лекциялык сабак
Тема: Кенже мектеп окуучусунун психологиясы.
План:1.Кенже мектеп окуучусуна мүнөздөмө жана аларда кездешүүчү кыйынчылытар.
2.Кенже мектеп жашындагы балдарда кездешүүчү кыйынчылыктар.
Колдонулган адабияттар:1.К.Минбаев.А.Закиров.Курак жана педагогикалык психология. Ош 1995 70-77 беттер
2.Ж.Жумалиева Жаш курак психологиясы Бишкек 1999
Тм 1. Кенже мектеп окуучусуна мүнөздөмө жана аларда кездешүүчү кыйынчылытар.
Кенже мектеп жашындагы бала башка курактагыларга салыштырмалуу мугалимдин талабын каяшасыз,кынк дебей аткарган,кайым айтышпаган,ишенчээк,ээрчиме,берилген тапшырманы керек,керек эместигине карабай аткарган,тартиптүү,өз алдынчалыгы чектелүү,мугалимдердин оӊ,терс касиеттерине көӊүл бурбаган инсан.
Кенже мектеп жашындагы балдарды окутуу жети жашынан башталса,анда алар 11 жашына чейин (1-3класс),окутуу 6 жаштан болсо 9 жашында (1-4 класс) камтыйт.Айрым окумуштуулар төмөндөгүдөй тактоолорду киргизишет:
6 жаштагы балдарга-5 жыл,5 ай,29 кундон -6 жыл 5 ай 29 күндү камтыган балдар кирсе;
7 жаш -6 жыл,5 ай,29 күндөн-7 жыл,5 ай,29 күндү камтыган балдар кирет.Балдарды жазууга үйрөтүүнүн мектеп жашына чейинки куракта жүргүзүүнү,муну мектепке чейинки тарбия берүүнүн милдетине айландырууну айткан.Выготскийдин ою боюнча,3 жашар балдардын 80% ти белги жана маани,белги жана заттар ортосундагы байланыштарды,аларды бири-бирине кошуу операциясын жүргүзүүнү билишет.Эгер окутууну туура уюштурса 3 жашар бала сөздүн маанисин,анын чыныгы предмети менен байланыштырууну билишери аныкталган.Окууга жана жазууга 4-5 жаштагы балдардын үйрөнө аларын,ал эми алардын мындай мүмкүнчүлүктөрүнө 6-7 жашында гана ээ болуусу алардын окуу,жазуу жөндөмдүүлүгүн жоктугунан эмес,бул ишти уюштурбагандыктын натыйжасы деген.Гарвард университетинин окумуштуулары Бертен Уайт,Дж.Брунерлер интелектин негизи баланын жашоосунун биринчи жылдарында берилерин,4 жашта 17 жашар жигиттин интелегинин жарымы,ал эми 6 жашта үчтөн экиси берилгенин аныктаган.
Кенже мектеп жашындагы балдарды окутуудагы ийгилик алардын мектепке болгон даярдыгына жараша болот.Эмне үчүн балдарды мектепке даярдоо аныктоо зарылчылыгы туулат? Мектепке окууга даяр эмес окуучулардын саны көӊүл жубатарлык эмес экендиги төмөнкү статистикалык материалдан көрүнөт.Шаар мектептеринде окууга “даяр” эмес балдар 10-50% ке чейин,айыл мектептеринде 75% ке чейин жеткен.5-5.5 жаш балдарда “даяр”эмес балдардын процентик көрсөткүчтү 80% түзсө,ал эми 6 жаштагы балдарда 51% ти 6.5 жашта 32% ти 7 жашта 13% ти түзгөн.
Эксперименттин деӊгээлинде балдардын окууга болгон даярдыктары атайын методикалык жардамы менен аныкталат.Ал методикалар төмөнкүлөр:
Окуу башталганга чейин ата-энелер менен,бала-чакалардын,тарбиячылардын атайын түзүлгөн анкеталарга жооп берүүсү менен ишке ашат.
- Бала бакчадагы баланын жүрүш-турушунун жана личносттунун өзгөчөлүктөрү
- Сабак учурундагы ишке болгон жөндөмдүүлүктөрү.
- Эстин,мүнөздүн калыптануу өзгөчөлүктөрү
- Ойлонуунун өзгөчөлүктөрү
- Кебинин өнүгүүсү
- Бала бакчага негизделген программанын өздөштүрүлүшү,ден соолуктарынын жалпы деӊгээли....
