© 2020, Жантай кызы Миргүл 2145 2
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Алтын куш
КЫРГЫЗ ЭЛ ЖОМОКТОРУ
Золотая птица (жар-птица). Киргизские народные сказки.
Сканировал Илья Франк
(Буду благодарен за правку, а особенно буду рад дословному переводу – по моему методу чтения).
Түзгөн жана басмага даярдап иштеп чыккандар: Д. Сулайманов, К. Эшмамбетов
ФРУНЗЕ «МЕКТЕП» 1982
МАЗМУНУ
Акылдуу бала
Ырыс алды — ынтымак..
Үч бир тууган
Акылдуу дыйкан
Айткан акылдын пайдасы
Акылсыз хан
Жээренче чечен
Тырнактай чал
Коркок баатыр
Абышка менен дөө
Алдаркөсөенүн аңгемеси
Эки дос
Аксанатай менен Карасанатай
Асыл таш
Асан жана Үсөн
Булардын кайсынысы чоң..
Кулдун уулу жана Зымырык куш
Алтын шакек
Кара таштардын сыры
Кемпирдин жети баласы
Суйлөбөс кыз
Өнөрү бар мыщый
Ач карышкыр
Чокчолой баатыр
Түлкү, жолборс, аюу жана карышкыр.
Мактанчаак түлкү
Алтын куш
Апенди жана бай соодагер
Апенди менен хан
Акылдуу бала
Илгери бир атагы чыккан ууру болуптур. Анын жалгыз баласы бар экен. Баласы чоңойгондо, атасы чакы-рып алып:
— Балам, мени сыйласаң— ууру бол, мындан бөлөк жакшы кесип жок,— деди.
Баласы капаланып:
— Ата, эгер мени адам кылам десең — уурулук ке-сипти үйрөтпө, андан көрө адал эмгек кылайын, — деди. Ууру аябай ачууланды:
— Атанын жолун жолдобойт деген эмне?.. Атанын тилин албайт имиш!.. Менин сөзүм эки эмес, айтканым-дан кайтпайм. Бүгүн түнү төмөнкү айылдагы Жоош-байдын кызыл өгүзүн уурдап кел. Уурдабасдң, көзүмө көрүнбөй, ошондон ары жогол!
Бала макул деп үйдөн чыкты да, Жоошбайдын кызыл өгүзүн күзгү эгинге сатып келди. Аны атасына айт-кан жок. «Балам өзүмдү тартып ууру болот экен» деп атасы чоң кубанды. Өгүздү союп алышты.
— Ата, бул этти жегенден мурда экөөбүз таразага түшелү, эт бүткөндө кимибиз канча семирет экенбиз, ошону билели,— деди бала.
Атасы макул таап, экөө таразага түштү. Арадан бир-эки жума өткөндөн кийин эт түгөндү. Экөө таразага дагы түштү; атасы мурункудан эки-үч кадак арыктап калыптыр. Ал эми баласы болсо, беш-алты кадак се-мирген экен. Бул ишке атасы аң-тан, калып, баласынан жөн сурады.
— Таң кала турган эч нерсе жок,— деди баласы. — Сиз эт жеп жатканда, уурулугум ачылып калбагай эле деп, коркуп жейсиз. А мен өгүздү сатып келгем, ошондуктан коркконум жок, жегеним аш болду. Ар ким өз эмгеги менен гана семире алат.
Ошондо атасы баласына:
— Уурулук эң жаман иш турбайбы, сен бул бузук жолго түшпөй, түзүк жолго түшкөнүң жакшы болуптур, — деди.
Ырыс алды — ынтымак
Качандыр акылман карыя болуп, анын тогуз уулу бар экен. Бирок балдары атасы айткан акылды укпайт, ар кимиси өз бетинче жүрөт, ага сырт кишилердин баары күлөт. Чоңу кичинесин сабайт, киченеси чоңуна акы-рая карайт. Бирдиги жок тогуз баланы белөк кишилер уруп кетет, атасы балдарынын кылыгы жөнүндө терең ойго түшөт. Эч айла болбогон соң, чал өзү тоого барды да, үйүнө чоң тутам тобулгуну көтөрүп келип, балдарын чогултуп алды:
— Кана балдарым, күчүңөрдү сынап көрөйүн, мына бул тобулгуну тобу менен сындыргыла, — деди.
Тогуз уулдун ар бири кезектешип күчүн сынады. Бооланган тобулгуну эч кимиси сындыра албай, акыры шалдайып туруп калышты.
Карыя тобулгунун боосун чечип:
— Эми бирден сындырып көргүлө, — деди. Балдары тобулгуну ошол замат чарт-чурт бөлүп:
«Мына, сындырдык!» — деп мактанышты. Абышка бал-дарын отургузуп алып, нускалуу сөз баштады:
— Мен силердин келечегиңерди ойлоп капа болом. Душманыңар көп, эгер ыркыңар жок болсо, душман силерди жанагы жалгыз тобулгудай барча-бурч сынды-рып коёт. Ал эми бооланган тобулгудай бирдиктүү бол-соңор, сындырмак түгүл, силерди эч ким майтара ал-байт. Менин айтарым ушул,— деди.
Көп узабай абышка өлүп калды. Балдары акылга келип, бирдик менен оокат кылып, касташкан душман-ды жеңип, артык дүнүйөсү болсо бей-бечарага берип, ынтымактуу турмуш өткөрүптүр. «Ырыс алды — ынты-мак» деген сөз ошондон калган экен.
Үч бир тууган
Илгери бир заманда ата-энеден жетим калган үч бир тууган болуптур. Алардын колунда жалгыз көк егүзү бар экен. Аны үчөө кезек менен кайтарып жүрүштү. Бир жолу эң кичүүсү кайтарып, уктап калып өгүзүн уурдатып жиберди. Анан ойгоноор замат ары чуркап, бери чуркап, эч жерден таппай, кезүнүн жашын көл кы-лып ортончу агасына келди:
— Түндө уктап калып, кек егүздү уурдатып жи-бердим.
— Кой ыйлаба, аны эмнесине ыйлайсың, тиги улуу агаңа барып айтчы,— деди ортончу агасы.
Бала анын улуу агасына айтты.
— Кой, кагылайын, ыйлаба. Керек болгондо таап алабыз, ага чейин эч ким сойбос, арык эмени ким сойсун,— деп агасы инисин кубантып койду.
Күндөр өтө берди. Кыш етүп, жаз келди. Эл кош айдап, тиричилик кыла баштады. Үч бир тууган өгүздү кантип таап алууну эми акылдашты.
— Биздин өгүздү алган неме — кичине бойлуу, сары киши бейм,— деди улуусу.
— К.ичине бойлуу, сары киши болсо, анын кезү көк экен,— деп ортончусу айтты.
— Өзү кичине бойлуу, өзү сары, көзү көк болсо, ал уурунун аты Курманаалы,— деди эң кичүүсү.
— Өгүздү алган кишини билдик, эми анын өзүн кан-тип табабыз? — деп улуусу сурады.
— Биз өзүбүз оңой менен таба албайбыз. Балким, хан гана таап берет, ханга айталы, адилеттик кылгысы бардыр,— деп ортончусу айтканда, беркилер макул бо-луп, ханга барышты.
— Ханым, биз ата-энеден кичинебизден жетим ка-лып, жалгыз өгүзүбүз менен жер айдап, күн көргөн бе-чара элек. Аны кыштын башында уурдатып жибердик. Уурдаган киши сиздин айльщызда. Алып берсеңиз экен дешти.
— Кайсы киши?
— Аны өзүбүз керсөтелү. Сиз элиңизди чубатып берсеңиз эле болду.
Хан макул болду.
Хан элди чубатууга салды. Үч бир тууган өткөн эл-ди карап отурду. Көптөн кийин эң улуусу ордунан тура калып:
Мен айткан кичине бойлуу сары киши тээтиги! — деди.
— Кичине бойлуу сары болсо, мен анын көзүн көрүп келейин,— деп ортоычусу чуркап барып, кезүн караса— чын эле көк экен.
— Кичине бойлуу сары, көзү көк болсо, эми мен барып атын сурайын деп кичүүсү чуркап барып, атын сураса — аты чын эле Курманаалы экен.
— Ханым, биздин өгүзүбүздү уурдаган киши ушул, өгүздү бизге кайра алып бериңиз,— деп балдар Курма-наалыны ханга жетелеп келишти.
— Балдардын өгүзүн бергин! — деп хан айтканда, Курманаалы чычая танды.
Хан аябай кысмакка алып, акыры даргага тарттырмак болду. Курманаалы ошондо гана коркуп:
— Алганым чын эле, ханым, 'сарайда байланьга турат,— деди.
Өгүздү уурдаган кишини балдар кантип билгенине хан аң-таң калып, эми балдарды сынамакчы болду:
— Балдар, силер анык билгич болсоңор, мына му-
. нун ичинде эмне бар экенин билип бергилечи,— деп бирине-бирин көмкөрүп койгон эки табакты алып келди. Балдардын эң улуусу табакты чайкап:
— Мунун ичиндеги нерсе тоголок экен,— деди.
— Эмөсе кызыл экен,— деп ортончусу айтты.
— Тоголок жана кызыл болсо, киши жей турган анар экен,— деп эң кичүүсү сүйлөдү.
Хан ого бетер таң калып, булардын билгичтигине өтө ыраазы болуп, үчеөнө ат мингизип, тон кийгизип узаткан экен.
Акылдуу дыйкан
Бир хан эсирип отуруп, өзүнүн жигиттерине: —Мага акмак киши таап бергиле! — деп буйрук кылды. Эки жигит жолго чыгып, акмакты издеп кетишти.
— Эми кимди алып барабыз? Жөн эле кишини кар-мап барсак, хан бизди жазага тартат,— деди биринчиси.
Экинчиси айтты:
— Сен кандай макоосуң? Кимди деген да сөз болобу?.. Жолуккан эле кишинин эркине койбой жетелеп барабыз. Хан чакырып жатат десек, барбаска айласы канча!
Экөө ушинтип келе жатып, карагай сүйрөткөн бир кишиге жолукту.
— Карагайыңды таштагын, азыр ханга жүргүн, сени чакырып жатат,— дешти жигиттер.
— Токтогула, карагайды үйгө жеткирип коёюн да, анан барайын. Эмне үчүн чакырды?
Жигиттердин бири:
— «Эмне үчүн чакырды» дейт тура. Аны эмне кыла-сың? Жүр дегенде жүрбөйсүңбү! Хан акмакты таап кел деген, жүргүн! — деп шаштырды.
— Жок, жигиттер, карагайды атайы тоодон мээнет менен алып келе жатьш, орто жолго таштай албайм,— деп бастырып кетип калды ал.
Эки жигит жүрүп отуруп, өрмөк соккон катынга жолугушту.
— Жеңе, сени хан чакырып жатат, тезинен жүргүн,— дешти.
— Ботом, катынды хан эмне үчүн чакырат? — деди аял.
— Катынды кепке-сезгө чакырмак беле, акмак адамды таап кел деген. Эркектер менен айтышпай, жүр те-зирээк.
— О, кокуй күн, ушул ала жазда бекер жүргөн ки-шиден бөлөк акмак табылбас... Өз оокатым үчүн керек ишими бүтүрүп алайын деп, мен мында жанталашып жатам. Акмакты тапчу жериңерден издегиле! Мен барбайм! — деп катын катуу айтты.
Эки жигит дагы жөнөп:
— «Эгер сырыбызды ачык айтсак болбойт экен. Ап-дан көре кезиккен эле кишини зордоп алып кетели» — деген акылга келишти.
Алар жер айдап жаткан бир дыйканга жолугуп:
— Ой, дыйкан, жүргүн ханга! — дешти.
— Эмгек кайнап турган убакта, эмне үчүн барам?— деди дыйкан.
— Көп сүйлебөй, жүргүн дегенде жүргүн! Хан акмакты таап кел деп айткан, сен акмак экенсиң!..
Жигиттерге дыйкандын абдан ачуусу келди:
— Силер үчүн акмакты даярдаган киши жок. Көзүмө көрүнбөй жоголгула!
— Эмесе акмакты таап бер,— деп эки жнгит дый-канды бекем кармап туруп алышты.
— Мени коё бергиле күн ысып баратат, жер кургай электе айдоомду бүтүрүп алайын,— деди дыйкаы.
— Жок, же өзүң ханга жүргүн, же бизге акмак ким экенин айтьщ бергин. Баарыңар эле акмак эмеспиздейсиңер, кимиңер акмак экениңерди таптакыр билбей койдук.
— Макул эмесе, акмакты айтып берейин, бирок мени коё бергиле,— деп дыйкан айтканда, жигиттер аны шаштырып турушту.
Дыйкан ойлоно калыш
— «Акмакты таап кел» деген хандын өзү акмак, же акмакты издеп жүргөн экөөң акмак. Мындаң артык ак-макты дүйнө жүзүн кыдырып жүрүп таппайсыңар,— деди.
Жигиттер ачууланып:
— Сен ханга тил тийгиздиң, барып айтабыз! — дешти.
— Бир айтмактан миң айткын, деги ушуну хандын кулагына куюп айтсаңар экен! — деди дыйкан.
Эки жигит ханга келип айтышты.
Ошол дыйкандын колу-бутун байлап алып келгиле! — деп хан буйрук кылды.
Дыйкан хандын астына келип олтурду. Хан дыйкан-ды кекетип:
— Сен мени акмак депсиң, эгер акылдын баары сенде болсо, менин мына бул тулпарымды колуңа ал-гын. Үч күндүн ичинде муну жакшылап таптагын. Таптай албасаң — башынды кесем! — деди.
Дыйкан тулпарды колуна алып, ага жем-чөптү маалы менен берип, суутуп, сууну да убагы менен ичи-рип, төртүнчү күнү хандын алдына келип минтип айтты:
— Таксыр ханым, сенин тулпарьщ анык күлүк эке-ни чын экен, бирок мунун канында уй менен эшектин жалгашкан жери бар экен.
Муну укканда хандын ачуусу келип, дыйканды дар-гага астырмак болду. Ошондо ортого хандын картаң энеси түше калып, минтип айтты:
— Балам, сен жөнү жок жерден ачуулана бербе. Биздйн жылкы жайлоо нуу карай кетип баратканда, бир эшек жылкыны аралап кирип кетип, дал ушул сенин тулпарыңдын энесин карап коюптур. Кулунду туугандан кийин, ал бээ өлүп калды. Анан мен бул кулунду саан уйдун эмчегин эмизип бактырдым.
— Мунун ушул эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экенин сен кантип билдиң? — деп сурады хан дый-канга карап.
— Үч күн бою мен бул тулпардын жанынан карыш жылган жокмун,— деди дыйкан. — Сууну көчип чык-канда, арткы бутун силкип-силкип алат, бул уйдун кы-лыгы. Түн ичинде мен буга чөп салсам, .эшекче бакырат. Мына ошондуктан сенин тулпарыңда кандайдыр эшек менен уйдан жалгашкан жери бар экен ден ойлодум.
Дыйкандын бул сөзү ханга аябай жагып, аны жакшылап конок кылып, хандын зайыбы дыйканга бир ал-тын акча берди.
— Арадан бир топ күн өткөндөн кийин, хан баягы дыйканды өз алдына чакырды.
— Эгер сен чындап эле билгич болсоң, муну тапчы, экөөбүздүн кимибиз анык хандын тукумубуз — менби же менин зайыбымбы? — дөп сурады хан.
— Сенин зайыбың нагыз хандын тукуму, ал эми өзүң болсо наабайчынын баласысың,— деп дыйкан жооп кайтарды.
Хандын каары чындап козголуп, дыйканды ошол замат даргага астырып жибермек болду. Бирок мунун ал-дында өзүнүн картаң энесин чакыртып алып:
— Апаке, сен чыныңды айт, мен кимдин баласымын? — деп сурады. Апасы минтип айтты:
— Уулум, мен жаш кезегимде улам эле кыз төрөй бердим, атан, буга ар дайым нааразы болуп жүрдү. Биз-де нан бышыра турган наа^байчы бар болчу. Ал экөө-бүздүн боюбузга бир маалда бүттү, экөөбүз бир күндө терей турган болдук. Эгер сен эркек бала төрөсөң аныңды мага бер, мен дагы эле мурдагыдай кыз төрөсөм, кызымды сага берейин деп наабайчынын зайыбы менен убада кылдым. Ырас эле наабайчынын аялы эркек бала төрөдү, мен кыз төрөдүм, экөөбүз жаңы тө-рөлгөн балдарды эч кимге билдирбестен алмаштыра салдык. Мен эркбк төрөдүм деп, хандан сүйүнчү сурат-тым, Мына ошентип, сен хандын уулу болуп калдыд. Кызымдан ажырабас үчүн, мен аны сага колукту кылып алып бердим. Ошол себептүү, балам, мына бул за-йыбың менден төрөлгөн кыз.
Муну укканда хан ого бетер аң-таң болуп:
— Ушуну сен кантип билдиң? — деп сурады.
— Опоңой эле билдим. Сен мени конок кылганда, алдыма токочту үйө бердиң, ал зми аялың болсо, менин астыма алтын акчаны койду. Ошондуктан мен сени наа-байчынын баласы экен, зайыбың нагыз хандын тукуму экен деп ойлодум,— деди дыйкан.
Муну укканда хан дыйкандын акылы ырас эле чоң экенине көзү жетип, мына эми эң акыркы жолу сынамакчы болуп:
— Эгер сен өтө эле билгич болсоң, кудай кайда? — деп сурады.
— Ханым, ушу кебетем менен кудайдын кайсы жерде турганын айтсам мени кусур урбайбы. Ошондуктан, сен менин киймимди кийин, менден кечирим сурагандай болуп, алдымда баш ийип тургун. Мен сенин кийиминди кийип, алтын тагыңа олтурайын. Анан мен кудайдын кай жерде экенин айтып берем, антпесем, бул кейпим менен кудай .жөнүндө сөз кылышым ылайык болбойт,— деди дыйкан.
Хан макул болуп, үстүндөгү кийимин бүт чечип бе-рип, дыйканды алтын тагына олтургузду; өзү дыйкандын кийимин кийип, анын алдында баш ийип турду.
Хан боло калган дыйкан жигиттерин чакыртып алып:
— Ушул убакка чейин акмакты бекер таппай жүрүпсүңөр. Мындан артык акмак барбы?.. Сыртка сүйрөп чыгып, дал ушул акмактын башын кескиле! — деди.
Көпкөн жигиттер бөлөк сөздү уксунбу: ханды желкелеп барып, башын кесип, денесин тарткылап, кумардан чыгышты. Дыйкан такка отуруп, элге кайрымдуу жана адилет хан болуп калган экен.
Айткан акылдын пайдасы
Качандыр бул дүйнөдө бирөөнүн жалгыз уулу болду, Уулу акылсыз чыгып, атасы ага зн. эле көп кайгырчу экен. Күндөрдүн биринде атасы уулуна минтип айтты:
— Балам, сен эми чоңоюп калдың, бирок акылың чоңойбой койду. Элди кыдыр, ар кимдин айткан акы-лын ук, ошентсең пайдасы тиер,— деди.
Ошону менен бала кайдадыр жөнөп кетти. Атасы ушинтип дайынсыз жакка кууп жибергени үчүн бала да аябай кайгырган окшойт. Жолдо бир абышка жолуга калып:
— Балам, сенин жүзүң эмне мынчалык суз? Деги кайда баратасың? — деп сурады.
Анда бала минтип жооп кайтарды:
— Мен өзүмдүн атамдын үйүндө турчу элем, Атам акылдуу киши, бирок менин акылым еспөй койду.
Ошондуктан атам үйдөн кууп чыгып, элди кыдыр, ар кимдин айткан акылын ук, ошентсең сага пайдасы тиер деди.
— Эмесе менин да акылым ук,— деп абышка айт-ты. — Балким, сага пайдасы тиер. Эгер өзүң үчүн ко-лукту кылып, эки кыздын бирин тандасаң, анан эл сен-ден ушул экеөнүн кимиси сулуу деп сураса, сен аларга минтип жооп кайтар: «Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу» — дегин.
Бала абышкага ыракмат айтып, андан ары жөнөп кетти. Бир аз баса түшкөндөн кийин:
— Кайда баратасьщ, макоо? — деди дагы бирөө. Бала бурулуп карай салса, жанында дагы бир чоочун киши турган экен.
— Менин макоо экенимди кайдан билдиң? — деп сурады бала.
— Сенин макоо экенин, өңүңөн эле көрүнүп турат. Бирок сен кайда баратасьщ, мага ушуну айтчы? — деп сурады жанагы киши.
Бала өзү жөнүндө баян кылды.
— Эмесе мен да сага бир акыл айтайын: «Кимдин даамын сызсаң, миң күнү салам берип, ошол кишини сыйлап жүр» — деди тиги киши.
Бала ага ыракмат айтьш, андан ары жөнөдү. Бир аздан кийин буга дагы бир абышка жолукту. Ал киши өтө карып жана өзү алыстан жөө келе жаткан себептүү бутун араң эле шилтеп калыптыр. Бала аны колтуктап алып, барар жерине жеткирип койду.
— Сага менин айтар акылым бул, — деди абышка, бала менен коштошуп жатып, — балким, сага пайдасы тиер: «Эртең мененки тамактан качпагын, кечки тамак-
ты күтпөгүн».
Бала абышкага ыракмат айтып, андан ары жөнөп кетти.
Ошентип канча күн жол жүрдү, аны эч ким бил-бейт, акыры күндөрдүн биринде кербенчилерге жолук-ту. Кербенчилердин алып бараткан дүнүйөсү эн, эле көп экен. Алардын бири баланы чакырып алып, мунун кай-да баратканын сурады. Бала өзү жөнүндөгү сөздү дагы сүйлөп берди. Ошондо тиги соодагер:
— Эмесе сен мага малай болуп кир, мен сени кор кылбасмын, — деди.
Бала ага макул болду.
Кербенчилер ээн талаа, эрме чөлдө баратып, жолдо бир кудукка кез болушту. Ошол жерде түнөп, тыныга-быз дешти. Бөлөк малайлардын бири арканга чаканы байлап, аны кудукка салды. Арканды кайра тартып алса, чака чыкпай, бош гана аркандын учу чыкты. Ошондо малай арканды белине байлап, чаканын соңунан өзү түштү. Арканды кайрадан тартып алышкан, малайдын өзү жок, дагы баягы гана үчу чыкты. Бул эмне деген окуя деп, кербенчилердин бардыгы коркуп, аң-таң болушту. Ошондо булар аябай суусап да калышкан.
— Ким ушул кудукка түшүп, суу алып чыкса, ал .бизден аябаган сыйлык алып, ыраазы болот,— дешти кербенчилер.
Бала кудуктун ичине түшүш үчүн арканды белине байлады: «Өлсөм кунум жок, жоголсом доом жок мен эмесминби» деп ойлоду бул.
Мына ошентип, бала кудуктун ичине түшүп кетти. Кудуктун түбүнө түшүп барып кандайдыр шумдукту көрдү. Кудукта локуйган деө, анын жанында эки аял отурат. Ошол эле жерде баягы биринчи түшкөн малайдын өлүгү жатат.
Дөө балага каардана сүйлөп:
— Ушул эки аялдын кимиси сулуу? — деп сурады.
— Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу,— деп бала жооп кайтарды.
Ошондо дөө каткырып күлүп ырайымдуу түрдө:
— Сен акылдуу жигит турбайсыңбы, ушул сөздү ма-га ырас айттың, ырас эле сулуу сулуу эмес, сүйгөн су-луу,— деп баланы далыга чапты.
Анан ал чакага сууну толтура сузуп, баланын колу-на карматып, сыртка чыгарып жиберди. Кербенчилер суудан кангыча ичип, балага көп сыйлык берип ыраазы кылышты.
Мына ошентип, баЛа күтпөгөн жерден көп олжолуу болуп, кербенчилерден алган буюмун шаарда кымбат баага сатып, өз байлыгын ого бетер көбөйтүп алды.
Шаардан шаарды кыдырып жүрүп, бир күнү өзүнүн баягында жолдо жолуктуруп, малай кылып жалдап ал-ган ээси менен кездешип калды. Кожоюну муну етө ку-банычтуу кабыл алып, жакшылап конок кылды. Анан: эми сен меникинде тура бергин, эч кайда кетпегин деген сөздү айтты. Кожоюндун аялы жаш жана сулуу эле. Ал буга ашык болуп калды. «Бирөөнүн даамын сызсаң, миң күнү ага салам берип, ар дайым аны сыйлап жүр» деп мен уккан акыл бар эмеспи. Бала ал аялдын айткан сө-зүнө макул болбой койду. Бирок аял -ичинде сактап, бул баладан өч алмак болду. Эри келгенде, ага даттанып, баланын үстүнөн ушак айтты.
Кожоюн баланы жоготмок болуп, наабайчы досунз барып, минтип айтты:
— Эртең менен малайым келет, келер замат аны. дандырыңа жагып жибер.
— Жакшы болот — деп наабайчы жооп кайтарды. Кожоюн үйүнө кайтып иштин жайын айтты.
— Сен ушуиу ырас ойлоп таапсың. Бул бала ыла-йым эле ерттөнүп кетсин,— деп зайыбы сүйлөдү.
Анын эртеси эртең менен кожоюн баланы наабайчы-га жөнөттү.
Жолдо буга езүнүн айлынан бирөө жолуга калып, экөө жакшылап учурашып, анан тиги киши минтип айтты:
— Экөебүз жолуга калганыбыз эң эле жакшы бол-ду. Атаң сени көптөн бери күтүп жүрөт. Сени үйүнөн кууп чыкканы үчүн өзү аябай өкүнүп да калыптыр. Меп мында бир козу сойдуруп, тамак астырдым эле, ошону жеп алып бирге кайталы.
Бала баягында бирөөнүн айткан акылын эстеди: «Эртең мененки тамактан качпагын, кечки тамакты күт-пөгүн» — дебеди беле.
Ошол себептүү өзүнүн айылдаш тууганын ээрчип, анын бышырткан тамагын жешке кетти.
Аял чыдап отура албай, бала ңаабайчынын отунда кандайча болуп күйүп жатканын көрүш үчүн чуркап бар-ды. Наабайчы менин досумдун жиберген малайы ушул аял экен деп ойлоп, аны кетөрүп туруп, дандырдын ичи-не ыргытып жиберди. Ошону менен ал өрттөнүп кетти.
Бала эртең мененки тамакка аябай тоюп, анан иаа-байчыга барып, андан нан алып кайтты. Муну көргөндө кожоюн терең ойго батып, бул кандай окуя болгонун таптакыр биле албай, наабайчыга барып, бүгүн эртең менен нанга ким келгенин сурады.
— Бүгүн эртең менен бир сулуу аял келди, сенин жиберген малайың ошол экен деп, сага берген убадам боюнча, мен аны отко жагып жибердим,— доди наабайчы.
Кожоюн терең кайгыга батып, айыптуу ким экенин ошондо гана билип, балага минтип сүйлөдү:
— Сенде эч кандай күнөө жок турбайбы. Мен анын ушактап сүйлөгөн сөзүнө ишенип, сени өлтүрүп коё жаз-дадым. Бирок сенин ордуңа менин зайыбым өзү барып, наабайчынын дандырына өрттөнүп өлүптүр.
— Мен сенин даамыңды татып тузуңду таткам, ошондуктан сага эч качан жамандык кылмак эмесмин,— деди бала.
Кожоюн муну өтө жакшылап узатты. Бала кадим-кидей бай болуп, айтылган акылдын пайдасын көрүп, езүнүн атасына чоң кубаныч менен кайтып, атасы да жакшылап тосуп алды.
Акылсыз хан
Мурунку өткөн заманда малы көп, акылы аз бир хан жашады. Хан бир күнү ойлонуп отуруп, уулун чакырып:
— Балам, палан жерде, бакыр деген элде акылман кемпир бар экен. Ошону эч кимге билдирбей ээрчитип кел, андан акыл сурайлы,— деди.
Уулу макул болду да, атасынын сөзүн айтып, кем-пирди чакырууга бөлөк бир жигитти жумшады.
Кемпир жолдо келе жатып, хандын уулуна жолугуп калды. Хандын уулу ага карап:
— Акылман кемпир, ханга барып кайтканында, сө-зүңдү эшитербиз,— деп жигиттерин ээрчитип жүрүп кетти.
Кемпир хандын алдына барды. Хан тез барып келге-ни үчүн атын мактады. Акылман кемпир хандын кебете-син көрүп:
Жакшы деген атыңды,
Мактай берсен. макулбу.
Кулун-тайың көп сатып,
Багып ал жарды-жалчыңды!—дейт.
Хан кемпирге кыйкырып:
— Мага андай сөздүн кереги жок. Мага акыл бере турган сөздөрдөн айт! — деди.
Анда кемпир айтты:
Ханым, жакшы кылсаң өзүнө,
Жаман кылсаң өзүңө
Өөдө карап түкүрсөң,
Кайтып түшөр көзүңө!..
Хан ого бетер катуу кыйкырып:
— Тантыган кемпир, сенин сөзүңдө кымындай да акыл жок экен, акылдуу сөздү өзүм билем,— деди ал, зайыбын сыртка ээрчитип чыгып; кемпирге уу бергин, үйүнө барганда жесин да елсүн,— деген буйрукту кыл-ды. Хандын зайыбы май токочко уу кошуп, аны кемпирге берип:
Үйүңө баргандан кийин жегин! — деди.
Акылман кемпир жолдо келе жатып, куш салып жүргөн хандын уулуна дагы кездешти. Хандын уулу кемпирдин колундагы уу кошкон токочту тартып алып, жалгыз өзү сугунуп жиберди эле, көзү аңтарылып, оозунан ак көбүк чыгып, чалкасынан кетти. Жигиттер бол-гон ишти ханга айтып барышты. Хан ошондо өзүнүн макоолугун билип, эрдин кесе тиштеп, оозун карманды.
Жээренче чечен
Мурунку өткөн заманда өзү чечен, сөзү бекем Жээ-ренче аттуу киши болду. Анын Төлемырза делчү уулу бар экен. «Өмүрүндө чын айтпаган калпычы бала» деп уулу жөнүндө элдин айткан сөзүн Жээренче күн сайын угуп жүрдү.
Бир күнү уулун сынамак үчүн, караңгы түндө ээрчитип келатып атасы:
— Балам менден көрө көзүң курч эмеспи, асты жа-гыңды карачы: мага аркарга окшош бирдеме көрүнөт,— деди.
— Ырас эле аркар экен, козусун эмизип турат, — деди уулу.
— Жаның чыккыр, баламдын жалганчы экени чын турбайбы» — деп Жээренче катуу капаланды.
Төлөмырза карга атса «кийик аттым» деп элге мактанат. Бирок колунан эчтеке келбейт. Мунусу элге да, атасына да бүт маалим болду. Бир күнү көпчүлүк элге адатынча дагы калп айтып мактанып калды: «Бая күнү бир кийикти атып жиберсем, огум кулагынын учу менен туягынын учуна тийип, кийигим аман кутулуп кетти»— деди.
Анда Жээренче чечен: «Атаа, балам-ай, туягы менен кулагын кашынып турган кезинде аткан экенсиң-э» — деди. Ошентип, баласын уяттан куткарып, анан үйүнө келгенден кийин:
— Атаа, жаның чыккан балам-ай, калпты эпсиз айтып салдың, аны эбине келтире албай эсим ообадыбы. Адам болом десең, мындан кийин эч калп айтпа. Калп сөзүң өмүрүң менен ырысыңа чоң зыян келтирет... — деп, жалгыз баласы жанына тынчы жок, сөзүндө чыны жок, анык жаман бала чыгып калганына ого бетер катуу
капаланды.
