СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балаңызды билесизби

Нажмите, чтобы узнать подробности

Балдардын кандай экендигин аныктоо

Просмотр содержимого документа
«Балаңызды билесизби»

БАЛАНЫЗГА СУРОТ ТАРТЫРЫП КОРУП , ОШОГО ЖАРАША МАМИЛЕ ЖАСАНЫЗ!

Кээ бир балакайлар ар түркүн түстөгү калемдер менен сүрөт тартышса, айрымдары белгилүү гана түстөрдү тандап алып тартышат. Мунун кандайдыр бир сыры барбы? Балдар психолог адистеринин айтымдарында балакайдын маанайын, ички жан дүйнөсүнүн абалын дал ошол тарткан сүрөттөрүнөн байкоого болот. Түстөр сүйлөйт.... Эрки күчтүү, тайманбас балакайлар көбүнчө кызыл түстөгү калемди көп колдонушат. Ал келечекте энергияга бай, жигердүүлүгү жогору лидер болуп чыгуусуна толук мүмкүнчүлүк бар. Демек, мындай учурда балакайды колдоп, тиешелүү түрткү берип туруу гана талап кылынат. Тартынчаак, мүнөзү жумшак балакайлар кызгылтым же ачык көгүлтүр түстүү калемди тандап, сүрөт тартышат. Андыктан балакайга бекем мүнөздүү, тартынбай өзүн эркин алып жүрүүгө үйрөтүү зарыл. Ток сары сүрөттү ашкере тентек балакайлар тандайт. Алар өздөрүнүн көптөгөн кызыктуу жоруктары, шоктуктары менен ар дайым көңүл борборунда болот. Ачуулары да чукул келет. Эгерде ток сары түстүү калемди тандап сүрөт тарткан балакай тентек эмес жоош болсо, анда ал көңүл бурууга муктаж экендигинен кабар берет. Сары түстү чексиз кыялкеч балакайлар тандап алышат. Келечекте дагы бул сапаты калбай өнүгөт. Мындай балакайлардан чыгармачыл инсандар чыгат. Жашыл, көк жашыл түстү жактырган балакайлар психологиялык абалы бир аз чыңалып тургандыгынан кабар берет. Тактап айтканда аны ойлондурган же тынчсыздандырган маселе бар. Жан дүйнөсү кирип, ишенимдүү доско айланып, сыр чечишип сүйлөшүүгө аракет жасоо керек. Убакыт бөлүп, кам көрүп, сүйүүңүздү билдирип туруу ашыктык кылбайт. Эч нерседен кам санабаган жөн гана убакыт өткөрүү менен алек болгон балакай көк түстүү калемди жактырат. Сүрөттөр мүнөздөйт... Жалаң көк түс колдонгон балакайдын мүнөзү тең салмактуу болот. Шаңдуу оюн- зоокторго караганда китеп окууну жактырат. Кырмызы түс – сезимталдуулуктун деңгээли өтө жогору экендигинен кабар берет. Көнүлү бат ооруп, көп таарынышат. Күрөң түс- Көп сүйлөбөй, түнт келишет. Катуу оорудан айыккандан кийин дагы психологиялык абалы калыбына келе электигинен кабар берет. Бозомук түс- ашыкча сөз сүйлөбөгөн балайлардын өңү. Эгерде кандайдыр бир нерсени сунуш кылса, дароо аткарууга аракет жасаңыз. Ар дайым кара түстүү калем менен сүрөт тарса, анда балакайдын стресске кабылгандыгынан кабар берет. Сүрөттөр сүйлөйт... • Балакай үй бүлө мүчөлөрүн кандай тизмеде сүрөткө тартты?!.. Эң биринчи жана так ортодо тартылган үй бүлө мүчөсүн балакай абдан сүйө тургандыган кабар берет. Эерде кимдир бирөөнү тартууну унутуп калса ,демек, аа тууганы менен мамилеси бир аз оорураак экенинин белгилейт. • Үй бүлө мүчөлөрүнүн арасынан кимисин чоңураак көлөмдө тартса, демек, ал адам менен өзгөчө сыймыктанаарын билдирет. • Эгерде өзүн чоң көлөмдө тарса, анда өзүмчүлдүгүнөн кабар берет. Мындай учурда бул сапаттан арылтууга аракет жасаңыз. • Эгерде сүрөткө үй бүлө мүчөлөрүнөн эч кимди тарпаса, демек, өзүн жалгыз сезет. Андыктан көбүрөөк көңүл бурууга аракет жасаңыз. • Үй бүлө мүчөлөрүнөн кимдир бирөөсүн алысыраак тартса, ал адам менен дагы мамилеси анча жакшы эмес экенинен кабар берет. Эң жакшы жол мамилени жакшыртууга аракетти азыртадан баштаңыз. • Кайсы тууганынын оозу чоң тартылса, демек ал балакайды көбүрөөк тилдей тургандыгынан кабар берет. • Колу жок тартылса, балакайга кээде кол көтөрүп коё тургандыгын белгилейт.