Ысык-Көл облусунун
Түп районунун Бирлик айылынын
Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинин
Окуу бөлүм башчысы
Мукамбетова Асел Абдылисовнанын
өздүк чыгармалар
Аӊгеме
Апа
Түн. Айыл ичинде бактардын шуудураганы угулуп, акырын соккон сыдырым жел согуп, караңгылык каптап кээде иттин үргөндөрү гана угулуп турду. Терезеде отурган Азиза эртеңки күндү чыдамсыздык менен күтүп отурган. Жүрөгү алып учуп, уйку качып, мына эртең апам келет аны мен кыса-кыса кучактап, бетинен аймап өпкүм келет, кулагына «апа мен сизди ушунчалык сагындым, ушуну сиз сезесизби» – деп апасына сөз даярдап отурду. Аркы бөлмөдөн Азизанын чоң энеси «Кызым, жат, кеч кирди, эртең сабакка барасың!» – деп үн катты. Ал болсо терезеден көзүн албай качан таң атат, батыраак эле таң атса экен, апам келет деп ичи тим эле уйгу-туйгу болуп алып учуп турду. Акырында уйкусу келип төшөгүнө апасы алып берген мамалагын кучактап таттуу уйкуга кетти.
Азиза 5 жаштан бери чоң апасы менен жашайт, ал өзү ушунчалык назик, боорукер, сезимтал кыз. Өзүнүн апасы шаарда иштеп, жумасына бир келип кетип турат.
Чоң апасы экөө эртеден кечке үй оокаттары менен алек, Азиза сабакка барат, үйнө келгенде тамактанып, сабагын даярдап, өзүнө тиешелүү майда-чүйдө оокаттарын шаша-буша бүтүп саатты карады. Автобус келерине беш мүнөт калган экен, күзгүгө барып үрпөйгөн кара чачын тарап апасын тосуп алганга даярданып жатты. Бир убакта терезеден күтүп аткан автобусу өткөнүн көрүп эшикке буту-бутуна тийбей энтигип чуркап чыкты, эшикке чыгары менен «Апам келди ураа!» – деп кыйкырып да жиберди.
Аялдамадан апасын көрүп мындан ашкан бакыт жок эле Азизага. Чуркап барып апасынын моюнуна ороло кучактады да, апа мен сизди ушунчалык жакшы көрөм, мен сизди ушунчалык сагындым деп бетинен өөп, өөп жиберди. Апасы да кучактап менин алтыным, жарыгым, жашоомдун жыргалы деп кызын кучагына бекем кысты.
–Жүрөгой , чоң энең эмне кылып атат?
– Чоң энем, ал сизди келет деп нан жасап атат.
– Энеңе жардам берип атасыңбы?
– Ооба да, үй шыпырып берем, идиш жууп берем – деп колун кыса кармап, тыбырап айтып берди.
Салима чоң эне дасторконун жайып, самоорун шарактатып кайнатып кызын күтүп отурган.
– Келдиңерби, бул Азиза тим эле сени келет деп тамагынан тамак да өтпөй калды. Ден-соолугуң, иштериң жакшыбы садагам, жаңы кирген жумушуңа көнүп калдыңбы – деп кызынын чекесинен өптү. Асыл да апасынын бетинен өөп, апасынын моюнун кучактап жытын искеп алды.
– Ооба, апа кам санабаңыз. Буюрса бары ойдогудай, өзүңөр жакшы турасыңарбы?
– Жакшы, кудай деп турабыз.
– Мына силерге биринчи айлыгыман чай, кант, жоолук алып келдим, аа сага кызым момул сыйкырдуу китеп алып келдим, бул китепти окуп, эмки келгенде мага айтып бересиң макулбу. Азиза сүрөттүү китепти колуна алып, андагы тартылган кооз жаныбарлардын сүрөтүн көрүп аябай кубанып, апасына рахмат айтты.
– Апа, кечинде жатканда чогу окуйбуз да ээ.
– Ооба, каралдым.
Азиза китепти алып кошуна кыздарга чуркады, бул сыйкырдуу китеп, көп окусаң, көп нерселерди үйрөнөсүң деп досторуна түшүндүрүп жатты.
Ошентип бат эле кеч кирди. Азиза апасы менен кучакташып жатып, апа, сиз эртең кайра кетесизби, чогуу жашасак болбойбу, башка кыздардын апалары чогуу эле жашап жүрүшөт го – деп суроолорду арты, артынан узатып жатты. Асыл терең үшкүрүнүп, кызым, мен иштебесем экөөбүздү, энең үчөөбүздү ким багат, эптеп 2-3 жыл чыда. Мен энең экөөңдү шаарга алып кетем, сен сабагыңды жакшы окуп, энеңдин тилин алгының макулбу? – деп апасы кызы түн бир оокумга чейин кобурашып, белек кылган китебинен айрым жерлерин окуп берип, кандай уктаганын да сезбей калышты.
Таң атты, күндүн кылоолоп чыккан нурлары кызарып, уламдан-улам жогорулап, таңкы сыдырым жел тирүү жандыктын барын уйкудан ойготуп жаткандай туюлуп турду. Асыл кызынын маңдайынан искеп, кудайдан кызынын өмүрлүү, бактылуу болушун тилеп турду. Күндөгүдөн бүгүнкү күн Азиза үчүн ушундай нурлуу, жылуу сезилип турду. Бир убакта апасы менен чоң энесинин сүйлөшүп жаткан сөздөрү кулагы чалып калды.