Бир күнү баласын ээрчитип жолдо келатып:
— Ат жалына казан ас, балам,— деди. Төлөмырза жерге түшө калып, аг)гын жалына от коюп, өрттеп жиберди.
— Эй, балам, ат жалына казан асуу — канжыгадагы тамакты ат үстүнөн жейли деген сөз,— деди атасы.
Дагы бир топ узагандан кийин:
— Балам, узун жолду кыскарт,— деди.
Телөмырза аттан түшө калып, жолду кетмендеп жиберди.
Жээренче чечен:
— Жолду кетмендеп кыскарта албайсьң, балам. Узун жолду кыскарт деген — кызыктуу кеп сал деген сөз. Көп эрмек болуп, жолдун кандай өткөнү билинбей калат. Узун жолду жүрүштүү ат менен кызык сөз гана кыскартат,— деди.
«Минте берсе жалгыз уулум Төлөмырза — мырза да, тукум-туяк да болбойт. Карылардан калган ылакап бар эмеспи: «Аял жакшы — эр жакшы» «Акыл оошот, ырыс жугушат» дейт. Издеп жүрүп, буга эми анык бир жакшы колукту табайын деп ойлоп, Жээренче атты тандап минип, эл аралап кыз издөөге жөнөдү.
Барбаган эли, бастырбаган жери калбай, алты ай чамасында кыдырып жүрдү. Кыз элде көп, бирок Жээренче чечендин издеген кызы эч табылбайт. Элдин баа-рын бүт аңтарып, капа болуп, кайгы чегип, акыры Жээренче үй жагына кайтмак болду. Балам бактысы жок жаралган экен, ушунча журттан ылайыктуу кыз табыл-баганын көрчү» деп келе жатса, айылдан окчун жерде отун кетергөн бир топ кыз-келин керүнөт. Ангыча күн жаап жиберди. Келиндеидин алы жеткени музоосуң же-телеп, отунун кетөрө качты. Кыздардын баары үйлөрүн көздөй чымын-куюн чуркашты. Бир кыз музоосун кар-мап, отунун чапан менен жаап, өзү отуиду далдаа кылып отуруп калды.
— Ээ, балам, тиги кыздар жүгүргөн бойдон үйүнө кетти. Сен эмне себеп менен жаанды тосуп отуруп калдың? — деди, Жээренче.
— Ээ, ата, ал кыздардын төрт зыяяы бар, менин бир зыяным, үч пайдам бар,— деди кыз.
— Пайдаң кайсы?
— Музоом эмген жок, отунум кургак бойдон кал-ды, өзум суу болгои жокмун. Үйгө барганда энем ур-байт — бул үч пайдам. Чапаным суу болду — бир зыя-ным ушул. Ал эми кыздардын музоосу эмди, отуну жана кийими суу болду, ошону менен бирге музоону эмиз-диң деп энеси урат... Мына ушинтип, качып кеткен кыз-дардын төрт зыяны бар.
— Жарадың, балам. Силердин үйүңөр кайсы?
— Биздин үйдү айьглга барсаныз эле таап аласыз, ата. Кырк найзаны кыдырата сайган үй биздики...
Жээренче чечен «издегеним табылды» деп ичинен кы-мыңдап, айылды бүт аралап жүрүп, бирок үйүн такыр таппай койду. Анан «бул кыз мага табышмак кылып айткан экен, кырк найзасы — үзүгүнөн кырк уугу көрүнүп турган үй чыгар» деп ойлоп, так ощондой үйгө ба-рыЬ түштү.
Ата-энеси жакшы адамдар экен: алынча сыйлап, сылык сүйлөп отурушту. Аңгыча күн ачылды. Отунду көтөрүп, музоону жетелеп, кызы келди. Кыздын аты Карачач дешти. Тамак желип, эл жатар мезгилде, Ка-рачачтын ата-энесине Жээренче сөз баштады:
Менин жалгыз балам бар. Өзүмдүн атым — Жээренче чечен, баламдын аты — Төлөмырза. Балама элден кыз жакпай, атайы кыз издеп чыкканыма алты ай-бол-ду. Акыры ушул сиздин кызыңызга көңүлүм түштү. Ку-да болсом, эгер силер эп көрсеңөр, балам экөөнүн бак-тысы ачылса деген тилегим турат,— деди.
Мунуңуз жакшы кеп. Бирок биз өзүбүз бечара адам-быз, жалгыз кызыбыз бар, а сиз айтылуу Жээренче че-чен болсоңуз, балаңыз Төлөмырза элден-журттан кыз жактырбай тандап жүрсө, менин кызым көңүлүнө жак-пас бекен, буга жоопту кызым өзү берсин,— деп Карачачтын ата-энеси жер карашты.
— Бул киши алыстан келген азиз конок экен,— деди Карачач,— кызым билет деп мага шылтаганыңар жара-байт. Берер болсоңор, мага шылтоо кылбай эле, абийир-дүү кишиге ачык жообуңарды айткыла.
Кыздын сөзүнө Жээренченин ичи жылып, чындап киришти:
— Кана эми, кудагый оозум батып айта албай отурган сөзүмдү балам өзү баштап берди. Карачачтын аты — Акылкарачач болсун, мындан ары бактысы ачыл-сын. Эл көзүнө көрүнгөндөй болуп куда түшкөнүм жакшы. Салтыбыз, наркыбыз орду менен өтсүн: төөдөн, жылкыдан, уйдан, койдон канча менен келейин? Мына ушуну ачык айткыла,— деди Жээренче.
— Жалгыз кызыбыздын калыңын айтып, башына аркан салгансып, малга кантип айырбаштайм? Калың-каадасын, жол-жобосун эмне кылса кызым өзү билсин,— деди кыздын энеси.
Менин ата-энем бечара киши,— деди Карачач. — Кызын малга сатууга алы келбейт, кызы да малга са-тылып барбайт. Карачач кадыр-көңүл түз келген жерге барат...
Жээренче ушуну угуп, таң калган бойдон үйүнө кет-ти. Төлөмырзаны аябай кийинтип алып, Карачачка кайрадан жетти.
«Томаяк Токсон жалгыз кызын Жээренче чечендин Төлөмырза деген уулуна берет имиш!» деп, ал айылда сөз таралды... «Адам э-эй, Карачач атасына калың жедирбей, Жээренче чечендин уулуна жен эле барганы жатыптыр. Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз бол-бойт дептир. Барып жеңгетай алып, тоюн жеп келебиз» — дешип, айыл ападагы кыз-келиндер чогулуп келишти.
Тойго Жээренче жыгылыштуу болуп, малды арбын союп башьша той башкаруучу коюп, жети күн той бе-рип, сегизинчи күнү Карачачты үйүнө алып кетти. Кара-чач келгенден тартып, чечендин иши ого бетер оңоло баштады.
Мунун кабары Жаныбек ханга угулду. «Анык жак-шы келин экен. Баягы Төлөмырза жок, атайы киши болуп калыптыр» деген сөздү уккандан кийин:
— «Барып келинин көрөйүн» — деп Жаныбек хап келди.
Чечен алынын жетишинче кызмат кылып, Жаныбек-.тин келгенине кубанып, коноктоп сый көрсөттү.
Хан келинди көрүш үчүн үстүнө чакыртып алып, өз ичинен: «Мага ылайык катын экен» деп ойлоду.
— Келинге төрт суроом бар. Ушуга сен жооп бересиң — деп Карачачты хан кепке кармады.
— Эби келсе жооп берейин, сурай бериңиз, — деди Карачач.
Тулпарды уйга сатса не болот?
Атты эшекке сатса не болот?
Туйгунду каргага сатса не болот?
Башы ачык катынды нааданга сатса не болот?..
— Так ушул төрт суроомдун жообун таап койгун, эртең кабар алам,— деп Жаныбек хан аттанып кетти.
Буга Жээренче чечен капаланып калды.
— Сиз неге капа болосуз? Жообу табылар. «Хандын пейли бузулса — калкына түйшүк түшөт, ез башына бү-лүк түшөт» дептир. Хан Жаныбек арты жакшылык көр-бөс, өзүнүн жакынынан өлөр, аман жүрсөңүз, көзүңүз көрөр. Мен аңын сөзүнө жооп берем,— деди Акылка-рачач.
Хан Жаныбек эртеси эртелеп келип, сөзүнүн жообун сурады. Камыкпаган Карачач:
— Жаныбек ханым, бузулду заңың, бул кандай жо-рук, тынчыбаган жаның? — деп сөзүн дагы улантты:
— Тулпар тушунда, күлүк күнүндө: күч бербеген тулпардан сүт берген уй жакшы, чабал аттан чарчаба-ган эшек жакшы; жаш отундан шыркырап күйгөн куу отун жакшы; канаты жок туйгундан канаттуу карга жакшы... Ханым, менин тапканым ушул, сиздин укка-ныңыз ушул,— деп Акылкарачач басып кетти.
Хан Жаныбек жеңилип, үйүнө кайтты. Карачачты хан ңантсе да алууну ойлоп, каарын тө-гүп, Жээренчеге жигитин жиберди.
— Эртең менен Жээренче менин алдыма келсин: ат минбесин, жөө да келбесин, жол менен жүрбөсүн, жол-суз талаа менен да жүрбөсүн! — деп, кандайдыр адам таң каларлык катуу буйрукту берген экен. Жигит муну айтканда, чеченге убайым түшүп, келини менен кеңешти. Акылкарачач атасы Жээренчеге минтип айтты:
— Эртең эрте туруп, текени жука токуп минип, эки жолдун ортосундагы кыр менен барыңыз. Хан суроо сураса: ат же төө минген жокмун, теке минип келдим; жол менен да, талаа менен да келген жокмун, кыр менен келдим деген жоопту бериңиз, ошондо хан Жаныбек сөзгө жыгылат.
Жээренче тепейтип теке минип, эки жолдун ортосун-дагы кырга кирип, хан Жаныбөктин ордосуна барды:
— Хан, буйругуңду аткарып келдим. Ат же төө мин-геним жок, жөө келгеним да жок, теке минип келдим, адам учкаштырбай жеке минип келдим. Жол менен да, талаа менен да келгеним жок, эки жолдун ортосундагы кыр менен келдим. Ханым, каарыңа калган окшойм, азыр кайгылуу сыр, калың чыр менен келдим,— деди.
Жээренченин сөзүн токтотуи, хан мунун алдынз кырк ирик салып: «Кырк күндүн ичинде так ушул кырк ириктин бирин жоготпой, кырк козу туудуруп берерсиң» — деди.
Кыр ирикти илең-салац айдаи, өзү абдан каиа болуп, Жээренче үйүнө кайтты. Акылкарачач алдынан то-суп чыгып: —Ата, бүгүн койлуу болуп калыпсыз го,— деди.
— Ээ, балам, өлбөгөн жан курусун, каардуу ханды каргыш соксун: ушул ириктердин көзүн бурбай жана би-рин да жоготпой, бүт бойдон козулатып бер дейт. Айла барб-ы, айдап келдим,— деди Жээренче кайгылуу сүйлөп.
— Ата, капа болбонуз, бул арзан иш турбайбы... — деп, кырк күнгө чейин ириктин улам бирин союп, Акьць карачач атасына жедире берди. «Эрте өлгөн кулмун» деп чечен ириктин этин аябай жеп жата берди. Кырк күнү бүткөндөн кийин, хан салтанат менен аттанып, жооп алыш үчүн чечендин үйүнө карай женөп калды.
Хан келөр күндө Карачач отун алымыш болуп, анын жолун тосуп чыкты. Көңүлү кызып калган хан Карачачты көрөр замат бура тартып: — Келиним, өзүн. отун алып жүрүпсүң, ал эми атаң эмне кылып жатат? — деп сурады.
— Өзүм жалгыз бой болгон соң отунга келдим. Ал зми атам болсо, үйдө толгоосу күчөп, азыр эле төрөп койгону жатат — деди Карачач.
— Жаның чыккан Карачач, эркек киши да терөчү беле?! — деп хандын ачуусу келе түштү.
Хан Жаныбек өзүн-өзү байлап бергендей болуп, сөзгө жыгылып, үйүнө дагы кайгылуу кайтты. Ал кетери менен Акылкарачач ханга кайтарган жообун кайнатасына келип айтты. «Бул өлүмдөн кутулган экем» деп Жээренче аябай кубанды.
Эртеси хандын дагы бир жигити келип, минтип айтты:
— Хан буйрук кылды: «Отуз күндүн ичинде таштан тарамыш жасап, кумдан өтүк тигесиң».
— Иш кыйын... Таштан тарамыш, кумдан өтүк бол-чубу? Кулак угуп, көз көрбөгөн балакет эми басты? Көп каарына албай, мынчалык азапка салбай, колунан келип турган мен шордууну биротоло өлтүрүп тынсачы! — деп Жээренче чечен эми жанынан чындап кечти.
Анда Акылкарачач:
— Ата, сабыр кылыңыз. «Сабырдын түбү сары ал-тыи», Сабыры жок Жаныбек саманын сапырьш, өз калкын кыстап, напсин бузуп жатат. Аман болсонуз, мындан арзан кутуласыз. Мен сизге айтпадым беле:
Адамды шайтан азгырат,
Артык дөөлет мас кылат.
Тумшугу-таштай катарда,
Тууганы менен кастыгат.
Жалан, эле биз змес, жандын баарына көзү өтүп, жабыркатып бүттү. Жетим-жесирдин ыйлаган үнү же-тер, хандын да күнү бүтөр,— деп Карачач атасы Жээренчеге акыл айтты.
Жаныбек чектеген күнү бүткөнге чейин, Карачач өз оокатын кылып жүрө берди да, бир күнү башкача ки-йинип, түсүн буруп, Жаныбектин алдына барды.
— Таксыр ханым, бечаралык кыйын экен, кумдан өтүк тиктирип жаттым эле, буга таштан тарамыш табылбай койду. Балким, сиздин казнаңызда бардыр, ушуну сурап келдим,— деди.
Мурдагы буйругу эсинен чыгып кеткен Жаныбек хан:
— Сен кандай акмаксың? Жиндисиңби же соосуңбу? Кумдан етүк, таштан тарамыш болчу беле? Калжыра-бай тезинен жогол! — деди.
Акылкарачач бетине жапкан жаман жоолукту өйдө көтерүп, өз жүзүн көрсөтүп: —-Ханым, оюңузга кулдук, сиз тапшырган кум өтүк, таш тарамьцптын камында жүрдүм эле, демек, хандын буйругунан кутулган экенбиз! — деп акырын гана чыгып кетти. Жаныбек анын айтылуу Акылкарачач экенин билип, жерди караган бойдон отуруп калды.
Акылкарачач үйүнө келип, Жээренчеге бүгүнкү окуя-ны айтып берди. Карачачтын акылына атасы абдан ыраазы болду.
Ангыча хан Жаныбек буркан-шаркан түшө жетип келип, Жээренче чечендин колун байлап, Алтай тоосун-дагы кара калмакка айдап, буга кошуп Толубай сынчынын уулу Миңжашарды, Асанкайгынын уулу Төлөн-гүттү жиберди. Калмактын ханы булардын жайын бай-кап көрүп, үчөөнү үч жерге бөлүп жиберди.
Жаныбек Төлөмырзаны жан ордуна көрбөй жабыр-катып, эң эле оор ищке сальш, Карачачты алыш үчүн өз кашына көчүрүп кондурду. Бирок ошондо да Карачтын айласын таппай, ортодо бир жыл өткөрдү.
Акылкарачач жакшы сез аркылуу Жаныбектин өз иниси Бердибекти бузуп:
— Жаныбек эч адамга жакшылык кылбайт, андан көрө агаңды өлтүрүп калкыңа езүң хан бол, — деп аны кепке көндүрдү. Бул кабар астыртадан алыскы туткун-да жүргөн Жээренче чеченге угулду.
Кабарды уккандан кийин Жээренче жалпы элине табышмак кылып сүйлөп теменкүчө жооп кайтарды: «Эгиндериңер жакшы чыгып, жакшы бышты деп уктум. Орокчулар шай экен, кыштын арты кандай болот, кыш-ка калтырбай эрте оруп алгыла. Толубай, Токтогул, Асанга кабар бергиле. Сокур кара теке бар, аны сака-лынан байлап, көзүн оюп, көлгө салгыла. Болор-болбос бычагым бар, мизи курч кестигим бар, унутулуп журтта калбасын» — деп өзүнүн эски ордуна атайы киши жөнөттү. Бул сөз жеткен соң, түйүнүн чече албай, эл аң-таң калат. Акырында «Жээренче чечендин келини Акылкарачач чечер» — деп ага барышып, көпчүлүк андан жооп күтөт. Карачач табышмактуу сөздүн ар бирин
чече баштайт:
— «Айдаган аштыгыңар бышты» дегени — душманыңар болушунча болду, толушунча толду, — дегени. «Орокчуңар шай экен, кышка калтырбай оруп алгыла» дегени — мынчадык кайрат кылыпсьщар, эми кол сал-гыла, орок менен буудайды оргондой кылгыла, — деге-ни. «Кыштын арты кандай болот?» дегени — Толубай, Токтогул, Асаңга кабар бергиле; алар эл карысы: иш-тин убагы келди, жаштарга акылын айтсын, — дегени. «Сокур кара теке бар, аны сакалынан байлап, көзүн оюп, көлгө салгыла» дегени — Жаныбек ханды өлтүрүп, сакалын кыркып, көзүн чукуп өзүн көлге салгыла, — де-гени. Болор-болбос бычагы — Төлемырза; мизи курч к.естиги — мен, Акылкарачач... «Кечкөн журтта унутулуп кор болбосун» дегени — Төлөмырза кеп-кеңештен четте калып, кемчилик тартпасын, кошуп ала жүргүлө, — дегени... Калк атасы карыялар, кайраттуу эр жигиттер, кара сокурду тезинен жоготкула! — деп Акылка-рачач сөзүн аяктады.
Ошондо кепчүлүк Жаныбекти жанчкылап өлтүрүп, Алтайга айдалып кеткен Жээренче жолдошто-ру менен бүт көчүп келип, чоң той өткөрүп, кеңкесири жана тынчтыкта жашап калышкан экен.
Тырнактай чал
Байыркы заманда беш эчкиси, жалгыз кара кашка текеси бар кемпир-чал болуптур. Чал жандын кичинеси болгондуктан, эч кимге алы жетчү эмес.
Ал ар дайым кашка.текесин. токунуп, минип, эл ичинде эмне кеп бар экенин байкап кайтчу. Кемпири экөө элден алыскы дарыянын боюнда камыштан калоочу бар жаман үйдү.мекен кылып, жанын багышчу. Тырнактай чалга түлкү, турна, каргалар эң эле кас. Аларга жо-лукканда чал кемпирине жашынып, аран, кутулат. Көргөн адамдар да мунун алсыздыгын айтып, шылдың кы-лып күлүшөт.
Күндөрдүн биринде дее тырнактай чалды издеп чыкты. Чал дөөнүн келе жатканын ыраактан көрүп, кашка текесине минип, бирок аны көрмексөн болуп, кайкыйып туруп калды. Дее жакын келип салам айтты эле, алик алган жок.
— Чал, сен көөп калыпсың, неге алик албайсың? Шашпа, сага бирди көрсөтөйүн! — деди дөө ызаланып.
— Ушул жактан кара дөө кабылан кармап келмек. Келсе, ошол кабыланды минип алып, ак дөө менен бет-тешмек элөм. Ошону карап турам,— деди чал дөенү тоотмоксон болуп.
— Ээ көпкөн чал, сен айткан ак дөө менмин. Эгер урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай турсаң — чык бери!.. Кармашсаң — кармашам, чабышсаң — ча-бышам,— деди ак дөө.
Анда байкуш чал баатырсына күлүп:
— Мына кызык тамаша, мунуң ырас болду... Изде-ген жооң өзү келсе — кудайдын бергени эмеспи. Эми сен шашпа. Кабылан келсин, аны минип, алып, кан майданга анан чыгайын. Бирок агачейин чегишмек-чертиш-мектен оюн баштап, күчүбүздү сынап көрсөк кантет?— деди.
Дөө чалдын сунушуна көнүп берди. Чал бир аз ой-лонуп туруп — эгер сен капа болбосоң, азыр эмес, так ушул жерге эртең келип, жердин ичеги-карды менен мээсин чыгара тепсек... Ошондо ким жеңилсе — өмүр бою багынып берсин. Сен муну жакшылап ойлонуп көрчү,— деди.
Дөө ойлонуп туруп макул болду.
Чал кемпирине келип, дөө менен кылган убадасын айтып, кеңеш сурады.
Кемпири минтип айтты:
— Беш эчкинин бирин союп, ичеги-кардын болжогон жериңе көмбөйсүңбү да, эртең барып былч эттире теп-пейсиңби!
Чал кемпирдин айтканындай кылды. Эртеси чал ак дөө менен баягы жерден дагы жолу-гушту.
— Кезек сеники. Дөө эмессиңби, өзүң билип былчыйта тепкин — деди чал.
Деө күүлөнө чуркап келип, керилип туруй тепкенде, буту жерге тизесине чейин кирип кетти. Бирок жердин ичек-карды чыккан жок.
Кезек анан чалга жетти. Чал тепеңдеп чуркап келии, өзү көмген ичеги-карынды жерден чыгара тепти.
— Кана эми, жердин мээсин чыгара тебели — деди чал.
Дөө макул болду. Биринчи кезекти тырнактай чад алды. Ал баягыдай эле тепе-тең чуркап келип, көөмп койгон мээни тээп чыгарды. Дөөнүн кыжцры кайнап, алда кайдан чуркап келип катуу тепкенде, жер солкулдап, карагайлар качырап, далайы сынып дөөнүн өзү ке-киртегине чейин жерге кирип кетти.
— Ак дөөм, өз күчүбүздү сынашып алдык. Кийин-кисин дагы көрөрбүз. Бүгүн биздикине конок болгун, — деди чал.
Эси чыгып, шайы кеткен дөө айласыз көнүп, экөө чалдын үйүнө жөнөштү. Үйгө жакындаганда, тырнактай чал:
— Кемпир! Оо, кемпир! Конок келатат... орун жайгын, орун жайгын! — деп кыйкырды.
Дөө босогону керип-чоюп, үйгө араң кирди. Башы чамгарактан чыгып калды.
Тырнактай чал кемпирине көзүн кысты. Кемпир чал эскерткендей алачыктан чыгып:
— Чал!.. ээ, чал! Конокко кайсы эттен салайын? — деп кыйкырды.
— Кайсы эттен салмак элен, кара эчкинин этин сал, ал аз келсе, баштагы дөөнүн башын сал, ортодогу дөе-нүн төшүн сал, ал жетпесе, мында отурган дөөнүн од бейрөгүн оюп сал!
Дөө чалдын сөзүнен коркуп ордунан ыргып туруп, качып жөнедү. Тырнактай чалдын алачыгы анын мой-иуна илинген бойдон кошо кетти.
Качып баратып, дөө түлкүгө жолукту. Түлкү ырсаң-дап күлүп:
— Дөө аке, аябай коркуп алган түрүң бар. Баса, көпкөн чалдын алачыгын мойнуңа иле качышың кандай? — деп жойпуланды.
Дөө болгон окуяны айтып берди.
— Оо, аңкоо дөөм, акылыңдын жоктугун кара! Мен анын айранын тартып иччүмүн. Ал чалдын кенедей дарманы жок. Жүр, мени менен, чалды азыр эле колуңа салам, — деди түлкү.
Дөө бир топко дейре макул болбой, бирок түлкү оюна койсунбу: .
— Жүр, жүрөгүң жок бейм. Корксоң, менин куйру-гумду кармап ал, — деди.
Дөө түлкүнүн куйругунан кармап, чалды көздөй женөдү.
Тырнактай чал түлкү менен дөөнү кергөнде, каткы-рып күлүп:
— Кайран түлкүм, казна мүлкүм, качкан дөөнү кар-мап келаткан турбайбы. Бали!.. Карызыңдан кутулайын деген экенсиң. Келе бер, келе бер, ак дөөнү соёлук да, этине тоёлук, — деди.
Дөө чалдын сөзүн угуп, чын эле алдаган экен деп, түлкүнүн куйругунан толгой кармап, жергө былчыйта чаап, өзү кайра качты. Тырнактай чал түлкүнүн терисин сыйрып, өз касынан кутулганы үчүн өтө кубанды.
Коркок баатыр
Илгери Сокбай деген жигит үйдөн чыкпай, атасынын тилин укпай, даяр оокатты ичип жата берет. Эгер эигик-ке чыкса, желп эткен жел, кылт эткен куурай, чыңылдаган чымындын баарынан коркот. Анын коркоктугун шылдың кылып, эл аны коркок «баатыр» деп аташчу болду.
Акыры атасы елүп, оокаты өтпөс жагына ооп калды. Сокбай эсин жыйып: «Кой минтип жүрсөм болбойт экен, коркоктугумду коёюн, бул адатты жоёюн» — деп ойлоп, сыртка чыгып, оболу өз эрдигимди сынайын деди: ат-тын өркөчүнө үйүлгөн калың чымынды алаканы менен кагып альш, анан санап көрсө — туура жүз экен. Сок-бай бул ишин чын эле эрдик деп, эми жортуулга жөнөмөк болду. Атын токунуп минип, күн батышка карай жол жүрдү. Акыры үч айрылыш жолго келсе, жолдун так ортосунда чоң кара таш туруптур. Сокбай бир аз ойлонуп, аттан түшө калып: «Ортоңку жолго түшкеп адам өлөт» — деп ташка жазып койду да, өзү ошол жолго түшүп, андан ары жөнөдү. Сокбайдын артынан келаткан эки баатыр таштагы жазууну көрүп:
— Өлсөк өлөлү, эгер мындан корксок — биздин баа тырдыгыбыз кайсы — дешти да, ортоңку жолго түштү. Алар Сокбайга бат эле жете барып, салам айтышты. Сокбай эси чыкты, бирок аны билдирбей:
— Алейкум ассалам, жол болсун, балдар? — деди. Берки экеөнүн ачуусу келип:
— Биз бала эмеспиз, — дешти.
— «Бул жолго түшкөн өлөт» деген жазууну таштын бетинен окуган жок белеңер?.. Окусаңар — кайткыла! — деди Сокбай.
— Окудук, бирок сиз барган жерге биз да бара-быз, — дешти эки баатыр.
— Эмесе болуптур. Мен атактуу Сокбай баатыр-мын. Эми силер мага ат токур болгула.
Эки баатыр таң калып:
— Сокбай баатыр, сиз бир чапканда, канча кишинин башын ыргыта чабасыз? — деп сурашты.
— Жүз кишинин, ачуум чындап келсе, канчаны чанданыма санат жетпей калат, — деди Сокбай кайраттуу сүйлеп. Анан эки баатырга көтөрүлө карап:
— А силерчи? — деп сурады.
— Көп болсо эки-үч кишииин башынан ашпайт, — дешти беркилер жерди тиктеп.
Булар ушинтип кызык кепте баратканда, так алды-нан жоо чыгып калды.
— Баатыр, сиз баштап кирсеңиз экен, — деп берки экөө коркконунан карбаластай түштү.
— Былжырабай силер баргыла! Мен артыңардан карап турам... Мени ушул бир ууч жоого булгайсыңарбы?.. Эгер көп болсо, анда кеп башка. Качыргыла! — деп Сокбай ачууланып койду.
Эки баатыр айласыз макул болуп, жоону качырын кирди да, бат эле кыйратып кайтышты.
Үчэө дагы алга жүрүп отурушту. Бара жатып, эми аябаган көп жоого жолугушту. Эки баатыр Сокбайга карап:
— Кана эми, баатыр, сиз барыңыз, — дешти.
Сокбай макул болду. Жоого каршы качырып, бирок коркконунан чыдабай, жолдо эки көзүн жоолук менен чылк таңып алды. Жоо Сокбайдын бул кылыгын көргөн-дө, аң-таң болуп, «биз да ушинтеяи» деп көздөрүн таңып алышты. Жоону аралай чаап баратканда, Сокбайдын жоолугу түшүп калды. Караса: жоонун кезү бүт таңы-луу, бир-бирин кыя чаап кырып жатат. Аны көргөн Сок-бай карап турсунбу: кылычты кындан сууруп алып, жоо башчысынын мойнун кыя чапты да:
— Башчыңар өлдү! Бөедө кырылбагыла, жай-жайыңа тарап, тынч оокатыңарды кылгыла! — деп кыйкырды.
Муну уккан душмандар көзүн ачып, башчысынын өл-гөнүн көрүп, жарактарын таштап, Сокбайга багьшды. Сокбай жоону таратып, анан эки баатырга келип:
— Баатыр болбой калгыла! Ушуга мени бекер эле жиберипсиңер, ачуум келип, бөөдө баарын кырып коё таштадым, — деп мактанды.
Эки баатыр Сокбайдын эрдигин көрүп, ага чыны ме-нен баш ийип, өздөрүне башчы кылып алышты. Ошон-дон кийин Сокбай абдан күчөп, коркоктугу калып, бүт элге барктуу, нарктуу, атактуу баатыр болуптур дешет.
Абышка менен дөө
Илгери кедей абышка ар кимдин ишин иштеп, эптеп оокат өткөрчү экөн. Бир күнү жолдон жумуртка таап алды. Андан ары барса дөө жолукту. Абышка деөдөн аябай коркуп, бирок ошол замат амал ойлоп:
— Эң сонун болду, сени таап кел деп, кудай мага тапшырды эле, издеп жүрүп чарчадым, — деди.
— Кудай мени эмне кылат экен, биле алдыңбы? — деп сурады дөе, шаштысы кетип.
Абышка дөөнүн коркконун сезип:
— Кудай өзүнө алтын сарай салдырат экен. Ошо-нун ылайыктуу устуну жок болуп жатат. Ага сен ыла-йыктуу экенсиң, ылдам жүр, кечигип калдык, — деди.
Абышканын айтканына анчалык ишенбей, дөө муну менен сынашып көрмөк болду. Куу тобулгунун сары суу-сун чыгара кармаш үчүн убада кылышты. Дөө куураган тобулгуну бычырата кармады эле, суу чыккан жок. Кезек абышкага келип, колундагы жумуртканы тобулгу менен кошо кармаганда жумуртка жарылып, сары суу агып кетти.
Муну көргөн дөө абышкадан чындап эле коркуп:
— Айланайын абышка, ырайым кылып мени бошот, азырынча муну ала тур, — деп ат башындай алтьш берди.
Абышка алтынды алып:
— Мейли эми, дөенү издеп таппадым деп, кудайга айтып коёюн, — деди да, өз жолуна түштү.
Алдаркөсөөнүн аңгемеси
Эзелки заманда, эртеги кабарда, Жаныбек деген хаи-дын тушунда, жерге батпас, бекер жатпас бир бала чык-ты. Баланын аты — Чагатай. Ал жаш кезинен эле шум бала болуп, сезгө чебер, зөөкүрдүгү жок, колу кармоок, оозу шок өстү. Жүрүп кетсе, жел жетпеген күлүктүгү бар, айтыша келсе, сөзгө жеңдирбеген чечендиги бар, сыйкырчыдай алдаган шумдугу бар. Мүнөзү жумшак, бал тили жанды кубантып, сөзгө жубантып, айтып ынан-тып, амалын камдайт, алды-артына түшүп ар кимди ал-дайт, алган буюмун өлсө да танбайт.
