептин дирекциясына тапшырат.
4.Иштелип бүткөн иш үчүн төмөндөгүдөй суммада акы төлөнөт:
Иштин көлөмү 120 (жүз жыйырма) бет* 10 сомдон. Бардык суммасы 1200.
Келишим түзгөн жактардын дареги:
Тапшыруучу-Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 115. № 5 кыргыз орто мектеби.
Аткаруучу- Бишкек шаары, Кызыл Октябрь көчөсү, 83.
Жакыпова Айша, паспорту 1-ГС №859846. Бишкек шаарындагы Октябрь райондук паспорт столу тарабынан 2003-жылдын 18-мартында берилген.
Тапшыруучу (колу) аты-жөнү
Башкы бухгалтери (колу) аты-жөнү
Аткаруучу (колу) аты-жөнү
Мүнөздөмө
Мекеменин, окуу жайларынын, мектептин ж.б. Жетекчилери тарабынан берилет. Анда туулган жери, жылы, улуту, иштеген кызматы, коомдук иштерге катышкандыгы, ишиндеги жакшы жактары жана кемчиликтери, жазасынын бар же жок экендиги, эгер бар болсо, качан, эмне үчүн, ким тарабынан берилгендиги көрсөтүлөт.
Мүнөздөмөнүн аягына кайда, кайсы мекемеге, эмне үчүн берилгендиги жазылып, мектептин жетекчилери тарабынан кол коюлат, мөөр басылат.
Эгер жалпы билим берүүчү мектептин окуучусу болсо, мектептин директору жана класс жетекчиси, эгер мекеменин кызматкери болсо, мекеме жетекчиси жана профсоюз комитетинин төрагасы кол коёт. Мүнөздөмөнүн үлгүсү төмөндөгүдөй болот.
Мүнөздөмө
Бул мүнөздөмө Талас областынын Талас районундагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин бүтүрүүчүсү Сыдыков Кабылбекке берилди.
Сыдыков К. 1981-жылы Талас районундагы Кеңарал айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1988-жылы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин 1-классына кирип, анын толук курсун 1999-жылы бүтүрдү.
Мектепте жакшы окугандыгы жана үлгүлүү жүрүш-турушу, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн көп жолу сыйланды.
Ал-мектепте окуучулар уюмунун органы «Жаш талант» дубал газетасынын редколлегия мүчөсү. Мектепте ар кандай тапшырмаларды өз убагында так аткарып, башка окуучуларга үлгү көрсөттү.
8-класстан баштап, кыргыз адабиятын айрыкча сүйүп окуу мектепте ийримдин активдүү катышуучуларынан болду. 9-10- класстарда да жөндөмдүүлүгүн көрсөтүп, адабияттан алган билимин дагы тереңдетти.
Сыдыков К. кичи пейил, мугалимдердин берген ар кандай тапшырмаларын так аткарып, үлгүлүү жүрүш-турушу менен мектептин администрациясынын бир нече мактоо грамотасыно татыктуу болгон.
Мүнөздөмө Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүнө кирүү үчүн берилет.
Мектептин директору (колу) аты-жөнү
Класс жетекчиси (колу) аты-жөнү
(мөөр басылат)
Күнү, айы, жылы.
1
Публицистикалык стиль
Учурдагы коом турмушунун актуалдуу маселелери менен көрүнүштөрү жөнүндө маалымат берген чыгарманын бир түрү п у б л и ц и с т и к а деп аталат. Публицистика деген сөз латындын publikus деген сөзүнөн алынып, бизге «көпчүлүк», «коомдук» деген маанини билдирет, башкача айтканда, бул чыгарма элдин кеңири массасына ылайыкталып, коомдук-саясий маселелер боюнча жазылат. Демек, публицистика чыгарманын бир түрү болгондуктан, анын да өзүнө тиешелүү стили бар. Ал п у б л и ц и с т и к а л ы к с т и л ь деп аталат.
Бул стиль стилдин башка түрлөрүнөн айырмаланат. Публицистикалык стилде: коомдук-саясий лексика (терминдер) көбүрөөк орун алат, ал далилдүү, элдик мазмунда, чыныгы болуп, түшүнүүгө жеңил, окууга кызыктуу, көркөм, курч сөз каражаттары менен жазылат ; синтаксистик курулушу жагынан татаалыраак келип, бир өңчөй мүчөлүү сүйлөмдөр, киринди сөздөр, каратма жана сырдык сөздөр, чакчыл, атоочтук түрмөктөр көбүрөөк колдонулат.
Макала
Журналга, газетага басылып чыккан же басылып чыгуучу көлөмү анча чоң эмес, илимий же публицистикалык чыгармалар м а к а л а д. а.
