СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Байыркы адам презентация 5в класс

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Байыркы адам презентация 5в класс»

Тарыхтын таасын сөздөрү “ ТАРЫХ САБАК БЕРЕТ, ЭГЕР АНЫ ӨЗДӨШТҮРӨ АЛБАСАҢ КАТУУ ЖАЗАЛАЙТ”! В.Ключевский

Тарыхтын таасын сөздөрү

“ ТАРЫХ САБАК БЕРЕТ, ЭГЕР АНЫ ӨЗДӨШТҮРӨ АЛБАСАҢ КАТУУ ЖАЗАЛАЙТ”! В.Ключевский

“ Тарых-бул доордун күбөсү,чындыктын нуру,турмуштун эскерүүсү, өткөндүн өкүлү!” Цицерон
  • “ Тарых-бул доордун күбөсү,чындыктын нуру,турмуштун эскерүүсү, өткөндүн өкүлү!” Цицерон
“ Тарыхын жоготкон эл, өзүнөн өзү эле кумга чачылган суу сымал жоголуп кетет”. Токтогул
  • “ Тарыхын жоготкон эл, өзүнөн өзү эле кумга чачылган суу сымал жоголуп кетет”. Токтогул
 I Бөлүм. Адамзат цивилизациясынын башаты Сабактын темасы:  §1 БАЙЫРКЫ АДАМДАР
  • I Бөлүм. Адамзат цивилизациясынын башаты
  • Сабактын темасы:
  • §1 БАЙЫРКЫ АДАМДАР
Үй тапшырмасын суроо:  1 . Искусство деген эмнени түшүндүрөт? 2 .Эмне үчүн ташка чегилген сүрөттөр тарыхый булак катары эсептелет? 3 .Искусствонун байыркы эстеликтери Кыргызстандын кайсы жерлеринен табылган ?
  • Үй тапшырмасын суроо: 1 . Искусство деген эмнени түшүндүрөт? 2 .Эмне үчүн ташка чегилген сүрөттөр тарыхый булак катары эсептелет? 3 .Искусствонун байыркы эстеликтери Кыргызстандын кайсы жерлеринен табылган ?
Жаңы теманы түшүндүрүү : Байыркы адамдардын жашаган жерлери жана келбети. Байыркы адамдар жашоого ыңгайлуу аймактарды мекендеген. Алар Чыгыш Африкада, о.э. Европада (Германия, Венгрия, Франция, Испания, Италия), Түндүк Африкада, Кытайда, Крымда, Өзбекстанда, Жакынкы жана Ыраакы Чыгышта жашаган. Бул аймактардан археологдор мындан эки миллион жыл мурда жашаган адамдардын баш сөөктөрүн табышкан.
  • Жаңы теманы түшүндүрүү : Байыркы адамдардын жашаган жерлери жана келбети. Байыркы адамдар жашоого ыңгайлуу аймактарды мекендеген. Алар Чыгыш Африкада, о.э. Европада (Германия, Венгрия, Франция, Испания, Италия), Түндүк Африкада, Кытайда, Крымда, Өзбекстанда, Жакынкы жана Ыраакы Чыгышта жашаган. Бул аймактардан археологдор мындан эки миллион жыл мурда жашаган адамдардын баш сөөктөрүн табышкан.
Мындан 2,6-2,5 млн жыл мурда адам баласы айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккан. Алардын баш сөөгүнүн түзүлүшү азыркы адамдардын баш сөөгүнө окшош болгон. Эки буттап, түз баскан. Чымыр денелүү, чекеси жалпак, кабагы салыңкы көрүнгөн. Мурундары барбагай, астыңкы жаагы чоң, ээги кыска, көзү бүтүк, өңү серт, моюну жоон. Сырткы келбети маймыл кебетеленип турган. Үзүл кесил үн чыгарып, бири-бири менен жандашуу аркылуу ойлорун түшүндүрүшкөн. Алар жырткыч жаныбарлардан коргонуу үчүн топ-топ (25-40тай адам) болуп күн кечиришкен. Бул адам үйүрү деп аталган.
