СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балага мамиле тарбиялык саат

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Балага мамиле тарбиялык саат»



БАЛАГА МАМИЛЕ

Сабактын максаты:

Окуучулар кыргыз элинин балага жасаган мамилеси тууралуу түшүнүккө ээ болушат. Ата-эненин балага жасаган мамилесинин жакшы жана жаман жактарын анализдей алышат. Балага мамиле мамиле жасоо тууралуу аӊгемелердин маанисин түшүнүшөт.

Сабактын жабдылышы: Бала тарбиялоо, балага мамиле жасоо тууралуу айтылган баалуу пикирлер жазылган плакаттар, ватман, маркерлер ж.б.

Сабактын жүрүшү:

1-кадам: Мугалим балага мамиле жасоо тууралуу жазылган төмөндөгү плакаттарды окуп, класста талкуу жүргүзөт. Ар бир плакатты каалаган окуучуга көктүү окутат.

«Эгер мамлекет менин колумда болгон болсочу, адам баласын оңдоп болбойт деген адамдын тилин тыйып койгон болор элем».

Абай Кунанбай

«Перзентти беш жашка чейин падыша деп бил, беш жаштан он беш жашка

чейин ага кызматчыңдай кара, он беш жаштан кийин болсо ага теңтушуңдай

мамиле жаса»

Инди макалы

2-кадам:

Мугалимдин киришүү аӊгемеси.

Салттуу кыргыз үй-бүлөсүндө балага мамиле – аны туура тарбиялоо менен байланышат. Ата-эне баланы жараткандыгы үчүн эмес, аны адептүү, акылдуу кылып тарбиялагандыгы үчүн эл алкышына ээ болот. Балдары жаман болуп калган ата-эне элден чыгып, калк жыйналган жерге буту тартпай, кайгы менен үйдө отуруп калат.

Кичине чагыбызда, азыр да «балам алып келиптир», «балам берип ийиптир» деп алыстагы балдарынан, кыздарынан келген белектерди беш эсе кылып элге берген ата-энелерди көрүп жүрөбүз. Мындай күнү ата-энеден өткөн бактылуу жан бул жер үстүндө болбой калат. Ошол күнкү атанын, эненин бактысын ошондой белек бере албаган дагы бир алыстагы уул, алыстагы кыз көргөндөбү...

Абай менен Кунанбай

Абай атак-даңкка жетип, казак-кыргызга таанымал акын болгон кезде атасы менен ат бастырып баратып, Кунанбайдан сурайт имиш: «Ата, мына мен атактуу акын болдум, казактын баарына таанылдым, атадан кыйын бала болдумбу, сага жеттимби» деп.

Антсе атасы айтыптыр: «Аның ырас балам, бирок мен деген казак-кыргызга таанымал акынды – сени тарбияладым, сен дагы менин уулумдай бир уул тарбияласаң анан атадан артык уул болосуң» дептир.

3-кадам: «Тыным менен окуу» стратегиясы аркылуу «Атанын парзы» текст окулат. Мында балдар эркин ой жүгүртүшүп, чыгармачылык шыгы артат.

Ачкыч сөздөр: 1.Падыша, касапчы, 14 кг эт, 4,5 кг май, илим, дарга асуу, балдары, өкүм, тарбия, увазир, балак.

А) Бул ачкыч сөздөрдү пайдаланып ар бир окуучу өз алдынча кыскача текст түзүп чыгышат;

Б) Түзгөн тексттерин жуп-жупта талкуулап чыгышат;

В) Каалоочулар жазган тексттин окушат;

Г) Текстти оозеки талкуулашат; Окуучунун жазган тексти:

Илгери бир киши болгон экен. Анын үч уулу болуп, үч кесиптин ээси кылып чоңойтту. Чоң уулу темирчи, ортончу уулу илимдүү, кичүүсү болсо эркеликтенби бир да өнөр үйрөнүп албаптыр. Ал уулдарымдын баарына жакшы тарбия бердим деп ойлочу. Бир күнү уулдарын чакырып тапшырма бериптир.