Макала негизинен чындыктан алынып, фактылар, окуялар, автордун ою туура, так, стили жатык түшүнүктүү тил менен жазылат.
Макалада төмөнкүлөргө: макаланын темасына, анын мазмунуна ылайык келишине же туура тандалышына; автордун негизги оюнун толук берилишине; өз оюн туура берүү үчүн негиздүү далилдин болушуна; фактылардын жетиштүүлүгүнө; жыйынтыгына, аты-жөнүнүн, дарегинин так, туура көрсөтүлүшүнө ж.б. көңүл бурулат .
Интервью
Журналисттин, кабарчынын коомдук маанилүү маселелер боюнча бир же бир нече коомдук ишмерлер, көрүнүктүү адамдар менен болгон маеги и н т е р в ь ю д.а. Интервью публицистикалык жанрдын бир түрү. Журналисттин берген суроолору, ага берилген жооптор – интервьюнун мазмунун түзөт.
Интервью кызыктуу болуп, негизги маселелер- ди камтыш үчүн берилүүчү суроолор күн мурунтан жакшылап ойлонулуп, такталып, окуянын негизги өзөгүн ача тургандай болуш керек.
Фельетон
Абдан кеңири тараган эң маанилүү, жогорку квалификациялуу көркөм публицистикалык жанр, чукугандай сөз таап, коомдук-саясий, адабий темада элпек тил менен жазылган газеталык макала ф е л ь е т о н д.а.
Кээ бир фельетон өзүнүн композициялык түзү- лүшү, мыскылдуу, күлкүлүү болуп жазылганы менен аңгемеге окшош келет. Бирок аңгемеден публицистикалуулугу, элге эң эле кызыктуулугу, фактылардын конкреттүү, так, туура болушу менен айырмаланат. Фактыларды, далилдерди берүүдө чындыктан четтеп кетүүгө мүмкүн эмес.
Репортаж
Белгилүү бир окуяга ( съездге, конференцияга, түрдүү спорт оюндарына, майрамдарга ж.б .) катышкан, аны өз көзү менен көргөн, ага күбө болгон адамдардын анын кандай өткөндүгүн, эмне маселелер каралгандыгын, жетишкен ийгиликтерин, жаңылыкта- рын ж.б. баяндап, басылып чыккан, же радиодон, телеберүүлөрдөн берилген кабар р е п о р т а ж д.а. Интервьюда окуянын аты гана аталып, коюлган суроолорго жооп берилет. Ал эми репортажда болсо, окуянын болуп өткөнүн, анын кандай өткөнүн кабарлайт, билдирет. М: Ала-Тоо аянтынан алынган репортаж, Жогорку Кеңештин сессиясынан алынган репортаж.
Публицистикалык стилге маалыматтык, эл аралык кабарлар, радио, телекабарлар, очерк, газетанын баш макалалары, адвокаттардын, ораторлордун сүйлөгөн сөздөрү, докладдары, лекциялар ж.б. кирет.
Публицистикалык стилдин эки түрү бар. Анын биринчисине басма сөздө орун алган, такталган, калыптанган, жазма түрдөгү стиль кирсе, экинчисине оозеки кепте колдонулган түрү кирет. Аларга докладдарды (саясий баяндамачылардын), аңгемелерди, адвокаттардын, ораторлордун ж.б. сүйлөгөн сөздөрүн кошууга болот.
Публицистикалык стилдин жазма түрү да, оозеки түрү да маанилүү ролду ойнойт. Бирок бул стилдин жазма түрүнө караганда оозеки түрү калың элге бир кыйла жеткиликтүү келет.
Публицистикалык чыгармаларга төмөнкүлөр кирет: Ч. Айтматов «Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат», С.Байгазиев «Иниме кат», К.Жусупов «Ыр сабындагы өмүр», К.Баялиновдун «Пойинтонго менин сунушум» ж.б.
Көркөм чыгарманын стили
Буга көркөм чыгармалардын (аңгеме, очерк, повесть, роман, поэзия, поэма, драма ж.б.) тили кирет. Анда улуттук тилдеги көркөм каражаттар ( метафора, метонимия, эпитет, кайталоо ж.б .) кеңири колдонулуп, бизди курчап турган айлана-чөйрө, тиричилик, жаратылыш, адамдардын образдары, турмуштук кубулуштар, айбанаттар, жан-жаныбарлар, үрп-адат ж.б. өтө кызыктуу, элестүү, эмоционалдуу берилет. Учкул сөздөр, фразеологизмдер, антоним менен синонимдер, эпитет, гипербола, макал-ылакаптар ж.б . кеңири колдонулат.
