Просмотр содержимого документа
«Байыркы дүйнөдөгү олимпиадалык оюндар»
IV-чейрек. Предмет:Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы
5-класс
Мугалими: Бердиева бурулай салиевна
Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү Сабактын усулу: Интерактивдүү ыкма Сабактын жабдылышы: Окуу китеби,план-конспект,схемалар,сүрөттөр,таблицалар, техникалык каражаттар.
Сабактын темасы: Байыркы дүйнөдөгү олимпиадалык оюндар
Сабактын максаты: Сабактын көрсөткүчтөрү :
- 1.Билим берүүчүлүк-окуучулар байыркы дүйнөдөгү олимпиадалыкоюндар жөнүндө маалымат алышат,
- 2.Өнүктүрүүчүлүк-окуучулар сынчыл-ойломдорун,ык-машыгууларын,көндүмдөрүн өнүктүрө алышат,
- 3.Тарбия берүүчүлүк-окуучулар окутулган окуу
материалдарын практикалык жагдайларда
колдоно билүүгө,өзүнүн көз карашын коргой
билүүгө,өз өлкөсүнүн тарыхын башка өлкөлөр
менен салыштыра билүүгө үйрөнө алышат.
1.Окуучулар байыркы дүйнөдөгү олимпиадалык оюндар жөнүндө маалымат алышса,
2.Окуучулар сынчыл-ойломдорун,ык-машыгууларын,көндүмдөрүн өнүктүрө алышса,
3.Окуучулар окутулган окуу
материалдарын практикалык жагдайларда
колдоно билүүгө,өзүнүн көз карашын коргой билүүгө,өз өлкөсүнүн тарыхын башка өлкөлөр менен салыштыра билүүгө үйрөнө алышса .
Алтын эрежелер: Бири-бирибизге урмат-сый менен мамиле кылабыз. Бири-бирибизди көңүл коюп угабыз. Бири-бирибизге жылмаюу тартуулайбыз. Сабакка активдүү катышабыз. Сабакка кечикпей келебиз.
Жаңы теманы окуп-үйрөнүүнүн планы :
01-тапшырма: Окуу үчүн текст
- Эллиндерди бириктирген майрамдар.
- Гректер спорт менен машыгууну жакшы көргөн.Б.з.ч.776-жылы алгачкы жолу эллиндердин улуттук майрамдарында Олимпиада оюндары өткөрүлгөн.Ошол жылдан баштап төрт жылда бир жолу олимпиада оюндарын өткөрүү салтка айланган.Оюн башталарда Олимп тоосунда күндүн нурунан алынган ыйык от жагылып,оюн бүткөнчө өчүрүлгөн.
Гректердин байыркы спорттук мелдештери
Олимпиадага катышкан спортчулар спорттун 5 түрү(узундукка секирүү,диск ыргытуу,жаа атуу,чуркоо,күрөш)боюнча күч сынашкан.Спорттун катышуучулары(атлеттер)биринчи күнү кудайга курмандык чалып сыйынышкан.Калыстар дагы өздөрүнүн милдеттерин таза,адилеттүү аткарыш үчүн кудайга сыйынып,ант беришкен.
Байыркы грециядагы биринчи олимпиадалык оюндар.
Байыркы грециядагы кудайлар.
Байыркы грециядагы олимпиадалык оюндар өткөрүлгөн жер
Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи.
- Жеңүүчүлөр ыйык зайтун дарагынын бутактарынан жасалган гүл чамбар менен сыйланган.Оюнда жеңген адам өзүнүн үйүнө кайтып келе жатканда шаардын бүткүл калкы аны утурлап тосуп чыгышкан.Ал мекенин даңктагандыгы үчүн анын урматына арнап статуя орнотушкан.Олимпиадалык оюндар элладалыктар үчүн чоң майрамга айланып,алардын ынтымагын чыңдаган жана спорттун жайылышына чоң өбөлгө болгон.
02-тапшырма: Таблицаны толтургула
01-тапшырма: Сөздөрдүн маанисин жазгыла: *Олимпиадалык оюндар- *Таймаш-
Эллиндерди бириктирген майрамдар
Олимпиадалык оюндар
- Баалоо: көрсөткүчтөргө карап бааланат,бирин-бири баалайт. Үйгө тапшырма:
- &18текстти окуп келүү,байыркы дүйнөдөгү олимпиадалык оюндар тууралуу аңгеме түзгүлө,
- Суроолорго жооп жазгыла. 1)Алгачкы Олимпиада оюндары качан жана каякта өткөрүлгөн? 2)Олимпиада оюндарындагы таймаштардын мааниси кандай? 3)Олимпиада оюндары эмне үчүн өткөрүлгөн?