СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланы китеп менен достоштуруу ыкмасы

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Баланы китеп менен достоштуруу ыкмасы»

Баланы китеп менен достоштуруу ыкмасы

2-апрель эл аралык балдар китебинин күнү. Уюштуруучулар өзгөчө ушул күнү балдардын калыптанышана, ички дүйнөсүнө китептин таасирин пропагандалап келишет.

Бул күнү Бишкекте да “Роза Отунбаеванын демилгелери” фонду белигилүү адамдардын балдарга китеп окуп берүү акциясы өңдүү иш-чаралар өттү.

Кыргыз китептерин жайылтуу менен иштеген “Сабат” борборунун башчысы , өзү китеп сүйүүчү Нурбек Калыгулов китеп менен баланы достоштуруу тууралуу ойлорун ортого салды.

Балдардын китепке болгон сүйүүсү канча эрте башталса, китеп окуу адатын оңой калыптандырат.

“Сүйүү пайда болуш үчүн, алгач кызыгуу жаралыш керек. Кызыгуу үчүн бир түрткү керек. Мен биринчи класска барган мезгилим эле. Агам, карындашым үчөөбүзгө апам кечинде жомок окуп берди. Абдан кызыктуу окуп келатып, эң бүйүр кызыткан жерине жеткенде токтотуп, китепти жаап койду. Таң атканча эмне болот экен деп өзүбүздүн фантазиябыз менен ар түрдүү версияларды курадык. Бирок китептеги уландысы баарынан кызык сезилди. Анан эртеси күнү барып өзүм окуй баштадым”.

Балага мультфильмдин китептерин сатып берсе, салыштыруу менен кызыгып окуйт.

“Балдардын эс тутуму феноменалдуу болот. Мультфильмден бир-эки жолу көргөнүн эстеп калат. Дүкөндөргө келгенде “бул китеп ошол мультфильмдики го” деп кызыгышат. “Керемет көчтө” окулган китептердин басылмасын чыгарганбыз, аны көргөндө барактап киришет. Китепти барактап жатып тасмадагы сыяктуу көркөм окуп да жиберишет”.

Китеп менен достошпогон өспүрүмдөрдү окуганга көндүрүү үчүн бир себеп болуш керек.

“Бир таанышымдын баласы 14-15 жашка келгенче китеп окуган эмес. Мектепте берилген тапшырмаларды аткарат, андан сырткары өзү кызыгып китеп окубайт. Атасы анын эмнеге кызыгаарына көз салып, изилдеген. Ал баласынын азыр талкууланып, актуалдуу болуп жаткан “Комитет 300” деген өңдүү топторго, кландарга кызыгаарын байкаган. “Тамплиерлер кланы” , “Триада”, “Якудза” деген уюмдардын чакан энциклопедияларын алып келип атасы өзү окуй берген. Көрсө бала ары-бери өтүп баратып деле ким эмне окуп жатканын байкайт экен. Баласы сураса атасы бир-эки жолу бербей койгон. Кийин “таза кармайм” деп суранып атып баласы алып окуп баштаган. Дагы бир дос баламдын иниси тентек, такыр китепке жолобогон чоң муштум эле. Агасы болсо китепти көп окуйт. Инисине байыркы грек уламыштарын айтып бере берген. Ра тууралуу уламышты айтып, “мына ошол күндү биз азыркыга чейин айланабыз” деп койот. Иниси бир күн анын баарын кайдан окуганын сурап, китепке кызыгуусу ошнетип пайда болду”.

Балага сөз менен эмес, өзүң үлгү болуп үйрөт.

“Айрыкча биздин коомдо баланы мектеп, мугалим окутат деген түшүнүк калыптанган. Жан-Жак Руссо “баланы тарбиялабай эле кой, өзүңдү тарбияла, ал баарыбир сага окшош болот” деген. Эгер мен китеп окубасам, мектепте окулабы же башка жерде окулабы, балама кызыксыз. Баланын көзүнчө жок дегенде китеп окумуш болуш керек”.