  • Мындан 2,6-2,5 млн жыл мурда адам баласы айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккан. Алардын баш сөөгүнүн түзүлүшү азыркы адамдардын баш сөөгүнө окшош болгон. Эки буттап, түз баскан. Чымыр денелүү, чекеси жалпак, кабагы салыңкы көрүнгөн. Мурундары барбагай, астыңкы жаагы чоң, ээги кыска, көзү бүтүк, өңү серт, моюну жоон. Сырткы келбети маймыл кебетеленип турган. Үзүл кесил үн чыгарып, бири-бири менен жандашуу аркылуу ойлорун түшүндүрүшкөн. Алар жырткыч жаныбарлардан коргонуу үчүн топ-топ (25-40тай адам) болуп күн кечиришкен. Бул адам үйүрү деп аталган.
Байыркы адамдардын негизги кесиптери. Байыркы адамдар кичинесинен чоңуна чейин эртеден кечке жыйноочулук менен алектенишкен. Алар жегенге жарактуу жапайы өскөн жер-жемиштердин жана өсүмдүктөрдүн тамырларын жыйнашкан. Канаттуулардын жумурткаларын чогултушкан. Байыркы адамдар жамаатташып жашашып, аңчылыкка чогуу чыгышкан. Алар топ-тобу менен антилопаларга, жапайы букаларга, жапайы жылкыларга, кээде пилге, камандарга, зубрларга, аюу, жолборсторго, бийик тоолуу жерлерде жапайы эчки-текелерге аң уулашып, этти чийки жешкен.
  • Байыркы адамдардын негизги кесиптери. Байыркы адамдар кичинесинен чоңуна чейин эртеден кечке жыйноочулук менен алектенишкен. Алар жегенге жарактуу жапайы өскөн жер-жемиштердин жана өсүмдүктөрдүн тамырларын жыйнашкан. Канаттуулардын жумурткаларын чогултушкан. Байыркы адамдар жамаатташып жашашып, аңчылыкка чогуу чыгышкан. Алар топ-тобу менен антилопаларга, жапайы букаларга, жапайы жылкыларга, кээде пилге, камандарга, зубрларга, аюу, жолборсторго, бийик тоолуу жерлерде жапайы эчки-текелерге аң уулашып, этти чийки жешкен.
Алар жапайы айбандарды көргөндө кулак тундура кыйкырып, союл менен айбат кылышып, таш бараңга алышкан. Кээде жапайы айбандарды үркүтүп, жарга такашкан же атайын казылган орго түшүрүшкөн. Ошентип, байыркы адамдардын кесиби жыйноочулук жана аңчылык болгон. Тропикалык зоналарда адам тургундарынан жүздөгөн, миңдеген жаныбарлардын сөөктөрүнүн катмарлары табылган. Алгачкы адамдардын жамаатташып жашашы, жапайы айбандарга чогуу аңчылык кылып, этин чогулуп жеши, жырткыч айбандардан биргелешип коргонушу алгачкы жамааттык коомдук калыптанып өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн.
  • Алар жапайы айбандарды көргөндө кулак тундура кыйкырып, союл менен айбат кылышып, таш бараңга алышкан. Кээде жапайы айбандарды үркүтүп, жарга такашкан же атайын казылган орго түшүрүшкөн. Ошентип, байыркы адамдардын кесиби жыйноочулук жана аңчылык болгон. Тропикалык зоналарда адам тургундарынан жүздөгөн, миңдеген жаныбарлардын сөөктөрүнүн катмарлары табылган. Алгачкы адамдардын жамаатташып жашашы, жапайы айбандарга чогуу аңчылык кылып, этин чогулуп жеши, жырткыч айбандардан биргелешип коргонушу алгачкы жамааттык коомдук калыптанып өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн.
