СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдардын психологиясы

Нажмите, чтобы узнать подробности

жаш балдар менен иштоо чеберчилиги

Просмотр содержимого документа
«Балдардын психологиясы»

Баланы эрте өнүктүрүү үчүн үй-бүлөдө жагымдуу маанай түзүү.




Саламатсыздарбы, урматтуу ушул жыйындын катышуучулары! Урматтуу энелер! Урматтуу мугалимдер!

Бүгүн абдан маанилүү маселе тууралуу сүйлөшүүгө чогулуп отурабыз. Ата-энелер, мектеп, өкмөт өкүлчүлүгү – баарыбыз биргеликте үч суроого жооп издешибиз керек. Биринчиси – азыр заманыбыз, коомубуз өтө тез өнүгүп-өзгөрүүдө; буга балдарыбыздын, жаштарыбыздын билим деңгээли шайкеш келеби? Экинчиси – балдарыбызга заман талабына ылайык тарбия берип жатабызбы? Үчүнчүсү – облусубуздун жаштары мыкты билим алып, эл аралык, дүйнөлүк мейкиндикке чыга алышы үчүн жол ача алабызбы? Ушул суроолорго жооп табуу үчүн бүгүнкү күндө эң өнүккөн өлкөлөрдүн тарыхый тажрыйбасын карап чыктык. Мисалга Финляндиянын өрнөгүн алалы. Мына бул колумдагы «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» деген китепте жакшы баяндалган.

Бул өлкө билим сапаты, деңгээли боюнча дүйнөдө эң алдыңкы сапта турат. Калкы биздей эле, кен байлыктары жок, жери бүт эле саздак өлкө бүгүн бүт дүйнөнү таң калтырып жатат. Алар ушул ийгиликке кандайча жеткен? Эмнеге таянган? Алар азыркы бийиктикке элдин маданияты менен билимин өнүктүрүү аркылуу өлкөнү гүлдөтөбүз деген бирдиктүү идеология менен жетишиптир. Бул китептен бир үзүндү окуп берейин: «Качан гана биздин улутубуз тегерегибиздеги ири мамлекеттерден маданият жагынан бийик болсо, ошондо коркуудан арылабыз», – деп жазыптыр финдердин ошол замандагы философу, акылманы, рухий лидери, мугалим Снелман. Бул өлкөнү бирде шведдер, бирде орустар басып алып, күнкор абалда жашаган, эли сабатсыз болгон. Бирок билим менен маданиятты өнүктүрүүгө узак жылдар бою ырааттуу кам көрүп, ошол туңгуюктан чыгууга жол табышкан. Ошентип, бүгүнкү күндө финдер европа элдеринин алдыңкы сабында турат.

Дагы бир орчундуу жерин окуп берейин: «Ачуу болсо да бир чындыкты көңүлдө туталы – баланын ата-энеси эле эмес, чоң ата, чоң энеси, бир туугандары бар болсо да, эгер туура таалим албаса, ал тоголок жетимдей чоңоёт. Жашыруунун кереги жок – коомубузда ата-энелүү жетимдер көп. Биздин да балдарыбыз ошолордун катарында эмеспи деп ойлоп көрүңүздөр. Кээ бир үй-бүлөлөрдө балдарды жакшы кийиндирип, тамактандырышат, т.а. материалдык жактан толугу менен жетиштүү кам көрүшөт. Бирок, тилекке каршы, баланын рухий муктаждыктарына, шык-жөндөмүнө, билимине көңүл бурулбай калууда».

Азыркы күндө Финляндияда энелер мектеби энелер институтуна айланган. Дал ушул энелердин мыкты таалим алгандыгынын шарапаты менен азыр бул өлкө билим сапаты жагынан дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

 

Маданият менен билим – гүлдөп өнүгүүнүн негизи

 

Эми Япониянын тажрыйбасы жөнүндө айта кетейин. Бул өлкөнүн тарыхында согуш көп болгон. Жери аз, кен байлыктары жок, калкы жыш – 127 млн. Жер титирөөлөр дайым болуп турат. Бирок япондор дүйнөнү үч нерсеси менен таң калтырат: маданияты, чыгарган товарларынын сапаты, адамдарынын узак жашоосу. Узак жашоо жагынан алар дүйнөдө биринчи орунда турат – 120га чыккандар көп. 100дөн ашкандар абдан көп – элүү миңдей деген маалымат бар. 127 миллион адам кантип ушундай бийик маданиятка жетишкен? Алар маданиятты да, билимди, тарбияны да үй-бүлөдөн баштап алат экен. Баланы бойго бүткөрөрдө алар: «Мен балама татыктуу тарбия бере аламбы? Баламдын бактылуу адам болуп өсүшүнө шарт түзө аламбы?» – деген суроону өздөрүнө берет экен. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин алардын лидери да «Сапатты жогорулатуунун үзгүлтүксүз тутуму (системасы)» деген идеологияны көтөргөн экен. Тутум – бардык тармактарга киргизилгендиги, үзгүлтүксүз – дайыма, ырааттуу жүргүзүлгөндүгү. Бул тутумду алар бүгүнкү күнгө чейин өркүндөтүп келет.