Бирок Чагатай ар дайым сараң ач көз байларды, за-лим хандарды, элге зыяндан башка эч пайдасы тийбеген хандарды гана алдайт: бечара-карыптардан, элге зыянсыз момундардан жарым тыйын албайт, ал түгүл бай-лардан алганын бүт дал ошол алсыздарга үлөштүрүп жамдайт. Чагатай эр жетип, бир топ жашка келди, ада-тынча байларды маскаралап, амал менен алдап жүрө берди, аны, көргендөр күлө берди. Ээгине сакал, эрди-не мурут чыкпаган анык кесөө киши болду. Мурунку атагы Чагатай калып, эми Алдаркөсөө атыгып калды. Алдаркөсөөнүн шумдугу күндөн-күнгө артылып, далай ач көз сараңдардын жазасын берди, нечендерин жалаң сөз менен жеңди.
Бир күнү тоону көздөгөн, жакага түшпөгөн, бир бай-дын баласы базарлап келем деп, атасынан уруксат сурап барды. Атасы араңдан зорго макул болду. Атын тыңдап азыгын чыцдап, айран-кымызын байлап, кырк ирик айдап, байдын баласы базарга жөнөп калды. Ата-сы узата тушүп, баласына акыл-насаат жана базардьш жайын айтты:
— Балам, малыңа, жаныңа этиет бол! Бул элде Ал-даркөсөө деген алдамчы бар, зэгинде сакал, эрдинде му-руту жок. Ошого учурап калып, малыңдан ажырап жүрбө! — деди.
Байдын баласы малын айдап, базарга жөнөдү. Базардын мезгили өтүп, кеч кыстап калганда, бала шаарга жетти. Алдаркөсөө баланын жолунан чыкты: «Балам, кеч киргенде, кой айдап базарга барайын деген оюң бар. Жаш бала экенсиң, бүгүнкү базар тарап кетти. Ма-лыңды базарга эртең сал. Ууру бар, бөрү бар. Бүгүн ме-нин үйүмө конуп ал, айланайын!» — деди.
«Баягы атам айткан желмогуз Алдаркөсөө ушул бейм» — деп, бала конууга макул болгон жок. Тилин бала албаган соң, Алдаркөсөө чапкан бойдон үйүнө ба-рып, кеп сакалын кийди. Башына селде чалынып, боз ат минип, киймин езгөртүп, жанагы балага дагы келди. Аң-гыча күн батып, күүгүм кирди. Алдаркөсөө балага акыл айтып:
— Балам, айдаган коюң бар экен, ууру, бөрү бар, атаң кандай эчтекени байкабаган киши. Жаш баланы ушунча мал менен базарга жалгыз жибергени жакшы эмес. Балам, биздики жакын, үйге барып, малың менен конуп ал. Эртең малыңды эрте айдап барып, өзүм са-тап бөрем, — деди.
Бала макул болуп, экөөлөп койду айдап, Алдаркөсөөнүн үйүнө келди. Алдаркөсөө кырк ирикти көгөн тартып байлады. Үйүнө отуруп, бир канча теңге санап:
— Ме, муну катып койчу, бүгүн жанымда бала-чака жок, базардан кой сатып албай калдым, — деп кем-пирине берди.
— Ботом, конок куру жатпасын, базарга сатар мал турбайбы, бир коюн алып, эртең базар наркы менен теңгесин бер, — деди кемпири.
— Бай аке, бир кой альщыз, базар наркы менен теңгесин берерсиз, — деп баланын өзү да макул болду.
Алдаркөсөө турсунбу, бир коюн союп, баланы аябай коноктоду. Бай баласы уйкучу экен, тырп уйкуга кетти. Алдар түн ортосунда үйүн көчүрүп, ириктерди айдап, түн бою көчүп отуруп, белөк жерге барып конду. Бала журтта калды...
***
«Эми чык татырбас Чынарбайга барайын, Чынарбай-ды чындап жолго салайын» — деп ойлоду Алдаркөсөө.
Чык татырбас Чынарбайдын сараңдыгы буткүл элге маалим. Ал дайыма элден алыс конот. Чынарбайдын эч ким менен иши жок, малы көп, пайдасы тийбейт, пейли тар, жарым тыйыи бербей, жардыдан жалчы салып, акысын төлөбөйт. Алыстап качып, коңшу жолотпойт. Айранын аттай, кымызын төедөй көрөт.
Камданып жургөн Алдаркөсөө Чынарбайдын уйүнө келип калды. Жолго төшөгөн камышын бирден терип, жолун тазалап, дабышын билгизбей, салам айтып кирип барды. Алдаркөсее үйгө киргенде, Чынарбай койдун башын куйкалап, кемпири ичек-кардын жууп, уулу эт бузуп, келини камыр жууруп, казан асып, суу куюп, кызы кыргоолдун жүнүн жулуп жатыптыр. Алдаркөсеө кирер замат, бай куйкалаган башын катты. Байбиче жууп жат-кан ичеги-карынын алдына басты. Уулу койдун этин те-рисине орой салууга шашты. Кызы кыргоолун жымыр-ды. Келини жууруп жаткан камырын катып, отту өчүрүп, казанды чыгарып, баары тым-тырс отуруп калды. Акыры Чынарбай Алдаркөсөөгө:
— Балам, элде-журтта эмне кеп, эмне жаңылык бар? Айта отур, деди.
— Укканымды айтайынбы же көргөнүмдү айтайынбы? — деп сурады бул.
— Балам, уккан сез учурулуп кетет, көргөнүңдү айг. Алдаркөсөө минтип сүйлөдү:
— Мен ушул силер жакка келатсам, жолдо бир кара чаар жылан жатыптыр. Ошондо опколжуй түштү жүрө-гүм, аны эми калп айтып койбоюн, мына минтип салыш-тырып айтсам туура болор: ал жыландын узундугу бай-биче ката койгон ичегидей; аньГаябай туруп уруп кал-дым, урган ташымдын чоңдугу сиз ката койгон баш ме-нен тең. Дүйнөдө түрдүү укмуш көп турбайбы... ой тобо-ай, таш тийген соң, ал жылан былчыйды бейм — келиниң жууруган камырдай, буларды калп айткан болсом, сакалым кызьщыз жулуп жаткан кыргоолдун жү-нүндөй жулунуп калсын. Мен бүгүн ушуга таң калдым.
Чынарбай конокко алдатканын билип, кыжыры ке-лип, көзүн жүлжүйтүп, мурдун чүйрүйтүп сүйлөдү:
— Оой, балам, бул жерде антип айтуу туура келбейт, Чынарбай чыгым болуп, кишиге тамак бербейт. Астың-кы эрдиң менен жер шыпырган, үстүңкү зрдиң, менен көк шыпырган жинди чалыш неме көрүнөсүң. Сенин сө-зүңө Чынарбай жеңиле койбойт. Сендей желип жүргөн жесек бул үйдө көнок болбойт. Бая эле эскерткем: мени тегин киши ойлобо, Чынарбай менен ойнобоГ Сени ча-кырып келтеним жок. Конок койдон жоош, бербесем менде дооң барбы? Жат да кет! Тур, байбиче, тешөк сал, чарчадык — жатабыз, уйкуга батабыз.
Байбичеси төшөк салды, бардыгы жатып алды. Арга-сы барбы, Алдаркөсөө да уктагансып калды. Ал түгүл коңуругу ташты жарды.
Бир маалда бай айтты:
— Байбиче, тур, коңуругун уктуңбу? Конок уктап калды. Бул укташы менен бүгүн эмес, эртең да ойгон-бос. Тез туруп, этти бышыра кой. Конокко бербей, езү-бүз жеп алалы.
Байбичеси отту жагып, казанды асып, этти салып бы-шырды. Эт бышкан кезде байбиче уйку басып уктап кет-ти. Алдаркесеө байбиченин уктаганын көрүп, акырыи ордунан туруп, этти чыгарып, баштыгына салып, бекитип алды. Келиндин кепичин, баланын өтүгү менен шымын, байбиченин кейнөгүн казанга салып, баштыгын өз башына жаздап, уктамыш болуп кайрадан жатты.
Таңга жакын байбиче чочуп ойгонсо, казаны кайна-бай, биротоло дымьш калыптыр. Отту тамызьш, байын шашып ойготуп:
— Байым, бачым тур! Конок ойгонгон жок. Таңга жакын калды, этти жеп, анан укта, — деди.
Уулун, келинин, кызын кошо тургузуп, казандан этти чыгарса, эт ордуна бүтүн бойдон шым, етүк, көйнөк чыкты.
«Бул кандай жорук» деп, Чынарбай капа болуп, бай-бичесине ачууланды. Алдаркөсөөгө алдырганын билип, отту өчүрүп кайра жатышты. Чынарбай кемпирине: — «Ачка жатмак белем, кошкон майдан томуруп, куруттан салып бер», — деди.
Байбиче сандыкты ачып, май томуруп, курут кошуп аякка сала баштады. Аякка түшкен куруттун дабышын укканда, аңдып жаткан Алдаркөсөө дароо колун сунуп, аяктын устүне калпагын тосту. Калпакка толтура курут менен май салдырып, жылмая күлүп жатып алды.
Аякка түшкөн бир аз курут, майга тойбогон олпок бай: «Жарыбаган куу кемпир, көбүрөөк эле салып кел-сен, болмок», — деп ачууланды. Чынарбай каарданып, кайра төшөгүнө жатпастан, коюн көздөй чыгып кетти. Байбиче кайгырып, убайымга батты. Балдары эт же-бей, ачка жатты. Конок коңуругун дагы тартты. Чынар-бай алдатканын билип, чындап өч алуу үчүн Алдардын атын жарып елтүрмөк болот. Анын аты байдын атына окшош экен. Жалгыз айырмасы: Алдардын атынын маң-дайында кичинекей кашкасы бар. Аны байкаган Алдар «зыкьш бай алда кандай кылат» деи, күүгүм ченде Чы-нарбайдын атынын маңдайына бор еыйпап кашка кы-лып, өз атынын кашкасына көө сыйпзи карартып койгон. Алдарга келди: «Кандай уйкудан баш көтөрбөгөн шор-дуусуң? Жалгыз атыңды жакшылап карап алууга жа-рабапсың. Атың казыкка курсагын жарып, өлүп калыптыр, туруп союп ал», — деди.
Алдар эч кенебей, уйкусураган болуп, өлөр ат өлүптүр, бай, жаш сорпо ууртайт экенбиз, бала-бакырага айтып сойдуруп коюңуз, бирок байкап көрүңүз: өлгөн аг чын кашка болсо меники, сыр кашка болсо сиздики, — деп кайра жатты.
— Чынарбай коркуп жүгүрүп барып, өз атын өзү елтүрүп алганын көрдү.
Аңгыча таң атты. Чынарбай коюн кайтарганы жөнөмөк болду. Кемпири, байдын курсагы ачпасын деп, эр-тең менен чок көмөчтү отко көөмп, бышырьш койгон экен: Алдардан жашырып, бай жөнөй берерде аны ысык бойдон койнуна ката салды. Муну байкап калган Алдар, Чынарбайга такыр чык татырбайын деп, байга жакындап:
— Байым, мен эми кетем, конок кылганыңа чоң ыракмат, мындан ары көрүшөбүзбү же жокпу, кошто-шуп калалы, — деген сөз менен байды кучактап катуу кысты. Ысык көмөч этин күйгүзүп жибергенде, бай чыдай албай:
— Ит жегир-ий, ит жегирдин көмөчү! — деп көмөч-тү алыс ыргытты. Алдар байды ошондо коё берип, «ит жегенче мен жейин», — деп, аны алып жолуна түштү.
***
Күндөрдүн биринде Алдаркөсөө базарды байкап жү-рүп, бир байды таап, анын ичин аңтарып, ар кыл аңге-меге салып, сырын тартты.
— Байым, жакшы бай экенсиң, бирок бир гана кем-тигиң турат: тирүү малыңан алтын-күмүшүң арбын эмес экен. Ушул жериңен гана айып таптым. Алтын-күмүш адамдан чөп сурабайт, катып койсоң, кысылганда кы-зык пайдасы тийген, дүйнөдө эч табылбас эң сонун мал змеспи! Бай экенсиң, бирок менин байлыгымдын чейрегине тең келбейсиң. Менин да элүү төөм бар. Айран ме-нен конок үчүн жетер деген миң коюм бар. Кымыз ме-нен мингичке жарар деген үч жүз жылкым бар. Уй са-сыкты мал ойлобойм, аны урунганым жок. Алтын-күмү-шүмдү нары-бери көчкөндө алты төегө жүктөйм...
Бир аздан кийин Алдаркөсөө дагы минтип айтты:
— Сен анык чоң бай эмес экенсиң. Элүү теөң, үч жүз жылкың, мин, коюң бар имиш. Тирүү жүргөн бул мальщ жуттуку эмеспи?.. Байым, тиги сарайда байлан-ган атым бар эле, сенин атыңа минип, ошону алып келе коёюн бере турчу!
— Минип бар, атым тарпаң, камчыны кошо алгын, — деп бай атын жана камчысын берди.
Алдаркөсөө байды алдаган бойдон, ал атты үйүнө минип кетти.
Элге жакын келбеген, эч адам көрбөгөн, эч кимге тыйын бербеген, тоодон түшпөгөн Эгизбай аттуу эки бай бар эле. Биринин аты — Көчөрбай, экинчиси — Квчпөсбай, Көчөрбай малын айдап, оокатын жайлап, бүлөсү, арбын болуп, өзү билген жакка көчүп кетет. Көчпөсбай малынын көптүгүнөн, бүлөсү аздыгынан шаа-сы жетип эч көчө албайт. Мунун кабарын уккан Алдар-көсөө Көчпөсбай менен Көчөрбайды атайы издеп чык-ты. Келе жатса, жолунан бир карышкыр кезикти: «Так ушул карышкырды да алдап көрөйүн» — деп, аны кууй баштады. Карышкыр нечен кырды ашып, кара тер ба-сьш, жан талаша качып жүрөт.
Көсөө жэйрендей секирип, эликтей түйүлүп, улам жа-кындап жаза сермет:, тындырбастан кууп келет. Жедеп шайы кеткенде, карышкыр бир ийинге кире качты. Алдаркөсөө ийиндин оозун тосуп алды: «Муну тирүү кармайын» — деп кабынын оозун керип, ийиндин оозуна келтире тосуп отурду. Аңгыча бир киши жетип келип:
— Алдаркөсөө, ээн талаада эмне кылып отурасың? — деп сурады.
— Бул ийинге карышкыр камадым. Карышкыр чык-паймын дейт, мен чыгасың дейм. Асылдым да калдым, алмайынча кетпейм. Сен мснин үйүмө барып, кабар бер-гии. Зайбымдын алты айлык боюнда бар, эркек туумак эле, атын Саламат койсун. Тогуз жашка чыкканда, менин үстүмө жиберсин, балам экөөлөсөк муну бир жаңсыл кыларбыз,— деди Көсөө.
Бул сездү уккан карышкыр: «Оңдурчу эме көрүи-бейт. Мындан чыга качайын — деп, чыгуу аракетин кылганда, капка капталып, ичинде калды. Алдаркөсөө каптын оозун бекем бууп, аркасына көтөрүп жолго түш-тү. Желип отуруп, Көчпөсбайдын үйүнө жетип барды. Барса, коңшусу жок, кою көп, өзү таштай каткан, акысын бербей — жалчысы качкан, малына сан жетпес, бирок берекесиз пейли жаман бай экен. Алдаркөсеө са-бырдуу тартып, салам айтып отурду. Көчпөсбай алик алып, кеп баштады:
— Кел, коногум, жол болсун? Кайдан келдиң? Кө-төрген кабың бар, алыстан келаткан көрүнөсүң, үйүмө көптөн бери киши келген эмес. Чакыртпай келген ко-нокту жактырбайм, өзүм каалап чакырбайм. Ал эми сен абдан шаттуу, кезүң оттуу бала экенсиң. Аты-жөнүң ким, айта отур, — деди Көчпөсбай.
Алдаркөсөө калпты-чынды койгулап кирди:
— Баракелде, байым! Маанилүү экен жайың, менин атагым да дайын, кадимки Акирбаймын. Байлыкты эч кимден сурабаймын, бул кабымдын ичинде асмандан түшкөн ак кочкорум бар. Мен өзүм эмес, силердей бай-ларды ого бетер бай кылууга жүрөм. Бул кочкорумдун баасы беш жүз кой. Ошентсең, кочкорду берем, койду санап алам. Кочкорумдун касиети мындай: муну алган киши короосун таштай бекитип, коюна аралаштырып коё берет. Короодогу кою бир эле түндө төлдөп, козу асмандан да шатырап түшүп, малы сан жеткис көбөйөт.
Көчпөсбай бул кочкорду сатып алмак болду:
— Ээ, Акирбай иним, кочкоруңду мага сат, айткан беш жүз коюңду ал, мен дүйнөде жок сансыз бай болуп калайын, — деди.
Алдаркесөе ал жерде Акирбай атка конуп, кочкорум деп, каптагы карышкырды берип, беш жүз кой санатып алып, аны айдап жолуна түштү. Көчпөсбай эл жатып уйкуга кирген кезде капты короого көтөрүп кирип, оозун ачып, «ак кочкорду» коюна кошту. Өзү шашып келип төшөгүнө жата калды. Ачыгып жеткен карышкыр түн бою койду кыра берди. Көчпөсбай үн чыгарбай: «Ку-дайым койду көбөйтүп жатат» — деп ичинен тынып жа-та берди.
Таң атканда Көчпөсбай үйүнөн чыгып, караса, коч-кор эмес, карышкыр экен: «койдун баарын кырып са-лыптыр. Ал түгүл ач көз карышкыр байдын «ыйык мал» деген кочкорун жара тартып, үстүне чочоюп отуруп алыптыр. Байды керөр замат карышкыр короодон аша еекирип, капкайда качып кетти.
Бай оозун ачып аңкайып кала берди.
Эки дос
Өткөн заманда бир кедейдин катыны токойдон чыр-иык терип жүргөн жеринде толготуп, жаш теректин тү-бүнө келип эркек төрөйт. Анан баланы этегине ороп, чырпыгын аркасына көтөрүп үйүне келет. Жалгыз эч-кисин союп той берип, атын Чынарбай коюшат.
Чынарбай буту баскандан тартып эле, ар күнү баягы жаш теректин түбүне келип ойноп жүрчү экен. Бала чоңойгон сайын терек да күнүгө бир кулачтан узарып баратканын көрүп жүрдү. Ал ошентип, женөкөй терек эмес, абдан чоң чынар терек боло калганына айлана-дагы элдин баары таңданышты. Тегерегине киши коюп, күнү-түнү кайтарышып, бирок теректин сырын эч ким биле алган жок.
Бир күнү Чынарбай жолдошу менен чүке талаша кетти. Экөе кармаша баштап, Чынарбай чалкасынан жыгылды. Көзүн ачып, чынар теректин учуна караса: кырк канаттуу ак боз ат минген, ай десе — ай, күн де-се — күндей кыз чынарга келип конгонун көрдү. Чынар ылдый ийилип, анан кайра көтөрүлгөндө дагы уза-ра түштү. Кыз бир аздан кийин көздөн кайым болуп учуп кетти. Чынарбай теректин сырын эми түшүндү. Арадан үч-төрт күн өтпөй, Чынарбай Ашык досун жа-нына алып, астына ат минип, үстүнө тон кийип, кызды издеп жолго чыкты. Экөе күндөп-түндеп жол жүрүп отурду. Ээң талаа, эрме чөл, как зткен карга, кук эт-кен кузгун жок жерди басып өтүштү. Аттары ыргыйдай, ездөрү торгойдой болушту. Акыры бою бир карыш, са-калы беш карыш карыя жолукту. Балдар ызаат менен салам беришти да:
— Карыя, ушул жол кайсы жакка алып барат? — деп сурашты.
Чал алик алгандан кийин:
— Балдарым, атыңар ыргайдай, өзүңөр торгойдой болупсуңар, ыраактан келе жаткан окшойсуңар. Изде-гениңер эмне? — деди.
Чынарбай атынан түшүп, эки колун бооруна алып, башын ийип, өз сырын бүт айтып өттү. Карыя баланыя сөзүн абдан кунт коюп угуп, кайтарган жообу мындай болду:
— Балам, жаш экенсиц, тилегиң ордунан чыксын, бактың ачылсын! — деп алакан жайып бата берип, сө-зүн анан дагы улантты. — Перинин катыны асманда жер кыдырып учуп, саякат кылып жүргөндө толгоо кирип, үйүне жетүүгө чамасы келбей, чынар теректин башын-да кыз төрөп, а сенин знең так ошол чынардын түбүндө эркек төрейт. Кызын колуна алып, жерге түшүп, чынар-дын түбүндө жаткан сага үңүлө карап, маңдайыңа бел-ги салып, минтип айткан: мына бул адамзаттын баласы болсо да, кызым экөө бир убакта жана бир жерде тө-релдү. Ошондуктан, бул экөенүн өмүрү да, бактысы дз бир болсун! — деп кызын алып учуп кеткен. Сенин энен чырпыгын жонуна кетөрүп, уулуң, этегине ороп, үйүнө жөнөгөн. Кызы дайым ошол чынардын башына келип ойноочу. Ал келгенде чынар күн сайын бир кулачтан узарып турчу.
—- Карыя, эми -мен аны кайдан табам? — деп сура-ды Чынарбай.
— Балам, жолуңдун көбүн басып өтүп, азы калды. Чыдаган жигит жеңиштүү болот. Мындан ары жолуңар-да ач бөрү, кара чаар жылан чыгат, көзгө сайса көрүнгүс түнт токой жолугат. Токойдогу жырткыч айбан-дар бакырып-өкүрүп, улуп-уңшуганда кулагынар тунуп, эстен танасьщар. Ошондо артыңарга зч карабай, аты-царды мууздап, ач бөрүлөрдүн алдына сала бергиле. Жырткычтар этке карап, силерге тийбейт, аттан ажыра-дык деп кейибегиле. Тан, агарып, күндүн нуру тегүлгөн-дө жер жарылып, бөлөк бир жол көрүнет. Ошол жол менен жүрүп отурсаңар кыздын өргөөсүнүн так өзүнөн чыгасыңар; анын узун чачын белиңерге бек байла-саңар, куткарбайсыңар,— деди да, чалдын өзү замат-тын ортосунда жок боло калды. Чынарбай Ашык досу экөө чалдын айтканындай кылып узак жол жүргөидөн кийин, кыз уктап жаткан өргөөнүн так өзүнөн барып чыгышты.
Эки дос кыздын чачын белдерине беш айланта орошту. Анан кызды ойготушту. Кыз чочуп ойгонуп, берки экөөнү көргөндө асманга үч көтөрүлүп, үч жолу жерге кайра түшөт. Ошентсе да экөөнү көтөрүп уча алган жок, Акыры кыздын айласы кетип:
— Силер эмне кылып жүргөн жансыңар? Максатыңар кайсы? Издегениңер эмне? — деп ачуулаиа баш-тады.
— Мен баягы чынар теректин түбүндө төрөлгөн баламын. Атым Чынарбай, — деди бул.
Кыз уккан кабарын энесине айтты. Энеси Чынарбай-ды маңдайынан таанып, кызын берип, узатып жиберди.
Чынарбай колуктусу жана Ашык досу менен бир тоо-до тиричилик кылып турушту. Эки дос күн сайын кийик уулап, тоонун башына кетишет. Колуктусу үйдө дайым жалгыз калчу. Бир күнү эригип отуруп, анан дарыянын боюна барып, чачын жууду. Бир тал чачы сууга түшүп агып кетти. Ал суунун аягында бир хан тегирмен сал-дырган экен. Кыздын жалгыз тал чачы тегирмендин ба-расына барып оролгондо, ал токтоп калды. Хан тегир-менин карап, барага оролгон чачты көрдү. Ачуусу ке-лип, элин чогултуп:
— Тегирменди токтоткон перизаттын чачы экен, му-ну ким таап келет? — деди.
— Элдин ичинен өңү жездей, бели бөкчейгөн, көзү чекчейген бир мастен чыгып:
— Мен табамын, эмне бересиз, ханым? — деп сурады.
— Каалаганыңды ал, — деди хан.
— Каалаганым он бештеги бала, — деп кемпир айтты.
Хан буга макул болду. Мастен кемпир ылдый сүзе турган суу кайык, өйдө сүзе турган жел кайык жасатып алып, ылдый карай сүзүп, эч нерсе таппады. Анан жел кайыкты минип, суунун агынын карай каршы сүзүп, дарыянын башына барып токтоду. Кайыгын сууга бай-лап коюп, кызды өзү жөө издеди. Дечке маал кыздын үйүн таап, ыйламсырап кирип келди:
— Айланайын кызым, багар-көрер эч кимим жок. Үстумдө үйүм, астымда казаным жок анык бечарамык. Эгер боор оорусаң, силердикине кызмат кылып, күн көрсөм дейм. Ырайым кылгыла! Мени эч жакка тентит-пегиле! — деп ыйлай баштады.
Перинин кызы ары ойлонуп, бери ойлонуп, акыры кемпирди аяп, үйүнө алууга макул болду. Кийин Чы-нарбай да макул болуп: ар дайым жалгыз каласың, са-га бул бир чети эрмек, бир чети эне эмеспи, — деп оюна эч нерсе алган жок.
Мына ошентип, арадан бир топ күн өткөндө кызды кемпир сууга ээрчитип келип, чачын тарап отуруп:
— Э, кызым, менин көзүм жакшы көрбөй жатат, а сеники курч эмеспи, карачы, тиги эмне? — деп сууда байланып турган кайыкты көрсеттү. Кыз анын эмне эке-нин билбей аңтаң болуп, анан кемпирди ээрчитип кайыктын так жанына келди. Кемпир кайыкка түшүп, өйдөтөмөн сүзө баштады.
— Бул эң сонун тамаша экен. Сен да түшкүн. Суу ылдый бир аз барып, ойноп-күлүп көңүл ачалы, — деди кемпир.
Оюна эч жамандык албаган кыз өзү да кызыгып, кемпир айтар замат кайыкка секирип түштү. Анан ал эки жакты карап, жер көрүп баратып, үйдөн алыс кет-кенин байкабай калды.
Мастен кемпир кызды ханга алып келип, андан сүйүнчүсүн алды. Хан перинин кызына нике кыймак-чы болуп, малды аябай союп, той берип бүлүнүп жатты.
Бул учурда Чынарбай менен Ашык дос үйүнө келип, кызды кемпир азгырып алып кеткенин билип, суу бой-лоп издеп жөнөштү. Алар суу ылдый келип, хандын шаарына кирип, тойдун үстүнөн чыгышты. Тойго жый-налган элдин көптүгү кадим эле кумурскадай, басы-п жүрүшкө жол табылбайт. Чынарбай колуктусун али көрө алган жок. Үйдө отурган колуктусу Чынарбайдын келгенин мылтыктын үнүнөн билип, эшикке чыгып карап келейин деп кемпирден сурады. Кемпир чыгарбай кой-ду. Ошондо кыздын кыжыры кайнап, кемпирди төшкө тээп жыгып, өзү сыртка учуп чыгып, анан Чынарбай менен Ашык досуна чачынын учун карматып, кетөрү-лүп учкан бойдон алыс кетти. Эл бул окуяга аябай таң калды. Хан оозун ачып, пулун бекерге чачып кала берди. Берки үчөө учуп отуруп, өздөрүнүн үйүнө келди.
— Бетөн жерде жүргенүбүз жакшы эмес экен, душ-маныбыз көп, тууганыбыз жок турбайбы, — деди Чынарбай колуктусуна.
— Андай болсо туугандарыңа баралы, — деп колукту айтты. Ошентип үчөө жолго чыкты.
Булардын кабары кишиден кишиге, айылдан айылга угулду. «Чынарбай менен Ашык досу перинин кызын алып келатат» деген сөз өздөрүнөн мурда учуп жетти. Бул кабар Чынарбай баш ийген ханга да угулду.
— Мен ала турган перинин кызына үйлөнгөндү ага ким коюптур? — деп хан өз ичинен катуу кекенип, Чынарбайды амал менен елтүрүп, перинин кызына үйлөнүштүн аракетин кылды. Ошондо Ашык дос түш көрүп, Чынарбайга минтип айтты:
— Бүгүн мен укмуш түш көрдүм. Аны сага кийин сүйлөп берем, азырынча сенден суранарым: менден эч сөз укпай туруп, үч нерсеге макул болгун, — деди.
Чынарбай макул болду. Айылга жакындаганда, Чы-нарбайды хандын жигиттери үч ат менен алдынан то суп чыкты; алардын ээрине уу сыйпап койгон эле. Ашык дос Чынарбайга ууну көрсетүп, аттарды мууздап, ээ-рин өрттөп жиберди. Андан кийин хандын жигити Чы-нарбайга куш алып келди. Ашык дос куштун боосун өрттеп, өзүн учуруп жиберди. Дагы бир жигит уу шы-бап койгон кийимдерди алып келди. Ашык дос Чынарбайга аны да кийгизбей, өрттөп салды. Акыры алар өз үйүнө келип түштү, бирок хан үйгө да уу сыйпатып койгон. Ашык дос хандын кылыктарын Чынарбайга ай-та алган жок. Анткени, хан Чынарбай менен тууган чалыш. Ошондуктан эч ишенбейт деп ойлоду. Үчөө тец аябай чарчап келип, үйгө кирер замат уктап кетишти. Ашык ойгонуп, уукка сыйпалган уу пери кыздын бети-не тамчылап жатканын көрүп, аны ойготпостон, ууну этине сиңдирбей улам соруп, кайра түкүрүп турду. Чы-нарбай да ойгонуп кетип, Ашыктын бул ишин көргөндө:
— Сенин достугуң ушул экен да! — деп ачууланып, көңүлү таптакыр кайтып калды. Ашык дос катуу таары-нып, буга сырын ачпастан, өзүнүн үйүнө жөнедү. Бирок «Чынарбай өлдү» деген кабар Ашык достун артынан кошо жетти. Ал кайра келип:
— Сен эптеп ханцан сактанып тур! —деп пери кыз-га бекем эскертип, Чынарбайды үкөккө салып кетөрүп, алыскы ээн талаага баргандан кийин, бир аз тыныгып жана өзү ыйлап отурду.
Бул учурда Чынарбайдын колуктусу жерге жети те-мене сайып: —«Жети кат темир үй бол!» деди эле, ошол замат жети кат темир үй туруп калды. Ошентип, Чынарбайдын колуктусу Ашык достун келишин тынч гана күтө берди.
Ашык дос талаада ыйлап отурса, баягы бою бир карыш, сакалы беш карыш карыя келип:
— Э, балам, эмне ыйлап отурасың? Башыңа кандай кыйын иш түштү? — деп сурады.
— Айланайын атабай, кичинемен бирге өскөн жаи аябас досум эле. Ошол досум өлүп калды. Сизден бир айла болобу деп көтөрүп келдим,— деди Ашык дос кө-зүнүн жашын сүртүп.
— Чын тилек ордунан чыгар! — деп карыя үкөкту бир-эки аттап, таягы менен чапканда, Чынарбай, үшкү-рүп тура келди. Абышканын езү ошол замат көздөя кайым болду. Чынарбай көзүн ушалап:
— Биз мында эмне кылып жүрөбуз? — деп сурады. Болгон окуянын баарын Ашык дос эми айтып өтту.
Чынарбай иштин жайын ошондо гана билди. Экөе айылга кайтышты. Бул кезде хан иеринин кызына нике кыйдырмак болуп, бирок темир үйдү буза албай айла-ласы кетип, усталарды бүт жьшнап, үйдүн жети кат темирин егөө менен өгөтүп, араа менен кестирип жаткан экен. Эки досту көргөндө хан чочуп кетти да, езүн актап:
— Сенин катыныңдын курсагы ачты деп үйдү бузуп, тамак беришке камынып жаттым эле,— деди.