 Байыркы адамдар аңчылыкка кандай куралдарды колдонгон? Аңчылык маанилүү кесипке айланган. Адамдар эми куралдарга муктаж боло баштаган. Алар таштан эң жөнөкөй кескичтерди, кыргычтарды, учтуу көзөгүчтөрдү жана миздүү бычактарды жасашкан. Аңчылык учурунда таш куралдарын эт кесүү жана бөлүштүрүү, терисин кырып тазалоо үчүн колдонушкан. Башы учтуу таш куралдары саюу, кесүү милдетин аткарган. Узак убакыт бою аңчылыктын негизги куралы учтуу найза болуп калган. Мындан сырткары таштан жасалган  куралдар менен өсүмдүктөрдүн тамырларын казып алышкан.
  • Байыркы адамдар аңчылыкка кандай куралдарды колдонгон?
  • Аңчылык маанилүү кесипке айланган. Адамдар эми куралдарга муктаж боло баштаган. Алар таштан эң жөнөкөй кескичтерди, кыргычтарды, учтуу көзөгүчтөрдү жана миздүү бычактарды жасашкан. Аңчылык учурунда таш куралдарын эт кесүү жана бөлүштүрүү, терисин кырып тазалоо үчүн колдонушкан. Башы учтуу таш куралдары саюу, кесүү милдетин аткарган. Узак убакыт бою аңчылыктын негизги куралы учтуу найза болуп калган. Мындан сырткары таштан жасалган куралдар менен өсүмдүктөрдүн тамырларын казып алышкан.
Байыркы адамдар таш куралдардан сырткары сөөктөн жасалган эмгек куралдарын, союлдарды да пайдаланышкан. Байыркы адамдардын таш куралдарын колдонушу адамзат тарыхында таш доорунун башталышына алып келген. Таш доору байыркы таш доору ( палеолит ), Ортоңку таш доору ( мезолит ), Жаңы таш доору ( неолит ) деп бөлүнөт
  • Байыркы адамдар таш куралдардан сырткары сөөктөн жасалган эмгек куралдарын, союлдарды да пайдаланышкан. Байыркы адамдардын таш куралдарын колдонушу адамзат тарыхында таш доорунун башталышына алып келген.
  • Таш доору байыркы таш доору ( палеолит ),
  • Ортоңку таш доору ( мезолит ),
  • Жаңы таш доору ( неолит ) деп бөлүнөт
Адамдар бара-бара от жакканды үйрөнүшкөн. Бир кезде чагылгандан түшкөн от тутанып, токойлор өрттөнүп, адамдын жашоосуна коркунуч келтирсе, эми от адамдарга кызмат кыла баштаган. От караңгыны жарык кылып, адамдарга жылуулук берип, түнкүсүн жырткыч айбандардан коргогон. Отту пайдаланганга чейин адамдар этти чийкилей жешсе, эми чоктун табына кактап чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн.
  • Адамдар бара-бара от жакканды үйрөнүшкөн. Бир кезде чагылгандан түшкөн от тутанып, токойлор өрттөнүп, адамдын жашоосуна коркунуч келтирсе, эми от адамдарга кызмат кыла баштаган. От караңгыны жарык кылып, адамдарга жылуулук берип, түнкүсүн жырткыч айбандардан коргогон. Отту пайдаланганга чейин адамдар этти чийкилей жешсе, эми чоктун табына кактап чала бышырып жегенди үйрөнүшкөн.
Уруу жамааттары ( общиналары ). Бара-бара байыркы адамдар Европа жана Азия аймактарына жыла баштаган. Миллиондогон жылдардын өтүшү менен климат өзгөрүлүп, жер бетин муз каптаган. Таш доорунун акыркы этаптарында азыркы типтеги адамдар калыптанат. Адамдардын сырткы кебетеси өзгөрүп, баш сөөгү азыркы түзүлүшкө жакындаган. Алардын жаактары, ооз көңдөйү сүйлөөгө ылайыкташкан. Мээсинин көлөмү чоңойгон.
