Бактылуу үй-бүлө-бактылуу коом.
Сабактын темасы: Бактылуу үй-бүлө-бактылуу коом.
Сабактын максаты:
Окуучуларга үй-бүлөө коомдун, мамлекеттин тиреги улуттун бешиги экендигин: үй-бүлөөлүк мамилелердин баалуулугун, үй-бүлөө коомдогу негизги институт экендигин түрдүү маалыматтарды алышат.
Коом ар бир Кыргызстандыктын үй-бүлөөсүнүн негизинде курала тургандыгын, ошондуктан үй-бүлөөнүн биримдиги, ынтымагы, бул коомдун биримдиги жана ынтымагы экендигин, мамлекеттин тынчтыгы экендигин туюушат.
Окуучулардын үй-бүлөөнүн баалуулуктарын сыйлоого, ар бир үй-бүлөө мүчөсүнүн милдеттерин,жоопкерчилигин артыруу жана перзенттик парзын аткаруунун зарылдыгына: өз оюн туура так айтууга: топтордо бирдиктүү иштөөгө тарбияланышат.
Сабактын методу: ангемелешүү, топтордо иштөө
Сабактын тиби: жаны материалдарды өздөштүрүү
Сабактын жабдылышы: видео ролик, буклет, макал-лакаптар.
Сабактын жүрүшү.
1. жагымдуу маанай
2. жаны тема
3. топтордо иштөө
4. топтордо иштөө
5.кластер
6.окуучуларды баалоо
7. жыйынтыктоо
8.үйгѳ тапшырма
1. Жагымдуу маанай:
2. Жаны тема:
Сабактын жүрүшү: Мугалимдин кириш сөзү. («Үй –булөөнүн өнүгүү этаптары» аттуу төмөнкү схема доскага илинет)
Кана балдар төмөнкү схеманы карап түшүнгөнүнөрдү айтып бергилечи.
Ыймандуу уул кыз, бактылуу карылык |
Үй-бүлөнүн коомго болгон тасири | | Үй-бүлөнүн түзүлүшү |
Үй-бүлөөнүн өнүгүү этаптары. |
Мугалим: Үй –бүлөө эки адамдан куралат. Үй-бүлөө коомдун күзгүзү, бул жерде адамдар тарбияланып, мүнөздөрү калыптанып, эмгекке болгон мамиле бекемделип, улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызатто, идеялык жана маданият байлыктарыбызды барктоо сезими уялай баштайт. Кыргызда жакшы кеп бар эмеспи: үй-бүлөө башында эки кишиден куралып аягында эки киши калат деген. Бул демек үй-бүлөө балалуу болуп, аларды тарбиялап өстүрүшөт. Уулдарын үйлөп, кыздарын узатышкандан кийин карыя ата-эне үйдө кутмандуу карылыктын доорун сүрүшөт. Кыргызда жакшы салт бар, ал кичүү уулдун ата-энеге кам көрүп, алар менен чогуу жашашы. Демек, кыргыздын куттуу үйундө дайыма турмуш уланып келген жана улана берет. Силер үй-бүлөө жана мээримдүү ата-эне жөнүндө кандай макалдарды билесинер?
-Ата-энеси ынак баланын көөнү куунак,
-Ата-эне-баланын бактысы,
Тарбия таалайдын ачкычы:
-Ата сөзү алга үрөйт адамды,
Эне сөзү эпке салат жаманды,
-Эне сыйлаган элге жагат,
Ата сыйлаган абийир табат:
-Атасын сыйлаган акылду,
Энесин сыйлаган эстүү,
-Бала турмуш туткасы,
Ата-эне анын устасы:
-Баланы ата күтөт тукумум улансын деп,
Баланы эне күтөт, учугум узарсын деп.
Келгиле кыздар эки топко бөлүнүп топтордо иштейли. Топтордо бөлүнүү үчүн төмөнкүдөй шарт коелу: Силерге эки түрдүү сүрөт берилет (камчы, көөкөр)
1-топ камчы
2-топ көөкөр
1-тапшырма. Эми алган камчы менен көөкөрдүн атын чечмелеп бергиле эмне себептен ушул аттарды тандап алдынар? (окуучулар презентация жакташат)
Мугалим:
3. 2 –тапшырма боз үйдүн каалгасында катылган. Топтордун башчылары келип «үй-бүлөө» жөнүндө көркөм ыр окуу менен каалганы ачып тапшырманы алышсын.
1-окуучу: үй-бүлөө каухар сымал ыйык нерсе
Бак-дөөлөт төгүп берсин ата-энеге
Жаркылдап жанып турган кабагы ачык
Ырыскы Ыйман берсин келинине
Ай жамалдуу кызына адеп берсе
Уулдары жанып турса, намыс десе
Чоң ата-чоң эненин ак чачындай
Бактылуу карылык берсин небереге.
