СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балээнин алдын алууну билгиле!

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Балээнин алдын алууну билгиле!»

Балээнин алдын алууну билгиле!


«Окьянус» аттуу зор бир сөздүктү түркчөгө которгон Асым Эфенди окуучулук күндөрүнүн бирин төмөнкүчө эскерет:

«Окуп жүргөндө биздин медресеге эң жакын болгон наабайдан нан алчумун.

Көп жыл бою бул наабайдын кардары болуп жүрдүм. Бир күнү эртең менен демейдегидей эле нан алыш үчүн бул наабай келгенимде наабайда иштеген бир жумушчунун адилетсиздигине дуушар болдум. Бардыгына нан берип, кезегим келгенине карабастан, мени көрмөксөн болду. Ага кандай гана белги кылбайын, баары бир мени көрмөксөн болууну уланта берди. Кылынган бул адилетсиздикке ачуум шакардай кайнап, наабайдын алдында турган бир ташты колума кармай, аны көздөй басууну чечтим. Бирок так ошол кезде дароо оюма бул нерсе келди:

«Бул киши бир балээге татыктуу абалга келген болсо, эмнеге муну менин колумдан тапсын? Эмнеге мен анын күнөөсүн мойнума алайын? Сабыр кылайын, сөзсүз түрдө мунун ичинде бардыр бир жакшылык.»

Акыры баары наны алып кеткенден кийин, мага да нанымды берди, медресеге кайттым.

Бир күн өткөн соң, наабайга барганымда ал кишини көрө алган жокмун. Аны сурасам, мындай дешти:

«Ал ишчи кечээ күтүлбөгөн жерден ооруп калды, азыр ажал менен бетме-бет. Бирок өлө албай, жанталашып жатат.»

Оюма бир нерсе кылт эте түшүп, аны урууга ниеттенген ташты колума алып, ал кишиге жөнөдүм. Ташты чекесине тийгизип, жууркандын үстүнө койдум. Бир аздан кийин киши акыркы демин оңой берди. Анткени бул таш менен ажалы келмек. Муну менен өмүрү бүтмөк.

Бирок сабырдуулугум себептүү ал ташты мен урбай калдым.»

Бул окуядан төмөнкүдөй сабак алса болот:

Эгер адилетсиздикке дуушар болсоңор, уруш-жаңжалдын алдын алууну билгиле жана:

«Бул киши токмокко татыктуу, биро мен аркылуу болбосун.» - дегиле.

Ал киши эмнеге татыктуу болсо, ошону табат. Бул балээ силердин колуңар менен келбесе гана болгону, башыңарды дартка салбасын...


Г: Накыл сөздөр


Сабыр ачуу, бирок мөмөсү таттуу.

Сабыр - бул, адам баласын бийиктеткен канат.

Сабырдуу адам - жылдыздуу.

Сабырдуулук - бакыттын ачкычы.

Сабырсыздын иши тамырсыз.

Сабырдын түбү - сары алтын.


Д: Ыр саптары


Сабыр - бул, сыйкырдуу дарман, артында ыйман,

Сабырсыздын абалы зыян үстүнө зыян.

Ар нерседе бар бир усул, сабыр болсо жеңишке жол,

Чымыркан, аз нерсе менен кутулгандар менен кутул.

Сабырга бышкан киши камалга жетет, ишен.

Шашманын иши туман үстүнө туман...

Чыдаган жетет муратка, андыктан шашылба!

Урулуп-согулсаң да, алыс болбойт жакын...







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!