  • Уруу жамааттары ( общиналары ). Бара-бара байыркы адамдар Европа жана Азия аймактарына жыла баштаган. Миллиондогон жылдардын өтүшү менен климат өзгөрүлүп, жер бетин муз каптаган. Таш доорунун акыркы этаптарында азыркы типтеги адамдар калыптанат. Адамдардын сырткы кебетеси өзгөрүп, баш сөөгү азыркы түзүлүшкө жакындаган. Алардын жаактары, ооз көңдөйү сүйлөөгө ылайыкташкан. Мээсинин көлөмү чоңойгон.
Денеси чымыр, колдору ийкемдүү келип, түз баскан. Эми алар мурдагыдай жегенге жарактуу жер-жемиштерди жыйноо, аңчылык кылуу менен эле чектелбестен, жашоо үчүн өздөрүнө керектүү азык-түлүк, тамак-аш камдашкан. Аң-терилерден кийим-кече даярдашкан. Сөөктөн ийне жана темене жасашып, аң-терилерден кийим тигишкен.Алар от жакканды да өздөштүрүп алышкан. Үңкүрлөрдү турак жай кылып, жырткыч айбандардан, суук шамалдан, жаан-чачындан, борошологон кардан корголошкон.
  • Денеси чымыр, колдору ийкемдүү келип, түз баскан. Эми алар мурдагыдай жегенге жарактуу жер-жемиштерди жыйноо, аңчылык кылуу менен эле чектелбестен, жашоо үчүн өздөрүнө керектүү азык-түлүк, тамак-аш камдашкан. Аң-терилерден кийим-кече даярдашкан. Сөөктөн ийне жана темене жасашып, аң-терилерден кийим тигишкен.Алар от жакканды да өздөштүрүп алышкан. Үңкүрлөрдү турак жай кылып, жырткыч айбандардан, суук шамалдан, жаан-чачындан, борошологон кардан корголошкон.
. Үңкүр жок жерде жер төлөлөрдү казып, шырык, сөөк менен алачыктарды жасаганды үйрөнүшкөн.  Чоң-чоң балыктарды уулоо, сайып кармоо үчүн сөөктөн шиштерди ойлоп табышкан. Кайыктар пайда болуп, балыкты тор менен кармай башташкан. Таштан жасалган куралдар кыйла өркүндөтүлгөн. Майда микролиттик таш куралдар кеңири тараган. Алардын ичинен кесүүгө, саюуга ыңгайлуу болгон жалпак таштардын мааниси зор болгон. Узун жана бышык таяктын учуна миздүү ташты кайыш менен чырмап байлап, найза жасашкан. Ал найза аңчылыкта ишенимдүү курал болгон.
  • . Үңкүр жок жерде жер төлөлөрдү казып, шырык, сөөк менен алачыктарды жасаганды үйрөнүшкөн.
  • Чоң-чоң балыктарды уулоо, сайып кармоо үчүн сөөктөн шиштерди ойлоп табышкан. Кайыктар пайда болуп, балыкты тор менен кармай башташкан. Таштан жасалган куралдар кыйла өркүндөтүлгөн. Майда микролиттик таш куралдар кеңири тараган. Алардын ичинен кесүүгө, саюуга ыңгайлуу болгон жалпак таштардын мааниси зор болгон. Узун жана бышык таяктын учуна миздүү ташты кайыш менен чырмап байлап, найза жасашкан. Ал найза аңчылыкта ишенимдүү курал болгон.
Негизи өндүрүш куралдарынын бири катары таш балталар кеңири колдонулган. Чоподон идиш жасап,турмуш-тиричиликтин кыйла жакшырышына шарт түзгөн.  Байыркы адамдар жаңы куралды – жаа менен жебени ойлоп табышкан. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында эркектер балык кармап, аң уулаган. Аялдар мөмө-жемиш чогултуу иштерин аткарган.