Чынарбайдын ачуусу келип, хандын башын кесип алды. Эл чогулуп, абдан ырас кылдың дешип, Чынар-байды хан көтөрүштү. Чынарбай Ашык досуна колукту тандап жүрүп үйлөнтүп, мал-мүлктү тең бөлүштү. Би-рок Ашык дос канчалык байыса да, бат зле кайра жар-ды болуп калат. Чынарбай бул ишке акылы жетпей, эң акыры эл ичиндеги эстүү-баштуу карыяларга кеңеш салды.
Көптү көргөн көсем карыя минтип айтты:
— Хан үйүңө уу сыйпап өлтүргөңдө, Ашык досуң сени жонуна көтөрүп:
— Мага малдын да, мүлктүн да, баланын да кереги жок, жалаң Чынарбай досумун гана башы аман бол-сун! — деп зар ыйлаган. Мына ошентип, жаштын тиле-ги кабыл келип, Ашык досуң мал менен мүлктү эч качан күтпөс болгон, — деди.
Ошондон кийин элде: «Дос, досуңа жаныңды кош» деген сөз калган экен.
Аксанатай менен Карасанатай
Аксанатай менен Карасанатай жолдош болуп жолоо чу жүрүштү. Квп күн өткөндөн кийин азыктары түгө-нуп, курсагы ачты. Карасанатай Аксанатайга:
— Азыгыбыз түгөндү. Ачка өлбөйлү. Сен атьвдды сойгун, ал түгөнгэндө мен соём,— деди.
Аксанатай макул болуп, атын сойду. Арадан бир топ күн өтүп, оокаттары дагы түгөндү.
— Ээ, Аксакал досум, эми дагы бир эрдик кыл, курсагым ачып елүп баратам, көзүңдү оюп берип мени тойгуз. Анан мен атымды союп, көзүмдү оюп берейин,— деди Карасанатай.
Аксанатай айласыз буга да макул болду. Карасана-тай мунун эки көзүн оюп алды да, өзүн жолдун жээ-гиндеги чоң жардан ылдый кулатып жиберип, андан ары жүрүп кетти.
Аксанатай темселеп жүрүп, жардын түбүндөгү кө-бөөлгө кирип жатты. Түн кирди. Бир убакта жолборс, илбирс, карышкыр үчөө жардын башында сүйлешүп жатканын укту. Карышкыр тамшанып:
— Ушул жакта чоң короо кой жайылып жүрөт. Койчусуна зэ бербес элем, бирок ал ээрчиткен көк дөбөт-тун азабы өттү. Түк алдырбайт. Ошол көк дөбөттүн өтү кандай ооруга болсо да дары. Ал тургай өлгөн адамды да тиргизет,— деди.
— Мына ушул жардын аягындагы дөбөдө ат ба-шындай алтын бар,-— деди жолборс. — Аны көрсөм кө-ңүлүм кетөрүлүп, күчүмө күч кошулуп калчу эле. Бир топ күндөн бери көрө элекмин.
Анан илбирс сүйлөдү:
— Силер ичтеги сырыңарды бүт айттыңар, эми мен айтайын: мына бул жардын башындагы агып жаткан булакка сокур киши бетин жууса, көзү ошол замат ачылат. Кокус көзүңөр көрбөй калса, ушул булакты эстеп койгула...
Үчеө дагы бир аз сүйлөшүп туруп, анан кеп эле сыр-даша бербейли, кокус бирөе угуп калбасын дешип, же-неп кетишти.
Аксанатай алардын сөзүн бүт укту. Ордунан туруп, булакты карай жылды. Шылдырап аккан булактын да-бышын тьщшап жүрүп отуруп, акыры булакка жетти. Суу менен бетин жууду эле, көзү ошол замат ордуна келди. Ал сүйүнгөн бойдон чуркап барып, жардын ая-гындагы дөбөдө жаткан алтынды таап алды. Аны көтөрүп койчуга барды да, алтын берип көк дөбөтүн сурап алды. Четке чыккандан кийин итти союп, етүн кургатып, чентөгүнө салды, андан ары жөнөп, акыры бир шаарга келсе — хандын кызы катуу ооруп, аны ким дарылал айыктырса, кызымды ошого берем деп, хан жар чакыр-тып жатканын укту. Аксанатай хандын үйүнө кирип, чыныдагы сууга иттин өтүн жакшылап эзип, хандын кызына бүт ичирди. Өлүм алдында жаткан кыз ошол замат куландан соо болуп тура келди. Хан Аксанатайга кызын берип, энчи бөлүп, айлына женөттү.
Бир күнү Карасанатай Аксанатайды көрүп жай сурап:
— Сен мынчалык зор бакытка кантип жеттиң? — Аксанатай өз башынан өткөнүн ойлоп, еч алмакчы болуп, Карасанатайга шек алдырбай жылмайып күлүп:
— Ээ, досум, сага ыракмат, эгер сен болбосоң, мындай бакытка жетпейт элем. Бул оңой иш эмес экен. Сен да так мага окшоп, жардын астындагы мен жаткан үң-күрге жатсаң эле болгону,— деди.
Карасанатай сүйүнүп, Аксанатай айткан үңкүргө келип жатты.
Түн киргенден кийин жолборс, илбирс, карышкыр жардын башына чогулушту.
Карышкыр кубанып:
— Баягы көк дебөт жоголуптур,— деди. Жолборс кейип:
— Менин ат башындай алтыным жок, ким алганы белгисиз,— деди.
— Мында бир сыр бар. Мунун баары кишинин га-на колунан келет. Биздин сезүбүздү астыртадан угуп алса керек. Бүгүн да биреө тыңшап турбасын... жүргү-лөчү, карап керөлү,— деп илбирс айтты.
Үчеө издей баштады. Илбирс карап жүрүп, Кара-санатайды таап алып, муну ары-бери тыткылап жеп жиберишти.
Арам ойлуу Карасанатай жырткычтарга ошентип жем болуптур. Адал ойлуу Аксанатай элге кадырлуу бойдон ушул күндө да жашап жүрөт дейт.
Асыл таш
Качандыр мындан нечен кылым мурун кыргыздын улуу тоосунун эки капчыгайын бүт ээлеген эки бай болуптур. Ал эки бай жанаша жашап, ошол эки капчыгайга толгон малы бар экен. Байлар бирин-бири жак-шы көргөн жок; ушунун малын мен ээлеп калсам деп, экөе тен. өз ичинен ойлоп жүрдү.
Бул ортодо көп жылдар өтүп, эки байдын биреөөлдү. Анын артынан зайыбы да өлдү. Алардын жалгыз уулу он эки жашка чыккан кезинде тоголок жетим калды. Жанаша турган бай ушундан пайдалангысы келнп, жетимдин малы менен мүлкүн бүт бойдон басып кал-макчы болуп, жетимге минтип айтты:
— Сен балам, менин жарык дүйнедө жалгыз досумдан калган жалгыз жетимсиң. Ал эми өзүмдүн жалгыз уулум болсо, чоң кербенчилер менен бирге алыскы са-парга кетип, ошол бойдон кайткан жок. Ал балам өлгөн окшойт. Ошондуктан сен менин уулум бол. Өз атаңдан кем бакпасмын.
Мына ушинтип, жетимди өз балам кылып алдым деп, бай бүт айлына жар чакыртты. Жетимдин малы менен мүлкүн өзүнө бүт бойдон кошуп алды. Ушуну менен бул байдын байлыгы эки эсө көбөйдү; анан бай жетимден кантип кутулуунун жолун издей баштады.
Бөлөк байдын балдары менен бирге жетим молдонун колунда окуп жүрдү. Бир жолу окуудан кайра кела-тып, жолдо буту сынып калган баканы көрдү. Бала аны колуна алып, үйүнө алып кетмекчи болду. Бир аз баса түшкөндөн кийин, алды жагында турган арабаны көрдү; ал араба баткакка тыгылып калган зкен. Бала ушул баканын бутун сындырып кеткен дал ушул араба го деп ойлоду.
Бала арабанын жанына келип, анын ээсине минтип айтты:
— Сен эмне, сокур болуп калгансыңбы? Мына бул байкуштун бутун неге сындырып кеттиң?
— Мына кызык! Баканы жактай турган киши та-былган турбайбы! Мунун сага эмне кереги бар? — деп арабанын ээси баланы катуу каарып, камчысы менен жондон ары тартып жиберди.
Бала ыйлаган жок. Баканы өзүнүн үйүнө көтерүп келип, бутун таңып тойгузуп, короонун ичинен кичине-кей чуңкур казып, ал чуңкурга суу толтуруп, бакасын ошол сууга коё берди. Андан кийин күн сайын баканы жакшылап карап, курсагын ачырган жок.
Кийин бай асыранды баласы короонун ичиндеги көлчүккө күн сайын эки маал жүгүрүп барып жүргөнүн байкап калды. Анан бул бала эмне үчүн ушинтип жүргөнүн билмекчи болду.
Дагы бир күндөрдө бала молдосуна кеткенден ки-йин, бай акырын басып барып, көлчүктө эмне бар экенин карады: бака аркы-терки сүзүп жүргөн экен.
«Бул бака мында кайдан келди? Ушуну менин асы-ранды балам алып келдиби» деп ойлоду бай.
Кечке жуук бала окуусунан келип, короонун ичин-деги көлчүкке дагы барды. Анын артынан бай кошо аңдып чыкты. Акырын гана карап турса, көлчүктен бака чыга келип, баланын берген азыгын жеп, кайра чулп этип сууга кирип кетти.
Бай буга аябай ачууланып, асыранды баласына мин-тип айтты:
— Мен сени бала кылып бактым элем; сени киши болобу деп ойлогом. Бирок сен менин ошончолук кыз-матымды барктаган жоксуң. Менин өзүмө жакшылык кылбай, мына бул жаман бакага жакшылык кылып, күн сайын эки маал тойгузуп жүргөн экенсиң. «Мал арыгын баксан. — ооз майлайт, киши арыгын баксаң — төбе кандайт» деген ушул. Сен эми менден таптакыр кеткин. Бакаңды көтөргүн да, көзүмө көрүнбей жогол!— деди бай каарданып.
Бала баканы колуна алып, башы ооган жакка кете берди. Ээн талаа — эрме чөлдө жүрүп отуруп, жолдо бир көлгө жолукту.
«Ушул көлгө баканы коё берейинчи, бул байкуш да эптеп оокат кылсын» деп ойлоп, бала баканы көлге коё берди.
Бака көлгө түшүп, бала менен коштошуп, сылыктүр-дө адамча сүйлөп минтип айтты:
— Сен мени ажалдан куткарып калдың, мен да сага ошончолук жакшылык кылышым керек. Мына бул асыл ташты алгын. Эмнени кааласаң бул таш ошол тилегиңе жеткирет.
Ушинтип айтып бака кусуп жибергенде, оозунан ки-чинекей көк-жашыл таш ыргып кетти. — Ал эми сенин мындан аркы жолуңду айтсам, мына мындай болот: көп күн жол жүргендөн кийин, жолдун эки, айрылышына кезигесиң: эгер. андагы чоң жолго түшсөң, алты ай бою тынбай басышың керек, бирок ал жол тынч жана сага зыян кылган эч нерсе болбойт; анын жанындагы тар жолго түшсөн, үч ай басасың, бирок ал жол эң эле коркунучтуу. Дал ошол тар жолдон коркпогун. Сенин колуңда көк-жашыл асыл таш бар эмеспи. Бул таш бар кезинде, сен эч нерседен кор болбойсуң.
Бала бака менен жакшылап коштошуп, анан тынбай жүрүп отуруп, бака айткан жолдун эки айрылышына барды. Ырас эле бири чоң, экинчиси тар жол экен.
Баканын айткан осуятын эске алып, бала тар жолго кирди.
Жолунан ар кыл жырткыч айбандар чыгып, баланы качырып келип, бирок эч кандай зыян кылалбастан кайра кайтып турушту. Ошентип бала узак жол жүрдү. Анан бир жерге барып, бир аз тыныкмакчы болду. Дал ошол жерден жыландын сыйрылып калган кабы-гын көрдү.
— Менин колумдагы асыл таштын күчү канчалык экеп, ушуну бир сынап көрөйүнчү,— деп бала колунда-гы көк-жашыл ташты жыландын кабыгына тийгизди.
Жылан ошол замат тирилип чыга келди. Анан ба-лага карап, минтип айтты:
— Сен мени тирилтип алдың. Дал ушул күндөы тартып мен сага түбөлүк дос болом. Менин айткан бул сөзүмдү көкүрөгүңө түйүп ал: качан мен керек болсом: кел, жыланым дейсиң; ошондо мен сага жетип келем.
Мына ошентип, жылан ез сырын балага бүт бойдон айтып берип, жолдон алыс сойлоп кетти. Бала өз жо-лун улантты.
Жолдо баратса, өлүп калган аары жатыптыр. Бала өзүнүн асыл ташы-н так ошол аарыга тийгизип, аны да тирилтип алды. Аары мурутунан бирди үзүп берип, балага минтип айтты:
— Эгер башыңа кыйын иш түшсө, менин ушул муру-тумдун учун отко күйгүзгүн, ошол замат мен сага жар-дам бериш үчүн учуп жетем.
Бала дагы көп күнү жол жүрдү. Жолдун боюнда адамдын куурап калган башы жатыптыр. Бала ага езү-лүп асыл ташын тийгизди эле, ал куу баш татынакай мырза жигит болуп тура келди.
Өзүнүн асыл ташьшын күчү аркылуу адамды да ти-рилтип алганы үчүн бала аябай кубанып, аны өз атасындай көрүп дагы жүрүп отурду.
— Сен мени кантип тирилтип алдың? — деп сурады мырза жигит, жолдо келе жатып баладан.
Бала өз сырын бүт бойдон айтып берди: баканы кандай кылып бакканын, ал бака буга көк-жашыл асыл ташты бергенин, ошол асыл таш колунда жүргөнүн айтып өттү.
Жигит да өз сырын айтып, анын сыры мындай болуп чыкты: мунун атасы аябаган чоң бай экен, муну алыс жолго кербенчилер менен кошо соода кылып келүүгө жибериптир. Жолдо каракчылар кол салып, кербенчилердин малы-мүлкүн бүт бойдон тартып алып, өздөрүн өлтүрүп, ошол бойдон кайтып кетишиптир, кербенчилердин өлүгү талаада калган экен.
Ушул сөздөрдү айткандан кийин, жигит балага өзүнүн ыраазылыгын билдирип, мындан ары бала менен түбөлүк дос болууга убадасын берди.
Экөе дагы узак жол жүрдү. Бир түнү тыныгып жат-канда, мырза жигит балага минтип айтты:
— Сен мага чыныгы дос экениңди аныктап керсөт: койнуңдагы асыл ташты менин колума бер, эртең кайра өзүңө берем.
Бала эч кандай шек алган жок, кек-жашыл ташты койнунан сууруп, жигиттин колуна кармата салды.
Анын эртесинде бала ташты кайра сурады; жигит ташты бермек түгүл, жылмайып гана күлүп койду. Бул экөө дагы узак жол жүрдү, акыры ээн талаа-эрме чөлгө жетишти. Аябай суусап, каны катып барат-канда, асманда учуп жүргөн карганы көрүштү.
— Суу жок жерде карга да жашабайт, жакын эле жерде суу болушу керек! — деп бала кубанычтуу кый-кырып жиберди.
Ырас эле бир аздан кийин терең кудукка жетип ба-рышты. Кудуктун жанында узун аркан жатыптыр,.чака жок экен. Жигит балага минтип айтты:
— Сен менден кичүү эмессиңби, жана өзүң жеңил-сиң, ошондуктан кудукка түшүп, калпагыңа трлтура суу сузуп чыккын; мен сени белиңен арканга байлап түшү-рүп жиберип, кайра тартып алам.
— Менин калпагымдагы суу экеөбүзге жетеби? — деп сурады бала.
— Жетет, андан кеп суунун кереги да жок, — деп жигит бырс күлүп койду.
Бала оюна эч жамандык алган жок, ошол замат ма-кул болуп, кудукка түшүп кетти. Анын калпакка толту-руп алып чыккан суусун жигит ала коюп, арканды коё берди: бала чулп этип кайра кудукка түштү.
Жигит кудуктан узап кеткенден кийин, бул жерге кербенчилер келди. Кербенчилер да суусаган экен. Ку-дукка чаканы салып суу алмакчы болгондо, кудуктун түбүндө жаткан баланы көрүп калышты. «Бул кандай бала?» — деп кербенчилер аң-таң болуп турган кезде, алардын башчысы минтип айтты:
— Бул баланы кудуктан алып чыккыла. Буга ким-дир бирөө кастык кылып, кудукка таштап кеткен окшойт.
Баланы ошол замат кудуктан чыгарып алышты. Та-мак берип, көңүлүн ачып, баланы бардыгы тең жакты-рышып, анан жүктүү төөгө мингизип өздөрү менен кошо алып кетишти.
Көп күндөн кийин кербенчилер чон, шаарга жетишти. Кербенчилер өз соодасын кылып жүргөн кезде, бала шаардын ичин көрүп чыкмакчы болуп кыдырып жүрүп, адашып кетти. Кербенчилер ошол бойдон аны таппай калып, ез жерине кайра кайтышып, бала чоң шаарда тентип жалгыз калды.
Баланын курсагы ачып, кайда барарын билбей, кө-чөнүн боюндагы теректин түбүндө алсырап турган кез-де, анын бет алдынан аргымак атка минген, сонун кийин-ген, мурутун чыйраткан мырза жигит атын шыпылдата бастырып өтүп баратты. Бала жакшылап карай салса, ал жигит баягы досу экен, аны бул тирилтип алган.
Бала сүйүнген бойдон ага жүгүрүп барып, салам айтты. Жигит атына камчы уруп чү деген бойдон кетти.
Бала эч нерсени билген жок, так ошол турган жерин-де катып калды. Кудуктун түбүнө таштап кеткен, анын үстүнө мунун колундагы асыл ташты алып кеткен жигит ушул экени баланын оюна келген да жок. Ал эми жигит болсо, асыл ташты алып, анан ушул шаарга кел-ген; ташты ханга берип, хан муну жакшы көрүп, өзүнүн вазири кылып алган.
Жанагы жерде атына камчы басып, чапкан бойдон кеткен жигит кайра өзүнүн ханына келип, ханга минтип айтты:
— Биздин шаарда балакеттүү бала пайда болду. Аны сиз кандай да болсо жоготушуңуз керек. Ал бала-дан эч кандай жакшылык чыкпайт.
Хан ойлонуп калды. Анан баланы зындандын түбүнө таштагыла деп буйрук берди; зындан шаардын четинде эле.
Хандын буйругу ошол эле замат орундалды.
Мына ошентип бала зындандын түбүне жатып калды. Эми жыландын айткан кебин эсине салып, аны кай-талап сүйлөдү. Бир аздан кийин жылан соймоңдоп ке-лип, баладан эмне үчүн чакырганын сурады.
— Мен мында зындандын түбүнө түшүп калдым. Ушудан куткарбайсыңбы, — деп сурады бала.
— Бир кезде мени сен өлгөн жеримден тирилтип ал-бадыц беле, — деп жылан жооп берди. — Эми мен да сага жардам кылышым керек. Хандын кызы катуу ооруп жатканын уккандырсың. Менин айткан дубамды эсиңе тутуп койгун. Ошол дуба менен сен хандын кызын айыктырасың. Ал кызды сенден бөлөк эч ким айыктыра албайт. Анын үстүнө мен азыр барып ал кызды чагып алам. Ошону менен ал кыз өлмөк болот. Так ошондо се-нин пайдаң тиет. «Бул кызды мен айыктырам!» — деп так ушул зындандын ичинде кыйкыра бергин. Ошондо сени мындан чыгарып алып, хандын кызын көрсөтүшөт. Бул сөздү айткандан кийин, жылан балага езүнүн дубасын үйрөтүп, зындандан чыгып кетти.
Жылан хандын ордосуна сойлоп кирди. Төшөктө ооруп жаткан кызды чагып алып, ого бетер катуу оорут-ту, Хандын кызы эми елгүдей онтой баштады. Эл туш-туштан чуркап келип, хандын кызы өлүү жагына ооп калганын байкап, аны сактап калыш үчүн дарыгерлерди издей башташты. Дарыгерлер көп келип, ар кимиси өз билген аракетин кылды, ал эми хандын кызы уламдан-улам оор онтоп, өлүүгө жакындап калды.
Ошондо хандын айласы кетип, өзүнүн элин карап минтип кыйкырды:
— Менин кызымды ким айыктырчу болсо, ошол ки-шиге дал ушул ооруп жаткан кызымды сөзсүз берем!... — деди хан.
Бул кабар элдин баарына угулду, ошонун ичинде мындай кабарды койчу да укту; ал өзүнүн коюн зындан-дын жанынан жайып өтүп баратып, хандын кызын айык-тыра ала турган киши табылар бекен деп ойлоду. Ошентип кетип бара жатканда, зындандын ичинеи чыккан үндү укту. Зындандагы бала: «Хандын кызын мен айыктырам!» — деп кыйкырып жатат. Койчу токтой калды. Зынданга аркан салып, баланы сыртка чыгарып алды да:
— Сен аны айыктыра аларың чынбы? — деп сурады. Бала айыктыра турганын айтты.
Анан койчу баланы хандын ордосуна алып барды.
— Сен менин кызымды айыктыра аласыңбы? — деи сурады хан баладан.
— Айыктыра алам, — деди бала.
— Эгер айыктырчу болсоң, мен сага так ушул кызьшды берем, — деп хан баланы ооруп жаткан кыздын үстүнө алып кирди.
Бала өлгөнү жаткан кызды көрүп, ага жыландын үйрөткен дубасын окуду; ошол замат кыз тешектөн баш көтөрүп, айыгып чыга келди.
Хан аябай кубанып, баланы мончого гүшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмегө жаткырып койду.
Бул кабар хандын вазири болуп алган жигитке жет-ти. Ал ханга келип, даттанган түрдө минтип айтты:
— Таксыр ханым, сиз өзүңүздүн кызыңызды мына ушунтип тентип келген балага бересизби? Бул бала дайыны жок кайырчынын бири эмеспи?
— Мен өзүмдүн кызымды ким айыктырса, ошого бермек эмес белем. Бул убадам элдин баарына белги-лүү. Ушул бала айыктырды, эми ушуга беришим керек, — деп хан терең күрсүнүп койду.
— Мунун айласын дагы эле болсо табабыз, — деди жигит. — Ошондой айланы тапкандан кийин, сиз өз кызыңызды өзүңүз каалаган бөлөк кишиге бересиз. Ал эми меннн оюм мындай: бул шаардан сиздин кызыңыз-га окшогон үч кыз таап, анан төрт кыздын үстүнө чүм-бөт жаап, төртеен төрт арабага отургузуп коюңуз. Ара-балар да, кыздардын үстүнө жабылган чүмбеттер да бирине-бири окшош болсун, ал түгүл чегилген аттар да окшош болсун. Мына ошондо жанагы балакеттүү бала төрт арабанын ичинен сиздин кызыңызды таап алсын, эгер таба албай калса, сиздин убадаңыз кайра кайт-кан болот да, кызыңызды өз каалаган кишиңизге бересиз.
Мытайым вазирдин бул ою ханга өтө жагып, ошол замат макул болуп, эмесе ушундай болсун деп айтты.
Булардын минтип ойлогон ою балага жетип, ал өзү-нүн досторун чакырды. Оболу аарыны эстеп, анын берген кылын отко жакты.
Аары учуп келди, бала ага өзүнүн ал-абалын айтты.
Аары көпкө чейин ойлонуп туруп, анан балага мин-тип жооп берди:
— Кыздарды арабага түшүрүп, көчөгө алып чыккан-дан кийин, мени байкап тургун: мен хандын кызынын үстүнөн учам, ошондо ызылдап, сага үн берем. Сен түп-түз басып келип, хандын кызынын арабасын токтот. Ошону менен хандын кызы сеники болот.
Мына ошеитип, көчегө төрт араба чыкты. Баланы жаңылтыш үчүн бир арабаны дагы кошушту. Кыздар-ды арабага түшүрүп, үстүнө чүмбөт жаап, орто ченде хандын кызын жөнөтүштү. Аары ызылдап так ортоңку арабанын үстүндө учуп бара жатты. Бала токтолбостон жүгүрүп барып, ортоңку арабаны кармап, арабанын үстүнө сскирип түшүп, кыздар менен бирге жол жүрүп, анан хандын ордосуна барып токтоду.
— Тагдыр ушул экен, — деди хан. — Менин кызым-ды ушул балага буйруптур, бөлөк эч айла жок.
Ошону менен хан балага атайын жаңы үй тиктирип, аны ошондо кийрип койду.
Ошол эле күнү кечке жуук баланын үстүнө мытайым вазир келип кирди. Ал кирер замат баланын астында ыйлап-сыктап, жалынып-жалбарып жатканын сыртта-гы сакчылар угуп турду. Сакчылар аны ханга айтып барышты. Хан вазирди өзүнө чакырып алды.
— Сен менин күйөө балама змне деп жалындың? — деп сурады хан.
— Сиздин күйөө балаңыз мен сизге берген асыл таш «меники» деп чатак чыгарып жатат, ошол себептүү аны менен айтыша кеттим, — деп вазир жооп берди.
— Эмесе аны.менен өзүм сүйлөшүп көрөйүнчү, — деп хан баланы өзүнүн үстүнө чакыртты.
Бала келип, хандын алдында бардыгын айтып еттү: баканы аман алып калганын, ал бака кек-жашыл ки-чинекей асыл ташты бергенин, ошол таштын күчү менен капкачан өлүп, куураган башы калган жигитти тирил-тип алганын, анан ошол тирилген жигит бул балаыы кудуктун түбүнө таштап кеткенин, андан кийин дагы эмнелер болгонун калтырбастан бүт бойдон баяндап өттү.
Бул сөздөрдү айтып бүткөнден кийин, вазир чыдап тура албай:
— Мунун баары калп! Бул бала жеткен мыта-йым! — деп кыйкырды.
Ошондо хан асыл ташты койнунан сууруп чыгып, вазирге: «сеемейүңдү ушул ташка тийгиз» деп буйрук кылды.
Вазир сөемейүн ташка тийгизгенде, анын сөөмөйү капкара көмүр болуп калды.
— Эми сен тийгиз, бала, — деди хан, балага карап. — Эгер сенин колуң кемүр болуп күйүп кетпесе, анда бул таш сеники. Ошондо мына бул визирдин колу да кайра өз калыбына келет.
Бала колун ташка тийгизер замат, вазирдин капкара кемүр болуп калган сеөмейү кайра өз калыбьша келди: ал эми баланын колу болсо өзүнүн мурдагы эле калыбында турду. Ошондо хан вазирдин калп айтканын түшүнүп, аны зындандын тубүнө салдырып койду. Ба-лага өзүнүн кызын берди.
Асан жана Үсөн
Өткөн заманда Асан жана Үсөн деген эки баласы бар Сулуучач аттуу аял күйөөсү өлүп, жесир калды. Мунун өтө сулуулугуна кызыгып, эми хан алмак болду. Бирок Сулуучач тийбей койду. Хан каарданып, Сулуу-чачтын мал-мүлкүн, үй-жайын бүт тартып алды. Жесир аял жана жетим балдар эч немеси жок, итке минип калышты. Сулуучач кепенин түбүндө балдары менен ыйлап отурса, кандайдыр бир чаар тоок чуркап келип, көп жумуртка тууп жиберди. Мына ошондон тарта булар күн сайын тууган чаар тооктун жумурткасы менен оокат кылышты.
— Мен аларга жээр тамак, ичээр суу койгон жок элем, эми кантип оокат кылып жатышканын көрүп ке-лейин, — деп хан Сулуучачтын үйүне келип, короодо жүргөн чаар тоокту көрүп ачууланып:
Мына бул тоокту мага союп бергиле, — деп буйрук кыла сүйлөп, езү уктап жатып алды.
Сулуучач көзүнүн жашын көл кылып өтүнсө, хан макул болбой койду. Акыры айласыздан тоокту союп, казанга бышыра баштаган кезде, Асан менен Үсөн ке-лип тамак сурап калышты. Сулуучач Асанга тооктун жүрөгүн, кичүүсү Үсөнгө боорун чыгарып берди. Хан ойгонгондо, тооктун этин бүт бойдон анын алдьша кой-ду. Хан этти ары карап, бери карап:
— Жүрөгү менен боору кайда? Тезинен таап кел! — деди.
Аял жүрөк менен боорду балдарына бергенин айтты.
— Менден буйруксуз эмне үчүн бересиң? — деп хан Сулуучачты ура кетти. Дал ошондо кепени жандап өтүп бараткан касапчы кайрылып токтой калды:
— Ханым, аялды уруп эмне кыласың? Балдарынан таптырып албайсызбы!—деди.
— Эмесе балдардын жүрөгү менен боорун алып бересиң! — деп хан касапчыга буюрду.
— Балдарымды жебей, мени же! — деп Сулуучач өкүрүп-өксүп ыйлап жатты. Өлтүрүш үчүн касапчы чет-ке жетелеген эки бала катуу чьщырып:
— Жакшылыгьщды унутпайлы, касапчы аке, биздин убалыбызга калбаңыз! — дешти.
Асмандан бир кара куш учуп баратып:
— Ой, касапчы, балдардын жазасы жок, ханга те-делип, балдардын убалына калба, каны мойнуңа кетет, коё бергин! — деди.
Бул сөздөн коркуп, эсине келген касапчы балдардын киймин чечтирип алып, өздөрүн коё берди; ордуна эки мышыкты союп, жүрөгү менен боорун бышырып, эки баланын киймин канга боёп, ханга алып келип берди. Хан жүрөк менен боорду жеп, үч күндөн кийин жинди болуп өлдү.
Асан менен Үсөн касапчыдан кутулар замат жыла-ңач, жылаңайлак бойдон туш келген тарапка качып жөыөшкөн. Күнү-түнү жол жүрүштү. Курсактары ачты, эриндери кеберсиди. Бир күнү жолдо кудукка туш ке-лишти. Кудук терең экен, суу алып ичүүгө булардын эки көзү төрт болду. Ары ойлоп, бери ойлоп туруп, камыштан жип эшти да, Асан кичүүсү Үсөндү белинен байлап кудукка түшүрдү. Суусап каны каткан Үсөн кудуктагы сууну жута эле берди. Курсагы тарсайып чыкканын да эч сезген жок. Сууну ете көп ичкен себептүү денеси оор болуп, Асан кайра тартканда камыш жип үзүлүп кетти. Асандын айласы канча: безеленип ыйлап, акыры чарчаганда кудуктун жанындагы теректин түбүнө уктап калды...
Ошол кудукка жакын бир шаардын ханы өлүп, анын ордуна мурасчысы жок болгондуктан ар ким «мен хан болом» деп чоң чатак чыккан экен. Эң акырында элдин баары: «Хандын кушун учуралы, кимге консо, ошол хан болсун» дешип кушту учурушту. Куш асман менен айланып отуруп, баягы Асан уктаган теректин башына келип конду. Артынан эл келип караса, теректин түбүн-дө бир бала уктап жатыптыр.
— Бала жаш экен! — дешти кай бирөөлөр. Бирок көпчүлүк бүт чуулдап:
— Мейли, ,жаш болсо да биздин эмки хан ушул! — дешип баланы ойготушту.
Асан өзүн тегеректеп турган элди көргөндө: «Мени кармаганы издеп чыккан эл экен» деп аябай коркуп ыйлап жиберди. Эл баланы кийинтип, хандын такты-сына отургузду. Ошентип ал хан болуп, кудуктун тү-бүндө калган инисин эсинен чыгарып салды.