Бул тутум билим берүү тармагына да киргизилген. Мына мен сары түстүн сары деген бир эле түспөлүн билем, а он жаштагы япон баласы бул түстүн он эки башка түспөлүн билет экен. «Сони» компаниясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын «Үч жаштан кийин кеч» деген китеби бар, кыргыз тилине да которулган. Ал баланын бардык жөндөмдөрү 3 жашка чейин калыптанып бүтөрүн далилдеп жазыптыр. Мээнин клеткалары 3 жашка чейинки куракта абдан жакшы өнүгөт экен. А биз эмне кылып жатабыз? Балдарды төрөп коюп, чоң ата, чоң энелерге таштап, Россияга кетип жатабыз.

Япондор тууралуу дагы айта кетейин. Алардын маданияты өнүккөн сайын адамдардын өмүрү узарыптыр. Эмне үчүн япондор эң узак жашайт? Сыры эмнеде? Албетте, өмүрдүн узактыгына туура тамактануу, сергек жашоо, социалдык шарт-жагдай ж.б. ар кандай факторлор таасир этери белгилүү. Бирок окумуштуулар изилдесе, ошол эле балык, деңиз азыктары, күрүч ж.б.у.с. башка өлкөлөрдө деле бар экен. Социалдык абалы жагынан Америка деле мыкты. Көрсө, эң башкы фактор – бул жылуу-жумшак мамиле, күйүмдүүлүк, топуктуу пейил экен. Японияга туз-насип буюрган экен, барып, элин көрүп таң калдым: баары сылык-сыпаа, кишиге дайыма жайдары жылмайып карашат! «Япон жылмаюусу» деп бекеринен айтылбайт экен. 127 миллион калктын баары – чүрпөсүнөн тартып улгайган карыларына чейин – кантип ушундай маданиятка жеткен? Алар бул суроого минтип жооп беришет: «Биз тарыхта эң көп азап-тозокту көргөн элбиз. Эгер мен, япон, японду – японду! – аябасам, анда аны ким аяйт, ким ага күйөт?!.»

Мына маданият! «Мен, кыргыз, кыргызды…!» деген мамилеге өтүшүбүз керек. Мени сыйлап тосуп алган бир японго: «Силер да Кыргызстанга баргыла!» – дедим, биздеги адат боюнча. Анын чын ыкластан берген жообуна көңүл буруңуздар: «Мен жакын арада силер тарапка бара албайм. Бирок мени ушунчалык сыйлагың келсе, Кыргызстанда кезиктирген бир японго чай берип кой». Көрдүңүздөрбү, алар бири-бирине кандай күйөрүн?

Дагы бир мисал. КМШдан (Молдавиядан, Россиядан, Кыргызстандан ж.б.) барган биздин топ адатыбызча ар нерсеге алаксып жүрүп, бир жыйынга кечигип бардык. Мейманканадан чыгышыбызды күткөн биздин япон кураторубузду эми башчысы катуу жемелейт го деп ойлодук эле. Мен анын ордунда болсом, тилдемекмин. Бирок ал жетекчиси экөө ушунчалык сылык учурашып, ийиле саламдашты, беркиси жагдайды кыскача түшүндүрдү. Ошону менен сөз бүттү. Албетте, биз үчүн кураторубуз тийиштүү жазасын кийин алган болушу керек, бирок алардын кандай гана кырдаал болбосун сылыктыгынан жазбаган, эч бир оройлукка, кемсинтүүгө жол бербеген маданиятын карабайсыздарбы!

Кийин коштошор алдында жалпы жыйында: «Силер ушундай жалпы улуттук сылык маданиятка кантип жетишкенсиңер?» – деген суроого минтип жооп беришти: «Биздин мындай философиялык идеябыз бар: мен бүгүн аман-эсен ойгондумбу, кудай мага ушул күндү насип эттиби, демек, менин бүгүнкү парзым – кимдир бирөөгө кубаныч тартуулоо!»***Ὼ

 

Бизде кандай мүмкүнчүлүк бар?

 

Кудайга шүгүр, азыркы биз жашап жаткан заманыбыз абдан жакшы. Ачка калган үй-бүлө, кароосуз калган бала жок. Мектепте мугалимдер негизинен жетиштүү, окуу китептери да анча-мынча гана тартыш. Бирок биз эмне үчүн ооруйбуз? Эмне үчүн өмүрүбүз кыскарат? Эмне үчүн бири-бирибиздин көңүлүбүздү оорутабыз, кыжаалат кылабыз, бири-бирибизге күйбөйбүз?

