Түшүндүрмө сөздүк
Бир тилдеги сөздөрдүн лексикалык, семантикалык, стилдик нормасын белгилеп туюндурган сөздүктү түшүндүрмө сөздүк дейбиз.
Бул сөздүк лингвистикалык сөздүктөрдүн ичиндеги негизги орунду ээлейт. Анткени сөздүккө кирген баардык сөздөрдүн маанилери (лексикалык, громматикалык, фразеологиялык жактан да) кеңири, толук жана так ачылып берилет.
Түшүндүрмө сөздүк орфографиялык, орфоэпиялык, этимологиялык, фразелогиялык, синонимдик ж.б сөздүктөрдүн да кээбир милдеттерин аткара алат. Ошону менен бирге ал сөздүк адамдардын билимине, кесибине, жашына, чөйрөсүнө карабай бардык адамдар үчүн арналат. Ал нормативдик сөздүктүн принцибин сактайт. Нормативдик мүнөз сөздөрдү өтө кылдат тандап алуу менен аныкталат. Ошондуктан, кээде түшүндүрмө сөздүк нормативдик сөздүк деп аталат.
Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү 1969-жылы жарык көргөн.