Эми сөз Үсөн жөнүндө болсун... Үсөн кудуктун тү-бүндө тац атканча жатты. Күн шашке ченде бир абыш-ка чака менен атын сугарып, анын түбүндөгү баланы керүп, аркан салып чыгарып алды. Этине кир жугузбай, өзүн тил тийгизбей багып калды. Абышка-кемпир Үсөн-дүн түкүргөн түкүрүгү күмүш экенин көргөндөн тарта аны улам жыйнап, базарга сата берип, акыры байып кетишти... Күндө кечинде шаардын ичинен кыйкырык-чуу, каткырык-күлкү чыгат. Үсөн аны дайыма угуп жүрдү. ' Бир жолу абышкадан:
— Ата, бул эмне чуу? — деп сурады. Атасы сыр жашырып:
— Ким билсин, балам, — деп койду. Эртеси энесинен сурады.
— Аны сен сурабасаң, мен айтпасам болот эле. Би-рок сурап калдьщ, балам... эми айтпаска эч айла жок,— деди энеси.— Бул шаарда Мыскал аттуу кумар-чы кыз бар. Аны менен кумар ойногондор езүн кошо уттуруп жиберет. Балам, сен балалык кылып, ага жо-лой көрбе, кумардан жаман эч нерсе жок.
Муну уккандан кийин Үсөн ата-энесине сыр айтпас-тан, алар уктар замат үйдөн чыгып, Мыскалга барып, кумар ойноп жүрдү. Мыскалдын бардык дүнүйөсүн утуп алды; ойной турган эч нерсеси калбаган соң, Үсөндү ал амал менен утмак болду да, атайы конокко чакырып, аракка аябай мас кылып, жеген тамагын бүт кустурду. Эң акырында Үсөндүн оозундагы баягы чаар тооктун боору ыргып кетти. Ошол боордун керемети менен Үсөн күмүш түкүрүп, Мыскалды дайым утуп жүрүптүр. Мыс-кал боорду ала коюп, сууга чайкап жутуп жиберди. Үсен эс алгандан кийин экөө кайра ойноду. Азыр Мыскал ута баштады. Үсөн уттура баштап, баягы утканда-рына кошуп атасынын малы-мүлкүн бүт уттурду. Абыш-канын үйүндө көзгө көрүнөр же колго илинер эч нерсе калган жок.
«Эми мында жүрүшүм болбойт, эне-атамдын жүзүн кантип көрөм» деп ойлоп, Үсен шаардан чыгып кетти. Жолдо кызыл чеке болуп мушташып жаткан үч жигит-ке жолукту да, салам айтты:
— Талашыңар эмне? — деп сурады.
— Биз үчөөбүз бир тууганбыз. Атам өлгендө андан үч нерсе калган: бир таяк, бир дасторкон, бир сабаа. Булардын ар биринин керемети бар. Эгер «Уч, таягым, уч!» десең — самаган жериңе жетесиң да каалаган ишиң орундалат. Эгер сабаага: «Тол сабаа!» десең — коюу айран же бал кымыз ошол замат толот. Ал эми дасторконго «Тол, дасторкон, тол!» десең — дүйүм та-мактын баары толот да калат. Биздин ар бирибиз таякты алгыбыз келет. Бизге калыс болуп берсең кан-тет? — дешти берки үчөө.
Үсөн ары басып, бери басып ойлонуп туруп айтты:
— Жакшы болот, калыстык кылып берейин. Үчеөң жарышкыла: ким чыкса таяк ошонуку, калганыңар дас-торкон менен сабааны алгыла.
Үчөө жарышканы кеткенде, Үсөн таякты алды да: «Уч, таягым, уч Айланам көл, ортосунда, арал болсун... Мыскал кыз жанымда отурсун, айтканым азыр орун-далсын» — деп айтар замат бардыгы даяр болду. Мыс-кал кыз жанында отурду.
Үсөн Мыскалды мас кылып, ичкен-жегенин бүт кус-туруп, баягы боорду кайра өзү жутуп алды. Анан Мыс-кал экөе кумар ойноду. Бул сапарда Мыскалды таптэ-кыр утуп, итке мингизди. Мыскал эмне кыларын билбей, акыры Үсөнгө дагы арак-шарап берди. Бирок Үсои куспай койду. Үсөн мас болуп уктагандан кийин: «Уч, таягым, уч!» — деди да, кыз өз шаарына учуп кетти.
Үсөн ойгонор замат иштин жөнүн түшүнүп: «Кумар ойноо эң жаман экенин энем туура айтыптыр, эми эч ойнобойм» деп, ичинен убада кылып, дагы жолго түштү. Аябай чарчап, жол боюндагы топ теректин түбүндө эс алып жатты. Бир маалда Үсөндүн жанындагы терек-терге конгон көгүчкөндер:
— Ушул жерде эч ким жок окшойт. Өзүбүзчө сыр-дашып алалы,— деп сөзгө киришти.
— Мен конуп отурган теректин түбүндө кызыл ал-ма бар, аны жыттаган адамдын өңү кызыл болот,—деди кызыл-ала көгүчкөн.
Анда ак-ала моюн көгүчкөн:
— Мен конгондун түбүнде ак алма бар, аны жыт-таган кишинин жүзү ак болот,— деди.
— Мен отургандын түбүндө,— деди көк-ала моюн көгүчкөн,— кек алма бар, аны жыттаган аял тырышкан кек бет кемпир болот.
Көгүчкөндөрдүн сырын Үсөн бүт угуп алды да, алар учуп кеткенДен кийин баягылар айткан теректин түбүн-дөгү алмаларды бүт жыйнап, анан Мыскалдын шаары-на келди. Үсөн шаардагы кишилерге ак алма жытта-тып — ак, кызыл алма жыттатып — кызыл жүздүү кы-лып, далайын жашартты. Бул кабарды угуп, алма жытташ үчүп Мыскал да келди. Үсөн ага кек алманы жыттатып, бырышкан-тырышкан көк кемпир кылып салды.
Мыскал Үсөнгөн жалынып-жалбарып:
— Таягыңды берейин, агаңды кошо таап берейин, кумар ойнобоюн, кайра жашарт,— деди.
Үсөн макул болуп, таягын алып, Мыскалга эми кызыл алма жыттатып, мурункудан да сулуу кыз кылды. Анан таяктын жардамы менен агасын таап, экөө тең кубанычка батып, кыса кучакташып көрүштү. Мыскал-ды Асанга алып берди. Кайра элине келип, Сулуучач энесин таап, Үсөндү багып алган абышка-кемпир бар-дыгы баш кошуп, жыргап-куунап жатып калышты... Ошондон тартып: «Кумар ойносон, курудуң» деген сөз калыптыр.
Булардын кайсынысы чоң
Алабаш деген чалдын жалгыз карала өгүзү болуп-тур. Өгүздү дайыма езү бакчу. Күндөрдүн биринде Ала-баш узак жолго камынып, улуу баласына: — Сен өгүз-гө убактысы менен жем-чөп бергин дептир.
Кичүү баласына: — А сен убактысы менен жетелеп барып сугарып тургун,— дейт да, өзү жүрүп кетет.
Алабаштын улуу баласы өгүздүн оозун тындырбай чөп берип турду. Арадан бир жума еттү. Сегизинчи кү-нү өгүз такыр чөп жебей калды.
— Буга эмне болду?.. Ылаңдап калдыбы? Сен бир-деме билчү белең? — деп сурады агасы инисинен.
— Жок, муну атам гана билет.
Эки бир тууган жолдун боюнда өткөн-кеткенден өгүз канткенде чеп жей турганын сурай беришти. Күүгүм кире бир абышка етүп:
— Өгүзүңөр чөп жебесе — суусап калганы ошол; эр-тең Ала-Көлгө жетелеп барып сугаргыла,— деди.
Атасынын тапшырган ишин аткарбаган кичүүсү ошондо гана эстеди. Көрсе, өгүз бир жумага чейин суу ичпептир.
Эртеси өгүздү Ала-Көлгө алып барып сугарды зле, ал көлдү бүт ичип койду. Көл таза соолуп калды. Бала бул укмушту агасына айтмак болуп, өгүздү ошол жерде таштады да, өзү үйгө жүгүрдү.
Соолгон келдүн ордунда калган балык өгүздү шак жутуп алды. Ал таноосун дердеңдетип, оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Балыктын ичинен чыккан суу дарыядай ташкындап акты...
Ал аккан суу асканын түбүнде уктап жаткан абышканын бетине куюлганда, чал чочуп ойгонуп: «Күн азыр ачык эмес беле» деп күндү караса, көзүнө эмне-дир түшүп кеткен сыяктанды. Абышка үйүнө келип, көзүн кызына каратты. Кызы ары карап, бери карап, кө-зүнүн кычыгынан бир нерсени альш ыргытты. Көрсө, көлдү бүт жуткан егүздүн далысы экен.
Арадан бир нече күн өткөнде кербенчилер: «Ушул жер түз жер экен» дешип, кыз ыргыткан далынын үс-түнө жатып калышты. Таң аппак атты. Кербенчилер ойгонуп, кайдадыр жылып баратканын сезишти. Ка-рашса кызыл түлкү бир нерсенин четинен тиштеп сүйрөп баратат. Кербенчилердин бири мылтыгын алып, түлкүнү атып жибергенде, түлкү жыгылып калды.
Кырк кербенчи кырк жагынан түлкүнүн терисин сыйрышты. Бул ишти күн чыга баштап, күн бата бир капталын зорго сыйрып бүтүштү. Экинчи капталын сыйрыш үчүн аны оодара албай коюшту.
Аңгыча жолоочу катын жетип келди да:
— Соогат! Ушул түлкүңөрдүн бир капталын мага бергиле, мен сыйырып алайын. Жаңы терөлген балам бар, ошого тумак чыгар,— деди.
Аябай чарчап, муну эми оодара албасына көзү жет-кен кербенчилер:
— Ала коюңуз,— дешти.
Катын ат үстүнөн туруп түлкүнү эңип алды да, бастырып кетти.
Кана, балдар, ойлонуп көргүлөчү: өгүз, кел, балык, бүркүт, чал, түлкү, катын жана жаңы төрөлгөн баланын кайсынысы чоң?
Кулдун уулу жана Зымырык куш
Өткөн заманда бир хандын Зымырык кушу бар экен. Зымырык куш дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын күн сайын эртең менен айтып турчу. Күндөрдүн бирин-де Зымырык куш дайынсыз жоголуп кетти. Хан аябай капаланып, жигиттерин туш-тушка чаптырып, эч таи-тыра албаган соң; элин бүт жыйып:
— Кимде ким Зымырык кушту тапса, мен ага хан-дыгымдын жарымын берем,— деп издөөчү кишилердин ар бирине арыбас аргымак, жоорубас жорго мингизди. Бул кабарды кулдун баласы Бекжал да угуп, колуна таяк алып, мылтыгын жонуна асып, Зьшырык кушту издеп, жөө жөнөдү.
Эми сөз Бекжал жөнүндө болсун. Бекжал күнү-түнү жол жүрүп, арыдым-ачтым дебей баратты. Бир күнү бет алдынан алты аркар жарышып чыкты. Бекжал мыл-тыгын камдап, атмакчы болуп сунганда:
— Бизди атпа, биз аркар эмес, адамбыз,—деп алар кыйкырып жиберишти.
Бекжал аң-таң калып, сунган мылтыгын кайра тар-тып алды.
— Силер эмне үчүн аркар болуп калдыңар? — деп сурады.
Аркарлар болгон ишти айтышты: — Биз да ушул жолдо жолоочулап баратканбыз. Мындан ары жүрүп отурсаң, он эки канат ак үйгө туш келесиң. Үйдүн ичине кирсең — эч ким жок. Дасторкон жайылып, анда нечен түркүн тамак-аш жайнап турат. Үйгө кирбе, тамактан жебе, эгер жесең, бизге окшоп айбан болуп кетесиң...
Бекжал аркарлардын сөзүн уккан соң, өз ичинен «бара көрөм» деп ойлоп, жолун улантты. Ырас эле чоң ак үйдү керүп, ага атайы барып кирди. Үйдүн ичинде кыбыраган жан жок. Төрдө дасторкон жайылып, ар кыл тамак-аш жайнап турат. Бекжал ары карап, бери карап! «Эмнеси болсо да курсагымды тойгузуп алайын» деп шырдакка отура калды. Аңгыча бурчтан бир кем-пир чыга келип, жерден топурак алып, Бекжалдын бетине чачып жибергенде, ошол замат бул тоо теке бо-луп, тили байланды. Анан үйдөн чыгып, темтеңдеп ба-сып, ак сарайга кез келди да, дарбазанын түбүндө турду. Ак сарайдан сулуу кыз чыга калып, тоо текени көргөндө: «Бул айбан эмес, киши окшойт, баягы менин шум энемдин кылганы» деди да, жерден топурак алып, тоо текенин бетине чачып жиберди. Бекжал өз калы-бына келе түштү, кыз үйүнө кийирип, конок кылды.
Азаптуу жолдо арып-азып неге жүрөсүң? — деп сурады кыз, Бекжал жок издеп жүргөнүн айтып:
— Ошол куштун дайнын билсеңиз, жардам кылса-ңыз кантет? — деди.
Мен Зымырык куштун кайда экенин билем — деди кыз. Бирок ага жетиш үчүн башты канжыгага байлаш керек. Мындан ары жалгыз аяк жол кетет. Ошол жол менен жүрүп отурса, асман тиреген чынар терекке же-тет. Ал чынардын башында алпкаракуш уя салып, балапан чыгарат. Аны жыл сайын жалгыз көздүү ажыдаар жеп коёт. Ошол ажыдаарды өлтүрсөң, андан ары ашуу бар, аны жүз жылда ашып өтөсүң, анан чытырман токой бар, токойдон токсон жылда өтөсүң, андан ары деңиз бар, аны сексен жылда сүзүп өтөсүң... ага жеткенче өзүң да өлөсүң.
— Эмнеси болсо да бара керөм,— деп Бекжал кыз-дын каршылык кылганына эч көнгөн жок. Ошондо кызга өзү жагып да калды.
— Эмесе мындай кылгын,— деди кыз,— мьшдан ары жүрүп, чынар терекке жеткенде, анын түбүнөн ороо ка-зып, үстүн куурай менен жаап, ичине кирип жатып ал. Үч күндөн кийин ажыдаар келип, чынардын башына чыгат. Сен аны как башка атып өлтүр, ансыз езүң ма-йып болосуң. Эртеси эртең менен алпкаракуш келет. Сенин жакшылыгыңды көрүп, ойлогон оюңа жеткирет.
Бекжал кыз менен коштошуп, анын куржунга салып берген тамак-ашын көтерүп жолго чыкты. Бир нече күнден кийин чынар терекке жетти. Кыз айткандай ороо казып, үстүн үлпүлдөк куурай менен жаап, ажыдаардын келишин күттү. Үч күн дегенде ажыдаар ышкырып, оозунан от күйүп мурдунан түтүн бурап, өзү чынар терекке оролуп чыга баштады. Эртен. менен мээлеген Бек-жал бармагынан май чыкканча түшкө чейин мээлеп, анан атканда, ажыдар жерге кулап түштү. Жаны чыкпай ары бери катуу чамынып, карагайлар түбү менен омкорулуп, сойлогон жерлери кадимкидей аң болуп калды. Бекжал даты үч жолу атып, ажыдаар араң өл-дү. Башын кесип салып, карап турса, чынар теректен:
— Ой, бала, бизге кел! Чык бери!—деп чыйылда-ган үн угулду. Бекжал ажыдаардын башын көтөрүп, теректин учундагы чоң уяга күн батып, каш карайганда зорго жетти. Алпкаракуштун балдары абдан сүйү-нүп, Бекжалга чоң алкыш айтып жатышты.
— Эми сен биздин канатыбыздын алдына кирип жат. Энебиз эртең менен келет. Ал келатканда көзүнүн жашы жамгыр болуп төгүлөт, канатынын күүсүнөн кой-дой таштар коктуну карай учат. Мында келип конгондо, теректин башы жерге үч тийип, үч көтөрүлөт. Сен ан-дан коркпогун — дешти.
Таң атып, күн чыкты. Бир маалда күн бүркөлүп, нөшөрлөген жамгыр жаап, сел жүрүп кетти. Койдой таш-тар коктуну карай учту. Бороон болду. Аңгыча алпка-ракуш келип конгондо, чынар теректин башы үч жолу жерге тийип, үч жолу кайра көтөрүлдү. Алпкаракуш балдары аман экенин көрүп:
— Жакшылыкка — жакшылык, жамандыкка — жамандык, силер кантип аман калдыңар? — деп сурады.
— Энеке, биз оболу жамандыкты көрсөтөлү,— деп балапандар ажыдаардын башын көрсөтүштү.
— Эми жакшылыкты керсөткүлө!— деди алпкаракуш.
Анан Бекжалды көрүп, алпкаракуш муну «ап» эттирип жутуп жиберди. Балапандар энесин кекир-тектеп:
— Бул эмнең, жакшылыкка жамандык кылчу беле?! — дешип, чый-пыйы чыга түштү.
— Бир аз коё турсаңар, мындан да ашкан баатыр кылат элем,— деп алпкаракуш Бекжалды кайра кусту.
Бекжал күлүп тура келди.
— Жакшылыгыңа — жакшылык, менден эмне каалайсың? — деп сурады алпкаракуш.
Бекжал болгон ишти айтып, Зымырык кушка жеткирүүнү өтүндү. Алпкаракуш ары карап ыйлап, бери ка-рап күлдү да:
— Болуптур эмесе, сен үч күнгө чейин күт. Мен адырдан аркар, булуңдан бугу кармап азык камдайын,— деп учуп кетти.
Үч күнден кийин айры мүйүздүү алтымыш бугу, ар-касы ачылбаган алтымыш аркар көтөрүп келди. Бек-жал аркар менен бугуларды союп, тересинен чанач жа-сап, эттерин салып даярдап бүткөнден кийин, күн чыга учмак болушту. Таң сүргөндө Бекжал алпкаракушка минип, жол азыктарын артынды. Алпкаракуш балапан-дары менен коштошуп, анан Бекжалга минтип эскертти:
— Сен көзүңдү чылк жуумп, ал, антпесең башың айланып жерге кулап кетесиң. Качан мен «көзүңдү ач» дегенде гана ач. Учуп баратып оң жагыма карасам — эт, сол жагыма карасам — суу бер.
Күн кандай батып, таң кандай атканын Бекжал эч көргөн жок. Алпкаракуш оң жагына караса — эт, сол жагына караса — суу берип жүрүп отурду. Бир күнү куш:
Бекжал, көзүңдү ачып, жерди карачы,— деди.
Бекжал көзүн ачып жерди карап:
— Жер кой короодой гана болуп көрүнөт,— деди. Андан ары барып:
— Көзүңдү ачып жерди дагы карачы,— деди.
— Жер такыр көрүнбөй калды.
— Эмесе биз бийик тоодон ашып өткөнүбүз ошол. Мен мындан ары жерге жакын учам,— деди да, ылдый-лап түшө баштады.
Акыры бир шаарга жакындаган кезде, алпкаракуш эт сурап, оң жагын карады. Бекжал чаначтарын аңтар-са, эт түгөнүп бүткөн экен. Эмне кыларын билбей, өзү-нүн сан этинен оё кесип, алпкаракушка берди. Ошол эттин күчү менен Зымырык куш турган шаардын чети-не барып конуп:
— Жолдо карай көп эле эт жедим, бирок эң кийин-киси бөтөнчө таттуу экен,— деди алпкаракуш.
— Аны мен өз санымдан кесип бергем,— деп Бекжал санын көрсөттү.
Алпкаракуш Бекжалга абдан ыраазы болуп, муну айтты:
— Сен издеген Зымырык кушту ушул шаардын ха-ны алдырып кеткен. Хан өзү — кыз. Ал кыздын ордо-сунда иштегендердин баары жалаң кишилер. Сен алар-дан эч коркпо, жети күн удаа уктап жаткан кези. Эми сен шаарга кирип, оболу кыздын ордосун тап. Андан Зы-мырык кушту ал; кыздын колунда алтын билерик бар, аны чыгарып алып, сени жолго салган алыстагы кызга бер. Билерик ошол кыздыкы, «Ушул билерикти ким уур-дап алса, ошого күйөөгө чыгалы» деп бул экөө антташкан болчу. Билерикти берсең, ал кыз сага сезсүз тиет. Мен үч күн күтөм, андан артык күтө албайм...
Бекжал шаарды аралап жүрүп, кыздын ордосун таппай эки күн өткөрдү. Үчүнчү күнү кыздын ордосун араң таап, ичине кирип барды. Барса кыз уктап, Зымырык куш карап отурган экен. Бекжал Зымырык кушту кө-төрүп, кыздын колундагы билерикти чыгарып алып, алп каракушка келсе ал аркан бою өйдө көтерүлүп калыптыр. Муну көрүп кайра конду да, Бекжал менен Зымы-рык кушту алып учуп, чынар терекке келди. Алпкара-куш менен коштошуп, Зымырык кушту минип, Бекжал баягы ак сарайдагы кызга келип, билерикти берди.
— Сени түбөлүк сүйгөнүм ушул,— деди кыз. Экөө Зымырык кушту алып, ханга жөнөштү...
Булар келдүн жээгинде эс алып олтурганда, хандын эки уулу Зымырык кушту көрүп:
•— Кулдун уулу Бекжалга хандыкты алдырып, биз карап калабызбы!— деп бузуктук ойлоп, муну өлтүр-мөк болушту. Экөө ошентип кеңешип алышты да:
60
— Бекжал, сен бизден кичүү эмессиңби, аттарды сугара койчу,— дешти.
Бекжал эч нерседен капары жок, аттарды жетелеп келип, көлдөн сугарып турганда, хандын балдары ар-тынан түртүп жиберишти. Колуктусун кошо өлтүрүш үчүн аны кармаганы келгенде, кыз ак куу болуп кубу-луп, көлгө кирип кетти.
Хандын эки баласы Зымырык кушту алмак-салмак өңөрүп, чапкан бойдон атасына жетип, кушту колуна тапшырды. Аябай сүйүнгөн хан элин жыйып, ат чаптырып, эр сайыштырып, балбан күрөштүрүп чоң той берип, эки баласын эки шаарга хан көтөрдү. Зымырык кушту ордуна кондурушту. Бирок, бул мурдагыдай сүйлөбөй койду. Арадан бир топ күн өттү. Зымырыктан эч кан-дай сөз чыккан жок. Бир күнү Бекжал колуктусу экөө шаарга келип, хандын ордосуна кирди. Зымырык куш ошондо гана сүйлөп:
— Мени таап келген жигит мына, сенин балдарың бузуктук кылды, ханым,— деди.
Хан Зымырыктын сөзүнө кубанып, Бекжалдан муну кантип тапканын сурады. Бекжал болгон ишти бүт айтып өттү. Шаар ичине «Зымырык кушту тапкан кулдун уулу Бекжал экен» деген сөз тарады. Хан бал-дарын даргага тарттырып, убадасы боюнча Бекжалга хандыгынын жарымын берди.
Мына ушундан кийин Зымырык куш келер-кетерди. болор-болбосту, жамандык-жакшылыкты мурдакыдай ар дайым айтып турду.
Алтын шакек
Өткөн заманда, уккан уламышта, карылыгы жеткен кемпир-чал тердик бетиндей жерге таруу сээп, чоң суунун боюнда жашаган экен. Алардын Акжүрөк аттуу жал-гыз баласы болуптур. Күндөр өтүп, жылдар жылып, Акжүрөктүн атасынын күнү бүтүп, суусу түгөнүп дүй-нөдөн етөт. Атасы таруу сатып жыйнаган тогуз дилдеси бар экен. Күндөрдүн биринде энеси Акжүректү ча-кырып:
— Уулум, атаңдан тогуз дилде калган, ошонун үчөен алып базарга барып эгин-тигин сатып кел,— деди. Акжүрөк үч дилдени белине түйдү да, жөнөп кетти.
Андан-мындан бир тийип базарга жетти. Базар ичи ызы-чуу, кажы-кужу. Мурун базар көрбөгөн эме аң-таң бо-луп, базардын четинде карап турду. Аңгыча бир касап-чы сур тайганды мойнунан байлап алып, аябай сабап келатат. Тайган каңшылагандай болсо, адамдын боору ачыйт. Акжүрөк аны көрүп, алдынан утурлай чыкты да:
— Абаке, мынчалык сабагандай тайгандын эмне күнөөсү бар? — деп сурады.
— Эмне күнөөсү бар экенин эмне кыласың? Кечээ ууга чыгып кырдын башындагы бугуга агытсам, жет-пей калды. Мындан артык да күнөө барбы?—деди да, тайганды дагы бир жолу башка чапты.
Тайган ого бетер каңшылап, куйругун чатына кып-чып жата калды. Акжүрөк:
— Абаке, иттин да убалы болот, анча урбай, тай-ганыңызды мага сатыңыз, канча берейин? — деди.
— Үч дилде берсең аласың,— деди мергенчи. Акжүрек үн каткан жок, үч дилдени берди да, тай-
ганды жетелеп алып, үйүнө карай жол тартты.
— Энеке, бери чыгьщыз, ырыс алып келдим,— деп кыйкырды Акжүрөк.
Энеси эшикке чыга калып, тайганды көрүп: — Ээ, ботом, ырысын, алдагы сур тайгаибы? — деп сурады.
— Ооба.
— Ырысың менен аңга түш... үч дилдеге ит сатып ал-гандай, сенин кайсы байлыгың ташып жатты эле,— деп аябай ачууланды энеси.
Эртеси уулуна дагы үч дилде берип:
— Көзүңдү жакшылап ач, көзүңө эмне көрүнсө, ошону ала бербе,— деп базарга жөнөттү.
Акжүрөк базарга келип карап турса, бир адам ак мышыкты мойнунан байлап алып сүйрөп баратат. Ак-жүрөк чуркап барып:
— Абаке, мынча кыйнагандай бул мышыктын кү-нөөсү эмне? — деп сурады.
— Мышыктын күнөөсү кеп, ар дайым сүттү уурдап ичет. Коёбу десем койбойт, эми мына, ажалы жеткен экен, сууга салып өлтүргөнү баратам,— деди ээси.
— Андай болсо, мага сатыңыз, баасы канча? — деди Акжүрөк.
— Баасы үч дилде.
Акжүрөк үч дилде берди да, мышыкты альгп үйүнө келди. Энеси алдынан утурлап чыгып:
— Балам, эмне сатып алдың? — деп сурады.
— Мышык сатып алдым,— деп жооп берди уулу.
— Үч дилдегеби?
— Ооба.
Энеси аябай ачууланып:
— Сендей да макоо болобу. Сен анык түгөт болот экенсиң! Баргын, кайда барсаң, ошол жакта жан бак,— деди да, уулун кууп жиберди.
Акжүрөк тайган менен мышыкты ээрчитип жолго чыкты. Канча жол жүргөнүн ким билсин, чоң айылга туш болду. Айылдыи бир сопусу бар экен. Ага жалда-нып иштеп кирди. Сопунун зайыбы берген тамакты тай-ганы менен мышык үчөе бөлүшүп жеп жүрдү. Арадан бир жыл өттү. Акжүрөк кийин сопуга келди да:
— Сопу аке, менин да картаң энем бар эле, кетейин, акымды бергин,— деди.
Сопу макул болуп, бир капка буудай, экинчи капка кум салып:
— Эки каптын кайсысын алсаң, өзүң билесиң,— деди. Акжүрөк каптарды козгоп көрдү да, «мунун да бир
билгени бар го» деп ойлоп, кум салынган капты көтө-рүп алып жолго түштү. Аз жүрдүбү, көп жүрдүбү, аны ким билсин акыры калың камышка туш келди. Камыш өрттөнүп жатыптыр. Жакшылап караса өрттүн ичинде бир кыз турат. Акжүрөк ошол замат каптагы кумду чачып өрттү ечүрүп, кызды аман алып калды. Экөө жай сурашты. Кыз өзү падышанын кызы экенин, саякатка чыгып, жолдошторунан адашып калганын айтып:
— Эми, жигит, мени атама жеткир. Анда барганда, сага гартуу кылып каалашыңча алтын менен күмүш берет, бирок сен аны албагын. Анан эмнени самасаң, ошо-ну иштеп бере турган алтын шакеги бар, ошону сурагын,— деди.
Акжүрек кызды колунан жетелеп, тайганы менен мышыкты ээрчитип жолго чыгышты. Күн-түн жол жү-рүп, арып-ачып, араң дегенде кыздын үйүнө келишти. Падыша «кызым өлдү» деп аш берип жаткан экен, кы-зын аман-эсен көрүп, ашты тойго айландырды. Кызы атасына өлүмдөн сактап калган так ушул Акжүрек эке-нин айтты. Акжүрөк бир нече күн конок болгондон ки-йин айлына кете турганын айтты.
Падыша эл-журтун чогултуп, балага батасын берип, алдына ат тартып, үстүнө торко жаап, тайганына ал-тындан каргы тагып, он эки теегө алтын-күмүш, ар түркүн кийим-кечек жүктөп жөнөтмөк болду. Акжүрөк элге карады да:
— Туугандар, мага алтын-күмүштүн кереги жок. Менин бир гана каалаган нерсем бар... падыша берсе, ошону алам, бербей койсо куру кол кайтам,— деди.
Эл чурулдап:
— Ал эмне экен? Айткын! — дешти.
— Падышанын алтын шакеги керек,— деди Акжүрөк. Падышаны эл жаалап жиберди. Падыша колундагы
шакегин чыгарып Акжүрөктүн колуна салды да:
— Бул шакектин өзүнчө сыры бар. Аны кызым сага айткандыр. Бирок шакектин сырын өзүңдөн бөлек киши билбесин, билсе зыяны тиет,— деди да, Акжүректү жо-луна салды.
Акжүрөк шакекти аты жогунан чыгарып алаканына салып:
— Кана, касиеттүү шакек, көз ачып-жумганча тай-ган, мышык үчөөбүз үйдө бололу,— деди.
— Көзүңөрдү жумгула, дал ошол айтканыңардай болот,— деди да, шакек аты жогуна салынып калды.
Айтканындай эле көзүн ачса, Акжүрөк ез үйүндө отурат.
Шакектин касиети менен энесин эч нерседен кор кылбай багып турду. Күндөрдүн биринде Акжүрөк ко-лукту алмакчы болуп энесине кеңеш салды:
— Апа, Шамыр деген падышага бар да, кызына жуучу түш.
— Кокуй, уулум,— деди энеси, — сендей жакырга падыша кызын бермек беле? Ичпеген ашыңдан үмүт кылбай, жөн эле колукту алсаңчы же мени өлтүргөн жүресүңбү!
— Мен айткан соң, бара бер. Берсе-бербесе да, жоо-бун алып кел,— деп уулу энесин Шамыр падышага же-неттү.
Кемпир падышанын ак сарайына кирип, өзүнүн жуу-чуга келгенин айтты. Шамыр сабырдуу, адилет киши эле, кемпирди жакшы кабыл алып, эмнеге келгенин так-тап билди да, кызын бергиси келбей, жөн эле көңүл улап:
— Келгениң жакшы, байбиче, ата салты, кыз каадасы эмеспи: калыңсыз кыз болмок беле. Чыдасаң, жүз кара кашка жорго, жүз желмаяң төө, жүз кьшкап, жүз тирүү түлкү, жүз суусар, жасалгасы менеы жүз канат боз үй алып келсең, кыз даяр,— деди.
Кемпир бул жоопту угуп, аябайкапаланып үйүнө келди да, падышанын жообун уулуна төкпөй-чачпай айтып берди.
— Эң жакшы жооп экен, ага кайгырбагын, баары даяр болот,— деди да, уулу жатып алды.
