«Манас» эпосу: Бакай
Бакай – ак калпак кыргыз элинин жан дүйнөсүнө сиңип кеткен ысым. Калк барктаган, бийик көргөн, ыйык көргөн жаркын ат.
Даанышман Бакай «Манастын» карманы экени кыргыз аттуунун баарына дайын нерсе. Ырас, «Манасты» окуган бар, окубаган бар. Бирок Бакайдын ысымын эл ичине ылакап болупсиңип кеткени боюнча ар бир кыргыз билет десек жаңылбаспыз. Илгертен кыргыздын көргөн-басканы «Манас» болгон эмеспи. Андыктан Бакайдын ысымы Манас баатырдын ысымы менен кошо кичинекейинен ар кимдин кулагына кирип, калайык-калк, караламан көпчүлүк менен бирге жашап калган. «Бакайдай акылман», «Бакайдай болуп …», «Биздин Бакайыбыз», «Бакайдай болуп дайыма биздлин төрүбүздө отуруңуз», «Бакай атанын арбагы колдосун», «Айылыбыздын Бакайы», «Жамааттын Бакайы» деген сыяктуу ар түрдүү ак жаркын сөздөр ар дайым элдин оозунда жаңырып турат. Өзүнүн эпикалык каарманын ак калпак кыргыздын ардактаганы ушунчалык Бакайдын ысымы Талас облусунун бир районуна ыйгарылган. Ал район – «Бакай Ата» деп аталат. «Бакай» деген Бакайдай акылдуу болсун, элдик киши болсун деген акт илек менен жаңы төрөлгөн ымыркайларга да ыйгарылган учурлар сейрек эмес. Кыскасын айтканда, эл арасындагы популярдуулугу жагынан «Манастын» каармапны Бакай алдына жан аслбастыр. Эпикалык дастандын кучагынан чыгып келип, калк ичинде кадимки тирүү адамдай жашап жүргөн Бакайдай карман дүйнөлүк адабиятта чанда кездешчү факт.
Айткандай эле, Бакай ааламга даңкы кеткен океандай «Манас» эпосунун борбордук каармандарынын бири. Эпостун үч бөлүгүндө тең («Манас», «Семетей», «Сейтек») катышып, эпопеянын сюжетинде активдүү роль ойнойт. Бакайдын өзүнүн образы өзөгүндө алып жүргөн орошон ойлору, улуу идеялары, мекенчил философиясы, асыл адеп-ахлагы менен «Манас» эпосунун руханий масштабын кеңейтип, идеялык – көркөмдүүлүк моралдык-этикалык беделин, наркын дүйнөлүк бийиктикке чейин көтөрүп турган орчундуу образ.
Бакай Манас баатырдын үлөн чоросу, кыйышпас досу, бир чети жакын агасы, кандаш тууганы.Эпосто «абаң Бакай курдашы арслан Манас көк жалдын, а дүйнөлүк сырдашы» деп сыпатталат. Ушул ыр саптарындагы ойдун чындыгын ырастагандай, Манастын өзү да эпостун сюжетинде: «Маңдайымда барааным, байтерек Бакай карааным, айтышканда сырдашым, наалышканда муңдашым» - деп сырын төгөт. Демек, Манас менен Бакай бири-бири менен өзгөчө терең мамиле менен ширелишкен, бири-бири менен жаны бирге, эпостун өзүндө айтылгандай, «ак буудайдын унудай жуурулушкан, ак бөкөндүн кылындай суурулушкан» достор.
Бирок бул экөөнүн сырдаштыгы, муңдаштыгы жөнөкөй гана пендечилик деңгээлдеги ынактык эмес, картирлик ынтымагы эмес, же болбосо, кандаш-жандаш туугандыктан келип чыгып отурган биргелик эмес. Булл экөөнүн ширешишкен достугунун мотиви таптакыр бөлөкчө. Экөөнүн достугу башкача «материядан» жаралган. Баатырлардын өз ара жуурулушкандыгынын себептерин алардын иетеллектисинин, көкөлөгөн акыл-ой маданиятынын жана патриоттук рухунун бийиктигинен издөө кажет демекчибиз.
