Сабактын темасы: Ата эне болуу чоӊ жоопкечилик
Сабактын максаты:Ата-эне болуу чоӊ жоопкерчилик экенин сезишет. Баланын тарбия алышын эки тараптан камсыз кылып,турмуштан өз ордун табууга, адептүүлүккө,ыймандуулукка, жоопкерчиликтүү болууга тарбиялоо. Мектеп менен ата-эне бириксе балдарда болот келечек.
Ата энелер менен саламдашып,жагымдуу маанай түзүү менен топторго бѳлүп алуу.
1-топ Роза
2-топ Жоогазын
Роза гүлүн жакшы кѳргѳндѳр Роза гүлүн алышат да ошол топко отурат.
Жоогазын гүлүн жакшы кѳргѳндѳр Жоогазын гүлүн алат да ошол топко барып отурат
Роза-гүлун жакшы кѳргѳн адамдар жакындарынан мээримин аябайт.Турмушка реалдуу карайт,бирок ѳзүн башкалардан ѳйдѳ алып жүрѳт.Эрки бекем,максатына кандай жол менен болбосун жетүүгѳ аракеттенет.Тартипти жана үйдѳгү жылуулукту суйѳт.Розанын тикенеги бар дегендей,жакындарын жана сүйүктүүсүн сайып да алат.Сүйүүнү баалайт жана кѳп кѳӊүл бурууну талап кылат.
Жоогазын – гүлүн жакшы кѳргѳндѳр турмуштун кыйынчылыгына оӊой менен сынбаган энергиялуу,чынчыл жана бой кѳтѳрүп жүргѳн адам.Адамдар тменен бат мамиле курган жайы бар,бирок бирѳѳлѳргѳ оӊой менен ишене бербейт Андыктан анын планын,оюн билүү кыйын.Ага жагыш үчүн кѳп аракет талап кылынат.Табиятты ѳтѳ сүйѳт.
Куш бийиктикке эки канаты менен учат. Окуучу дагы алдыга жылыш үчүн эки канат керек бири- билим, экинчиси- тарбия. Билимди -бала мектептен алса, тарбияны -ата-эне берет. Ал эми мектеп менен ата-эне бириксе, балдарда болот келечек.
Бала -угуп эмес көрүп тарбия алат. Ошол тарбиянын үч булагы бар.
Биринчиси: Үй бүлө
Экинчиси: мектеп
Үчүнчүсү : көчө ( же баланын чөйрөсү )
Соӊку жылдарда ѳлкѳбүздѳ жаштардын адептик саппатарында,жалпы жүрүш турушунда.мүнѳз аракетинде агрессивдүүлүк,адамдарды жек кѳрүүчүлүк, кайрымсыздык,терс сапаттар мурдагы учурларга караганда кѳбѳйүп кетти деп айтып жатабыз.Буга ким күнѳѳлү?
Ата-энелерге суроо.
Мектеп ,мугалим күнѳѳлү дейбиз.Чындыгында бала тарбиясында биринчи орунда ата-эне турат.Себеби алар мектеп жашына чейин эле чыбыктай оӊго,же солго ийип берет.
1.Балаӊызга кантип кайрыласыз?
2. Аны келечекте кайсы кесиптин ээси болот деп ойлойсуз?
3.Балаӊызга ар дайым чын сүйлѳйсүзбү?
4.Балаӊыз сиз сураган бардык ишти аткара алабы?
5.Баланыз талап кылган бардык нерсени аткара аласызбы?
Балдарыбыз келечегибиз. Туура тарбияласак – бактылуу карылыгыбыз. Жаман тарбияласак – шорубуз, көз жашыбыз, өлкө алдында кечирилгис күнөөбуз.
Балдар курчап турган чөйрөдөн көп нерсени үйрөнөт.
Эгерде баланы көп сындаса – ал айыптоого, жамандоого үйрөнөт.
Эгер баланы мактап турса – ал баалоого үйрөнөт.
Эгерде балага урушканды көбүрөөк көрсөтсөңөр – ал мушташканга үйрөнөт.
Эгер көп шылдыңдаса – ал тартынчаак болуп калат.
Эгерде бала менен адатта туура, калыс мамиледе болсоңуз – ал адилеттүүлүккө үйрөнөт.
Эгерде бала өзүн коопсуз сезип жашаса – ал ишенгенге үйрөнөт.
Эгерде баланы көп уяткарса – ал өзүн күнөөлүү сезгенди үйрөнөт.
Эгерде баланын көңүлун көтөрүп шыктантып турса – ал өзүнө ишенимдүү болгонго үйрөнөт.
Эгерде бала достук мамиле өкүм сүргөн үйдө жашаса жана өзүн керектүү сезсе – ал жакшы көрүү жана бардык нерсени сүйө билүү сезимине ээ болот.
Бала тарбиялоо-аялдын эң улуу иши. Эне баласынын денеси үчүн гана кам көрбөстөн, анын жан дүйнөсүнө, жүрүм турумуна, адеп-ахлактык тарбиясына зор таасир берет.
Ал балдарынын жакшы адаттарды өздөштүрүүсүнө көмөктөшөт. Баланын жаңыдан пайда болуп, мүнөзү калыптанып келе жатканда эненин таасири баарынан күчтүү.
Баланын мектепке бышып жетилиши.
Көп ата-энелер баласына окутканды үйрөтүп койсо эле, баланы мектепке даяр деп ойлошот. Ушул туурабы?
Оюндан мектепке.
Мурунураак балдар жөнөкөй жана ачык эле, ата-энеси аларды китеп сыяктуу оңой эле окуп кое алар эле. Бүгүнкү күндө балдар башкачараак... Балдарда болсо чоңдорду киргизүүнү каалабаган өзүнчө ички жашоо пайда болот. Мындай сырдуу жашоо кайдан кантип жаралат?
Баладагы жаман адат.
Кылган ишиң кандай болсо адатың ошого жараша болот. “Адатыңа жараша мүнөзүң калыптанып, жашооң түзүлөт” деген сөз бар. Ошондуктан баладагы жакшы же жаман адат анын келечегине сөсүз таасир берет. Баланын ар бир кадамын байкап, аны жаман адаттардан коргоп, жакшы адаттарга калыптандыруу ар бир ата-эненин милдети!
Азыркы замандын балдары
Ар бир дени соо бала төрөлгөндө эле көп деген мүмкүнчүлүктөр менен төрөлөт. Ата-энелердин милдети-баладагы ошол мүкүнчүлүктөр менен таланттардын ачылышына жардам берип, шарт түзүп берүү. Учурда тарбия суроосу кризиске учурап жаткан учур.