Акжүрөк эртең менен ойгонуп эшикке чыгып, алтын шакекти аты жогунан чыгарып алаканына салды да:
Кана эми, касиеттүү шакегим, көз ачып-жумганча жүз кара кашка жорго, жүз желмаян төө, жүз кымкап, жүз тирүү түлкү, жуз суусар, жасалгасы менен жүз ка-нат боз үй даяр болсун,— деди.
— Көзүңдү жумгун, айтканыңдай болот,— деди да, шакек аты жогуна салынып калды.
Акжүрек көзүн ачса, бардыгы даяр болуп калыптыр, Анан энесин ойготуп, жорголордун бирине мингизип, малды айдатып; желмаян төөлөргө үйдү жүктөтүп, алар-дын үстүнө түлкү менен суусарларды отургузуп алып, падышанын ак сарайына барып түшүп калды. Кароол-чулар бул укмушту Шамырга айтышты. Шамыр өз уба-дасы менен кырк күнү той кылып кызын узатты.
Акжүрөк үйүнө келип, кем-карчты билбей жата бер-ди. Колуктусу «Мен тийсем, падышанын баласына тиет элем» — деп, Акжүрөктү сүйбөй койду. Кантсе да эптеп кетип калуунун амалын издеди.
Ал Акжүрөктүн дүнүйө-мүлктү кандайча таап жат-канын күн сайын сурай берди. Бирок Акжүрек ага сы-рын айткан жок. Күндөрдүн биринде зайыбы үйүне конок чакырды да, күйөөсүнө арак-шараптан аябай ичи-рип мас кылып, алдап сырын сурады. Мастык менен Акжүрек алтын шакектин сырын айтып берди. Ошол түнү зайыбы шакекти уурдап алды да, качып кетти. Ак-жүрөк эртең менен турса, баягы кара алачыкта куур тон жамынып жатат, тайганы боеогодо, мышыгы жаман сокунун үстүндө отурат. Акжүрөк ез башын өзү муш-тап аябай ыйлады. «Силердин эч бир пайдаңар тийбе-ди!» деп мышыгы менен тайганга ачууланды.
Мышык менен тайган ошол замат эшикке чыкты да, «Ээбиз катуу кайгыга туш болду, эми тиги катынды издеп таап, шакекти алып келишибиз керек» деп кеңеш курушту да, жолго чыгышты. Жолдо ит мышыкка карап:
— Экөөбүз кетип баратабыз. Акжүрөктүн ичип-жей турган эч нерсеси жок. Ага оокат камдап берип кетели, аны ойлобогон сен акмак экенсиң,— деди.
Мышык тигинин сөзүне жыгылды да, макул болду.
Экөөлөп, бири кыргоол, коён тиштеп, бири бөдөнө тиштеп, бир нече айга жете турган эт камдашты да, ээси менен коштошуп алыска сапар тартышты.
Жүрүп отуруп көк децизге туш болушту. Тайган мы-шыкка карап:
— Мен жээкке сүзүп чыга алам, сен кантесиң? — деди.
— Ырас, мен сүзө албайм, экөөбүз биргежүргвн соң, бир-бирибизге пайдабыз тийсин. Мен жонуңа минип алайын,— деди мышык.
Тайган мышыкты мингизип алып жээкке сүзүп чык-ты. Жээкте эч бир адам жок. Андан ары шаардагы кө-чөлөрдө толгон эле чычкан. Тайган аны көрүп:
— Мышык досум, сага эми кезек келди. Өнөрүңдү көрсет. Серпип ыргыта бер, курсакты тойгузуп алалы,— деди.
Ошентип, мышык серпип ыргытып, тайган аны жыя берди. Бир кезде караса, жыйылган чычкандар тоодой болуптур. Чычкандардын падышасы чычкандын эсебин алды эле, миңдеген чычкан жрк болуп чыкты. Ага мы-шыктын келгенин айтышты. Ал ийнинен чыгып, чоро-лорун ээрчитип алып мышыкка келип:
— Улуу урматтуум, сиздей баатырдын алдында таа-зим кылып, башымды ийип турам. Бизди кыра бербей, ырайым кыл. Керегиң болсо — сура, таап берели,— деди.
Мышык ага минтип айтты:
— Биздин ээбиздин сыйкырдуу алтьш шакеги бар эле, ошону катыны — Шамыр падышанын кызы уурдап качып кетти. Силер изилдеп таап бергиле, болбосо се-нин тукумуң калбайт.
Чычкандардын падышасы макул болуп, ошол замат добулбас кактырып чычкандардын баарын чогултуп:
— Ким барып алтын шакекти таап келет? — деп сурады.
Эң артта турган кичинекей ак чычкан алдыга чыга калып:
— Мен аны билем, ал «кыз» уктаганда, алтын ша-кекти ууртуна салып, уктайт,— деп чыйылдады.
— Эмесе сен буларды ээрчитип барып, кандай да болсо, шакекти алып бергин, аны аткарсаң, өзүмө вазир кылып алам,— деди чычкандардын падышасы.
Ак чычкан мышык менен тайганды ээрчитип, баягы «кыздын» үйүнө келди:
— Силер эшикке жакын тургула, мен үйгө кирем да, шакекти кандай да болсо алып чыгам,— деп үйгө кирип кетти.
Чычкан куйругун кыздын мурдуна сойлотуп жибер-ди, кыз чүчкүрүп жибергенде, оозунан шакек ыргып кет-ти. Чычкан шакекти илип алып, эшикке чыгып тайган менен мышыкка бере салды. Алар чычкандардын пады-шасына келип ыракмат айтып, анан жолго чыгышты.
Жолдо келатып, шакекти ким бекитип жүрөрүн кеңешти. Экөө ары талашып, бери талашып, шакекти мы-шык алып жүрмек болду. Мышык шакекти оозуна салып алды да, экөө андан ары жол жүрүштү.
Келе жатып экөе баягы кек деңизге туш болушту. Сур тайган мышыкты жонуна мингизип алып сүзүп ба-ра жатты. Деңизди-н орто ченине келгенде, кайдан-жай-дан экени белгисиз бир карга пайда болду. Ал мышыктын баш-көзүн чокулап кирди. Мышыктын айласы кет-ти, оозун ачып тиштейин десе, шакек түшүп кеткидей, тиштебейин десе, карга жөн койчудай эмес. Акыры жа-ны чыдабай, оозун ачып жиберди эле, шакек оозунан булт этип сууга түшүп кетти. Жээкке чыгышты. Мышык ыргып жерге түштү. Сур тайган андан:
— Шакекти жоготкон жоксуңбу?— деп сурады. Мышык муңайып туруп:
— Мен акмак болдум, досум, жанагы каргадан кор-гоном деп, шакекти түшүрүп жибердим,— деди.
Тайган аябай ачууланды:
— Сенин ушундай акмак экениңди билгенде, шакек-ти сага карматпайт элем. Өл-тирил, шакекти тап! Кайсы бетибиз менен Акжүрөккө куру кол барабыз?!
— Ачууланба, досум,— деди мышык. — Аракет кыл-сак — берекет дейт, аракет кылып көрелү, Шакекти балык жутуп кеткен чыгар. Андан көрө жээкке отуруп алып байкайлы. Суунун үстүнө балык болсо, мен сер-пип ыргытайын, мүмкүн, шакекти табарбыз.
Бир кезде башы алтын, куйругу күмүш балык суу үстүнө ыргып чыкты. Аңдып турган мышык шып илип алып, жээкке ыргытты. Балык жалынып:
— Урматтуу баатырлар, мени өлтүрбөгүле. Мени же-ген менен да тойбойсуңар. Андан көре каалаганыңарды иштеп берейин. Ушул деңиздеги балыктардын падыша-сы элем,— деди.
Андай болсо, биз сени өлтүрбейлү. Биз ушул де-ңизге алтын шакегибизди түшүрүп жибердик. Кандай да болсо, бизге ошолшакекти таптырып бер,— дешти мышык менен тайган.
Балыктардын падышасы деңиздеги бардык балык-тарды чогултуп, алтын шакектин кабарын сурады. Ки-чинекей балык алдыга чыкты да:
— Улуу падышам, ал шакекти ким алганын мен билем. Аны ак чабак жутуп алганын көрдүм,— деди.
Кайдан-жайдан болбосун, ак чабакты таап келүүгө падыша буйрук кылды. Балыктар койсунбу, ак чабак-ты эки кезүн алактатып бат эле айдап келди.
— Силердин шакегиңерди алган куу тумшук чабак ушул экен. Мунун жазасын өзүңер бергиле,— деди ба-лыктардын падышасы, тайган менен мышыкка.
Тайган чабакты башынан тиштегенде, мышык анын курсагын жара тартты эле, шакек булт этип ыргып кет-ти. Мышык шып илип алды да, езү жалгыз жеткирмек болуп безип жөнөдү. Тайган мышыктын артынан түштү. Жетип баса калмакчы болгондо, мышык бет алдын-дагы карагайга чыга качты. Тайган карагайдын түбүн-дө карап турду да:
— Мышык досум, бул карагайдын башында нече күнү жашарыңды билем. Канатың болсо, айла жок эле, баары бир жерге түшпөй койбойсуң, — деди.
Бирин-бири аңдышьщ үч күн, үч түн отурушту. Экөө-нүн тең курсагы аябай ачты. Анан экөө макулдукка ке-лишти да, жолго түштү.
Үйгө келсе, Акжүрөк уктап жаткан экен. Аны ойготуп, шакекти беришти. Акжүрөк абдан кубанып, тайга-ны менен мышыкка алкыш айтты. Шакекти алаканына салып:
— Кана эми, касиеттүү шакегим, көз ачып-жумганча Шамыр падышанын «кызы» менин алдымда болсун,— деди.
Жум көзүңдү, айтканыңдай болот,— деди шакек.
Акжүрек кезүн ачса, баягынын баары даяр. Шамыр падышанын «кызы» босогодо жан соогалап турат. Ак-жүрөк анын көз жашына караган жок. Азоо аттын куйругуна байлап коё берди. Мындан кийин эч нерседен кемчил болбой, каалаганын ичип, каалаганын кийип, жыргап-куунап жащай бериптир.
Кара таштардын сыры
Өткөн заманда, Ала тоонун боорунда көзгө атар мер-генчи жашаптыр. Анын бараң мылтыгы, зайыбы, Чырак аттуу жалгыз баласынан бөлөк эч нерсеси жок экен. Кийиктин этин жеп, терисин кийим-кечек, тешөнчү кылып жан багышчу.
Акыры мергенчи катуу ооруп, төшөккө жатып калды. Баягыдай кийиктин эти жок, эптеп жан багууга туура келди. Кичинекей Чырак атасынын бараң мылтыгы ме-нен кекилик, чил, кыргоол атып келчү болду.
Күндөр ете берди. Мергенчи оорусунан баш кетөргөн жок. Аңгыча кылычын сүйрөп кыш да келди. Кар калың жаап, малга жут болду. Айылдагы элдин отундары түгөнүп, өзөнчө өскен бадалдардан кесип, эптеп-септеп тамак-аш бышырып ичип жатышты.
Күндөрдүн биринде мергенчинин айлына жалаңдаган кылыч байланып беш жигит келди да:
— Кимде ким Чомо бийдин жеринен, өзөн суунун боюнан бадал кесип, ит мурун кыркып, түндүгүнөн түтүн чыгарат экен, ал айыптуу болот, даргага асылат же башы алынат дешип кайра кетишти.
Кедей адамдар эми эмне кыларын билбей, Чомо бийге каргыш айтып, үйлерүнде үңкүйүп отуруп калышты. Түндүктөн түтүн чыкса, Чомо бийдин жигиттери ке-лип, «бийдин жыгачынан жагып жатасыңар» дейт да, ал үйдүн түндүгүн түшүрө чаап, бирин-экин малы бол-со, барымтага алып кетип жатышты.
Мергенчинин отуну кошо түгөнүп, үйүнөн түтүн чык-пай калды. Мергенчи баласын жанына чакырды да:
— Балам, Карагай-Булактын башында Кара-Үңкүр деген бар. Анын алдындагы булактын туура жагында кара таштар жатат, мурда мен анын өзүнөн-өзү түтөп күйгөнүн көргөн элем,— деди да, баласын женөттү.
Чырак колтугуна капты кысып, мылтыкты асынып, атасы айткан кара таштарды издеп кетти.
Узак жол басып, ашуу ашып, зорго дегенде атасы айткан жерге келди. Чын эле кара таштар жайнап жатат. Ал өтө сүйүнүп, таштарды кабына толтуруп салды да, көтөрмөкчү болду. Бирок ал эн, оор экен. Чырак кабындагы жүктү жеңилдетип, үйүнө алып келди.
Кара таштарды коломтого тезек сыяктуу калап, от коюшту. Бир кезде баягы таштар жалын чыгарып күйе баштады. Буга бардыгы таң калышты.
— Мына жыргал, бардык кедейлер оттуу болот, менин атым өчпөйт,— деп, мергенчи аябай сүйүндү.
Кыш узакка созулуп, Чомо бий элди талап алып жатты. Буга Чырактын боору ачып, кедейлерге барып ка-ра таштын баянын айтты. Мындай кабарды уккандар жөн турсунбу, кара таштарды алып келип жага баш-тады.
Чомо бийдин жигиттери түтүн чыккан үйлөрдү кыдырып, андагы кара таштардын күйүп жатканын кө-рүп, анан бийге айтьщ барышты. Чомо бий сурамжылап жүрүп таштын сырын билип алды да, жигиттерине:
— Бүгүндөн калбай мергенчинин баласын жердин астында болсо астынан, көктө болсо кектөн таап бай-лап келесиңер!—деп катуу каарданды.
Бийдин буйругун жигиттери эки кылабы; жабылып атка минип, жатакчылардын айлына кирип келишти да, Чыракты алып жөнөштү. Кедейлер канчалык жалынып-жалбарганы менен жигиттер көнбөй койду.
Чыракты бийдин үйүнө алып келип киргизди. Үйдүн ичи зң эле кооз жасалып, шайы жууркан, килемдер, ке-регеде илинген карышкыр, илбирс ичиктер, алтын чы-нылар, күмүш бакандар, кептңн кыскасы, Чырак көрбө-ген миң түркүн буюмдар жайнап турат.
Чомо бий Чыракты жанына жакын отургузуп, муру-тунан жылмайып:
— Чырак балам, кара таштарды кайдан таптың? Эгер анын жөн-жайын мага айтып берсең, эмне кааласаң ошонун баарын эч аябайм. Өзүн, мага жигит боло-суң, корооңдо коюң, өрүштө жылкың жайнайт,— деди.
Чырак «билбеймден» башканы айткан жок. Чомо бий муну алдап да, коркутуп да сурады, бирок баладан жөндүү жооп уга албай койду. Акыры Чомо бий жи-гиттерин чакыртып алып:
— Кимдин үйүндө кара таш болсо, баарын жыйнап келгиле, ал менин мүлкүм,— деди.
Чырак эми бөлөк ой ойлоду да:
— Кулдугум бар, бийим! Аны азыр айтайын, ошол кара таштардын бардыгын жыйнатып келсеңиз, өз сы-рын алар өздөрү эле ачып берет. Бул акылыцыз табыл-баган акыл,— деп күлүп койду.
Жигиттер кечке жакын өгүзгө, атка артып, жатак-чылардан табылган таштарды алып келишти. Анын ичинде кеөдей болгон таштар да бар экен.
— Кана эми, сырын айттырбайсыңбы,— деди Чомо бий Чыракка карап.
— Азыр, таксыр,—деди да, Чырак кара таштарды коломтого үйүп тамызды. — Эми сиз үйдөн чыкпаңыз, отту карап отура бериңиз, мен үйдүн эшигин бекитип коёюн, мунун сырын сизден бөлөк киши билбесин.
Чомо бий бул сөзгө сүйүнүп:
— Ошондой болсун, менден башка жан билбесин, эшикти бекит,— деди.
Чырак сыртка чыгып, түндүктү тартып, эшикти ая-бай бекитип койду да:
— Кана эми, жигиттер, бий мага ез атын берди, аны бери алып келгиле,— деди.
Бий өзү айтты дегенде, жигиттер карап турган жок; атты алдына тартты. Чырак минер замат зымыраткан бойдон үйүнө жол тартты. Кара таштар күйүп, үйдүн ичи түтүнгө толо баштады. Чомо бий «кара таштар сырын качан айтат» деп отура берди.
Бирок ал көпкө созулган жок. Бийге ис тийип өлүп калды. Бийдин өлгөнүнө эл аябай сүйүнүп, балага алкыш айтышты. Ошондон кийин эл кара таштарды каа-лашынча жагып калыптыр.
Кемпирдин жети баласы
Өткөн заманда бечара кемпирдин жети уулу болгон экен. Жети баласынын ар биринин өзүнчө өнерү бар. Күндөрдүн биринде энеси кимисинин енөрү күчтүү экенин сурап калды. Балдарынын ар бири өз өнөрүн кезек меыен айта баштады.
Эң улуу баласы:
— Мен алпкаракуш асманда торгойдой болуп, көзге араң көрүнсө да атып түшүрөм,— деди.
— Мен жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем,— деди экинчиси.
Үчүнчү баласы:
— Мен эки дүйнөде эмне болуп жатканын өз алаканыман карап көре алам,— деди.
Төртүнчүсү:
— Мен дарыя жана деңиздерден көз ачып-жумгуча кеме жасап өтөм, — деди.
— Мен ачка болгон жерде, каалаган тамакты табам, – деп бешинчи баласы айтты.
Алтынчысы:
— Мен дарыя жана дециздерден чуркасам, таманыман чаң чыгат,— деди.
Эң акыркы жетинчиси:
— Мен кокусунан жоо келип калса: «Кара жер жарыл!» десем жарылат; ошентип, элди жоодон аман алып калам,— деп сөздү бүтүрдү.
Энеси балдарынын өнөрүнө аябай кубанды. Бирок кимисинин өнөрү артык экенин чече алган жок. Балда-ры да ар бири өз өнөрүн мактап, талаш-тартыш көпкө созулду. Акыры энесинин айтуусу боюнча, Болбос хан-дын шаарын барып, ошол жерде чындап сынамак болушту.
Жети бала Болбос хандын шаарына кирип, анын ичи ызы-чуу түшүп жатканын көрүштү. Балдар таң калышып:
— Бул эмне, шаарга душман кирдиби, азыр сурайлычы,— дешти.
Аңгыча бир абышка жолукту. Булар абышкага са-лам айтып, ызычуунун жайын сурашты. Абышка алик алгандан кийин:
— Ботом, түндө эл жатарда Болбос хандын жал-гыз кызы жок. Болбос хан: — Кызымды таап бергиле, эгер таппасаңар баарыңардын башыңарды алам деп коркутуп, эл түп көтөрө дүрбөп жүргөнү ошол. Эми си-лер да издешкиле,— деди.
Жети бала хандын кызын кантип издеө жолун ой-лоп:
— Ой, биз олуя болбосок ал кызды кайдан тапмак элек?— деди бири.
— Сен эмне, макоосуңбу? Энем өнөрүбүздү сураганда, «Жети жыл мурун кеткен кумурсканын изин билем» дебедиң беле. Кана эми, ал кыз кайда кеткенин бил-чи!—деп эң улуусу сүйледү.
Берки ейде-ылдый карап туруп:
— Асман менен кетиптир, жерде изи жок,— деди. Анда дагы бирөө:
— Энем сураганда, «Эки дүйнөнү алаканыман көрөм» деп айткансың. Кана, көрбейсүңбү?— деди.
Бул бала алаканын ачып-жумуп, үңүлө карап: Той-бос хандын алпкаракушу көтөрүп учуп баратат,— деди.
Муну уккандан кийин, баары чогуу бойдон жүрүп кетишти. Жолдо чоң дарыяга кез болушту. Курсактары аябай ачты. Тамак тапкыч бала өзүнче күбүрөп-шыбырап, кап-кап нан, карын-карын май, үч койду даяр кылды. Балдар нанды майга батырып жеп, койлорду союп жатышты. Кеме жасагыч бала көз ачып-жумгуча кемени жасай салды. Тамакка тойгондон кийин баары кеме-ге түшүп, Тойбос хандын шаарына жөнөштү.
Тойбос хан Болбос хандын кызын түшүндө көрүп ашык болуп, алпкаракушуна алдырткан экен. Жети ба-ла шаарга жеткенде, колго түшкөн сулуу кырк кыз ме-нен кошо сууга келе жатыптыр. Ушул учурда баягы суунун үстүнөн чуркагыч бала кемеден секирип түшүп, безеленип чуркады эле, чаң асманга сапырылып калды. Көз ачып-жумгуча кыздарга жетип, Болбос хандын кы-зын көтөрө качып, кемеге алып келип салды. Кеме кайрадан сызды.
Кызды алып кеткенин угуп, Тойбос хан алпкараку-шун балдардын артынан жиберди. Алпкаракуш асманга учуп чыгып, анан торгойдой гана болуп көрүнгөндө, мергенчи бала бир көзүн жумуп, шыкаалап туруп атып жиберди; алпкаракуш Тойбос хандын эшигинин так ал-дына барып түштү. Кемедеги балдар кургакка чыгып, андан ары дагы жөнөштү.
Тойбос хан алпкаракуштун өлгөнүн көрүп: балдардын артынан кеп киши жиберди. Алар жакындап кел-ген кезде, баягы эң кичүү бала: — Жарылгырдын жери, жарыл!—деп кыйкырды. Жер жарыла калып, балдар түбүнө түшүп кетти.. Тойбос хандын аскерлери кайра кайтышты. Аскер башчысы эки колун бооруна алып, Тойбос ханга даттана сүйлөп:
— Таксыр ханым, бул кызды алып кеткен адам эмес, анык эле Азирейил экен, эгер андай болбосо, да-рыянын үстүнөн чуркаганда кантип чан, чыгат? Асман-да торгойдой болуп керүнгөн алпкаракушту кантип ыргыта атат? Жерди жарып кирип кетүүге кимдин күчү жетет?— деди.
Тойбос хан аскер башчысынын сезүн угуп коркту да, мындан ары бирөөнүн кызына көз артпас үчүн ант берди.
Ж.ер астына кирип кеткен жети бала Болбос хандын так коломтосунан чыгалы дешти. Жер солкулдап, жарака кете баштаганда, шаардагылар аябай коркуп, бүт бойдон тоого качышты.
Жети бала жердин үстүнө чыгып, шаардан бир да кишини таппай калышты. Кызды атасынын үйүнө отур-гузуп, койду союп, этин казанга салып, от жагышты.
Өз үйүнөн чыккан түтүндү көрүп хан: «Ким барып келет?» деп элинен сурады. Эч киши чыккан жок. Акыры хан ата-энесиз жетим баланы зордук менен жөнөттү.
Жетим бала:
— Өлсе кунсуз, сатса пулсуз менмин, барбасам ба-шымды алат,— деп ичинен сыздап жүрүп отуруп шаар-га келди. Хандын үйүн акырын шыкаалап керсө: жети бала казандагы этти кайнатып жатышат. Төрдө Болбос хандын өз кызы отурат. Жетим бала кайрадан чуркап, ханга сүйүнчүлөп келди.
Бол.бос хан эли-журту менен келип, кызына учураш-ты. Кыз жети бала кантип куткарганын атасына айтып берди. Хан жети баланын өнөрүн билгенден кийин, ма-га кызмат кылгыла деп өтүндү. Балдар хандан «Кими-биздин өнөрүбүз артык — ушуну чечип бериңиз. Ошент-сеңиз кызматыңызды кылабыз, болбосо кылбайбыз» деп жооп кайтарышты.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин бул жетөөнүн кими-синин өнөрү артык—аны эч адам чече албай жүрөт дейт.
Сүйлөбөс кыз
Өткөн заманда бир хан болуп, анын акыл кошкуч мыкты вазири бар экен. Хан да, вазир да бала кербөй, көпкө чейин зарлап жүрүштү. Бир жылы хандын зайы-бы эркек, вазирдин зайыбы кыз төрөдү. Бой жетип чоңойгондо, ата-энелери экөөнү үйлентүп коюшту. Хандын уулу Мээнетбек акылы тайкы, шайкелең, вазирдин кызы Акылжан акыл-эстүү, токтоо киши болду.
Күндердүн биринде Мээнетбек ойлонуп отуруп, Акылжанды чакырып алды да:
— Мен сени менен тура албайм! Мен вазир эмес, хандын кызын алышым керек,— деди.
Акылжан муну угуп, сөздү кесе сүйлөдү:
— Өз оюңдан калба, мен макулмун. Сага эми эн, акыркы жолу дагы бир акыл айтайын. Үзүр шаарында Жаннат аттуу акылман, сулуу кыз бар. Аны ким үч ирет сүйлөтсө — ошол алат. Эгер мыкты болсоң — ошо-го жет,— деди.
Арадан кеп күн етпөй, Жаннатты издөегө Мээнетбек 5калгыз аттанып кетти. Нечен күн, нечен түн жол жүр-дү. Арып-ачып, аты ыргайдай, езү торгойдой болду.
Кеп күн жана түндөр етүп, акыры толук токсон күн де-генде, Жаннат кыздын шаарына жетти. Анын ордосуна кирип баратып, дарбазада мындай деп жазылган жа-зууну окуду: «Ким да ким үч сүйлөтсе — Жаннат ошого тиет. Эгер сүйлөтө албаса — өлөт».
Ордонун сакчылары Мээнетбектин атын алып, өзүнө тамак берип, бир аз тыныккан соң, Жаннаттын үстүнө ээрчитип киришти.
Мээнетбек Жаннатка кол куушуруп таазим кылды да, анын жанынан орун алды. Эртең менен сөз башта-ган Мээнетбек езү туулгандан берки көргөн-билгенин бүт айтып, таң атырды. Жаннат эч үн чыгарган жок. Таң аппак атып, боз торгой чурулдаган кезде, хандын коңгуроосу кагылды.
«Кечеги келген жигит Жаннатты сүйлөте алган жок, эми хан ага жаза колдонот» деп жарчы жыйылган эл-дин баарына маалымдады. Хандын буйругу боюнча Мээнетбек зындандын түбүнө түштү.
Жаннат кыздын ордосунда тамак бышырган аял Мээнетбекке жаны ачып, бир күнү аны чыгарып алды да, үйүнө ээрчитип келип, эки жума баккандан кийин музоо кайтартып койду. Ошентип, бир жылдан ашык убакыт өттү.
Мээнетбек жөнүндө эч кабар билбеген Акылжан атасынан уруксат сурап, эркекче кийинип, жарак-жаб-дык асынып, күйөөсүн издеп чыкты. Бир нече күн жол жүрүп, Үзүр шаарына келди. Хандын сакчылары Акыл-жандын атын алып, өзүнө тамак берип, тыныккан соң, Жаннат кыздын үстүнө киргизди. Акылжан кол куушуруп таажым кылды да, Жаннаттын бет маңдайына оту-рар замат сүйлей баштады:
— Жаннат, кыз, мен сүйлөген сөзгө кулак салып, адилеттик кылыңыз. Менин айтайын дегеним элдин сө-зү. Эч ким туура чечпегендиктен сизге келдим. Ал мын-дай: жакында эле жыгач уста, темир уста, кийим тик-кич жана молдо узак жолго чыгышат. Жүрүп оту-руп бир күнү кеч киргенде калың токойдо өргүп ка-лышат. Токойдун жырткыч айбандары көп болгондуктан, кезек менен аттарын кайтарышат. Биринчи кезек баарынан кичүү жыгач устага ыйгарылат. Ал аттарды карап отуруп эригет да, бир дөңгөчтү жонуп, келишкен сулуу кыздын кебетесин жасап тургузуп коёт. Экинчи кезек кийим тиккичке келет. Жыгачтан жасалган кыз-ды көрүп, анан ал ез өнөрүн көрсөтмөк болуп, кездемеден кийим тигип, кызга кийгизип салат. Үчүнчү кезек темир устага жетти. Ал берки экөөнүн өнөрүн көрүп: «Мен булардан кем бекем» деп, алтын күмүштөн шөкү-лө, билерик, сейкө, кала берсе топчусуна чейин тагат. Акыры кезек молдого келет да, ал барып жасалгалуу жансыз кызды көрүп: «Мен да өз өнөрүмдү көрсөтөйүн» деп, кызга жан киргизет... «Бул кыз мага тийиштүү» деп талашып-тартышып, эртеси төртөө тең чарчап бүтөт. Акыры биздин элдеги кара кылды как жарган ка-лыстарга келишет. Калыстар: «Ушул ишти биринчи ой-логон жыгач устага тийиштүү» дешет. Буга сиз кандай дейсиз?
Эч качан үн чыгарбас Жаннат эми чыдай албай:
— Жок, кызга жан киргизген молдо алышы керек, — деп кыйкырып жиберди.
Жаннаттын сүйлөгөнүн билдирип, ошол замат коңгуроо кагылды.
— Эмики сез мындай, — деп дагы сүйлөдү Акыл-жан: — Бир кишинин үч баласы болот. Алар үйлөнүш үчүн бир кызга үчөө тең кызыгат. Чатак ырбап кетпе-син дейт да, атасы үчөөнүн ар бирине миң дилде берип:
— Эң баалуу буюмду кимиң алып келсең — бул кыз ошонуку, — деп балдарын алыскы шаарга жөнетөт.
Буларды эң улуусу кырк күнчүлүк жерге бир күндө учуп жете турган килем, ортончусу төгөрөктүн терт бурчун тегиз көрсөтө турган таш күзгү, эң кичүүсү бир тиштеп жесе өлгөнү жаткан киши тириле турган алма сатып алды. Үчөө кайра жолго чыгып, эмне сатып алга-нын өз ара айтып өтүштү.
— Кана эмесе, күзгүң менен өзүбүздүн айылды көрөлүчү,—деди улуусу ортончусуна.
Үчөө күзгүден караса: баары эле аман-эсен, бирок баягы кыз өлгөнү жатканын жана анын төшөгүн курча-ган элди көрүштү. Үчөө килемге отурушту да,- учуп жө-нөштү. Кыз ырас эле өлгөнү жаткан экен. Балдардын эң кичүүсү алмасын тиштетер замат ал кыз: «Оф, ушун-чалык катуу уктаган экем» деп тура келет.
Үчөө кызды дагы талашты. Калыстар: «Биринчи көргөн күзгүнүн ээси алат» дешти. Мен буга макул эмесмин, эми сйз калыстык кылыңыз: кыз кимге ыла-йык?
Жаннат шашып:
— Алмасын тиштеткен балага ылайык, а берки экөенүн буюму эч корогон жок, — деди.
«Жаннат экинчи ирет сүйлөдү» деген кабарды са-лып, коңгуроо дагы кагылды.
Акылжан үчүнчү суроосун чечип берүүнү өтүндү:
— Кыйын ууру, чоң балбан жана жел жетпес күлүк үчөө жол жүрүп келатса, бир жерде ата-энеси кызын алтымыш жаштагы абышкага бергени жатыптыр. Кыз ага «барбаймын» деп ыйлаганын угуп, үч жолдош кыз-ды куткарып калмакчы болот. Бирок кантип ала качат: кызды кайтарып калышкан экен.
— Мен уурдап келем,—дейт да, ууру бир үйгө ки-рип, кыздын кийимин уурдап кийип, анан чалга бер-гени жаткан кызга жетип, аны эптеп сыртка ээрчитип чыгат. Даяр турган жел жетпес ошол замат кызды кө-төрүп сызат. Жер жайнаган киши кууп жөнейт. Балбан жигит алардын жолун тосуп, бирин да жибербей кайра айдайт. Үчее айлына келип талашып: «Кыз кимибизге тийиштүү» деп калыска келишет. Калыстар: (Ууру алсын» деп чечишти. Буга сиз кандай дейсиз?
