СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланын уйдо окуусуна шарт тузуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Баланын уйдо окуусуна шарт тузуу»

йдө окутуу

Балдардын үй тапшырмаларын аткаруусунда же окуу боюнча өткөрүлгөн иш – чараларда ата – энелердин катышуусу абдан маанилүү. Бул жагдай окуучулардын эки тараптуу – мектептен жана үй – бүлөсүнөн – колдоо алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Мектептер окуучулардын окуу көндүмдөрүн өздөштүрүүгө байланыштуу иш – чараларды, чечимдерди, окуучуларга үй тапшырмаларын аткарууда кандай жардам берүү тууралуу маалыматтарды жана идеяларды сунуштоо аркылуу ата – энелердин үйдө окутуусуна колдоо көрсөтө алышат.

Бул иштин багыттарынын мисалдары:

  • Үйдө ата – энелер балдары менен биргелешип китеп окуусу;

  • Ата – энелерге китеп менен Окуганга чейин – Окуу учурунда – Окугандан кийин кандай иштөө керектиги тууралуу маалымат берүү;

  • Ата – энелер жана окуучулар үчүн таркатма материалдарды даярдап берүү;

  • Ата – энелердин катышуусу менен мектептерде окуу боюнча иш – чараларды пландаштырып өткөрүү.

ꓬйдө окутуунун жыйынтыгында:

  • окуучулар үй тапшырмаларына, класстык иштерге байланыштуу окуу көндүмдөрүн жана аларды текшерүүнүн натыйжаларын жакшырта алышат;

  • үй тапшырмаларын ар дайым жана саппаттуу аткарышат. Балдардын мектеп иштерине карата позитивдүү мамилеси өнүгөт;

  • ата – энелер балдарды үйдө кантип шыктандыруу, аларга кандай колдоо көрсөтүп, кандай жардам берүү керектигин үйрөнүшөт;

  • мугалимдер да натыйжалуу үй тапшырмаларын иштеп чыгышат, үй – бүлөлөргө колдоо көрсөтүүдөн ырахат алышат.