Негизи өндүрүш куралдарынын бири катары таш балталар кеңири колдонулган. Чоподон идиш жасап,турмуш-тиричиликтин кыйла жакшырышына шарт түзгөн.

  • Байыркы адамдар жаңы куралды – жаа менен жебени ойлоп табышкан. Эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн натыйжасында эркектер балык кармап, аң уулаган. Аялдар мөмө-жемиш чогултуу иштерин аткарган.
Коомдук мамилелер. Эмгек куралдары өркүндөдү. Натыйжада алгачкы адам үйүрү энеге негизделген уруу жамааттарына айланган. Бул эне бийлигинин коому – матриархат деп аталат. Бул мезгилде туугандык байланыш эне жагынан эсептелген. Энелик уруу мезгили таш доорунун акыркы мезгилин камтыган. Байыркы көрүстөндөрдөн аялдардын статуэткалары көбүрөөк табылган. Бул Эне кудайы жөнүндөгү түшүнүктөн жана матриархат доорундагы энелердин ээлеген ордунун жогору болгондугунан кабар берет. Ошол доордо эне кудай коргоочу катары эсептелген.
  • Коомдук мамилелер.
  • Эмгек куралдары өркүндөдү. Натыйжада алгачкы адам үйүрү энеге негизделген уруу жамааттарына айланган. Бул эне бийлигинин коому – матриархат деп аталат. Бул мезгилде туугандык байланыш эне жагынан эсептелген. Энелик уруу мезгили таш доорунун акыркы мезгилин камтыган. Байыркы көрүстөндөрдөн аялдардын статуэткалары көбүрөөк табылган. Бул Эне кудайы жөнүндөгү түшүнүктөн жана матриархат доорундагы энелердин ээлеген ордунун жогору болгондугунан кабар берет. Ошол доордо эне кудай коргоочу катары эсептелген.
 Таш доорунун акыркы этаптарында аска беттерине жана үңкүрлөргө тартылган сүрөттөр, диний ишенимдер пайда болгон. Кой, уй, жылкы сыяктуу айбандар колго үйрөтүлө баштаган. Эмгек куралдары негизинен жез, коло сыяктуу металлдардан жасалган. Коомдо аялдарга караганда эркектердин ролу тездик менен жогорулаган. Аталык уруулук – патриархат энелик доорду (матриархат) алмаштырган. Эми уруулар энеге карап бөлүнбөй, атага карап бөлүнгөн. Уруулар эркектин наамы менен атала баштаган.
  • Таш доорунун акыркы этаптарында аска беттерине жана үңкүрлөргө тартылган сүрөттөр, диний ишенимдер пайда болгон. Кой, уй, жылкы сыяктуу айбандар колго үйрөтүлө баштаган. Эмгек куралдары негизинен жез, коло сыяктуу металлдардан жасалган. Коомдо аялдарга караганда эркектердин ролу тездик менен жогорулаган. Аталык уруулук – патриархат энелик доорду (матриархат) алмаштырган. Эми уруулар энеге карап бөлүнбөй, атага карап бөлүнгөн. Уруулар эркектин наамы менен атала баштаган.
Бул мезгилге өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчик жана адамдарды адам эзүү мезгили башталат. Аталык уруу мезгили таш доорунун акыркы этабын жана алгачкы металл доорун камтыйт. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк ( жез,коло, темир металлдарын ысытып иштетүү) пайда болгон. Өндүрүштө эркектердин ролу күч алган. Аялдын коомдогу жана чарбадагы абалы төмөндөп, энелик доорду ( матриархат ) аталык доор ( патриархат ) алмаштырган.
  • Бул мезгилге өндүрүштүк каражаттарга болгон жеке менчик жана адамдарды адам эзүү мезгили башталат. Аталык уруу мезгили таш доорунун акыркы этабын жана алгачкы металл доорун камтыйт. Бул мезгилде өндүргүч күчтөр өнүгүп, дыйканчылык, мал чарбачылык жана кол өнөрчүлүк ( жез,коло, темир металлдарын ысытып иштетүү) пайда болгон. Өндүрүштө эркектердин ролу күч алган. Аялдын коомдогу жана чарбадагы абалы төмөндөп, энелик доорду ( матриархат ) аталык доор ( патриархат ) алмаштырган.
Байыркы мезгил боюнча тесттер жана тапшырмалар 1 .Адамдар айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккандан кийин (2,5 млн жыл мурда) кандай коомдо жашаган? А) алгачкы жамааттык коомдо * Б) матриархат доорунда В) кул ээлөөчүлүк түзүлүштө Г) капиталисттик коомдо
  • Байыркы мезгил боюнча тесттер жана тапшырмалар
  • 1 .Адамдар айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккандан кийин (2,5 млн жыл мурда) кандай коомдо жашаган?
  • А) алгачкы жамааттык коомдо * Б) матриархат доорунда