Жаннат дагы шашып:
— Жок андай эмес, жел жетпес алышы керек, — деп үчүнчү жолу сүйлөдү.
— «Жаңы жигит Жаннатты үч жолу сүйлөттү» де-генди билдирип, коңгуроо эми үч жолу урулду. Шаар ичи дүңгүрөп калды. Жалпыга маалым убада боюнча, Жаннат бул жигитке тийүүгө макул болду.
— Сени алуудан мурда эли-журтуң менен таанышайын, шаарыңды аралап көрөйүн, — деди да, аттанып шаар аралап, айыл кыдырып, Мээнетбекти издеди. Бир күүн талаада музоо кайтарып жүргөн Мээнетбекке жо-лукту. Анын чачы менен тырмагы аябай өсүп, этин какач басып, кийими тытылып, кейпи кетип, алсырап кеткен экен. Акылжан аны киринтип, өз кийимин бүт кийгизип, күйөөсүн дал өзүнө окшотуп:
— Сен эми мен болуп калдың... Жаннат кыз тиет сага. Бирок ал кызга эч сөз айтпай кирип бар, — деген акылды үйреттү да, езү ошол жерден үйүнө кайтып кетти.
Мээнетбек Жаннатты алып, элине шаан-шөкөт ме-нен келип түштү. Эл чогулуп, чоц той болду. Мээнетбек-ке учурашуу үчүн Акылжан да келди. Мээнетбек аны көрер замат:
— Мага жолобосун, ары жибергиле! — деп кыйкыр-ды.
Акылжан кайра басып, эми ханга барды:
— Ханым, датым бар: сиздин алдыңызда балаңыз-дын эки ооз сөз сурамак элем... Уруксат болсо, көпчү-лүктүн көз алдында мен айтып, сиз уксаңыз, — деди.
Хан макул болуп, жаш-карынын баарын чакырды. Жаннат кошо келди. Акылжан Мээнетбектен минтип сурады:
— Жаннат кызды сиз кандай аракет, кандай сөз ме-нен сүйлөттүңүз? Сиз музоб кайтарып жүргөн кезде кимге жолуктуңуз? Ал ким эле?
Хандын уулу Мээнетбек моюн бербей:
— Өзүм эле сүйлөшүп алгам, мен эч качан музоо кайтарган эмесмин, эч кимге да жолуккан эмесмин, — деп тайсалдады.
Акылжан ачуусу келди да:
— Жаманга жакшылык жарашпайт. Мына бул кийим, бул чач, тырмактар эмне? — деп куржундагы Мээ-нетбектин «жасалгасын» чачып жиберди да, Жаннатты кандай жол менен сүйлөткөнүн айтып өттү. Жаннаттын ичи күйүп:
— Мен муну билген эмесмин, эми мен хандын уулу-на турбайм, азыр кетем! — деди.
Хан башынан макоо уулуна нааразы, Акылжанга ыраазы болуп, эли менен кеңешип, хандыкты Акылжанга, вазирликти Жаннатка берген экен. Ошондон кийин «Акыл айга учурат» деген сөз тараптыр.
Өнөрү бар мышык
Өткөн заманда Сулайман аттуу бай адам жашап, анын жападан жалгыз уулу болуптур. Атасы уулуна кеп акыл айтып, кеңеш берсе, уулу кулак какпайт. Акыры бул чоңоюп жеткенден кийин, атасы атайлап чакы-рып, минтип айтты:
— Балам, мен карыдым, өлерүме аз калды. Сенин жалгыз жүргенүң болбойт. Өз көзүм керүп өтсүн: эл-журтту аралап, жакшысын тандап жүрүп, бир колукту тап. Бирок жаштык кылып, жалаң гана өңүнө кызык-пай, акыл-эсине карап танда.
Баласы атасынын сөзүн укмаксан болду. Өзүнө киши теңебей, айткан сөздү кенебей, ат ойнотуп, чаң ызгытып, өз билгенин кылып жүрүп аны эстен чыгарды да, эрден чыккан, өзүнөн улуу, өңү сулуу жубанды алды.
Атасы буга аябай кайгырып, «сак бол» деди да, тим койду.
Бир күнү Сулайман бай ооруп калды. Өзүнүн өлерүн билип, келинин жанына чакырып алды:
— Сага айта турган аманат сөзүм бар: балам жаш калды, дүнүйөгө мас калды. Мен елгөндөн кийин жак-шы менен да жүрөр, жаман менен да жүрер. Ошентип жүрүп, акыры оокатын түгетер. Өзүң эстеп кой: жер астында жети казнам жатат. Балам аркы-беркини көрүп, кагылган кезде аны ачып оокат кылгыла, бирок азыр эч кимге айтпа, — деп казнанын ачкычтарын кели-нине берди. Келини эч кимге айтпоого убада кылды.
Арадан кеп күн өтпөй, Сулайман бай өлдү. Баласы жаман менен да, жакшы менен да жүрдү. Аны «кой... кой!» деп колтукка түрткен эч ким болгон жок. Арак ичти, кумар ойноду, ошентип бир-эки жылдын ичин-де атасынан калган мал менен мүлктү түгөтүп бүтүрдү.
Зайыбынын кеңүлү бузулуп, казна жөнүндө балага айткан жок, Мал-мүлк түгөнгөндөн кийин, эми казына-ны жалгыз өзү ээлеп калууну ойлоп, күндө чыр-чатак чыгара берди. Бир күнү күйөөсүнө.
— Мал-мүлктү арак ичип, кумар ойноп бүт түгеттүң. Эми ач-жылаңач кала турган болдук. Айла түгендү. Акылга көн да, үй-жайды бирөөге саткын, антпесең мен сага бүлө боло албайм,— деди.
Күйеесү ары ойлоп, бери ойлоп туруп, акыры макул болду.
— Эмесе мындай кыл, — деди зайыбы, — эгер бөлөк кишиге сатсак арзан өтөт. Ошондуктан, өзүбүзге жакын байбачага саталы. Анын акчасы көп. Сен барып аны конокко чакырып кел, мен тамак даярдап турайын, — деп күйөөсүн байбачага жиберди.
Байбача келди, булар аябай конок кылды. Зайыбы күйөөсүн мас кылып жыгуу үчүн аракты үстөккө-босток сунду. Кээде байбача кашын серпил, жылмая күлүп коюп отурду. Күйөөсү мындан шек алды да, ырас эле м,ас болгон кишиче жатып калды.
Зайыбы аны керүп, байбачанын жанына жакын келди да:
— Биз үй-жайды сатканы жатабыз. Эгер мени өз катыньщ кылып алсаң сага сатабыз. Бирок кымбат деп кыйылба. Бу жерде жети казна бар. Ачкычтары менде. Эрим аны билбейт, — деди.
Байбача казнаны ез көзү менен көрүп, анан гана макул болорун айтты. Тили катып колуна шам альш, казналарды бирден ачып, байбачага көрсете баштады. Эри акырын ордунан туруп, билдирбестен, алардын соңунан ээрчип жүрүп, атасы жыйнаган мүлктөрдү көрүп өзүнүн өткөндөгү жоругун эстеп, атам мага «сак бол» деп ушуну айткан экен деди да, кайрадан ордуна келип, тынч жатып калды.
Аңгыча байбача менен зайыбы келди. Байбача ка-тынга:
— Мен макулмун, эртеңден калбай сатып алайын. Анан күйөөңдөн чыгып, мага тийгин, — деди.
Экөө сездү бүтүрүп, байбача үйүнө кетти. Күйеөсү сыр билгизбей эртеси үйдү сатууга макул экенин айтты. Байбача келип, ооз ачпай он миң дилде акча берди.
— Кире турган короо-жай таап алып, анан бошотуп берейин, ага чейин бир ай мөөнөт бериңиз, — деди бала.
Байбача кьщк этпестен макул болуп, кеңүлү куба-нычка толуп үйүнө жөнөдү.
Эки-үч күн өткөндөн кийин, зайыбы дагы чатак чы-гарды.
— Короо-жайдан да, малдан да бүт айрылдык. Эми кантип күн көрөбүз! Мен сени менен тура албайм, кетем! — деди.
Эри мейлиң деп, зайыбын жолго салды. Анан бала атасынын досуна барып, жүзтөөнү айдап келип, түн бою казнаны ташып бүтүп, ордуна көң, саман-топонду толтуруп, анан байбачага барды.
— Коро-жайыңыз бошоду, кечүп кирип алыңыз, — деген гана сөздү айтып, өзү аяш атасыныкына жүрүп кетти.
Тиги катын байбачага тийип алды. Экөө үйгө кечүп келип, казнада байлык бар дешип, таң-тамашага ба-тып, ичип-жеп кумар ойноп, колундаты акчаларын бүт түгөттү. Кумарга чачынан карыздар болду.
Бир күнү байбача карызына берүүге алтын алыш үчүн казынага кирди. Казнада чирик саман-топон, те-зек менен кыктан бөлөк эч нерсе жок... Ал ачуусуна чы-дабай, зайыбын елөрчө тепкиледи да, баланын үстүнөн арызданып бийге барды. Катын, бала, байбача үчөөнү чакырып алып, бий сурак кылды.
— Силер жалаң короо-жайды соодалашкан экенси-ңер, бирок короонун ичиндеги казна жөнүндө сөз бол-боптур. Ошондуктан казнаны кантип доолайсыңар,— деп бий байбача менен катынды айдап чыкты. Байбача үйүнө келер замат.катыньшын чачын кыркып, байталга мингизип, төркүнүнө кубалап жиберди.
Аяш атасы өзүнүн кызын балага берди. Бул зайыбы экөө акыл-кеңеш менен жакшы оокат кылышты. Ара-дан бир жыл өткөндөн кийин бала аяш атасынан шаар-га барып соода кылып келүүнү сурады. Атасы жүз төөнүн жүгүн берип, кербенчилерге кошуп жөнөттү.
Кербенчилер күнү-түнү жүрүп отуруп, акыры ээн талаа эрме чөлдө баратышты. Ошондо кербен башы:
— Эми жарым күндүк жерден жалгыз ак ергөө ке-зигет. Андан бир кемпир чыгып, конуп кеткиле дейт. Ага эч кимиңер макул болбогула, — деди.
. Кербей башынын айтканы чын экен: ак өргөөнүн жа-нына келгенде кемпир чыга калып:
— Алыска баратыпсыңар, кагылайындар, ушул үй-гө конуп кеткиле! — деп эпилдей баштады.
Сулайман байдын баласынан башкасы конбой кетип калышты. «Кой» дегенге болбостон, бул бала кала бер-ди. Кемпирдин буту-колу жерге тийбей, андан-мындан бир секирип, баланын төөлөрүн чегерүп, жүгүн түшүрүп, коюн-союп, колун куушуруп, чайын кайнатып, дастор-конун жайнатып, аябай сыйлай баштады.
Күүгүм кирип, көз байланганда кемпир колуна шам кармап, колтугуна мышыгын кысып келип:
— Менин мышыгым ушул шамды түшүрбөй кармап, таң атканча сенин маңдайыңда турат, — деди.
Бала кемпирдин бул сезүнө ишенбей койду. Анда кемпир:
— Эгер ушул мышык таң атканча шамды кармап чыкса, жүз теөңдү жүгү менен бер: кармап чыга алба-са, мен жүз төөнү пулу менен берейин, — деди.
Бала кемпирдин сөзүнө макул болуп, экөө кол кармашты. Кемпир мышыкка шамды карматып, бул экеө карап отурушту. Мышык көзүн жумбастан таң атканча шамды карман турду Баласы эртеси кемпирге төөсүн жүгү менен берип, атына минип, кербенчилердин арты-нан шаарга жетти. Кербенчилер соодасын бүтүрүп, ай-лына кайтканы жатышкан экен.
— Жүз төөнү жүгү менен уттуруп койдум, эми уял-бай үйгө кантип барайын,— деп бала ошол шаарда калды.
Кербенчилер айылга келип, баланын аяш атасына болгон ишти төкпөй-чачпай айтып өтүштү. Аяш атасы малга кайгырган жок, бирок баланын келбегенй үчүн катуу кайгырды.
Бала шаарда жүрүп, киерине кийим, ичерине аш таппай, жедеп айласы кеткенде, ашпозчуга жалданып кирди. Күндөн кийин түн, андан кийин жыл алмашты. Сулайман байдын баласынан эч кабар болбоду. Акыры колуктусу атасынан:
— Мен шаарга барып, соода кылып келейин., күйөөмдү да издеп керөйүн,— деп суранды.
Атасы ары ойлонуп, бери ойлонуп:
— Барсаң баргын,— деди да, жүз төөнүн жүгүн берип, кызын шаарга жөнеттү.
Кыз эркекче кийинип, белине кылыч байланып, саа-дагын асынып, багып үйрөткөн чычканын койнуна ка-тып, кербенчилер менен кошо шаарга жөнөп калды. Бир нече күн жол жүрдү. Кербенчилер баягы кемпир-дин үйүнө жетишти. Бөлөктерү алга карай жүрө бериш-ти. К.ыз өз жигиттери менен кемпирдин үйүнө түштү. Кемпир аябай кубанып, какаңдап басып, кабагын ачып, калп эле шашып, колу-колуна, буту-бутуна тийбей кыз-мат кылды. Нечен түркүн тамак-ашын берди. Тамак ичи-лип бүткөндөн кийин, шам менен мышыкты көтөрүп келди да:
— Бул мышык ушул шамды таң атканча кармап турат, — деди.
— Эгер кармай албай калса, эмне бересиң? — деп кыз айтканда, кемпир «оюмдагыны тапты» деп ойлоп:
— Эгер кармап чыга албаса, жүз төенү жүгү менен берейин, — деди.
Кемпир мышыкка шамды карматып койду. Кыз ко-лундагы чычканды алып, кемпирге билдирбестен акы-рын коё берди. Мышык чычканды көргөндө көзү кыза-рып, тилин жаланып, шамды шак таштап жиберип, чыч-канды карай жүгүрдү. Чычкан жылт коюп эшикке чыга качты. Мышык босогого келип, аны аңдып отуруп кал-ды.
Кыз кемпирди катуу түртүп:
— Эне, шамың кайда, мышыгың кана? — деди. Мышыкты улагада отурганын көргөндөн кийин, кемпир жүз төөнү жүгү менен ошол замат берди. Кыз шаарга келип, соодасын бүтүрүп, анан күйөөсүн изде-ди. Көчөдөн-көчө койбой кыдырып жүрүп, акыры бир ашпозго келип, күйөөсү от жагып отурганын көрдү. Анысы кийимден бүт ажырап, чачы альшбай, тырмагы өсүп кетиптир, колуктусун таайыган да жок. Ошондо бул ез жанына чакырып, беш сомдук алтын берип:
— Менин жаткан жерим көченүн башындагы чоң сарайда: кечинде ошол жерге манту жеткирип бер, — деди да, кетип калды.
Кечке жуук бала убадасы боюнча манту жеткирип, бирок үйгө кирбей, эшикти гана ачып, манту сунду эле, колуктусу: «Үйгө кирсин» деген буйрукту кылды. Күйөөсү үйгө кирип, чапанын кымтыланып отура кетти. Колуктусу аны жанына отургузуп, тамакты бирге жеп, анан сөзгө алганда, бала өз башынан өткөндөрдү бүт айтып өттү.
— Колуктуң бар беле?—деп сурады колукту күлүмсүрөп.
— Бар эле. Аяш атамдын кызы болчу.
— Аны жакшы көрчү белең?
— Абдан жакшы көрчүмүн. Бирок эми ага жетүүгө эч арга жок, — деп бала башын жерге салды.
Колуктусу чыдап тура албай, ичтеги сырын айтып жиберди. Анан күйөөсүн мончого түшүрүп, асыл кийим кийгизип, астына ат мингизип ашпозчуга акысын берип бошотуп алды да, айлын карай кайтты.
Кийин алар балалуу болушту. Баласы чоңойгондо, атасы ага ез башынан еткөндү сүйлөп:
— Карынын сөзүн капка сал, балам. Колуктуну өңү-нө эмес, акылына карап ал, — деген осуятты көп айтчу экен.
Ач карышкыр
Чоң суунун боюн жеке ээлеп, ошол жерде оюна кел-генин кылган, жолукканды тыткылап моокусу канган дебөт карышкыр болуптур. Ошол өзөндү ээлегенине элүү жыл болот. Бирок ошондо да тойбой, акыры ач карышкыр деген атка конуптур.
Күндөрдүн биринде жортуп келатып, бул Карышкыр канаты сынган Карчыгага кезикти. Кубанычы койнуна батпай:
— Ой, мен сени жеймин! — деди.
— Эмне үчүн, Каке?
— Курсагым ачка, таппадым сенден башка,— деди Карышкыр тилин салаңдатып, шилекейин агызып.
— Андай кылба, Каке мени жегениң менен карыныңа как, жумуруңа жук болбойм. Көрчү мени, аркайган сөө-гүм гана турат. Мындан ары барсаң — тээтиги дөбөдө узундугу бир кулач чучук жатат. Ошону жесең, сонун тойбойсуңбу! — деди Карчыга.
— Эмесе макул, — деди да, Карышкыр желген бой-дон дөбегө чыгып барды. Айткандай эле бир кулач чу-чук жаткан экен. Аны керө сала:
— Ой, узун чучук, койгон экен мага буйруп, мен сени жеймин, — деди.
— Эмне үчүн жейсиң?
— Курсагым ачса, буюрбаптыр сенден башка,—деп Карышкыр тилин салаңдатып, шилекейин агызды.
— Жоок, Каке, мени жегениң менен тишиңе тыгын да болбойм. Андан көрө тээтиги кырды ашсаң — ак улак жүрөт. Ошону жесең, капшытың чыкпайбы!
Муну укканда карышкыр ичинен кымыңдай түшүп, желип-жортуп кырды ашып, улакка кандай жеткенин өзү билбей да калды:
— Ой, Улак, мен сени жеймин.
— Эмне үчүн?
— Курсагым ачка, ошон үчүн.
— Жоок, Каке, мени жебе!.. Көрчү! кандай арыкмын, этим көк жашык, каным бир кашык. Мени жеге-ниң менен тойбойсуң. Мына бул тоонун ары жагында чоң кара эчки бар, ал семиз, ошону жесең жыргабай-сыңбы, — деди Улак чепилдеп.
Ач Карышкыр макул болуп, куйругун көтөрүп алып, даң салган бойдон тоону ашып, чоң кара эчкиге барды:
— Ой, Эчки, мен сени жеймин.
— Эмне үчүн? Курсагым ачка, ошон үчүн.
— Мен бир жегенден чыкпайм, анан эртең дагы тамак издемек белең!.. Андан кере мына бул өзөнгө барсаң — чоң боз бээ баткакка тыгылып жатат. Аны үч-төрт күн оокат кылбайсыңбы!
— Сеники ырас, — деди да, ач Карышкыр желе-жор-то өзенгө келди Боз бээни көргөндө кезү кызарып, шилекейи агып, «эми жейм» деп сүйүндү.
— Ой, Боз бээ, мен сени жейм.
— Эмне үчүн?
— Курсагым ачка.
— Эмесе жакшы болуптур... Оболу мени баткактан чыгарып, анан жегин.
Карышкы макул болду да, Боз бээни араңдан-зорго баткактан сүйрөп чыгып:
— Эми жейинби? — деп тиштерин кычыратты.
— Эми жейсиң, бирок эң оболу менин туягыма өзүң-дүн ким экенинди жазып коюп, анан жегин, — деп бээ туягын тосту.
Туягына кат жазып жаткан кезинде, боз бээ ач ка-рышкырды кош аяктап жыга тепти да, өзү оюн салган бойдон жөнеп кетти. Ач карышкыр ордунан туруп, сен-директеп басып, арманын айтып баратты:
«Карчыганы жебеген Кайран башым.
Кулач чучук жебеген Курган башым,
Ак улакты жебеген Аңкоо башым,
Кара эчкини жебеген Каткан башым,
Балчыктан байтал суурган Балбан башым,
Таманына кат жазган Молдо башым,
Тарс эттире тептирип,
Өлүп кала жаздаган
О-олда башым!»
Ошондон кийин карышкырдын башынан жарасы бат эле кабылдап, көп узабай өлүп калган экен.
Чокчолой баатыр
Илгери, илгери бир абышка-кемпирдин жалгыз ую, беш улактуу эчкиси, короочу ити, бир мышыгы бар экен.
Кемпир мышыгьша сүт куюп берди эле, короочу дөбөт озунуп барып ичип коймок болду. Мышыктын ачуу-су келип, дөбөттүн эки көзүн апчып алды. Кезүнүн жа-расы ырбап кетип, дөбет акыры өлүп калды.
— Иттен ажырадык. Эми уй менен эчкини ким кай-тарат? — деп итинин өлгенүнө капаланды чал.
— Итти өлтүргөндү билген мышык, короо кайтарганды кантип билбесин. Мышык өзү эле кайтарат, — деп кемпир аны уй менен эчкинин жанына байлап койду.
Бир күнү кемпир менен чал тешөктө жатканда, эшиктен иттин кыңшылаганы угулду. Абышка чыга ка-лып караса — коңшусунун ити башын канжалатып качып бараткан экен. Мышык белин бүкчүйтүп, мурутта-рын сербейтип, тиштерин ырсайтып ыркырап турат.
— Байбиче, бул мышыгың анык баатыр көрүнөт. Коңшунун ити да абдан чоң иттердин бири эле, буга даай албай качып кетти, анын башы канга боёлуп калыптыр. Бул мышык карышкырга да айбат кылат ок-шойт, — деди чал кубанычка батып.
— Эмесе мындан ары мышык аты таптакыр ечсүн. Мунун эмки аты «Чокчолой баатыр» болсун, — деди кемпир.
Ошентип, Чокчолой баатыр уй менен эчкини кайта-рып жүрдү. Кыш өтүп, жаз келди. Эл жайлоого көче баштады. Чал менен кемпир да алачыгын уюна артып, эчкилерин жетелеп, Чокчолой баатырды чарчап калба-сын үчүн, баштыкка башын чыгара бууп, жүктүн үстү-нө байлап коюшту.
Калың токойду аралап бараткан кезде баштыктын боосу үзүлүп, Чокчолой баатыр жерге түшүп калды. Кемпир-чал аны байкабай кете берди. Чокчолой канча-лык мыёолосо да, алар угушкан жок. Анан зорго деген-де баштыктан бошонуп чыгып, эки жагын каранып тур-ду. Аңгыча кийиктеп келе жаткан мергенчинин тайганы Чокчолойду качырып калды. Чокчолой коркуп, карагайдын башына чыга качты. Ошол корккон бойдон күн батканча карагайдынбашында отурду. Кемпир-чалдан адаш-канын билип, акыры карагайдан түшүп, бет алган жа-гына кете берди. Бир оокумда алдынан түлкү чыкты. Чокчолой чочуп, адатынча тиштерин ырсайтып, мурут-тарын сербейтип, куйругун чагарактатып, сүр көрсөтө катуу ышылдады. Түлкү Чокчолойдун сүрүнөн коркуп кетти. Ал анан «эмнеси болсо да сыр сурайын» деген амалды ойлоп, эки колун бооруна алып, өзү абдан сы-лык немече мунун алдына улам жүгүнүп:
— Саламатсызбы, курдаш... Бөлөк жердик көрүнөсүз, аты-жөнүңүз ким, таанышып алалы, — деди.
Чокчолой дагы кыш-кыш этип, арстандай айбаттуу түрдө:
— Мени ушул убакка чейин тааныбайсьщбы? Чок-чолой баатыр мен болом! — деди.
Таң кала түшкөн түлкү «бул кайдагы Чокчолой баа-тыр?» деп ойлоп, бир аз сынап көрмөкчү болду:
— Эмесе кайда баратасыз? Мында сизден бөлөк да баатырлар көп. Мисалы; Жоке баатыр, Беке баатыр, Апсак баатыр. Аларга эч кимдин алышып алы, күрөшүп күчү жетпейт. Андан беркини айтсак: Узун кулак баатыр, Борсолдой баатыр дегендер бар. Сиз аларды тааныйсызбы?
Чокчолой баатыр катуу күрүлдөп:
— Мен эч кимди тааныбайм! Жана алардын эч биринен коркпойм! —деп сөздү кесе сүйлөдү.
Түлкү Чокчолойдун жообун уккандан кийин: «Бул да бир эр экен, муну менен таанышып алайын» деп ойлоп, ого бетер жойпуланып:
— Баатырым, эгер сиз эп керсеңүз, алыстан келе жатыпсыз, түн да кирип кетти... биздикине конок болуп өтүңүз, — деди.
Чокчолой макул болду. Түлкү муну үйүнө ээрчитип келип, төргө отургузуп: — «Бир аз отура туруңуз» — деп, өзү эшикке чыгып кетти. Көз ачып-жумгуча кашку-лак менен коёнго жетти. Аларды аябай шаштырып:
— Тургула!.. Болгула! Чокчолой баатыр келди. Даамдуу тамак-аш таап бара койгула. Кокус каарына калсак, баарыбызды оңдурчу неме көрүнбөйт, — деп түлкү кашкулак менен коёнду дүрбөлөңгө салып, өзү кайра үйүнө кайтты.
Алар ар түрдүү сонун тамакты бат эле түлкүгө жеткирди.
Түлкү кылт-култ эте ордунан учуп туруп:
— Кадырлуу, Чокчолой баатыр! Менин урматтуу досторум, бирге ойногон курбуларым менен таанышып коюңуз! Көзү тосток, кулагы узун — Майрык баатыр... Мына бул быкындуусу Борсолдой баатыр...— деп коён менен кашкулакты тааныштырып, алар алып келген мо-молой чычканды Чокчолойдун алдына койду. Чокчолой анда-санда күр-р, күр-р этип, момолойду тыткылап жеп жатты. Коён менен кашкулак Чокчолойдун сүрдүү кей-пинен күр-р, күр-р эткен үнүнөн эстери чыгып улам арт-ка жылып отуруп, акыры босогого барып калганын сез-бей да калышты. Момолойдун этине кызыгып түлкү жа-ланганда, Чокчолой айбаттуу ышылдап, аны четке кууп салды.
Мунун айбатын керген кашкулак коёнго карап:
— Бали, баатыр болбосоң коё кал! Түлкү корккон соң, бизге эмне! — деди.
— Ооба-ооба, — деди коён, кулагын жапырып.— Өзү абдан ачуулуу көрүнөт. Бирок ачуусу канча болсо да, тартип-тазалыкты бекем сактайт экен. Көрбөйсүңбү, бети-колун жууп жатат.
Чокчолой момолой чычканды бут жеп, жүктүн үстү-нө чыгып жатып алды. Мындай кылыкка ыза болгон түлкү эми мышыкка каршы коёнду кайрады.
— Карачы, бизди дегеле жан ордуна санабайт. Улук деген сылык болбойбу. Сенин эмнең кетти, буга бир сыр керсөтчү, Коке!
— Туура! — деди кашкулак, түлкүнүн сөзүн кубат-та.—Экөебүз алып келген тамактан ооз тийгизген да жок. Чоңдугу сендей эле экен. Жакшылап бир серпип өтчү!
— Айтса-айтпаса чын эмеспи, — деп коён Чокчолой-дун жанына барып, башы менен эки-үч жолу түрттү эле ал ойгонбой койду. Коёндун ачуусу келди да, мышыкты төбөгө шак эттире бир тепти. Чокчолой ыргып туруп апчып алганда, коёндун мурду жырылып калды. Ошон-до кашкулактын да бүйрү кызып:
— Сен кандай уятсыз баатырсың? Деги жөн келип, жөн кетсең боло! Ай, ушул сенин чоңдугуңан кечтим! — деп мышыкты катуу качырды. Чокчолой да качырып ке-лип, кулактан тиштегенде, кашкулак томолонуп эшикке чыга качты. Мурдунун жырыгын оң таманы менен бе-кем басып, өзү үч буттап сороктогон бойдон екүрүп-ба-кырып коён да кетти. Буларды керген түлкү аябай коркуп;
— Чоке баатыр, сабыр кылыңыз, ал тентектерге теңелбеңиз. Бир жолку ачууңузду мага бериңиз. Алардын жазасын өзүм берем. Сиз бир аз тынч алып жата туруңуз. Мен сизге оокат даярдайын, — деп сыртка жөнөдү.
Түлкү ошол жөнөгөн бойдон түз эле Бөрү баатырга барды. Чокчолой баатырдын жөнүн ага жомок кылып айтты. Бөрү баатыр эч ишенбей:
— Мен анын атасын таанытам!—деп жулунду.
— Айланайын Бөкө, жулунбай коё турчу, мен сага айтып берейин. «Бөкө баатырың кайда? Аны тезинен чакыр! Бул дүйнөде Бөрүнүн кьшбаганы жок. Өзү емүр бою ууру, жакында эле бир тай жеген, еткен жылы тор-покту жеп, бир козунун куйругун жула качкан. Кыска-сы жегендерине эсеп жетпейт... Эми мен күтүп отура албайм, тез келсин, эгер келбесе өзүм барам»? деп ал күрүлдөп же чаңыргандай болсо, бүткөн боюң тити-рейт, — деди түлкү.
Карышкыр түлкүнүн сөзүн угуп чындап эле коркту. Бул да эми айласын таппай калганда, түлкү ээрчитип алып, жолборс менен аюуга барып, иштин жайын түшүндүрдү. Жолборс булардьш сөзүн угар замат аябай ачуусу келип, жерди чапчып ыргытканда, таштуу топу-рак түлкүнүн так башына тийди. Түлкү зеңгирей түшүп, ордунан тура калып, ыйламсырап, жолборско минтип айтты:
— Жоке баатыр, бул чын... Сизди алып кел, ал. менден бийликсиз иш кылат экен. Анын төрт таманына шиш кагам. Мага келип жүгүнсүн, антпесе соо калбайт дейт. Баса, майрык таман аюу кошо келсин деди.
Өзүн кемитип айткан сөзгө аюу да ачууланып:
— Менин таманым майрык экенин ошол гана көрүппү. — деп күрс-күрс зтип, эки колун артына алып, ачуу-суна чыдабай аркы-терки баса баштады.
Жолборс комдонгон жеринде күрүлдөп-шарылдап жатты. Бирок баарынын тең айласы кетип, акыры түл-күнүн айткан кебине көнүп, жолборс семиз уйду жетелеп келип, карагайга байлап салды. Аюу бир каман, карышкыр бир улак байлады. Каман дайынсыз коркулдай бергендиктен, аны өлтүрүп коюшту. Түлкү ишке эми мыктап киришти. Жолборсту өлгөн каманга жакын жат-кырып, үстүнө чеп жаап таштады. Карышкыр карагай-дын түбүнө жатып, бутактарды жамынды. Мен эч кимге жетпес жерге жашынам деп, аюу каргайдын башына чыгып кетти. Тыйын чычкан бул окуяга аң-таң болуп, ошол эле жердеги карагайдын бутагында карап отурду. Арызга келе жаткан коён менен кашкулак да таң калышты.
— Өздөрү ушунчалык өлгүдөй коркуп жаткан неме-лер бизге кайсы жардам берет? Жүр кетели, — деди коён.
Кашкулак кесирленип;
— Жок, мен ошол Чокчолойдон өч алмайынча кетпейм! — деп болбой койду.
Экеө далдаага жашынып турушту.
Бир аздан кийин түлкү Чокчолой баатырды ээрчитип келди:
— Мына, баатыр ушунун баары сиз үчүн. Адегенде мына бул камандан баштаңыз, майлуу эмеспи, — деп каманды көрсөттү.
