СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Бака жана бука"

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Бака жана бука"»



4 сабактын планы: Фонеманы кабыл алуу

Сабак учурунда пайдаланыла турган формалдык эмес баалоонун суроолору:

  • Балдар аӊгемеге көӊүл бөлүшөбү (угушат, суроо беришет жана жоопторду беришет)?

  • Көпчүлүк балдар окуганга чейин, анын учурунда жана андан кийинки суроолорго аӊгемени кунт коюп угуп жооп беришет деп айтууга болобу?

  • Балдар бардык көнүгүүлөр менен ийгиликтүү иштей алышабы?

  • Балдар «жаса – жана – алып кет» тапшырмасын ийгиликтүү аткара алышабы?

  • Балдар портфолио/папканы туура толтурушабы?



Жүгүртмө.

  1. Бош убакыт /каттоо. Сабак башталганга чейин келген балдар үчүн.

Сабак башталганга чейин келишкен балдар Китеп банкында болгон буюмдар менен ойной алышат же каттоо процедурасына катышат. Каттоо учурунда балдар бардык жазгыч буюмдарды колдоно алышат, өз атын же айрым тамгаларды жаза алат,сүрөттөрдү тартып, тамгаларды окшоштуруп чиймелешет.



  1. Ырдоо үчүн убакыт. 10 мүнөт

Ырдоо үчүн убакыт сабакты баштоого балдарды чакырып алуу үчүн керек. Тарбиячы балдарга тааныш эки ырды ырдап берет. Биринчи ыр балдар үчүн жакындап келип класска топтоло баштоосу үчүн , а экинчиси командалык духту көтөрүү үчүн жана айрым кечигип жаткан балдар үчүн кошумча убакыт берет. Тарбиячы балдардын класска чогулуусуна жараша аларды ырга кошулуусун суранат.



  1. Сабактын планы. 5 мүнөт

Ар бир сабак башталганга чейин тарбиячы сабактын структурасын схемалуу түрдө чагылдырган планды даярдоосу керек. Сабактын планы балдар аны дайыма көрүп тургандай орунга жайгаштырылат. Окуганды баштоодон мурда тарбиячы бүт класска сабактын планын кыскача баяндап берет.

  1. Окуу үчүн убакыт. 20 мүнөт

Ар бир сабактын учурунда бүт класска бир аӊгеме окулат. Тарбиячы балдарга аӊгемени окуп баштаганга чейин, окуп жаткан учурда жана окуп бүткөндөн кийин суроолорду берет. Бул сабактын учурунда класска «Бака жана бука» аӊгемеси окулат.

Окуганга чейин:

Бул аӊгеме «Бака жана бука» деп аталат. Эгерде силер килейген буканы биринчи жолу көрүп жаткан кичинекей бака болсоӊор, анда кандай болот элеӊер? Килейген буканы көргөндө кичинекей бака кандай абалда болгондугун баяндап бергиле.



Окуп жаткан учурда:

  1. «Ал шарик сымал үйлөнө баштады жана дагы үйлөнүп жатты» - деген фразадан кийин: Силер буга чейин бакалардын дардайып жел толгонун көрдүӊөр беле? Силер бетиӊердин жана колдоруӊардын жардамы менен бул кандай болоорун көрсөтө аласыӊарбы?

  2. Кайрадан баканын атасы шарик сымал үйлөнө баштады, бул жолу ал мурдагыдан дагы дардайды, анан бука менден дагы чоӊ беле?» - деп сурады».

Андан кийин эмне болду деп ойлойсуӊар?



Бака жана бука

-Ах, атаке, - деп үшкүрдү баканын баласы көлчүктүн жээгинде отуруп. –Мен бүгүн ушундай зор жаныбарды көрдүм. Ал тоодой чоӊ, башында мүйүздөрү, узун куйругу бар экен. Анын туяктары эки ача экен.

-Балам, -деди бака-ата, - Бул дыйкандын букасы. Бирок ал андай деле зор эмес, балким, ал менден бир аз бийигирээк болор, бирок мен дагы өзүмдү ошондой эле чоӊ кыла аламын. Кара.

Ошентип ал өзүнө шарик сымал жел толтура баштады, жел толтура берди, толтура берди.

-Ал ушундай чоӊ беле? – деп сурады бир маалда атасы.

- Жок. Ал мындан бир кыйла чоӊ болчу, - деп жооп берди баласы.

Ошентип бака – ата кайрадан өзүнө шарик сымал жел толтура баштады, жел толтура берди, толтура берди.

- Иии, бука ушундай чоӊ беле? – деп сурады.

- Чоӊ болчу, ата, бир кыйла эле чоӊ, - деп бала-бака жооп берди.

Ошондо бака – ата өзүнө абаны көбүрөөк жутту дагы, өзүнө шарик сымал жел толтура баштады, жел толтура берди, толтура берди. Бир маалда:

- Мен бука так ушундай өлчөмдө болгон деп ойлоймун, - деди да, «тарс» этип бака-ата жарылып кетти.

Окугандан кийин:

  1. Аӊгеменин башында кичинекей бака кандай жаныбарды көрдү?

  2. Эмне үчүн аягында бака-ата жарылып кетти?

  3. Бака буканын өлчөмүнө чейин дардая алабы, кандай деп ойлойсуӊар?

Эмне үчүн аӊгеменин автору бака жөнүндө так ушинтип айтып жатат?

(Ашыкча чоӊойтуп жиберүүнүн элементи жөнүндө сүйлөшкүлө).



  1. Көнүгүүлөр үчүн убакыт.