Экинчи методика болуп Керне-Иразектин тести саналат.
- Адамдын фигурасын чийүү
- Трафереттен даяр жазылган сүйлөмдү өзүндөй кылып жазуу
- Траферетте даярдалган 10 чекитти өзүндөй кылып көчүрүү
- Методика эсептик деӊгээлин аныктоо менен аяктайт
Тм 2 Кенже мектеп жашындагы балдарда кездешүүчү кыйынчылыктар
Кенже мектеп жашындагы балдардын окууга даяр экендигине карабастан,алар айрым кыйынчылыктарга кездешет.
Биринчи кыйынчылык:мектеп тартиби менен байланыштуу.Алар өз учурунда туруп,сабакты калтырбай,кечикпей,сабак учурунда тартипти бузбай,үйгө берилген тапшырманы аткаруу үчүн бала эски өнөкөттөрүнөн кескин түрдө баш тартып,жаӊы жүрүш-туруштарды,ык машыгууларды өздөштүрүүсү керек.
Экинчи кыйынчылык:окуучулардын өз тентуштары жана мугалим менен мамиле жасоону үйрөнүү зарылчылыгынан келип чыгат.
Үчүнчү кыйынчылык:окуу жылынын ортосунда пайда болот.Мугалим окуучулардан информацияларды кабыл алуусун гана талап кылбастан,аны кайтадан айтып берүүсүн да үйрөнөт.Мындай талапты бардык окуучулар аткарууга даяр эмес.Кенже мектеп окуучусунун негизги иш-аракети –окуу.Окуу процессине окуучуларды көндүрүү үчүн мугалим адаптация кубулушун закон ченемдүүлүгүн аны кенже мектеп жашындагы балдарда отүү өзгөчөлүгүн так элестетүү зарыл.
Физиологиялык адаптация балдардын организминин жаӊы окуу иш-аракетине көнүгүүсү негизги үч фазадан турат.
- Окуучулар биринчи күндөн баштап жаӊы окуу иш аракетин өздөштүрүүгө киришкендиктен,алар көптөгөн жаӊы дүүлүктүргүчтөргө туш болушат.Буларга жооп берүү үчүн организм ички ресурстарые үнөмдөбөй,толук сарптоого аракеттенет.Балдарданы мындай абал 2-3 аптага созулат.Бул өзгөчөлүктү багытточу фаза деп аталат
- Физиологиялык адаптациянын экинчи фазасында окуучулар жаӊы дүүлүктүргүчтөргө оптималдуу жооп таап,ага ылайыкташууга аракет жасашат.Жаӊы дүүлүктүргүчтөр секиндеп азая баштайт.Организм өз ресурстарын үнөмдөөгө өтөт.
- Үчүнчү фазасында окуу процессинен,мугалимдин керт башынын таасиринен пайда болгон дүүлүктүргүчтөргө оптималдуу,салыштырмалуу туруктуу жооп табууга жетишет.Физиологдордун изилдөөлөрүнө караганда окуучулардын мындай физиологиялык өзгөчөлүктөрү 5-6 жумага созуларын эсептешкен.
Психологиялык адаптация.Мектепте мугалимге адекваттүү жүрүш-турушту калыптандыруу.Мугалим окуучулар теӊтуштары менен контактка өтүүгө аракеттенүүсүн жана окуу иш-аракетинин машыгууларына ээ болууну билдирет.Балдардын психологиялык адаптациясы бардык балдардын топторунда бирдей өтпөйт.Балдардын 56% инин мектепке көнүгүүсү эки айга созулат.Балдардын 30% де адаптация биринчи чейректин акырына чейин созулат. Булар окуу ситуацияларын кабыл алышпайт. Мугалимдин окуучулар менен болгон карм-катнашы чыңалуу абалында болот.Өз мамилелерин “тактоо”аркетинде болушат.Балдардын 14%де адаптация өтө кыйындык менен өтөт.Окуу программасын өздөштүрө алышпайт,негативдүү жүрүш-туруштар байкалат,класстын иштөөсүнө тоскоолдук кылат.Бул келтирилген фактылар жаңы окуу иш-аракетин өздөштүрүүдө окуучулардын атайын убакытты талап кыларын, спецификалык өзгөчөлүктөргө ээ экендигин жана бул этапты акылдын деңгээлинде башкаруу окуучуларды жолго салууга өбөлгө болорун билдирет.
Просмотр содержимого документа
«Кенже мектеп окуучусунун психологиясы.»