Адабий тилдин нормасында жазылып, окуя кызыктуу, элестүү болуп берилет. Чыгарманын формасы мазмунуна шайкеш келет. Иш кагаздарынын стили сыяктуу жасалма штамптар кезикпейт. Чыгарманын өз дооруна, чагылдырылган окуясына карата диалектилик, эскирген жана жаңы сөздөр көбүрөөк кезигет.
КСнын эң негизги максаты эстетикалык функция аткаруу болуп эсептелет.
Адамдардын жан дүйнөсүнө рухий азык тартуулаган, рухий дөөлөт болуп берүүчү көркөм казына, көркөм өнөрдүн бир үлгүсү б.с.
КС боюнча машыгуу
М: Пирамида – «Ала-Тоо». «Манас» эпосунун негизинде түзүлөт. Бул сөз берметтеринен турган сүйлөмдөрдүн галереясы «Ала-Тоо»
1. Атама сүйлөм
2. Ээ м-н баянд-н орт. сызыкча
3. Эки тутумдуу сүйлөм
4. Бир тутумдуу сүйлөм
5. Байламта катышкан сүйлөм
6. Татаал сын атоочтуу сүйлөм
7. Бир өңчөй мүчөлүү сүйлөм
8. Багыныңкы байланыштагы татаал сүйлөм
9. Аралаш татаал сүйлөм
Пирамида - «Ала-Тоо»
Манас
Ал – баатыр.
Туйгуну болгон кыргыздын.
Көзүндөгү кайраты көк жалын.
Алтын менен күмүштүн ширөөсүнөн бүткөндөй.
Доочу келсе, мал бергис кара көк жал .
Үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, баатыр, айкөл, шер .
Айбалтаны аштап, азган журтту баштаган калк атасы болгон.
Куранды жыйып, журт кылган, кулаалы таптап, куш кылган хан.
III. Кептин түрлөрү
Кыргыз адабий тили о о з е к и жана ж а з м а тил болуп, экиге бөлүнөт.
1. Адам баласынын күндөлүк турмушунда бири-бири менен пикир алышып, оозеки сүйлөшкөн сөздөрүн о о з е к и т и л деп атайбыз.Оозеки тил пикир алышуунун эң зарыл куралы болуп, эл арасында оозеки жашайт; диалектилерге, жаргондорго кеңири орун берилет; эмоциялык белгилер кеңири колдонулат. М: ийинди куушуруу, көздү ымдоо, колду ары-бери жаңсоо, башты ийкөө, чайкоо ж.б . Кептин түрлөрү үчкө бөлүнөт :
1. Баяндоо
2. Сүрөттөө
3. Ой жүгүртүү
Баяндоо
Белгилүү бир нерсенин, окуянын, кыймыл-аракеттин логикалуу, системалуу факты, материалдарга таянылган негизде баяндалышы б а я н д о о д. а. Анда мазмун, сюжет, каарман-дар болот. Баяндоо аңгеме, жомок, уламыштарда, адабий чыгармаларда пайдаланылат.
Баяндоо мазмуну жана максаты боюнча 3 топко бөлүнөт:
1) өз түшүнүгүн сүйлөп берүү;
2) кайра айтып берүү;
3) билдирүү.
Сүрөттөө
Жандуу жана жансыз заттардын, кубулуштардын, жаратылыштын ж.б. өзүнө тиешелүү туруктуу белгилерин ачып көрсөтүү с ү р ө т т ө ө д.а.
Сүрөттөө үчкө бөлүнөт:
1. Иштиктүү сүрөттөөдө буюмдардын негизги белгилери саналып көрсөтүлт да, образдуулук, эмоцияналдуулук болбойт. Буга инструкциялар, кулуктандыруулар кирет.
2. Илимий сүрөттөөдө ойдун тактыгы, тууралыгы, логикалык жактан ырааттуулугу көбүрөөк орун алып, илимий фактылар, далилдер тандалат.
3 . Көркөм сүрөттөөдө окуя образдуу, көркөм чагылдыры-лат. Көркөм адабияттын элементтери пайдаланылат. Анда негизинен элестүүлүк, кыялдануучулук, адамдын ички дүйнөсү ж.б. көбүрөөк колдонулат.
Сүрөттөөнүн түрлөрү
1. Турак-жайды (бөлмөнү) сүрөттөө а) Иштиктүү сүрөттөөдө бөлмөнүн ичиндеги буюмдар так, толук сүрөттөлүп, бөлмөнүн аянты, жарыктыгы, жыгач буюмдардын түрлөрү, алардын орун тартиби ж.б. баяндалат.