  • В) кул ээлөөчүлүк түзүлүштө Г) капиталисттик коомдо
2.Байыркы  адамдар жаныбарлар дүйнөсүнөн кайсы мезгилде бөлүнүп чыга баштаган? А) 2 млн жылдай мурда Б) 2,5 млн жыл мурда * В) 5 млн жылдай мурда Г)10 млн жылдай мурда
  • 2.Байыркы адамдар жаныбарлар дүйнөсүнөн кайсы мезгилде бөлүнүп чыга баштаган?
  • А) 2 млн жылдай мурда Б) 2,5 млн жыл мурда *
  • В) 5 млн жылдай мурда Г)10 млн жылдай мурда
3. Байыркы мезгилде адамдар жапайы жаныбарлардан коргонуу жана аларга аңчылык кылуу максатында үйүр-үйүр болуп жашашкан. Байыркы адамдардын алгачкы кесиби эмне болгон? А) аңчылык Б) жыйноочулук жана аңчылык * В) малчылык жана дыйканчылык
  • 3. Байыркы мезгилде адамдар жапайы жаныбарлардан коргонуу жана аларга аңчылык кылуу максатында үйүр-үйүр болуп жашашкан. Байыркы адамдардын алгачкы кесиби эмне болгон?
  • А) аңчылык Б) жыйноочулук жана аңчылык *
  • В) малчылык жана дыйканчылык
4 .Төмөнкү варианттардын кайсынысы алгачкы адамдардын куралдары болгон? А )жаа,найза,кылычтар,бычактар, ороктор Б) кырдуу таштар,жер казуучу союлдар* В )балталар,канжарлар,кош миздүү кылычтар Г) найза,кылыч,калкан, ай балта,жаа-жебе
  • 4 .Төмөнкү варианттардын кайсынысы алгачкы адамдардын куралдары болгон?
  • А )жаа,найза,кылычтар,бычактар, ороктор Б) кырдуу таштар,жер казуучу союлдар*
  • В )балталар,канжарлар,кош миздүү кылычтар
  • Г) найза,кылыч,калкан, ай балта,жаа-жебе
5. Байыркы адамдар ар түрдүү сүрөттөрдү тартышкан: А )кагазга Б) жыгачка В) ташка* Г) папируска
  • 5. Байыркы адамдар ар түрдүү сүрөттөрдү тартышкан:
  • А )кагазга
  • Б) жыгачка
  • В) ташка*
  • Г) папируска
6 .Дыйкандардын эң байыркы мезгилде отурукташкан жерлерин белгилегиле: А )15 миң жыл мурда Түндүк Кытайда Б) 10миң жыл мурун Алдыңкы Азияда* В) 6миң жыл мурун Батыш Африкада Г) 5миң жыл мурун Түштүк Азияда
  • 6 .Дыйкандардын эң байыркы мезгилде отурукташкан жерлерин белгилегиле:
  • А )15 миң жыл мурда Түндүк Кытайда Б) 10миң жыл мурун Алдыңкы Азияда*
  • В) 6миң жыл мурун Батыш Африкада Г) 5миң жыл мурун Түштүк Азияда
7. Адамзат тарыхында темир доору кайсы жерде башталган? А) Египеттин аймагында Б) Алдыңкы Азияда* В) Эки дарыя аралыгында Г )Европанын чыгышында
  • 7. Адамзат тарыхында темир доору кайсы жерде башталган?
  • А) Египеттин аймагында Б) Алдыңкы Азияда*
  • В) Эки дарыя аралыгында Г )Европанын чыгышында
8 .”Аксакалдар кеңеши” кандай иштерди аткарган? А )уруудагы бардык маанилүү иштерди башкарган* Б) диний ырым-жырымдарды өткөрүп турушкан В) эч кандай маселени чече алган эмес Г) мамлекеттеги эң ардактуу инсандар болушкан
  • 8 .”Аксакалдар кеңеши” кандай иштерди аткарган?
  • А )уруудагы бардык маанилүү иштерди башкарган*
  • Б) диний ырым-жырымдарды өткөрүп турушкан
  • В) эч кандай маселени чече алган эмес
  • Г) мамлекеттеги эң ардактуу инсандар болушкан
Кошумча маалымат! 1). Байыркы таш доору – палеолит  2). Ортоңку таш доору – мезолит  3). Жаңы таш доору – неолит  4) Жез-таш кылымы – энеолит
  • Кошумча маалымат!
  • 1). Байыркы таш доору – палеолит
  • 2). Ортоңку таш доору – мезолит
  • 3). Жаңы таш доору – неолит
  • 4) Жез-таш кылымы – энеолит
9 .Алгачкы жамааттык коомдун эң узакка созулган мезгили таш доору болуп саналат. Таш доору үчкө бөлүнөт. Кайсы таш кылымы-мезолит деп аталат? А) байыркы Б )ортоңку *  В) жаңы  Г) билбейм
  • 9 .Алгачкы жамааттык коомдун эң узакка созулган мезгили таш доору болуп саналат. Таш доору үчкө бөлүнөт. Кайсы таш кылымы-мезолит деп аталат?
  • А) байыркы
  • Б )ортоңку *
  • В) жаңы
  • Г) билбейм
10. Байыркы таш доору кандай аталат. А) палеолит *  Б) мезолит  В) неолит Г) Энеолит
  • 10. Байыркы таш доору кандай аталат. А) палеолит *
  • Б) мезолит
  • В) неолит
  • Г) Энеолит
Ачылыштар! 1. 2. Адамдар отту пайдаланганды үйрөнүшкөн Адамдар итти колго үйрөтүшкөн 3. Ортоңку палеолит Мезолитте Жаа менен жебе пайда болгон 4. Дөңгөлөк ойлонуп табылган 5 Мезолитте Коло доорунда Өндүрүштүк чарба пайда болгон Неолитте