– Апа, мен курбу кызым менен Москвага иштеп келсемби деп атам, элдер чет жактан иштеп эле үй, машина алып атышат. Эптеп 2-3 жыл иштеп келсемби дедим эле. Азизага айтпай эле коелук, мен ага кийин акырын түшүндүрөм. Силер эптеп оокатыңарды кылып тургула, жумушум жакшы ойдогудай болуп кетсе, анда шаардан үй алып силерди көчүрүп кетем.
– Кызым, менин деле алым калбады. Ушу сен турмуштан ордун тапса экен, кичинекей Азиза кор болбой чоңойсо экен деген эле тилегим. Азиза укса сени сагынып куса болот го, менин айламды кетирбейби. Андан көрө ушул иштеген жумушуңдан эле агарып көгөрчү, кызым, «Отурган кыз оордун табат» дейт. Азиза экөөбүз оокатыбызды кыла беребиз, аманчылык болсо бардыгы табылат, неберемдин жүрөгүн ооруткум келбейт. Билбейм жакшылап ойлонуп көр.
Асыл чындыгында деле кызын, апасын таштагысы келген жок, бирок турмуш кыйын экен да, кызын бардыгынан кем кылбай чоңойтсом экен деген эле тилеги да.
Азиза чуркап келип апасын кучактап «Апа кетпечи экөөбүз чогуу жашайбыз, мен сизге жардам берем, мага сизден башка эч нерсе кереги жок» – деп бышактап ийди.
Апасы кызын кыса кучактап, кызына билгизбей көзүнө жаш алды. Мен кетпеймин каралдым мен силердин жаныңарда эле болом, силер менин байлыгымсыңар, мага дагы эмне керек. Көр оокатка тойбойт экенбиз, макул, кызым мен өзүбүздүн мекенибизде эле иштейин.
Асылдын кетээр убактысы да келип калды
– Сен чоң кыз болбодуңбу, энеңе жардам бер, жакшы кыз бол, сабагыңды жакшы оку макулбу. Мен аркы жумада келем, келгенде сага жакшынакай куурчак алып келем – деп кызын кучактап, маңдайынан сүйүп аялдаманы көздөй бет алды. Азиза апасын улам-улам карап кетиргиси келбеди, кайрадан денесин бүтпөгөн сагыныч каптап турду. Апасы алып келген китепчесин көтөрүп үйүн көздөй көӊүлсүз бет алды. Азиза апасына болгон сезими ушунчалык күчтүү, кайталангыс экенин сезип турду.
Доктур болом
Дем алыш күндөрү эле. Айбийке бүгүн да күндөгүсүнөн эрте туруп, чоң апасын ойготту.
– Чоң апа, тургулачы бүгүн конокко барабызбы? – деп апасынын жеңинен тарткылады. Апасынын башы ооруп төшөктө жаткан.
– И каралдым, бүгүн менин башым ооруп калыптыр да, азыр дары ичтим бир аз жата турайын ээ, жакшы болуп калганда экөөбүз Айша апаңдыкына барып келебиз – деп небересин сооротту.
– Чоң апа, башыңыз кантип ооруп атат, мен чекеңизден өөп койсом эле басылып калат да, – деп чекесинен өпкүлөп кирди.
– Билесизби мен чоңойгондо доктур болом, сизди, апамды, атамды ооруткум келбейт, барын айыктырып турам, – бала кыял ширин сөздөрү менен апасына кобурап, жүрөгүн жылытып отурду. Чоң апасы башы ооруганын дароо унутуп, небересинин кыялына жүрөгү жылып, күлүп да жиберди.
-Мына, бал ширин сөздөрүң менен мени айыктырып да жибердиң, кичинекей доктур эже, – деп чекесинен сылады.
Ошентип кичинекей Айбийке жылуу сөздөрү менен адамдын көңүлүн жылытарын сезип, келечекте доктур болууну чечти
«2 жана 5»
Эмир эрте туруп, мектепке шашып жаткан. Анткени 8-март майрамына карата кыздарга белек даярдаган эле. Анын ортосунда энесине эмне белек берүүнү ойлоп:
- Эне, сиздин майрамыӊызга эмне белек кылаарымды билбей атам? Энеси небересинин суроосуна ичип жылып, бетинен өөп:
- Балам, мага белекке сабактан эки беш алып келсеӊ эле болду? – деп жооп берген экен.
Анда Эмир:
-Аа, 2 менен 5пи деп сүйүнүп кеткен экен.
Унутчаак
Саламат классынан өтө шок, тентек окуучу болду. Эжейи берген тапшырмасына унутуп калыптырмын деп жооп берип кутулчу. Аны көргөн апасы күндө кейип, баласына жардам берүүнүн жолун издеди.
Бир күнү апасы баласы менен сабакка даярданып отуруп:
-Балам, эмне мынча унутчаак болуп атасыӊ, азыр айтканды, азыр унутуп? – десе, анда Саламат:
-Анткени Амина мени кичинекей кезимде чөмүч менен башка чапкан да, ошон үчүн унутчаак болуп калдым го - деп ойлонбой туруп жооп берген экен.