Просмотр содержимого документа
«Байыркы уйгур кол жазмаларындагы»
2.1.1.6. Байыркы уйгур кол жазмаларындагы адам аттарында кыргыз этноними
IX-XIII кылымдар
IX-XIII кылымдар аралыгында, тарыхый Чыгыш Түркстан, азыркы КЭР Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунда жазылган байыркы уйгур кол жазмаларында этноним катары орун алып, конкреттүү бир элди, кыргыздарды билдирбесе да этноантропоним компонент сыпатында колдонулган кыркыз сөзү бар. Женс Вилкенстин Гёттинген Университети тарабынан 2021-жылы жарыяланган “Handwörterbuch des Altuigurischen Altuigurisch - Deutsch – Türkisch” аттуу сөздүгүндө кыргыз сөзүн камтыган төрт адам аты берилген: Кыркыз, Кыркыз Кайа, Кыркыз Теңрим жана Кыркыз Тоңа Тутук (Wilkens, 2021: 373).
Белгилүү болгондой, бир адам атында этноним орун алса, бул адам аты этноантропоним деп аталат дагы бул ысымды алып жүргөн кишинин тегин, уруусун, улутун билдирет (Курбанов, 2018: 112). Демек Кыркыз, Кыркыз Кайа, Кыркыз Теңрим жана Кыркыз Тоңа Тутук адам аттарындагы кыргыз этнонимин этноантропоним компонент катары эсептеп, бул адамдардын кандайдыр бир жол менен кыргыздар менен байланыштуу экендигин айта алабыз.
Ю. С. Худяков кыргыздар “Улуу кыргыз каганаты” доорунда Чыгыш Түркстанга бир канча жолу бастырып киришкенин белгилеп, X кылымдын башында бул мамлекет кулагандан кийин кыргыздардын бир бөлүгү Чыгыш Түркстанда калганын жазат (Худяков, 1995: 52-53). Ушундан улам жогоруда аттарында кыркыз сөзү орун алган адамдар мына ушул кыргыздар болушу ыктымал деген ойдобуз.
Женс Вилкенс Кыркыз, Кыркыз Кайа жана Кыркыз Тоңа Тутук антропонимдерин эркек адам аттары, Кыркыз Теңрим ысымын аял аты катары деп белгилеген (Wilkens, 2021: 373).
Кыркыз Тенрим аял атындагы теңрим сөзү байыркы уйгур кол жазмаларында Өдүш Теңрим, Сарыг Теңрим ж.б.у.с. аял аттарын жасоодо колдонулуп, ак сөөк үй-бүлөдөн чыккан аялдарга берилген мансап (Wilkens, 2021: 699). Демек Кыркыз Теңрим ак сөөк чөйрөгө таандык мансаптуу аял.
Кыркыз Тоңа Тутук адам атындагы тоңа сөзү арслан, барс маанисине келип, адам аттарында алгач мифологиялык, тагыраак айтканда тотемдик түшүнүктөн улам коюлуп, кийинчерээк эр жүрөк, кайраттуу деген кошумча маанисинде колдонулса керек (Усеев, 2022а: 205). Тутук сөзүн И.В.Кормушин борбордук бийлик тарабынан бийликте турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн ичинен тандалып, бир аймакты башкаруу үчүн жиберилген кишинин даражасын билдирген сөз жана ошол эле мезгилде титул катары аныктаган (Кормушин, 2008: 300). Натыйжада Кыркыз Тоңа Тутукту эл башкарган адам катары кабыл алсак болот.
Кыркыз Кайа адам атындагы кайа сөзү аска деген маани берет. Бул сөз адам атында бул кишинин аска сыяктуу чоң, ишенимдүү адам экендигин билдириши ыктымал.