-Уулдарым, биз эми карылыкка моюн сунуп, колубуздан эч бир иш келбей калды. Апаңар экөөбүз ушул кыштан аман-эсен чыгып алсак болгону. Силерди өстүрдүк, чоңойттук, азбы-көппү тарбия бердик. Эми бизди май, эт менен камсыз кылып турсаңар болгону. Силерге айтаарым ушул.

Чоң уулу менен ортончу уулу ошол эле күнү май, эт кылып алып келип берди. Үч- төрт күн өткөрүп, кичүү уулу эт- май алып келди. Көп өтпөй алардын үйүнө увазир жигиттери менен келип, кичүү уулу падышанын 14 кг этин, 4,5 кг майын уурдаганын айтты. Ошентип кыңыр иштин бети ачылып, кичүү уулу атасынан балак жеп, падышанын өкүмү менен дарга асылыптыр.

  1. Балдарга тексттин кыскача 1-бөлүгү таратылат.

А) Көңүл коюп шашпай окуп чыгышат;

Б) Кимдин жазган тексттине дал келгендигин талкуулашат;

  1. Эми окуя кандайча уланат, мындан ары эмне болору божомолдонот.

А) жеке;

Б) Жупта талкуулашат;

  1. Балдарга тексттин кыскача 2-бөлүгү таратылат.

А) Көңүл коюп шашпай окуп чыгышат;

Б) Кимдин жазган тексттине дал келгендигин талкуулашат;

  1. Эми окуя кандайча уланат, мындан ары эмне болору божомолдонот.

А) жеке;

Б) Жупта талкуулашат;

  1. Балдарга тексттин кыскача 3-бөлүгү таратылат.

А) Көңүл коюп шашпай окуп чыгышат;

Б) Кимдин жазган тексттине дал келгендигин талкуулашат;

  1. Эми окуя кандайча уланат, мындан ары эмне болору божомолдонот.

А) жеке;

Б) Жупта талкуулашат;

В) Балдар чыгарманы кандайча бүтүрөрү жөнүндө айтышат;

  1. Балдарга тексттин кыскача 4-бөлүгү таратылат.

А) Көңүл коюп шашпай окуп чыгышат;

Б) Кимдин жазган тексттине дал келгендигин талкуулашат;

  1. Үйгө тапшырма берилет.

Атанын парзы 1-тыным.

Бир падыша калктын жашоосу менен жакындан таанышуу үчүн начар кийинип мал базарды аралап жүрсө, бир касапчы бирөөдөн койдун баасын сураптыр. Сатуучу 20 теңге дегенин угуп, касапчы «койуңуздун 14 кг эти, 4,5 кг майы бар» дептир жана койду албай кете бериптир. Падыша нөөкөрлөрдүн бирине койду сатып алууну, экинчисине касапчынын артынан барууну буйруптур.

Ошол койду сойушса касапчы айткандай 14 кг эт жана 4,5 кг май чыгыптыр. Андан кийин касапчыны таап келишип, ага дагы эки кочкорду көрсөтүп, канча эт жана канча май чыга тургандыгын сурашыптыр. Кочкорлор союлгандан соң касапчы айткан эт менен май чыгыптыр. Падыша анын билгичтигине ыраазы болуп, андан дүйнөлүк жана коомдук илимдерди сураптыр. Өкүнүчтүүсү, касапчынын башы бопбош экен. Ошондо падыша мындай дептир:

2-тыным.

  • Эй касапчы! Сен жашоону бир гана касапчылык деп түшүнөсүңбү? Кана сендеги мекенге болгон сүйүү? Же адал менен арамдын баркына жетпесең!

Падыша жар чакыртып, жарыя кылыптыр:

  • Ушул касапчы ушунча зээни, ушунча илими болуп туруп, же дүйнөлүк, же коомдук илим албаганы, адал-арам баркына жетпегени үчүн ибарат болсун деп, келерки жумада дарга астырамын.

Бардыгы бул өкүмдөн ыраазы болушуп, адилеттүүлүгүнө таң калышыптыр.