1-көнүгүү: «Башкага шыбыра»

  • Баяндама: Бул көнүгүүдө балдар айлампа болуп отурушат жана башка окуучу кулагына шыбыраган сөздөрдү кайталашат.

  • Өнүктүрүлүүчү көндүмдөр: тыбыштарды айтуужана тыбыштарды кабыл алуу.

  • Зарыл болгон материалдар: жок.

  • Көнүгүүнүн баяндамасы: Балдар айлампага отурушу керек. Солдогу окуучуга сөздү шыбырагыла. Андан кийин бул окуучу өзүнөн солдо турган окуучуга шыбырашы керек жана андан ары ушундай уланат. Сөз айлампанын аягына чыгыш керек жана акыркы окуучу сөздү үн чыгарып айтат.



Тарбиячы: Бүгүн биз «Башкага шыбыра» деген оюнду ойнойбуз. Оюнду туура ойноо үчүн силер эки нерсеге көӊүл бөлүшүӊөр керек: сөздөрдү так айткыла жана коӊшуну кунт коюп уккула.

Ошентип, мен жанымда турган окуучуга сөздү абдан даана шыбыраймын. Окуучу кунт коюп угат. Андан кийин аны шыбырап кийинки окуучуга айтат. Биз сөздү шыбыроо менен аягына чыкканга чейин кийинкиге айта беребиз жана акыркы окуучу сөздү үн чыгарып айтуусу керек.



  • Оюндун кошумча ыкмалары:

Бул оюн балдар үчүн жетишерлик татаал, ошондуктан балдарды 5 окуучудан турган жашына жана акыл-эсине жараша майда топторго бөлүү керек. Жөнөкөй сөздөн тартып, акырындап татаал сөздөргө, фразаларга жана сүйлөмдөргө өтүү керек. Негизги максат – сөздөрдү айтуу жана түшүнүү экендигин эстен чыгарбагыла, ошондуктан түшүнүксүз сөздөрдү жана фразаларды пайдаланбагыла.

  • Көӊүл бургула: Эгерде балада кыйынчылыктар пайда болсо, сөздөр так айтылып жаткандыгына ынануу үчүн анын жанына барып отургула.

2-көнүгүү: “Баштыкчадан бир буюмду сууруп чык”.

  • Баяндоо: бул көнүгүүлөр ар бир муунду эсептеп кол чабуу менен ар кандай сөздөрдү муундарга бөлүү керек.

  • Өнүктүрүүчү көндүмдөр: Фонеманы кабыл алуу, сөздүн курамдык бөлүктөрүн анализдөөнүн көндүмдөрү.

  • Зарыл болгон материалдар: сүрөттөрдүн топтому, майда буюмдары бар баштыкча (сөздөр муундардын саны менен айырмаланышы зарыл).

  • Көнүгүүнүн баяндамасы: Балдарга азыр оюн ойной тургандыгын түшүндүргүлө. Баштыкчада бир нече сүрөттөр жана буюмдар бар. Окуучулардын бирин ыктыярдуу келип, көзүн жаап түрүп сүрөт же буюмду баштыктан сууруп чыгуусун сурангыла.



Бала: “Бул_________________________(предметтин аталышы)”.

Бүт класс буюмдун /сүрөттүн аталышын ар бир муундан кийин кол чабуу менен кайталоосу керек. Андан кийин сөздө канча муун бар экендигин сурагыла. Балдар өтө тез жооп бербөөсүнө көз салгыла. Сиз ошондой эле бул суроону белгилүү окуучуларга бере аласыз. Бир нече окуучуга кезеги менен баштыктан буюмду алып чыгуусуна мүмкүндүк берүү менен көнүгүүнү уланткыла.



* Оюндун кошумча ыкмалары:

* Оюнду мындан ары татаалдаштыруу үчүн көп муунду камтыган буюмдарды/сүрөттөрдү тандагыла. Силер сүрөттөрдү гезиттер менен журналдардан кесип алсаӊар да болот.

* Балдардын бири буюмду/сүрөттү алып чыгып, ар бир муунга кол чабуусу керек, ал эми калган топ угуп турат. Андан кийин топ баланын сөздү муундарга туура бөлгөндүгүн аныктайт.

* Балдар тапшырманы аткара баштагандан кийин муундардын санын кол чабуусуз эле саноосун сураныӊыз.

* Көӊүл бургула: Жоопторду кыйкыруунун кажети жок, башка балдар эч кандай тоскоолдуксуз ойлонуусу үчүн тынымды кармоо зарыл экендигин бүт класска эскерткиле.



  1. Жаса – жана - алып кет” 15 мүнөт

Муундары менен карточкалар

  • Сабакка даярдык: Балдар сүрөт тарта ала турган карточкалар.

  • Баяндама: Бул көнүгүүдө балдар карточканын бир тарабына буюмду же жаныбарды тартышы керек, башка жагына бул сөздөгү муундардын санын жазышы керек.

  1. Портфолио/папканы толтуруу

Портфолио /папканы толтуруу сабактын акыркы көнүгүүсү болуп эсептелет. Балдар өз портфолио /папкасына бүгүн кандай көнүгүүлөрдү аткаргандыгы жөнүндө жазып же тартып коюшу керек. Мисалы, балдар бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөттү же аларга жагып калган көнүгүүнү же Окуу лагерине байланыштуу башка бир сүрөттү тарта алышат.

  • Портфолио/ папканы толтуруу үчүн болжолдуу идеалар.

  1. Бүгүн бардыгынан сабактын кайсы бөлүгү жакканын жазгыла / сүрөтүн тарткыла.

  2. Бүгүнкү уккан аӊгемеден сүрөт тарткыла.