б) Көркөм сүрөттөөдө бөлмөнүн белгилери саналып, бирок көркөм тил каражаттары менен образдуу, кооз сүрөттөлөт. Салыштыруу, күчөтмө маанидеги сөздөр көп колдонулат.
2. Жаратылышты сүрөттөө
Табият, дүйнөдөгү жандуу жана жансыз заттардын бардыгы жаратылышты түзөт. Аны сүрөттөп жазуу ж а р а т ы л ы ш т ы же п е й з а ж д ы с ү р ө т т ө ө д.а.
Бул да иштиктүү жана көркөм сүрөттөө болуп, экиге бөлүнөт. Иштиктүү сүрөттөөдө жаратылыш жалпы, майда деталдары камтылбай сүрөттөлсө, көркөм сүрөттөөдө көркөмдүүлүк, кооздук касиети кеңири, толук ачылат.
3. Кыялданып сүрөттөө
Жаратылышты, турак-жайды, буюмдарды, кыймыл-аракеттин ж.б. жөн гана болгонун болгондой сүрөттөбөстөн, адам өзү каалагандай кыялданып, апыртып, фантастикалык жол менен сүрөттөсө, к ы я л д а н ы п с ү р ө т т ө ө д.а.
Сүрөттөөнүн бул түрүндө болгон окуяны жөн гана баяндап койбостон, көркөм сүрөттөөгө жетишүү керек.
1
4.Адамдын сыркы келбетин сүрөттөө
Мында адамдын өңү-түсү, кийген кийими, кебете-кепшири, мүнөзү, тулку бою, кыялы ж.б. сүрөттөлүүсү тийиш.
а) иштиктүү сүрөттөөдө адамдын негизги белгилерине, бетинин түзүлүшүнө, боюна, көзү-башына, андагы негизги белгилерине (так, мең), жашына;
б) илимий сүрөттөөдө адамдын улутуна, тышкы түсүнө, этникалык тобуна карата;
в) көркөм сүрөттөөдө адабий чыгармалардагы катышкан каармандардын образына көңүл бурулат.
5.Ал-абалды сүрөттөө
Адамдардын ал-абалын сүрөттөөдө сырткы келбети, тулку бою, кыял-жоругу, баскан-турганы, кийген кийиминен баштап, анын ар кыл турмуш-тук психологиялык ал-абалы, ички эмоционалдык сезимдери ж.б. көркөм сөз каражаттары менен сүрөттөлөт.Көбүнчө адамдын сапаттарын билдирүүдө сын атооч сөздөрдүн түрлөрү, зат атоочтор, сан атоочтор, зат атоочтор, этиштер, кулк мүнөзүн сүрөттөөдө фразеологиялык айкалыштар, салыштыруу, эпитеттер да колдонулат. М: узун бойлуу, ак жуумал; аңды-дөңдү карабаган, ачуусу мурдунун учунда, бармагынан бал тамган; карагат көз, оймок ооз; эр, шер, кабылан ж.б.
6. Буюмдарды сүрөттөө
Иштиктүү сүрөттөөдө буюмдардын аты, кандай буюм экендиги, турмуштагы анын мааниси, эмнеден жасалгандыгы, кандай бөлүктөрдөн турары, формасы, өңү-түсү, көлөмү, ж.б. сыналып сүрөттөлөт.
Көркөм сүрөттөөдө буюмдун белгилери саналып, бирок көркөм сөз каражаттары менен сүрөттөлөт.
М: китепкап, калпак, көөкөр, ноутбук ж.б.
7.Кыймыл-аракетти сүрөттөө
Мында адамдардын кыймыл-аракети, баскан-турганы, кылган эмгеги, иши ж.б. сүрөттөлөт.
Кээ бир белгилери боюнча баяндоо менен кыймыл-аракетти сүрөттөө бири-бирине окшоп кетет. Баяндоодо жалпы эле адамдар, ага байланыштуу окуялар жөнүндө сөз болсо, мында адамдардын мүнөздүк өзгөчөлүгүнө байланыштуу кыймыл-аракети, кылган иши, эмгеги гана көрсөтүлөт.
Ой жүгүртүү
Логикалык ырааттуулук менен бир нерсе жөнүндө ойлоо, ачык-айкын, ишенимдүү, жүйөө-лүү далилдер, фактылар, мисалдар менен бекем-делген адамдардын ой-пикирин, сунушун, жекече көз карашын билдирүү о й ж ү г ү р т ү ү д.а.
Аргумент, факты, мисал
Тезис
Тыянак
Байланыштуу кеп боюнча тесттер