Эртеси күнү падышанын кабыл алуусуна эки жаш жигит кирип келиптир. Падыша алардын адеп-ахлагын көрүп «перзент болсо, ушундай болсун» деп коюптур. Жигиттер сүйлөгөнгө падышадан уруксат сурашыптыр жана уруксаттан соң мындай дептир:

3-тыным.

  • Эй падышам! Мурун биздин бир кашык каныбыздан кечиңиз. Биз өлүмгө өкүм кылынган касапчынын балдарыбыз. Атабыздан суралган суроону бизден сурасаңыз. Падыша балдарга узак суроолорду берип, алардын илимге жетиктигин сезип, күчтүү аалымдарды чакырып, илим мажилисин өткөрүп, балдардын зээндүүлүгүнө тан берип мындай дептир:

  • Сиздерге ыраазымын, бирок атаңарга чыгарылган өкүм баардыгына макул келген жана көпчүлүккө ибарат.

Ошондо касапчынын чоң уулу:

  • Эй урматтууу жамаат! Бала – ылай, ата менен эне уста эмеспи? Бала энеден ууру, кылмышкер же алдамчы болуп туулбайт го. Аны тарбиялоочу ата-эне жана коом эмеспи. Ал өкүмдү атабызга эмес, анын атасына чыгарыш керек эле. атабыз өзү илимсиз болсо дагы, бизди ушунчалык илимдүү, адептүү болушубузга шар түздү. Атабыз сыйга ылайыктыр, - деди.

4-тыным.

Падыша узак убакыт үнсүз тургандан соң мындай деди:

  • Эй увазир! Сен эми дем алышка чык. Ушул бала мага увазир болсун. Эй желдет, касапчыны алып кел! Үстүнө кымбат баалуу тон жап, бул элге ибарат болсун. Себеби, биздин келечегибиз-перзенттерибиз. Бала тарбиялоодогу эмгеги үчүн касапчы ушуга татыктуу. Касапчынын атасы тирүү болсо алып келгиле, көз жумган болсо мүрзөсүнүн үстүнө 50 балак ургула. Себеби ушул касапчы да жаштыгында илимге ынтызар болгон. Атасы болсо ага касапчылыктан башка нерсе үйрөтпөгөн. Илим алуу туулгандан көз жумганга чейинки парз. Өз маданиятыбызды жана улуттук намысыбызды өзүбүз көтөрөлү.

4-кадам: Мугалим окуучуларга дүйнө элдеринин балага жасагана мамилеси тууралуу маалымат берет.

АКШ

20-кылымдын соңку он жылдыктарында АКШнын балдар доктору Спок дегендин окуусу дүйнөгө кеңири таралды. Анын илими боюнча бала төрөлөрү менен энесинен ажыратып, эне сүтүн бербей, өзүнчө багыш керек болгон. Ушул окуу тез эле аалам аралады, Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө да бала жарык дүйнөгө келери менен эле ага ууз сүтүн эмизбей энеден бөлүп койчу болду. Бир топ жылдар өтүп «споктук усулдар» менен төрөлгөн балдар эр жеткенден кийин башкача натыйжа көрүндү: балдар ууз сүт эмбей, оорукчандар арбыды, кайрымсыз, таш боорлор көбөйдү, өзүмчүлдүк өкүм сүрдү, акыры мындай балдардан баңгилер менен кылмышкерлер арбын чыкты.

АФРИКА

Африканын кайсыл бир жеринде бир жигиттин көзүнө жылан уусун чачат. Мындайды эч кандай элдик дарыгерлик да, медицина да дарылай албайт дешет. Анан ошол жигиттин жанында бир аял-эне бар экен, ал дароо эле эмчек сүтүн саап, аны менен жигиттин көздөрүн жууп жибериптир да, жигит кийин кадимкидей көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуптур, көрсө эненин сүтү жыландын уусун кесип жибере турган күчкө ээ экен. Бир убакта ошону бербей балдардын бир нече муунун бузуп алган «споктук окуунун» азабын эми бүткүл дүйнө тартып атат.