2-окуучу: Ата-энем аман бол деп тилек кылган,
Чоң атам, таятамдан дуба алгам,
Чоң апам, таянем бактым менин
Мээримин күн нурундай мага чачкан.
Байкем, тайкем колумдан жетелеген,
Эжекем, жууп- тараган, чайы белен,
Иничегим, секелек карындашым
Бүлөм менин, эң жакын адамдарым.
«Баркына жет»-деп жарткан мага берген.
Мугалим: Азаматсынар! Эми тобунарда акылмандардын үй-бүлөөгө байланыштуу айткандарын талкуулап, чыккыла.Каалагада катылган тапшырманын мазмуну:
4. 1-тапшырма. Кыргыздын жазгыч акыны Тоголок Молдонун коомго кошулуучу үй-бүлөөнүн кичинекей мүчөсүнө үч нерсе зарыл деп айткан.
1.Балага кичинекейинен адепке, ар намыстуулукка, эмгекке үйрөткөн тарбия берүү:
2.Балага билим берип, агартуу аркылуу көзүн ачып оң жолго салуу:
3.Инсандын өзүн-өзү тарбиялоосунун зарылдыгы.
2-тапшырма:
Кытай ойчулу Конфуций адамдардын мыкты коомго «беш өз ара мамилелердин» негизинде жетүүгө болот деп ишенген Конфуций.
Алар:
1. Президент жана министр
2. Күйөөсү жана аялы
3. Ата менен бала
4. Улуу бир тууган менен кичүү бир тууган
5. Достордун арасындагы мамиле
Мамлекет дагы үй-бүлөө сыяктуу сыйлоодон, ишенүүдөн, сүйүүдөн турушу керек. Ошондо гана коомдо тартип болот.
Мугалим: Демек, кыдар үй-бүлөөдөн алган тарбиядан жана мектептен алган билимден сырткары адам өзү дагы аракеттенип, жакшы жүрүш-туруштун үлгүсүн көрсөтүүсү керек турбайбы. Тоголок Молдонун айткандары боюнча дагы кандайпикиринер бар? Идеалдуу мамлекет курууга негизделген Конфуцийдин пикирине кошуласынарбы?
Жогорудагы акылмандардын айткандарынын уландысы катары силерге кийинки тапшырманы берем.
5. 3-тапшырма:
1-топ. Үй –бүлөөнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин
2-топ. Үй-бүлөөнүн коомдогу функцияларын талкуулайсынар.
1-топ. Үй-бүлөөнүн мүчөлөрүнүн милдеттери.
Чон ата, таята-акылман насаатчы, үлгү болуучу инсан
Чон апа, тайэне-мээримдүү эне
Ата-сүрдүү тарбиялоочу, үй-бүлөөнүн муктаждыктарын камсыздоочу.
Эне-мээримдүү тарбиялоочу, үйдүн куту,ыйык эне.
Эже-энеге жардамчы, тазалыкка, тартипке көз салат, үнөмчүл, болочоктогу эне
Байке-инилерине жөлөк,үлгү
Ини-атага, байкеге жардамчы, турмуш-тиричиликке кол кабыш кылат.
2-топ. Үй –бүлөөнүн коомдогу функциялары.
1.Мамилелешүү-кошуналар менен туугандар менен мамиле түзүүчү.
2.Чарбалык-экономикалык-үй-бүлө мүчөлөрү бирдиктүү чарба жүргүзүп, эмгектенишет.
3.Инсанды калыптандыруучу-баланын коомго аралашуусуна моралдык, финансылык жардам берет.
4.Тукум уулоочу-уул кыз өстүрөт.
5.Тарбиялоочу-ата-эненин берген тарбиясы, баланын жүрүш-турушуна таасир этет.
6.Калыптандыруучу-үй-бүлөө инсанды психологиялык жактан тынчсыздардырат. Адам үй-бүлөөдө өзүн жакшы сезет
7.Үлгү болуучу-жакшы үй-бүлөө жүрүш-турушу, коомго кошкон салымы менен адамдарга үлгү боло алат.
6. Топторду баалоо: Азаматсынар презентациянарга чон рахмат! 2-топко «эн жакшы» деген
баа.
7. Жыйынтыктоо: Бүгүнкү сабакты жыйынтыктоодон мурда силерге кайрылгым келип турат. Урматтуу келечектин ээлери, адамзат үчүн эн ыйык жана куттуу болуп эсептелген үй-бүлөөнүн таасири, мааниси, мекендин биримдиги жана өсүшү үчүн канчалык зарыл экендигин бүгүнку сабактан түшүндүнөр деп ишенем.
Менин үй-бүлөөм-менин Мекеним өсүп-өнүгүшү үчүн бизге биринчиден үй-бүлөөдөгү
тынчтык, ынтымак керек. Дайыма үй-бүлөөнөр менен аман болгула!
8.Үйгө тапшырма: Канткенде, ата-энемдин ак сүтүн актайм-деген темада
дилбаян жазып келгиле.