Чокчолой баатыр байланган уйду көрө коюп:
— Токточу, түлкү! Мына бул уйду ким алып келди? —деп ачуулана сурады.
— Билбейм, баатыр. Иши кылып, булардын баары сизге келди, ошондуктан сиздики.
— Жок, бул уй менен улак биздики. Ким алып келип жүрөт?— деп Чокчолой ого бетер ачууланды.
Жолборс менен карышкырдан коркуп, түлкү эч сөз айта албай турганда, уй аянычтуу мөерөп:
— Мени жолборс алып келди!— деп ыйлап жиберди.
— Мени карышкыр көтөрө качты!—деп ары жак-тан улак маарады.
— Кайда жүрүшөт? Мен азыр алар менен чындап бир көрүшөйүн!—деп Чокчолой адатынча куйругун чагарактатып, күрүлдөп, айбаттуу түрде ары-бери басып турду.
Чокчолойдун сүрүнөн жолборс, аюу, карышкыр чы-ны менен коркуп, былк этпей жата беришти. Коёндун эси чыгып, үйүн көздей безип жөнөдү. Жолборстун ку-лагына чөп кирип кетип, кычышканына чыдабай башын кыймылдатып койду. Чөп кыбыр эткенде, Чокчолой аны чычкан деп ойлоп, белин бүкчүйтө аңдып калды.
«Ии, коркок эле жан окшойт. Жанагы айткандары курулай опуза экен. Эгер тура калсам, жүрөгү түшүп елөр» дегенди ойлоп, бирок дагы бир сынап көргүсү ке-лип, жолборс башын экинчи ирет кыймылдатып көргөндө, Чокчолой лып секирип барып, аны баса жыгылды. Чокчолойдун курч тырмактары жолборстун жонуна кирип кетти. Жолборс бакырган бойдон качьщ жөнөдү. Мышык эси чыгып, карышкырды аттап, карагайга жармашты. Карагайда жашынып отурган аюу «бул мага келатат» деп, корккорунан жерге кулап кетип өлдү. Карагайдын башында тамашага батып отурган тыйын чычкан тобурчакты жулуп алып, Чокчолойду так чокуга урду. Чокчолой катуу чочуп, жерге секиргенде: «Кезек эми мага келди»—деп, карышкыр ордунан тура качты. Түлкү менен кашкулак да капкачан жоголгон.
Чокчолой ую менен улагын бошотуп алып, абышка-кемпирди издеп жүрүп араң тапты. Алар Чокчолой баатырга чоң ыракмат айтып, аябай ыраазы болушкан экен.
Түлкү, жолборс, аюу жана карышкыр
Жолборс, аюу, карышкыр, түлкү төртөе жолдош болду. Тапкандарын ортого салып оокат кылууга уба-далашты. Жолдо төөгө кезигип аны да жолдош кылып алышты. Анан бөлек бир жерге келип, курсактары ая-бай ачты.
Түлкү буларга өз оюн айтты: «Эгер макул болсо, төөнү он койго баалайлы. Азыр муну соёлу, акысына кийин ар кимибиз эки койдон, бардыгы сегиз кой бере-ли, эки кой өзүнө эсеп болсун» деди. Жолдоштору төө-гө: — Эби келсе сени соёлу, акыңа жазында төртеөбүз-дөн сегиз кой ал, экөө өзүңө эсеп... Койду бооз-кысыр дебей, колго тийгенин беребиз. Койлор кокус бооз чыгып калса, он алты кой болот. Козулары сенин олжоң, мындай пайда эч табылбайт дешти.
«Жалгыз башым үчүн он алты кой көп олжо. Булар-дын коюн алыш керек» деп төө өзүнө сегиз кой баа коюп, лөкүйүп мойнун сунуп, көзүн сүзүп жатып берди.
Жолдоштору аны союшту. Кайран түлкү, жүргөн жери күлкү, төө эми түлкү акеңдин мүлкү,— деп түкөң этти бешке белдү. Бир бөлүгүн жолборско чыгарды, бир бөлүгүн аюуга, бир бөлүгүн карышкырга, бир бө-лүгүн өзүнө алды. Төө куру калбасын деп, бир бөлүгүн төөгө бөлдү да, езүнө тийиштүү этке кошуп койду. Төөнүн бөлүккө кирбеген бир бөйрөгүн түкен, жашырып жеп алды. «Экинчисин сиз алыдыз» деп карышкырга ишаарат кылды. Анан жолборско карап: «Карышкыр жеп койду» деген белгини берди. Жолборс каарданып, карышкырды катуу аткып өлтүрүп салды. Аюу менен жолборс эттерин белүп коюп, тамашага кетти.
Алар келгенче түлкү акең карап турган жок. Төөнүн этин бүт бойдон ташып, бир үңкүргө бекитти. Аюу менен жолборс келип: «Эт кана?» дешти. «Эмитен жаң-жал кылып жүргөн эмелер кийин мага кой бербес деп, төө айынып туруп кетти» деди түлкү.
Аюу менен жолборс буга ишенип калды. Түлкү алар-ды ээрчитип, бийик заңгелге чыкты: «Атаң ыраматылык ушул асканын тиги кырынан бул кырьша секирип кетчү эле, сен анте албайсың, коркок көрүнөсүң» деди жолборско.
Жолборс мактанган бойдон жүгүрүп, баягы заңгелдин башына барып дыгдырылып тура калды. Куйту түлкү дагы купшуңдап: «Чамынганы, басканы, сын-сыпаты ыраматылык атасына аябай окшош... азыраак гана коркоктугу болбосо, так эле атасын тартыптыр. Атаң качыргандан кайтпаган, кармаганын өлтүрген, эгер бет алса, эзели кайра тартпай, түйүлгөн бойдон секирген анык эр эле. Жүрөгүң тайкы дебейин, бирок жаштыгың бар окшойт» деди.
Жолборс чымырканып катуу секирип, таштан ташка тийип, бели сынып өлдү.
Жолборстун сөөгүн таза жерге көмөм деп, түлкү анын этин кийин жеш үчүн атайы катып койду. Жанын-да жалгыз аюу гана калды. Түлкү мындан башкасын амал менен өлтүрүп бүттү. «Эми аюу акеге кезек кел-ди, мунун да эсебин табайын»,— деп ойлоду. Баягы ка-тып койгон эттен түлкү аюуга көрсөтпөй жей берди. Аюу аны билбей, ачкадан алсырап кетти.
Аюу уктай албай жатса, түлкү кыртылдатып бир нерсе жегендей угулат. Анда аюу түлкүгө: «Ээ, түлкү дос, сен эмне жеп жатасың?»— деди. Анда түлкү: «Эй, аюу балбан, ачкалыктын азабына чыдабай, өз ичимди жарып, ичегимди жеп жатам» деди.
— Эмесе мен да өз чучугумду чубап жесем боло-бу?—деди аюу.
— Болбой эмне, сен да мендей эле жан турбайсың-бы, чучугуңду чубап жей бер. Эртең кайра айыгып ка-лат,— деди түлкү.
Аюу чымырканып, кардын аткып, бирок ичинин оо-руганына чыдабай тура качты.
— Ээ, түлкү дос, мен курсагымды аткысам, этим ооруп чыдай албадым. Сен кандай амал менен жеп жа-тасың?— деп сурады аюу.
— Анын эбин таба албасаң, оорутпай кең оюп, иче-гиңди мен чыгарып берейин.
Аюу тарбайып чалкасынан жатты. Түлкү тумшугун салды, аюунун ичинен ичегисин сууруп алды. Ичи жа-рылган аюу тез эле өлүп калды.
Аюу, жолборс, карышкыр, төөнүн этин түлкү акең жалгыз ээледи. Оюу менен уктап, эриккенде эт жеп, суусаганда суу ичип, жыргап жата берди. Калыңдыгы карыш казы алды. Эми бүргөнүн азабынан кутулуш үчүн кичинекей кийизди тиштеп, сууга барды. Куйругун акырын сууга салды. Бүргө куйругунан качып, жонуна кетти. Түлкү жонун сууга салды, бүргөлөр жонунан мойнуна барды. Түлкү мойнун сууга салды. Бүргөлөр бүт секирип, түлкүнүн оозуна тиштеген кийизге жар-машты. Түлкү кийизди сууга таштап: «Бүргө неге кутурдуң, эми сенден кутулдум» деп култуңдаган бойдон жөнедү.
Мактанчаак түлкү
Куу түлкү көлдүн жээгинде жойлоп жүрүп, татына-кай чапан таап алды. Ал чапанды кийип көрсө, өзүнө эң эле чак экен. Аны кийгенден кийин көлдү жакалап жайкалып басып жүрмөк болду. Ошондо астынан ка-рышкыр чыга калды.
— Саламатсыңбы, досум!— деди карышкыр.
— Саламатпы, макоо!—деп түлкү мактанып, үстүн-дөгү жаңы чапандын жакасын сылап жооп кайтарды. '
— Ээ, түлкү, сен бул жаңы чапанды кайдан тап-кансың?—деп сурады карышкыр.
— Өзүм эле тигип кийдим, көк жолбун,— деди түлкү.
— Эмесе мага да тигип берсең боло. Ошол кызма-тың үчүн мен сага кырк тармал козуну айдап келип бе-рейин. Анын этин экөөлөп жеп, анан кара көрпөлөрдөн мага татынакай тон тигип бер,— деп карышкыр жалы-на баштады.
— Болуптур. Ошол кырк кара козуну айдап келгин. Козунун этине жакшылап тоюп, анан мен сага татына-кай тон тигип берейин.
Карышкыр бул убадага өтө кубанып, күн сайын түлкүгө бир кара козуну жетелеп келип турду. Бирок козунун терисин улкуп-жулкуп, майы менен кошо сый-рып жатышты. Карышкыр кеткенден кийин, түлкү курсагы ачкан кезде, майлуу териии улам жеп коюп турду.
Кыркынчы күнү, мен эми түлкүгө берген убадамдан кутулам деп ойлоп, карышкыр түлкүдөн:
— Менин тонум тигилип бүттүбү?— деп сурады.
— Жакында бүтөт,— деп түлкү кебелбестен жооп кайтарды.
Карышкыр кайра кетти.
Карышкыр түлкүдөн тонду күтө берип, акыры тажап бүттү. Түлкүгө келип, менин тонумду бер деп кый-най баштаганда, түлкү ийинге кирип, жашынып жатьга алды.
Карышкыр ийиндин оозун кайтарып отуруп курсагы аябай ачып, ийиндин ичинде түлкүнүн да курсагы ачты.
Ачкалыкка чыдай албай, түлкү ийинден секирип чыгып, куйругун булактатып, капкайда качып жөнөдү. Ка-рышыр анын соңунан катуу секирип, түлкүнүн куйругун кырча тиштеп жулуп алды.
Түлку качып бдратып, аркасына улам карап, таты-накай куйругунан ажырап калганын көруп, ага өтө кейип, зымыраган бойдон жүрүп отурду.
«Жалгыз эле мен куйруксуз болбой, башка түлкүлердүн бардыгын куйругунан ажыратайын» деп ойлоду бул түлкү.
Өзүнө тааныш түлкүлөрдүн бардыгын ийнине чакы-рып, алар келип бүткөнден кийин бул түлкү минтип айтты:
— Туугандар, биз эми ушул ийинден сыртка чыга албайбыз. Анын себеби, бизди сыртта көк жолбун кай-тарып отурат. Андан кутулуш үчүн мен мындай акыл-ды ойлоп таптым: бириңерге-бириңер куйругуңарды бекем байлаштырып алгыла, анан акырын жылып сырт-ка чыккыла. Түлкү кеп экенин көргендө, ушулардын ичинен кайсыны тандап жесем деп, карышкыр ойлонуп туруп калат, ошондо силер туш-тушка жулунуп зымы-рап кача баштагыла.
Түлкүнүн баары буга макул болушту. Бири-бирине куйруктарын бекем байлап, сыртка жылып чыгып, туш-тушка жулунуп кача башташты. Ачыккан карышкыр алардын бардыгын чогуу качырды. Түлкүлөр андан коркуп, катуу секиргенде куйруктары жулунуп кала берди.
Бул ийинди ээлеген куу түлкү ийинен чыкпай, акырын гана тумшугун созуп, берки түлкүлөрдүн куйрук-тары жулунуп калганын кергендө ичинен кымыңдап, анан каткырып күлүп да жиберди.
Анын каткырыгын карышкыр угуп калды. Түлкү дагы эле ийининен чыкпай жатканын билип, жулунган куйруктарды чогултуп, аларды кемирип жеп, ийиндин оозун кайтарып дагы отуруп алды. Куйруктарга жак-шы тойгон жок. Эртеси курсагы ачып, улуй баштады, анан түлкүнү кантип алдоонун амалын ойлоду.
Жүгүрүп жүрүп кайдадыр кумган таап алып, анын түп жагын сындырып, кумгандын оозун түлкүнүн ий-нинин жанына алып келип орнотуп койду. Шамал сок-кондо кумгандын оозу ызылдап, карышкырдын улуганы сыяктуу дабыш чыгарып турду. Бул улуган карышкыр экен деп ойлоп, түлкү өзүңүн ийининен дагы эле чыга албай койду. Анын эртесинде түлкүнүн курсагы аябай ачып, андан ары чыдай албас болду. Ошондуктан сырт-ка акырын жылып чыкса, карышкырдан дайьш жок, ал капкайда кетип калыптыр. Анын ордунда кумгандын оозу улуп турат. Түлкүнүн ачуусу келип, кумгандын оозун жазаламакчы болуп, аны башына илип алып, сууга таштап жибериш үчүн жүгүрүп барды.
Сууга бат эле жетип, кумгандын оозун таштайм деп, башын улам силкип, эч түшүрө албай койду. Түл-күнүн ого бетер ачуусу келип өз башын сууга тыкканда, жээктен тайгаланып кетип, терен, суунун ичине чөгүп елдү.
Алтын куш
Кайдадыр бир кедей абышка болуп, анын жалгыз уулу жана жалгыз түп алмасы бар экен. Ал алманын эн, башына жалгыз кызыл алма мөмөлөп, ар жылы бышкан сайын абышка ошону жеп, жашарып турчу. Кийин эрте күздө жакшы быша элек алмасын белгисиз бөлөк бир нерсе жеп кетет. Андан кийинки жылы чал-дын өзү кайтарып жүрүп, бир күнү уктап калып, дагы жедирип жиберет: үчүнчү жылы кемпирине кайтартат. Кемпири түн ортосуна чейин карап жатып, таңга маал уктап калып, алманы дагы жедирди. Төртүнчү жылы баласына кайтартты. Баласы уктабай карап жатса, кандайдыр алтын куш учуп келип, алмага конуп жей баштады. Бала жаа менен атып, бир тал канатын түшүрүп калды.
Эртеси атасына көрсеттү да: «Мен бул алтын кушту табам»— деп ат токунуп издеп кетти. Жүрүп отуруп жолдун эки айрылышына келди. Жол ортосундагы ташта: «Сол жакка баргандын өзү елөт, он, жакка баргандын аты өлөт»— деген жазууну окуп, он, жакты карай жөнөдү. «Өзүм елгүче, атым өлсүн»— деп ойлоду. Бир канча күнү жол жүрүп курсагы ачып, аты арыктаган кезде, чоң карышкыр астынан каршы чыгып качырды. Бала жерге түше калып, атын мууздап, карышкырга берди. Карышкыр балага ыраазы болуп: «Атыңдын тең этин өзүң бышырып алып, менин үстүме мингин. Барар жериңди айткын, мен алып барайын. Жаш бала экен-сиң, атьщды өзүң мууздап бергениңе аябай ыраазы болдум»— деди.
— Издегеним алтын куш,— деди бала.
— Эмесе мага минип, көзүңдү чылк жум,— деп бөрү айтты.
Бала көзүн жумуп, үстүне минди. Бөрү нечен тоолорду ашып, нечен жолдорду баскандан кийин: «Көзүңдү ач»—дегенде, көзүн ачса, чон, шаардын ичине кирип барыптыр. Бөрү баланы үстүнөн түшүрүп:
— Куш ушул үйдө, акырын бар да, бутунан карма-бай, канатынан кармап чык, — деди.
Бала үйгө кирип, бирок карышкырдын сөзүн унутуп коюп, куштун канаты эмес, бутунан кармады. Анын бу-тундагы жылаажыны шыңгыр-р этип, кароолчу сезип, баланы кармап алды.
Эртеси хан суракка алды.
Бала минтип сүйлөдү: — Менин атамдын бир түп алмасынын эң учуна мөмөлөгөн жалгыз алмасы бар эле, ошону атам жеген сайын жашарып турчу. Алтьш куш төрт жылдан бери жеп кетип, ошондон бери атам карып калды.
— Сен атаңдын иши үчүн жүргөн бала экенсиң, ал-тын кушту берейин, бирок мындан аркы жактагы хан-дын алтын жалдуу, алтын куйруктуу аты бар, ошону алып келип, менин колума еткөрсөң гана берем — деди хан.
Бала ыйлап келип, хандын сөзүн карышкырга айт-ты. Карышкыр баланы үстүне мингизип, дагы бир жер-ге келгенде: «Көзүңдү ач» — деди. Бала көзүн ачты.
— Кырк одрайдан ары өзүнчө бөлөк бир сарай бар, ошол сарайдын ичинде алтын жалдуу ат байланып турат. Анын чылбырынан кармабай, жалынынан кармап жетелеп чык,— деди карышкыр баланы дагы жөнөттү.
Бала кирип барып, бирок мурдатан үйрөнгөн адаты боюнча, атты чылбырынан кармап, ошондо кандайдыр коңгуроо кагылып баланы кармап, каролочулар ханга алып барышты. Бала эмне үчүн келгенин айты. Хан угуп туруп:
— Эмесе ушундан аркы хандын эн, сулуу кызы бар, ошону алып келсең атымды берейин,— деди.
Бала кайгырып чыгып, карышкырга айтты. Карыш-кыр дагы үстүнө мингизип, бир жерде көзүн ачтырса, таң сүрүлүп калыптыр. «Эми мен барайын» деп карышкыр кетти. Хандын кызы эртең менен кырк кызды ар-тына, кырк кызды алдына салып, сейилдеп чыккан экен.
Карышкыр жыгачтын түбүнө жашынып туруп, кыз-ды илип алып, ызгыган бойдон жөнөдү. Карышкырдын үстүнө учкашып баратып, кыз менен бала бирин-бири сүйүп калышты.
— Эми экөөбүз эч качан айрылбас болдук. Эптеп ушунун айласын таба көр!—деп бала менен кыз карышкырга жалына баштады.
Шаарга келгенде, крышкыр бул экөенү үстүнен түшүрүп, өзү ошол замат кубулуп эч бир теңдеши жок сулуу кыз болду. Бала аны «өзүң самаган сулуу кыз ушул» деп алып барып берди.
Хан чоң ыракмат айтып, баланын сураган атын берди. Кыз менен бала ошол атка минип жөнөп кетишти.
Хан кыздын жанына отурайын деп барса, ал кыз эмес эле, карышкыр боло калып, хандын башын жара чайнап салды. Анан желип отуруп кыз менен жигиттин артынан кууп жетти.
— Мына бул аттан да айрылгым келбейт, ушунун айласын кошо таап,— деп бала карышкырды дагы кый-нады.
Карышкыр баланын көңүлүн кыйбай, буга да көнүп, шардын четинде ат болуп кубулду. Бала атты жетелеп барып ханга берди. Хан ырахмат айтып, алтын кушту берди. Бала кушту алып, кызы менен кетти. Хан ошол күнү жаңы атты минип, тоого аңга чыкты. Аттарын тушап коюп, өздврү эс алып, көптөн кийин келишсе, аттардын сөөктөрү гана калыптыр. Тушап койгон аттар-ды кубулган карышкыр жеп кетиптир. Хан жолдоштору менен жөө кайтты.
Колуктусу, кушу, аты менен бараткан балага карышкыр жете келип, биротоло кош айтышты. Колуктусу менен кушу менен уулу атасына барды. Ошондон тартып атасы алманы дайым өзү жеп, тукуму өсүп, жыргап-куунап күнүн көргөн экен.
Апенди жана бай соодагер
Апенди көчөде келатып, шаардын атактуу чоң байы үйүнүн терезесинен башын чыгарып, сырт жакты карап отурганын көрдү да, аны байкамаксан боло:
Ак! Жүз дилде бер так.
Бирди кем берсең — албайм!—•
деп өтүп кетти.
Аздан кийин Апенди кайра кайтып, бай дагы эле бая-гы калыпта отурганын көрүп:
Ак! Жүз дилде бер так.
Бирди кем берсен.— албайм!
— деп дагы өттү.
«Бул өз сөзүндө канчалык бекем турганын жакшы-лап бир сынайын» деп ойлоду да, бай токсон тогуз дил-дени баштыкка салып, бекем байлап, терезенин түбүндөгү ичке жолдун дал таманына таштап койду.
Ак! Жүз дилде бер так. Бирди кем берсең — албайм!—
деп үчүнчү ирет өтүп бараткан Апенди баштыкты колуна алып, ошол жердө отуруп бардыгын санап:
— Ичиндеги дилдеси токсон тогуз экен, жибек баш-тык — бир дилде, кудай мага туптуура жүздү берип-тир,— деди да, эми түз эле үйүн карай басты.
Бай шашкан бойдон жүгүрүп чыгып:
— Апенди! Токто! Мунуң болбойт: сен кудайдан жүз жилде сурагансың, а мен сени жөн гана сынамак үчүн токсон тогузду таштап, өзүм терезеден карап отур-дум. Бер акчамды,— деп Апендинин жолун тосуп тура калды.
— Бербейм! Акчаны мен кудайдан алдым. Сенден акча сурамак тургай өзүңдү көргөн да жокмун. Тоспо жолду! Азыр базардан бир козу алып, союп, өлгөндер-гө куран окутам,— деп Апенди жулунган бойдон кете берди.
Бай акидей асылып, мунун артынан калбай жүрүп отуруп, акыры Апендинин үйүнө жетишти.
— Ушинтип эле бербейсиңби? — деп сурады бай, тажап бүткөндөн кийин.
— Ушинтип эле бербейм.
— Эмесе казыга баралы.
— Казыга да барбайм. — Неге барбайсың?
— Чапаным жаман. Муну менен казынын көзүнө кантип көрүнөм? — деп Апенди үстүндөгү жаман ча-пандын айрыгын ого бетер чоңойтуп айрып койду.
— Эмесе меникин кий. Мен жолдо үйүмө кирип, бөлөк чапанды кием,— деп бай шайы чапанын чечип, Апендинин үстүнө жаба салды.
Апенди аны кийип, этек-жеңин карап, сылап-сыйпап, анан жайланып отуруп алды.
— Бул эмне кылганың? Жүрбейсүңбү казыга! — деди босогого барып калган бай кайра кайрылып.
— Кантип жөө жүрем?
— «Кантип» дегени кандай? Басып жүрвсүң да.
— Жо — ок... Басып жүрө албайм. Бутум ооруйт. Ал эми казынын үйү абдан алыс эмеспи.
— Менин сарайымда бир эмес, беш эшек байла-нып турат. Экөөбүз андан эки эшекти тандап минип, казыга бат згле жетебиз.
— Мына ушинтип айтпайсьвдбы... Эмесе болуптур. Апенди бай менен кошо мунун үйүнө келип, экеө эки эшекти тандап минип, бай айткандай, казыга бат эле барышты.
Казынын алдына чөк түшүп отургандан кийин, би-ринчи сөздү бай айтып еттү.
— Кана эми, сен эмне айтасың, Апенди? — деди казы.
— Бул кишинин сезүнө эч ишенбеңиз... Менин ай-тарым ушул, таксыр.
— Неге?
— Өмүрү калп сүйлөйт. Чын айткан бир сезү жок.
— Кантип?
— Сиз калыс болуп карап отуруңуз: эми бул мен кийип турган жалгыз чапанымды да «меники» дейт.
— Меники эмей кимдики? «Чапаным жаман» деге-ниң үчүн кийгизбедимби! — деп бай ачууланып тура калды.
Көрдүңөрбү, мунусу аз келгенсип, эми бул менин минип келген эшегимди кошо талашат, бирок өзүңүз билип калыс өкүм кылыңыз, таксыр.
Апенди казынын алдына баш ийип, колун куушурган бойдон отура берди.
Байдын чый-пыйы чыгып:
— Аны талашып эмне кылам? Эшек ансыз да меники. Жөө жүрө албаганың үчүн мен мингизбедимби!—-деп калч-калч эткен колу Апендинин үстүндөгү чапан-га жармашты.
— Тарт колуңду! — деди казы, байга акырая карап. — Сен эмне, казыны макоо деп ойлоп, калыстык жолдон тайгызмаксыңбы? Өзүң кечөгө токсон тогуз дил-де таштап, аны кайра доолап, акчаңды бербей жаткан кишинин үстүнө чапан кийгизип, астына эшек минги-зип, анан казыга арызданып келет имишсиң... Калп мунуң! Калп тургай, казыны шылдың кылганы үчүн бул киши камакка алынсын, минип келген эшеги мындан ыза көргөн казынын пайдасына калсын. А сен, Апенди, эшегиңе мин да үйүдө кайт! — деди казы.
Ошону менен Апенди акчалуу болуп, үстүнө чапан кийип, астына эшек минип, үйүнө кайтты да, бай экин-чи эшегинен кошо ажырап, езү камакта калды.
Апенди менен хан
Бир күнү хан кийикке чыкканда, Апендини кошо жолдош кылмак болуп:
— Оо, Апендим, бүгүн биз менен бирге кийикке жүр,— деди эле, Апенди илгирбей макул болду. Бирок аны эң эле кашаң жана арык атка мингизип коюш-ту. Узак убакка кийик уулап, кечке жуук үйдү карай кайткан кезде, жаан шатыратып тегүп жиберди. Бер-килердин баарынын аты тың жана жакшы аттар бол-гондуктан, чапкан бойдон шаарга кирип кетишти. Апен-ди өз атын камчысы менен канчалык чаап, буту менен канчалык теминсе да, эшейип баспай койду. Эч болбо-со шаарга кургак барайын деди да, үстүндөгү кийимдерди бүт чечип, астына салынып алды. Акыры шаарга жеткенде, аларды кайра кийип, хандыкына келди. Хан Апендинин кийими бүт кургак экенин көрүп аябай таң калып:
— Оо, Апенди, биз аттын оозун коё берип отуруп, үйгө жеткенче жаанга абдан суу болдук, а сенин кийи-миң купкургак, бул кандай? —деди.
— Ханым, мен минген ат анык шумдук экен. Силерден азыраак кала түшүп, анан шаарды карай сыз-ган бойдон жөнөгөндө, мен муну шамалдан мурда баратабы деп ойлодум. Шаарга тез эле жетип, жаан ба-сылгандан кийин мында келдим,— деп Апенди сүйлөдү.
Хан аң-тан, болуп, Апенди минген атты жакшылап бактырып койду.
Бир күнү кийикке дагы чыгып, Апендиге бөлөк ат-ты мингизип, дал ошол кашаң атты өзү минди. Булар кайра кайткан кезде асманды булут каптап, жаан нв-шөрлөп куюп жиберди.
Апенди минген атына камчы басып, шаарга кирип кетти. Ал эми хан канчалык аракет кылса да, минген аты ордунан жылбай, жолдошторунан капкайда артта калды. «Бул ат качан учат?» деп ойлоп көпке күттү. Бирок аты илкигенден илкип отуруп, ханды шөмтүрөтө суу кылды. Хан шаарга араң жетип, үйүнө келсе, Апен-ди купкургак гана жыргап отурат. Хандын кыжыры кайнап:
— Сен мени неге алдадың? Мындан кийин бул ада-тыңды коюп жүргүн. Мен сага ишенем деп, кийимим бүт суу болуп, өзүм да үшүп бүттүм,— деди.
Анда Апенди айтты:
— Сен эмнеге ачууланасың? Үстүңдөгү кийимиңди чечип астыңа салып, жаан басылгандан кийин кайра кийгенди билген жоксуңбу?
Бир күнү Апенди жалгыз казын союп, казанга салып бышырды да, ханга берейин деп, аны колтугуна кысып жолго түштү. Баратканда курсагы ачып, каздын бир санын жеп койду.
Апенди алып келген казды көрүп хан:
— Ай Апөнди, бул каздын бир саны кана? — деп сурады.
— Оо, ханым, быйылкы жылы канча каз болсо, ошонун баарынын бирден гана буту бар,— деп Апенди айтты.
Хандын короосунда жоон топ каз бар эле, жаандан кийин алардын баары бир бутун көтөрүп турган экен. Хан өз жигитине:
— Мына бул каздарды таяк менен ургулап куу-гун,— деди.
Жигит барып, таяк менен урганда, каздар кош аяк-тап кача баштады.
— Сен калп айтыпсың, Апенди... Тигилер эки буттуу турбайбы,— деди хан, качып бараткан каздарды көрсөтүп.
— Эгер ушул таяк менен ургуласа, сен эки эмес, төрт аяктап секирер элең,— деп Апенди ханды сөзгө жыкты.
Апендинин короосундагы жемиш бактарынын ичин-де эрте быша турган шабдаалысы бар эле. Күндөрдүн биринде Апенди андан сапсары болуп бышып калган үч шабдаалыны көрдү. Үчөөнү тең үзүп, жайпак табак-ка салып, хандын үйүн карай жөнөдү. Жайпак табакта шабдаалылар ары — бери томолонушуп, бирине-бири тие баштаганда Апенди:
— Тентектик кылбагыла, жемиштер, болбосо оозума салып жеп коюп жаштайыңарда соолтом,— деди.
Үч шабдаалы аны укпастан бири менен бири дагы эле кагылыша берди.
— Булар бирге турса, тентектигин койбойт экен,— деп Апенди шабдаалынын экөөн жеп алып, бирин хан-га алып келди.
Хан шабдаалыны жегенден кийин Апендиге чоң ыракмат айтты.
Ханга бериш үчүн Апенди дагы бир күнү үч жаңгак алып бара жатты. Жолдон бир киши жолугуп:
— Кайда жөнөдүң, Апенди? — деп сурады.
— Ханга жаңгак алып баратам.
— Жок, сиз жаңгакты коюңуз, андан көрө хандын абдан жакшы көргөн тамагы — мейизди алып барыңыз,— деди ал киши.
Апенди анын тили менен жаңгакты таштап, ханга мейиз алып барды.
Бирок хан мейизди эң эле жаман көрчү экен.
— Мындан кийин Апенди мейиз көтөрүп келгенин койсун... Аны ошол өз мейизи менен аябай ургула,— деп хан жигиттерине буйрук берди.
Жигиттери ура баштаганда, Апенди өзүнө мейиз тийген сайын:
— Ханым, мунуңа чоң ырахмат! — деп улам ыраа-зы болуп турду.
— Эй Апенди, сени бул жерде сабап жатышса, сен ага кайгырмак түгүл, кайра ыракмат айтканың кандай? — деди ошол жердеги кишилердин бири.
Анда Апенди айтты:
— Ээ тууган, ар ким өз айыбын өзү билет... Булар мени жаңгак менен сабай турган жейү бар эле, бирок минтип кудай колдоп, жупжумшак мейиз менен сабап жатышпайбы... Мен ошол үчүн ыракмат айтып жатам.
— Эмне дейсиң? — деп сурап калды хан.
— Мен мында жаңгак алып келе жаткам. Эгер мында мен жаңгакты көтөрүп келсем, башыма катуу жаңгак тиймек экен... Мейизди ушунчалык жаратканы үчүн кудайга миң ыракмат, — деп Апенди чыгып кетти.
86
Мультиязыковой проект Ильи Франка www.franklang.ru