Жогорудагы суроолорго иштиктүү жооп бериш үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билим жаатындагы координациялык кеңеш түзүү жөнүндө атайын буйрук чыгарды. Бул координациялык кеңештин биринчи отуруму сентябрь айында өттү. Анда мугалимдерге жардам бериш, мектептеги билим сапатын жакшыртуу максатында Гапыр Мадаминов агайдын көп жылдык бай тажрыйбасын бүтүндөй облуска жайылтуу жөнүндө чечим кабыл алдык..

Гапыр агай 25 жылдан бери төрт методиканы иштеп чыгып, өркүндөтүп келатат. Биринчиси – энелер мектеби. Бул сонун жаңылыкты автор өзү түшүндүрүп берет. Экинчиси – акыл эмгегинин маданияты сабагы. Үчүнчүсү – жаш мугалимдер мектеби. Төртүнчүсү – инсан таануу сабагы. Бири бирин толуктап турган ушул төрт методиканы тегиз жайылтуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Гапыр агайдын гимназиясына балдар шаардагыдай конкурс менен тандалбайт. Арасында ажырашкан ата-энелердин, шарт-жагдайы оор үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энеси жоктор же Россияга кеткен мигранттардын балдары да бар. Мектеп жайгашкан жерди да айта кетейин. Кыргызстандын эң четки облусу Баткен, анын да эң четки району – Лейлек, андагы эң четки айыл – ушул Гапыр агайдын Жаштык айылы. Чакан айыл, мектеби да ошого жараша кичинекей. Аны 259 бала бүтүрүп чыккан, мунун ичинен 29у артыкчылык аттестатына ээ болгон, 239у (94 %!) жогорку окуу жайлардын бюджеттик бөлүмдөрүндө окуп жатат. Алардын ичинен азыркы күндө Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында алтымышы окуп жатат.Дагы 49 бүтүрүүчү АКШ, Япония, Германия, Кытай, Россиядагы эл аралык, чет өлкөлүк жогорку окуу жайларга өткөн. 19 бүтүрүүчүнүн 18и ЖРТда 185тен жогору упай топтоду..Ошол айылда балдар арасында бир дагы кылмышка аралашкан, тартип бузган бир дагы өспүрүм, улан же кыз жок. 1-сентябрда бул айылга барып, окуу жылынын ачылышына катышып, энелер мектебинин бүтүрүүчүлөрү менен да жолугуп келдим. Алардын жалындуу сөздөрүн, алкышын уксаңыздар, жөнөкөй, карапайым айылдык аялдардын дүйнөгө көз карашы кандай кенен, жарык экендигин көрсөңүздөр, таң калар элеңиздер – энелер мектеби энелер университети болуп өсүптүр!



Балдарды тарбиялоодогу үй - бүлөдөгү психологиялык климат

Үй-бүлө мүчөлөлөрүнүн каалоолорун жана бир нерсеге болгон жөндөмдүүлүгүн түшүнө билүү кандай гана үй-бүлө болбосун психологиялык климаттын негизи болот. Психологиялык климат - бул үй-бүлө мүчөлөрүнүн психологиялык абалдарынын, мамилелеринин жана маанайларынын жыйындысы. Биз психологиялык климаттын эки жагын билебиз: ыңгайлуу жана ыңгайсыз. Ыңгайлуу жолу үй-бүлөнүн бири - бирине болгон түшүнүүсү, бири-бирин колдоосу.

Ыңгайлуу шарт Ыңгайсыз шарт

Туура түшүнүү Түшүнбөөчүлүк

Колдоо Өз ара мамиленин жоктугу

Туура мамиле Ынтымактын жоктугу

Ар бири өз ордун билүү Өзүмчүлдүк

Жардамдашуу Көңүл коштук

Боорукердик Кайдыгерлик

Үй - бүлөдөгү маанай балдар үчүн эң маанилүү. Балдардын тарбияланышында үй-бүлөдөгү ыңгайлуу, ыңгайсыз шарттар маанилүү орунду ээлейт. Үй-бүлө дегенибиз, жаш муунду тарбиялоодо адамдардын бактысын, келечегин камсыз кылууга жардам берүүчү чакан жаамат. Бул болсо өз ара моралдык жоопкерчиликти жана өз ара ишкердүү жардамдашууну талап кылат. Адамдар өз өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн үй-бүлөдө өткөрүшөт. Үй-бүлөдө ыңгайлуу психологиялык климат өтө маанилүү.

Үй-бүлө бактысынын негизин дал ушул климат түзөт.

Психологиялык климатты аныктоочу факторлор:

1.Боорукердик, ишке сын көз менен кароо, өзүн-өзү сыйлоо.

2.Кызыкчылыктардын жалпылыгы.

3.Коомдук чоң проблемалар жана мүдөөлөр.

4.Бакыт - бул акыл жана кара күч эмгегинин коомдук колдонулушун сезе билүү.

5.Өзүнө ишенүүчүлүк.

6.Үй-бүлөдөгү ишеним

7.Токтоолук.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!