Балыктардын систематикалык топтору
Сабактын максаты
- Балыктардын систематикалык топторун аныктап талдоо
- Сɵɵктүү жана кемирчектүү балыктардын ɵзгɵчɵлүгүн ɵздɵштүү
- Балыктардын жаратылышта жана адамдын жашоосундагы мааниси, кыргызстанда кездешүүчү балыктар
Сабактын планы
- Балыктардын систематикалык топтору
- Сɵɵктүү жана кемирчектүү балыктардын ɵзгɵчɵлүктɵрү
- Балыктардын жаратылышта жана адам жашоосундагы мааниси
- Кыргызстанда кездешүүчү балыктар
Балыктар ( лат. Pisces) — сууда жашоочу омурткалуу жаныбарлардын чоң классы. К емирчектүү жана сɵɵктүү деп 2 класска ажыратылат. 20 миңден ашык түрү бар. Азыктануусу боюнча планктонофагдар , бентофагдар , фитофагдар, детритофагдар, жырткычтар болуп бөлүнөт. Уругун сууга таштап көбөйөт, кээ бири (көпчүлүк акулалар, гамбузия, аквариум балыктары) тирүү тууйт. Жашоо узактыгы 1-2 жылдан (айрым кыска мөөнөттө жетилүүчүлөрү), 100 жылга чейин (белугалар) ж. б
Омурткалуу жаныбарлар классы. Бул класс 3 түркүмгɵ бɵлүнɵт:
- акулалар түркүмү,
- кɵɵкɵчɵктɵр (скаттар) түркүмү,
- химералар түркүмү
Скелети кемирчектүү. Дене узундугу 6 смден 20 мге чейин жетет, түрпү менен капталган. 4–7 бакалоор жылчыгы бар, сүзгүч ыйлаакчасы жок. Заара-жыныс жана арткы тешиги курсак сүзгүчтүн түбүндө жайгашкан. Урук чачып көбөйөт, кээси тирүү тууйт. 2 классчага (эбелек бакалоордуулар жана туяк баштуу балыктар) бөлүнөт. Азыр 140 уруусу жана 630 түрү деңизде, бир нече түрү тузсуз сууда жашайт.
Кемирчектүү балыктар классы
Сɵɵктүү балыктар классы
Скелети (омуртка тутуму, кабыргалары) толук сөөккө айланган. узундугу 1 смден 5 мге чейин жетет. Денеси сөөктүү түрпү менен капталган, кээ биринде түрпүсү жок. Сүзгүчтөрү курсагында, көкүрөгүндө же мойнунда жайгашкан. Сүзгүч канаттары тикендүү. Арткы жана заара-жыныс тешиги курсак сүзгүчтөрүнүн артында жайгашкан. Сүзгүч ыйлаакчасы демейдегидей, толтосу кеңейген. Кылкандуу балыктардын 33 түркүмү, 420 тукуму, 20 миңдей түрү Жер шарынын бардык деңиз жана туссуз сууларында жашайт. Айрым жыныстуу, кээ бирлери гана гермафродиттер . Уруктануусу көбүнчө сыртта жүрөт, жумуртка (икра) таштайт. Кээси тирүү тууйт ( ганбузия жана башка).
Балыктардын жаратылышта жана адамдын тиричилигиндеги мааниси
Балык азыктары өзүнүн химиялык составы, даамдуулугу боюнча эт азыктарынан кем калышпайт, ал эми сиңимдүүлүгү андан да өтөт. Жаңы балыкта орто эсеп менен 15—22% белок, 0,2 — 30,8%ке чейин май жана бир аз углевод болот. Балыктын негизги белогу — ихтулин менен коллаген . Ихтулинде кишиге керек бардык алмаштыргыс аминокислоталар бар. Балык майы оңой эрийт жана жакшы сиңет. Ар кандай балыктарда майдын өлчөмү ар түрдүү болот. Майсыз (2%ке чейин) балыктарга — треска, навага, судак, өзөн ала-бугасы, чортондор; аз майлууларга (2—6% май) — сельдь, корюшка, каңылтыр, кара көз чабак, кой балык, каспий таман балыгы, жаян жана башка; майлуу (6—20% май) балыктарга — мекирелер, сигалар, кета, бүкүр сом, чавыча, омуль, скумбрия, ставрида жана башка; өтө майлууларга (20%тен көп май) лосось, ак балык, каспий миногасы, жылан балык жана башка кирет. Балык майы витаминге, айрыкча А жана Д витаминдерине бай.
Балык азыктарында минерал заттар (фосфор, кальций, магний, натрий, калий, иод, марганец, цинк) көп. Балык бат бузулуучу тамак-азыктарына кирет (к, Тамак-аш сактоо). Сапаты жакшы балык тунук былжыр менен капталып, түрпүлөрү тыгыз жайгашат; бакалоору ачык кызыл, көзү тостоюп, тунук болот, булчуңу сөөгүнөн кыйындык менен ажырап, бузулган белгилери болбой, балыктын өзүнө мүнөздүү жыты болот. Даамын өзгөртүү жана сактоо мөөнөтүн узартуу үчүн ар кандай ыкмалар — туздоо, ыштоо, маринаддоо жана башка колдонулат. Туздаганда белок, минерал заттар жана сууда эрүүчү витаминдер азаят. Бир катар ооруларда туздалган, маринаддалган, ошондой эле ышталган балыктарды жегенге болбойт. Тоңдурулган чийки балыкты аз туздаган (үй шартында) жана чала бышырылган балыктарды жегенде кээ бир мите оорулары ( дифиллоботриоздор , описторхоз ) пайда болот. Ысытып ышталган сапаты начар балыктар тамактан уулануунун өтө оор түрү — ботулизм ге алып келет. Жаңы балыкты муздаткычта 2 сутка, тоңдурулган балыкты 2 сутка, аны муздаткычтын тоңдургучунда 15 суткага чейин, кадимки шартта 1 суткага чейин сактоого болот. Бузулганда балык киргилт былжыр менен капталып, ичи көөп, бакалоор тешигинен жаман жыттанат.
Латимерия балыгы
Манжа билек балыктар классчасына кирген балыктар мезозой эрасында, бор доорунун аягында ɵлүп жок болду деп эсептелинген.Бирок 1938-жылы декабрда Инди океанынан, Африканын түштүк жээгинен салмагы 57 кг,узундугу 150см келген балык кармашкан.Профессор Смит балыкты изилдеп, «латимерия» деп атаган.Бул балык 300 млн.жылдан бери ɵзгɵрүлгɵн жок.
Кыргызстанда негизги кɵп кармалган балыктар жилингир (форель), ысык-кɵл чабагы,сазан, пелядь ж.б.Кызыл китепке кашка, учту канат,теңге балык, кадимки ит мурун, сазан кара балыгы, кɵк чаар, түркстан жаяны киргизилген .
Аквариум балыктары - кооздук жана изилдөө максатында суу толтурулган атайын айнек идиште ( аквариумда ) багылуучу майда балыктар . Аквариум балыктарынын дене узундугу 1,5-30 см. Көпчүлүгү майда, түркүн түстүү, кооз. Аквариум балыктары Африка, Америка, Азияда, тропик жана субтропик жылуу, шор эмес сууларда кездешет. Алардын каңылтыр, алабуга сымал урук таштоочулары жана тирүүлөй туучу түрлөрү бар. Бул балыктарды багуудагы байкоолор генетикалык, биохимиялык жана бионикалык изилдөөлөр үчүн чоң мааниге ээ.
ΥЙ ТАПШЫРМА § 26 107-114 бет окуп , конспект жазуу