СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланын укуктары

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

1989-жылы 20-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Балдарга тийиштүү адам укуктары....

Просмотр содержимого документа
«Баланын укуктары»



Сабактын темасы:  Баланын укугу

Сабактын максаты:  1. Конституция , мыйзам жонүндо түшүнүкко ээ болушат.
2. Оз укугун коргой билүү, оз укугу үчүн күрошүү зарыл экендигин түшүнүшөт. Мыйзамды сыйлоо  керектигин түшүнүшөт.
3. Оздөрүнүн кругозорун остүрүүго умтулуусуна комок берет. Патриоттуулукка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: «Конституция- негизги мыйзам» боюнча маалыматтар, суроттор.
 С а б а к т ы н     ж у р у ш у :
І.Киришуу:
- Мыйзам деген созду кандай тушуносунор?
- Адам укугу жонундо эмне айта аласынар?
- Мыйзамды бузуу дегенди кандай тушуносунор?
- Укук менен милдет жонундо оюнарды айтып бергиле.
-«Баланын укугунун конвенциясы» боюнча отулгон сабактан эсинерде калгандарын айтып бергиле.

ІІ. Жаны тема :
Мугалим : Балдар, адегенде биз томонку материал менен таанышалы.
 Республикасынын конституция күнү
Биз тарыхка кайрылсак, 1924-жылы Россиянын курамында автономиялуу облус, 1926-жылы автономиялуу республика. 1936-жылы өз алдынча республика болуп, өз алдынча эгемендүү мамлекеттүүлүккө жетиштик деп айтып келдик. 1991-жылы союздук республикада шарт чукулунан өзгөрүп, союз кулап, СССР өзүнөн –өзү бүлүнгөндөн кийин кыргыз республикасы СССРдин конституциясынын негизинде жашап келди. Өз алдынчалуулукка жетишип, 1993-жылы 5-майда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи чыныгы конституциясы кабыл алынды. 5-май ХХ кылымдын соңунда ээ болгон жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негизинде адам эркиндиги жана укуктарынын, мамлекеттик түзүлүштүн, коомдук куруунун принциптери жана нормалары түптөлгөн, биздин өлкөнүн көз карандысыздыгы укуктук жактан бекемделген күн. Жаңы конституция кабыл алууга негиз жана башат болгон. 1990-жылдын 15-декабрындагы мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө жана 1991-жылдын 31-августундагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы тууралуу декларациялар сыяктуу тарыхый, саясий укуктук документтер азыркы кыргыз конституциясынын бийик имараты өсүп чыккан пайдубалдардан болуп калышты. Арийне, биздин эл, мамлекет бул бийиктикке карай миңдеген жылдарды, ондогон кылымдарды, узак жолдорду басып өттү.  Конституция – бул укуктук база болгондуктан, кийинки кабыл алына турган бардык мыйзамдар да ушул Конституциянын негизинде гана жүргүзүлүп турушу зарыл.

ІV. Жыйынтыктоо:

Ар бир адам оз укугун коргоо учун курошуусу зарыл. Ал учун ал адам озу эмнелерге укуктуу экендигин билуусу керек. Мектепте укук боюнча  отулгон сабактарга конул буруп уйронуу жана кошумча материалдарды окуу-уйронуу менен озунун эмнеге укуктуу экендигин билип алган келечек жашоого пайдалуу. Адам озунун укугун билуу менен бирге башка адам да ошол эле укуктарга ээ экендигин унутпашы керек. Ал эми башка адамдын укугун бузуу менен ал озу законду бузуп, адилет сот алдында жооп берээрин дайыма эсинде сакташы керек.
   Озунун укугун билуу менен бирге коом алдындагы милдеттерин да билуусу керек. Эн биринчи атуулдук милдеттеринин бири законго баш ийуучулук. Кайсы мамлекетте жашасан ошол мамлекеттин мыйзамдарын сыйлап, баш ийууго милдетттуусун.
«Адам адамга дос жана бир тууган» дегендей адамга адам кордук корсотпоосу, тескерисинче сый-урмат корсотуусу керек экендиги боюнча элибизде эзелтен айтылып келе жаткан макал-лакап накыл создор бар. Азыр алардан  айтып коргуло.
Окуучулар:
* Чопту кордосон да козго зыян.
* Бычакты алгач озуно сай, оорутпаса бироого сай.
* Улууга урмат , кичууго ызат.
* Улуу болсон, кичик бол.
* Бироого ор казсан, озун тушосун. ж.б.

V. Уйго тапшырма беруу:
Мен эмнеге укуктуумун жана миддетуумун? Озунордун укуктарынарды жана милдеттеринерди тизмелеп жазып келгиле.