Доклад
Бала,мугалим жана ата-эне.
«Эгерде үй-бүлөдөгү адамдар-кызыкдар, сезимтал болсо, эгерде алардын кеӊири кызыкчылыктары бар болсо, эгерде үй-бүлөнү эмгек ынтымактуу бүлө кылып бириктирсе,анда үй-бүлөнүн балага тийгизген таасири өтө жогору»
Крупская Н.К.
Балдар-биздин келечегибиз, анткени бүгүнкү күндө алар реалдуу биздин алдыбызда турат. Ата-эне жана анын үй-бүлөсү баланы тарбиялап, анын өсүшүнө шарт түзүп берип жатат. Ал эми мугалимдер адамзат чогулткан баалуулуктарды, билим жана тажрыйбаларды балага жеткирет. Мугалим менен ата-эненин максаты бир, демек алар биргелешип кызматташтыкта бири-бирине жардам берип бул татаал жолдо бирге басып өтүшү керек. Азыркы учурда биргелешип иштөө болуп жатабы ? Албетте жок, ата-эне эптеп баласын мектепке орноштурдум дейт да өзүнүн көр оокаты менен алек. Баардык эле ата-эне ошондой дегенден алысмын бир класстан 2-3 баланын көбүнчө энелери мектеп менен байланышып турат. Азыркы учурдун шартына жараша ата-энелер мектепти акча чогулдуучу «рэкет» сыяктуу көрүп калышты, мугалимдердин кадыр-баркы өтө эле төмөндөп кеткен учурда ата-энелер менен биргелешип иш алып бару кыйын болуп калды. Чогулуштарда сөзсүз жок дегенде бир апа чыгат чатактын башын баштап, күнөөнү мектепке мугалимдерге коюп. Демек ата-энелер менен иштөөнүн башкача жолдорун издөө керек.
Ата-эне менен жекече иштөө.
Ар бир баланын ата-энес жана үй-бүлөсү менен натыйжалуу иш алып бару үчүн сөзсүз түрдө ата-эне менен жекече баарлашуу зарыл. Жалпы ата-энелер чогулушунда бардык бала жөнүндө төгүп-чачып айта берүү баланы талкууга салуу болбойт. Айрым окуучулардын ата-энеси менен көзмө-көз өз алдынча сүйлөшүү шартка ылайык. Тарбиячы мугалим менен ата-эненин ортосунда ири-бирине ишенүү, сыйлоо, ачык-айкындык болуу керек.
Эгерде ар бир ата-эне өзүнүн баласынын класс жетекчисин, мугалимин жөнөкөй эле адам катары карап, ал дагы анын баласынын боорукер, акылдуу, сезимтал, илбериӊки болуп ар тараптан ачылышына кызыкдар экенин түшүнсө анда булл эӊ жакшы жетишкендик.
Класс жетекчи мугалимдин ата-эне менен жекече иштөөсү, билими бар тарбиячы катары берген кеп-кеӊештери, аӊгемелешүүсү алардын балага биргелешип таасир этүүсүнө жана тарбиялоодо ар кандай жолдорду табууга алып келет.
Жекече иштөө баладагы терс жактарды жоготуп, үй-бүлөдө тарбиялануусунун жакшы жактарын бекемдейт.
Эгерде үй-бүлөдөгү бир адам мектеп менен тыгыз байланышта болуп турса жана ал мектепке жөн эле маалымат алуу үчүн эмес, тарбиялоонун пландарын биргелешип түзүп ,чогуу аткарышса жакшы болот. Ѳзгөчө баланын ата-энеси ар кандай себептер менен өзүнүн ата-энелик милдеттерин аткарууга шарты болбосо башка чогуу жашашкан туугандары жардамга келүүсү зарыл. Мындай учурлар биздин тажрыйбабызда көп кездешүүдө. Мисалы: менин классымдагы 30 баланын 10 туугандары менен жошоодо. Ар биринин апасы соода кылып же ата-энеси алыска кеткен иштеп.
Айрым учурларда кабатырланууга эч себеп болбосо да, ата-эне мектепке келип өзүнүн тынчсыздангандыгын билдирет.Анын баамында Шамшар ал жакшы көргөн сабагынан «3» алып калып капа болуп жаткандыгын айтат. Ал эми Мадинанын апасы кызынын уялчаак, тартынчаак экендигин айтып , ага көңүл буруусун суранат . Алиянын атасы кызы эркелеп акчага кызыгып бараткандыгын,ар нерселерди сатып келерин айтат ж.б.
Бул жолугуушулардын баардыгы ата-эне тарабынан болуп жаткандыгы кубантаарлык нерсе ,анткени алар билишет класс жетекчи эжейи аларды жылуу кабыл алып, болгон жардамын аябай тургандыгын.
Бирок көп учурларда ата-эне менен жолугушуулар мугалим тараптан бала тентектик кылса, сабактан начарлап баратса ж.б. учурларда жүргүзүлөт. Бул такыр тура эмес байланыш экен. Ата-эне менен аңгемелешүү баласын урушууга, жемелөөгө ,анынжаман жагын айтуучу жагымсыз жолугушуулар болбошу керек. Аңгеме куру үчүн жолугушуу ата-энеге таасир этүүчү, ортодогу байланышты бекемдей турган эффективдүү курал болушу керек.
Ата-эне менен мугалимдин ортосундагы жолугушуулар максатына жетүү үчүн мугалимдин айткан сөздөрү баланын тарбиялануусуна жолдомо болуп,өз учурунда берилген кеңеш катары гана болбостон, анны кандайча туура аткаруу керектигин көрсөтө алыш үчүн , алдын ала аңгемелешүүнүн орду ,убагы жана формасын ойлонуп алуу керек.