Андай болсо кеп орлу мында. Бир ирет Манас өзү дегеле бу турмуштан кимди, кандай адамды издеп жүргөндүгү жөнүндө төмөндөгүдөй деп сыры начат:
(«Манастан» ырлар жазылат)
Мына ушундайча чын жүрөктөн жарылып айтылган, төгүлгөн монологдон, сөздөрдөн, агынан биринчи иретте, өзүнө чоро, жолдош, ДОС боло турган кишиге карата Манастын койгон суроо-талабынын, чен-өлчөмүнүн, критерийинин бийиктигин, жогорулугун көрүүгө болот. Айкөлгө чоро, жолдош, ДОС болчу адамга коюлучу, башкы критерийлер – терең байкасак, шериктештин Манас менен идеялаштыгы, мүдөөлөштүгү, тилектештиги, жүрөктөштүгү, дилдештиги, өзөктөштүгү экен.
Ал эми айкөлгө идеялаш, мүдөөлөш, тилектеш, өзөктөш болу деген нерсенин – булл чачылып чабылып, азап-тозок тарткан кыргыз эллин кулчулуктан куткаруу үчүн Манасча карууну казык, башты токмок кылуу, Ата журт үчүн Манасча жанды күрман кылууга даяр турган берен болу, «калмак, кытай, манжуга качырып найза сунууга» жарамдуу жолборс болу, Ала-Тоонун азаттыгы, ак калпак калктын мамлекеттүүлүгү үчүн антка-шертке бекем туру деген кеп экени өзүнөн өзү түшүнүктүү. Эгерде мындай чоӊ жүктү аркалоого жарамсыз болсо, киши тууган да болсо Манастын муӊдашы, сырдашы боло албайт.
Манас дал жогорудагыдай чен-өлчөмдөрү менен таразалап өз айланасына кырк чорону топтопкелген экен. «Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жөнү кырк башка» делет эпосто. Демек, чоролорду шериктеш кылууга алардын ар биринин кашкөйлүк сапаттары негиз болгон. Бирок Манастын далее болсо ичинде арманы бар. Ал «Издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теӊтуш эгизди, берен таппай, эл таппай жаныма жолдош кылууга, өзүмө катар шер таппай» - деп күйүт чегет. Манастын күйүтү жердин түбү- Желпиништен өзүм издеп келген Бакай менен жолугуп, сырдашкандан кийин, анны менен «кою короолош, аты жороолош» болгон соӊ басылат.
Бакай өзү жөнүндө Манаска мындай дейт: «Менин жайым сурасаӊ, өөдөсү бийик белдирмин, өткөрө көк жал шердирмин, дөөлөттүүгө табылчу, төрө абаӊ Бакай мендирмин». Булл сөздөр көкүрөк каккан мактануу эмес. Тескерисинче, баланыкындай түздүк менен айтылган акылмандын чынчылдыгы, өз кадыр-баркын билген, өзүн өзү таанышы (самооцениваниеси) өрчүгөн адамдын сынчылдыгы го. Байкасак, Бакай те жаш чагынан тарта эле баскынчы душмандын таманы алдында тепселип, кор болгон. Ата мекен үчүн күйүт чегип, бир боор эл-журтту кулдуктан куткаруу үчүн жоого каршы жол баштаар баатырдын чыгышынэки көзү төрт болуп күтүп, эгер ошондой көк жал шер эли чинен чыкса, анны менен «чалгынды бирге чалууга, доону бирге доолашууга, жоону бирге жоолашууга даяр болуп, а түгүл ошондой шерди жер кыдырып, эл кыдырып издеп жүргөн экен. Капыстан Алтай тараптан Манастын атагы дүӊгүрөп угулганда, Бакай энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп,