СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Балапан" сабактын иштелмеси

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«"Балапан" сабактын иштелмеси»

Сабактын темасы: Балапан

Сабактын максаттары:

1.-Чыгарманын мазмуну менен таанышышат, -түшүнгөндөрүн кайра айтып бере алышат; - каармандарга мүнөздөмө бере алышат, - өз ойлорун чыгармадагы окуялар аркылуу далилдей алышат.

2.Таанып-билүүчүлүк жөндөмдүүлүктөрү өнүгөт, - талкууга катышып, -өз оюн айта билүүгө көнүгүшөт.

3.Байкагыч,адамгерчиликтүү, кылдат,боорукер болууга үйрөнүшөт.

Көрсөткүчтөр:

1.-Чыгарманын мазмунун түшүнсө; -Чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса; -Каармандарга мүнөздөмө бере алса; -Өз ойлорун чыгармадагы окуялар менен далилдей алса.

2.-Таанып билүүчүлүк жөндөмү өнүксө; -Талкууга катышса.

3.-Байкагыч,адамгерчиликтүү,кылдат,боорукер болууга үйрөнсө.

Сабактын тиби: жаӊы материалды окуп-үйрөнүү.

Сабактын формасы: топто,жалпы класста иштөө.

Колдонулган ыкма: башкарып окуу,биргелешип издөө.

Сабактын жабдылышы: окуу китеби,таблицалар, чыгарманын айлампасы, кластер,сүрөттөр, сөздөр дубалы,карточкалар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу: Жагымдуу маанай түзүү.Үч топко бөлүү.

Б

А

Л

А

П

А

Н

А

Л

А

Л

О

П

О

А

И

Г

Ы

Е

Е

Я

Т

П

Е

К

З

Н

Б

Ы

П

Р

У

Д

Д

Р

Р

Е

Ь

Л


И

Ь

2.Үй тапшырмасын суроо:а)Суроо-жооп иретинде аӊгемелешүү. б)«Жоогазын» ырын суроо.

3.Жаӊы тема: •Суроолорго жооп берүү менен жаӊы теманын атын табуу 1.Манас ким болгон?-Баатыр. 2.Эӊ алгач окуган китебибиз?-Алиппе. 3.Жайында каерде эс алабыз?-Лагерь 4.Китептин душманы деген ырды ким жазган?-Алыкул. 5.Темир жолдо эмне жүрөт.-Поезд. 6.Ким эшегин жоготту эле?-Апенди. 7.Октябрь айынан кийинки ай.-Ноябрь. Жооптордун баш тамгаларынан сөз курашат. «Балапан» деген сөз келип чыгат. Демек, бүгүнкү сабагыбыз эмне жөнүндө болмокчу? -БАЛАПАН •Сөздөр дубалы. Таяныч сөздөр:Токой,Камчыбек экөөбүз, чымчык ,чарк айланып,түлкү, абайла,балапан,жардам,уя,даракка жармашып,жайгаштырып,тымтырс,ишендик Таяныч сөздөрдүн жардамы менен аӊгеме түзүп,окушат. •Мугалим балдардын аӊгемелерин уккандан кийин, окуу китептеги тексттин I бөлүгүн тыным жасоо менен,көркөм окуп берет.

• Мугалим ар бир топко түшүнүктөрүн текшерүү максатында бирден суроо жазылган карточкаларды берет.Ар бир топто талкуу жүрүп, жыйынтыгында жоопторун класс алдында айтып талкуулашат:

1.Чымчыктардын алгачкы абалы кандай сүрөттөлүптүр? 2.Балдардын жардам кылалы дегенин чымчыктар билиштиби?Муну эмнеден улам байкадыӊар? 3.Алар балапанды эмне үчүн багып алышпады?



Андан соӊ чыгарманын II бөлүгүн окуучуларга кезек менен «чынжырча» түрүндө окутат.

•2-бөлүм боюнча окуучулардын түшүнгөнүн,ой жүгүртүүсүн төмөнкү суроолор аркылуу текшерет жана бышыктайт: 1.Балапандардын кайсы уядан түшкөнүн кантип билишти? 2.Алардын ордуна сен болсоӊ кандай кылар элеӊ? 3.Силер да канаттуу досторуӊарга жардам бересиӊерби?Кантип? 4.Бышыктоо: •1-топ: Кластер «Балапан» алсыз

жаш жардамга муктаж

сары ооз кичинекей

сары

уча албайт чыйпылдайт





•2-топ: Диаграмма:

•3-топ:Чыгарманын айлампасы:

- Топтогулар чыгарманын айлампасына түшүнгөнү боюнча жазышат же сүрөт тартышат:

5.Эс алуу мүнөтү: Талыкшыды бойлорум, Чачылып кетти ойлорум. Эс алдырып албасам, Таарынат го колдорум.

6.Жыйынтыктоо:

•Аягында окуучулар өздөрү жазган аӊгеме менен окуган текстти салыштырып, талкуу жүргүзүшөт. •Кайтарым байланыш түзүү: Окуучулар-түшүнсө-кызыл, - толук түшүнбөсө-сары, такыр түшүнбөсө-жашыл түстөгү карточкаларды көтөрүшөт.

7.Баалоо:

Ар бир окуучу, ар бир топ алган карточкаларына жараша бааланат жана комментарий берилет.

8.Үйгө тапшырма:

-«Балапан» деген текстти окуп,түшүнүгүн айтып берүү. –«Чыгарманын картасын» түзүп келүү.