Тажрыйба көрсөткөндөй ата-эне менен сүйлөшүүдө шашпоо керек. Ал учурда эгерде класста болуп жатса , мугалим бош болушу керек сабактан кийин окуучулар жок кезди тандоо тура. Аңгемени ата-энеге жагымдуу нерседен баштоо туура , баланын азда болсо жакшы жактарына токтолуп коюу жакшы. Болуп жаткан кырдаал жөнүндө айтып жатып, ата-энеден мугалим « ушул учурда эмне кылса болот эле»- деп кеңеш сурап туруп, андан кийин өзүнүн кеп-кеңештерин шатыратып айта берсе болот. Мындай сүйлөшүдөн кийин кайрадан дагы бир жолугушууга шарт түзүлөт. Алар чогуу кабыл алган пландар аткарылып жатабы,көрүлгөн чаралар жардам бердиби.
Дайыма ушундай аракеттер жасалып турса баланын жүрүш-турушундагы терс жактар акырындап жоюлат. Эгерде алдыда айтылган иш- аракеттерди кыскача жыйынтыктасак, ата-эне менен жекече иштөөнүн бирден-бир эффективдүү формасы:
Мугалим менен ата-эненин ортосундагы тыгыз байланыштардын шарты болуп педагогикалык такт , башкача айтканда ата-эненин аң-сезимине туура жол табуу , алардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу.
К.Д.Ушинский жазгандай тарбиячынын ишинде «Тамашанын арасында салмактуулук үстөмдүк кылып, ишти такыр эле тамашага айлантпоо, мээримдүүлүк менен аша чаппоо, баардыгына тең мамиле, алсыздыктан боорукердик эмес ,тартип үчүн кысымга албоо , негизи дайыма аң-сезимдүү ишмердүүлүк».
Мугалим баланын ар тараптан ачылышы үчүн ата-энеге жардамчы катары баланын жакшы жактарын таап,көрсөтүп ага таяныш керек.
Класс жетекчи мугалим дайыма эле ата-энеге көрсөтмөлөрдү берип тажатпастан, жөнөкөй түшүнүдүрүү менен балага кам көрүү менен иш алып баруусу керек. Дайыма эле баласын жамандап, даттанып, баланын кемчиликтерине токтоло берсе , ал ата-энени өзүнөн алыстатат да тарбиялоо максатына жетпейт.
Ата-энелер менен жекече иш алып баруунун дагы бир түрү баланын
үйүнө баруу. Баланын үйүнө баруу менен көп нерселарди билүүгө болот.
Баланын жашоосуна , окуучунун иш ордуна шарт түзүлгөнбү?
Баланын ата-энесин мектепке тартуунун жолдорун табуу , иш-чара өткөрүүгө жардашууга ,классты эмеректерди ремонттоого чакыруу ж.б.
Ата-эне менен жекече иштөөнүн өзөгү ортодогу тыгыз байланышты түзүү.
Мугалим менен ата-эненин ортосундагы байланыш качан гана, эки жактын максаттары бир ал балага жакшы тарбия жана билим берүү экендигин сезип, биргелешип аракеттерди жасаганда гана болот.
Ал үчүн класс жетекчи мугалим баланын ата-энесине анын жакшы жана жаман жактарына карабастан ата-энесиндей эле жакшы көрөрүн көрсөтө алышы керек. Ал эми байланыштын негизги куралы болуп класс жетекчи мугалим өзү эсептелет, же тагыраак айтсак анын педагогикалык имиджи, профессионалдык билими, билимин балага жеткирүү жөндөмдүлүгү жана балага болгон сүйүүсү эсептелет. «Жакшы сөз жылаанды да ийининен чыгарат» деген кеп бар эмеспи, эгерде мугалим ата-эне менен баарлашып, аңгемелешип жаткан учурда өзүнүн кесибин мыкты билген балага тарбия жана билим бере ала турган инсан катары жеткиликтүү ишеним көрсөтө алышы абзел. Ошондуктан ата-эне менен жолугушууда мугалим сүйлөшүүнүн максатын, мазмунун гана ойлонуштурбастан, өзүнүн сүйлөө кебинин стилин, манерасын , кийген кийимин жана чачынын жасалышын да ойлонушу керек. Ар бир майда нерсеге көңүлдүн бурулушу, мугалимдин өз кесибин сүйгөн адис адам экендигин билдирип турушу керек. Мейли ал жаңы эле окуну бүтүп келген жаш адис болсо да, тажрыйбасы болбосо да, ал бардык жаңы нерселерди колдонорун , алдыга умтулуусун, сезимтал,илбериңки ,энергиялуу жана
Энтузиазист экендигин көрсөтө алышы керек. Мугалим менен ата-эненин, үй-бүлөнүн ортосунда кандай гана ар түрдүү иш-аракеттер болбосун, ал ортодо бекем байланышты түзсө гана окуучу баланы биргелешип кызматташтыкта тарбиялап жана окута алса болот.
Колдонулган адабияттар:
1. Л.П.Кибардина, Е.П. Алексеева «Родительское собрание» Бишкек 2002 2. В.А. Маишева «Работа с родителями» Москва , «Просвещение» 1982
3. Н.И.Шеликова «Техника педагогического общения» Москва-Воронеж 1998
Сведлов району «№66 Ден соолуктун жана өнүгүүнүн мектеби»
гимназия-окуу-тарбия комплекси
Д о к л а д
Окуган:
Маликова Дамира Ниязбековна
Бишкек-2016