Ачылыштар!

1.

2.

Адамдар отту пайдаланганды үйрөнүшкөн

Адамдар итти колго үйрөтүшкөн

3.

Ортоңку палеолит

Мезолитте

Жаа менен жебе пайда болгон

4.

Дөңгөлөк ойлонуп табылган

5

Мезолитте

Коло доорунда

Өндүрүштүк чарба пайда болгон

Неолитте

11. Эрте палеолит доору кайсы мезгилди камтыйт? А) б.з.ч. 2,6 млн-б.з.ч. 40 миң  Б) б.з.ч. 140 миң-б.з.ч 40 миң* В) б.з.ч. 2,6 млн-б.з.ч. 800 миң Г) б.з.ч 2,4 млн-б.з.ч. 500 миң
  • 11. Эрте палеолит доору кайсы мезгилди камтыйт?
  • А) б.з.ч. 2,6 млн-б.з.ч. 40 миң
  • Б) б.з.ч. 140 миң-б.з.ч 40 миң*
  • В) б.з.ч. 2,6 млн-б.з.ч. 800 миң
  • Г) б.з.ч 2,4 млн-б.з.ч. 500 миң
Жыйынтыктоо:  “ Тарых тепкичи канчалык бийик болсо – келечек ошончолук кенен көрүнөт” “ Эл тарыхын айта жүр, элиң сени эскерер. Бабалар даңкын айта жүр балдарың сени эскерер”. . Элдики
  • Жыйынтыктоо:
  • “ Тарых тепкичи канчалык бийик болсо – келечек ошончолук кенен көрүнөт”
  • “ Эл тарыхын айта жүр, элиң сени эскерер. Бабалар даңкын айта жүр балдарың сени эскерер”. . Элдики
Үй тапшырма: § 1. Байыркы адамдар окуп келүү
  • Үй тапшырма:
  • § 1. Байыркы адамдар окуп келүү