СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балыктардын сырткы түзүлүшү

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Балыктардын сырткы түзүлүшү»

Балыктардын сырткы түзүлүшү

Балыктардын сырткы түзүлүшү

Балыктын жон жагы каралжын, ал эми астыңкы курсак жагы эмне үчүн агыш болот деп ойлойсуңар?  Тирүү балыкты колго кармап туруу эмне үчүн кыйындыкты жаратат?

Балыктын жон жагы каралжын, ал эми астыңкы курсак жагы эмне үчүн агыш болот деп ойлойсуңар?

Тирүү балыкты колго кармап туруу эмне үчүн кыйындыкты жаратат?

Балыктын сырткы түзүлүшү

Балыктын сырткы түзүлүшү

Балыктын жупсуз сүзгүчтөрүнө: арка сүзгүчү, аналдык жана куйрук сүзгүчү кирет. Жуптуу сүзгүчтөрү: көкүрөк жана курсак сүзгүчтөрү

Балыктын жупсуз сүзгүчтөрүнө: арка сүзгүчү, аналдык жана куйрук сүзгүчү кирет.

Жуптуу сүзгүчтөрү: көкүрөк жана курсак сүзгүчтөрү

Балыктардын дене каптоосу Дене формасы сүйрү, тери каптоосу көп катмарлуу эпидермистен жана дермадан турат. Терисинде көп сандаган сүзүүсүн жеңилдетүүчү былжыр бөлүп чыгарган бездери бар. Териси плакоиддик жана сөөктүү балыктарда кабырчыктар менен капталган. Кемирчектүү балыктардын (акулалардын,скаттардын) териси плакоиддик типте болот. Ал тиш сыяктуу болуп, териге кирип турган дентиндик түбүнөн жана сыртка чыгып турган эмаль менен капталган тикенектерден турат. Жаактарында плакоиддик кабырчыктар тиштерге айланып кеткен. Денеси 3 бөлүктөн турат: башы, тулку бою, куйругу

Балыктардын дене каптоосу

  • Дене формасы сүйрү, тери каптоосу көп катмарлуу эпидермистен жана дермадан турат.
  • Терисинде көп сандаган сүзүүсүн жеңилдетүүчү былжыр бөлүп чыгарган бездери бар.
  • Териси плакоиддик жана сөөктүү балыктарда кабырчыктар менен капталган.
  • Кемирчектүү балыктардын (акулалардын,скаттардын) териси плакоиддик типте болот. Ал тиш сыяктуу болуп, териге кирип турган дентиндик түбүнөн жана сыртка чыгып турган эмаль менен капталган тикенектерден турат.
  • Жаактарында плакоиддик кабырчыктар тиштерге айланып кеткен.
  • Денеси 3 бөлүктөн турат: башы, тулку бою, куйругу
Балыктардын дене каптоосу

Балыктардын дене каптоосу

Наньян технологиялык университетинин (Сингапур) адистери балыктардын кабырчыктары адамдын жарааттарын айыктырууда жардам бере тургандыгын изилдешкен. Алар балык кабырчыктарынан алынган коллагендин ар кандай биомедициналык колдонулушу мүмкүн экенин аныкташкан. 10гр. балык кабырчыгынан (бир же эки балыктан) болжол менен 200мг коллаген алууга болот

Наньян технологиялык университетинин (Сингапур) адистери балыктардын кабырчыктары адамдын жарааттарын айыктырууда жардам бере тургандыгын изилдешкен. Алар балык кабырчыктарынан алынган коллагендин ар кандай биомедициналык колдонулушу мүмкүн экенин аныкташкан.

10гр. балык кабырчыгынан (бир же эки балыктан) болжол менен 200мг коллаген алууга болот

Наньян технологиялык университетинин Биологиялык илимдер мектебинин кызматкери Эндрю Тан.

Наньян технологиялык университетинин Биологиялык илимдер мектебинин кызматкери Эндрю Тан. "Жараатка коллаген таңгычтарын колдонуу ткандардын өсүшүн стимулдайт, бул ар кандай көгала жана жаракаттарга жардам берет. Коллаген таңгычтары ар кандай формада болот — гельдер, пасталар, порошоктор жана патчтар. Бул таңгычтар ар кандай өлчөмдөгү жарааттарды айыктыра алат", - дейт ал.

Балыктардын денесинин капталында башынан куйругуна чейин созулган майда чекит же сызыкчадан турган каптал сызыгы бар.Алар аркылуу суудагы дабыштарды, толкундарды, суунун температурасын, химиялык курамын жана басымын сезишет.

Балыктардын денесинин капталында башынан куйругуна чейин созулган майда чекит же сызыкчадан турган каптал сызыгы бар.Алар аркылуу суудагы дабыштарды, толкундарды, суунун температурасын, химиялык курамын жана басымын сезишет.

Балыктын кабырчыгынын жылдык шакекчелери Балыктын жашы кабырчыгындагы жылдык шакектер боюнча аныкталат. Ар бир жыл сайын кабырчыкта бир шакек пайда болот.

Балыктын кабырчыгынын

жылдык шакекчелери

Балыктын жашы кабырчыгындагы жылдык шакектер боюнча аныкталат.

Ар бир жыл сайын кабырчыкта бир шакек пайда болот.

Бышыктоо үчүн суроолор Балыктын каптал сызыгы кандай мааниге ээ? Балыктын денесинин былжыры кандай кызматтарды аткарат? Балыктын жашын кантип аныктоого болот? Эмне үчүн аны бак-дарактардын жашын аныктоо менен окшоштурушат? Балыктын жуптуу жана жупсуз сүзгүчтөрү кандай кызматты аткарышат?

Бышыктоо үчүн суроолор

  • Балыктын каптал сызыгы кандай мааниге ээ?
  • Балыктын денесинин былжыры кандай кызматтарды аткарат?
  • Балыктын жашын кантип аныктоого болот? Эмне үчүн аны бак-дарактардын жашын аныктоо менен окшоштурушат?
  • Балыктын жуптуу жана жупсуз сүзгүчтөрү кандай кызматты аткарышат?
Үйгө тапшырма § 34. Окуп келүү, 113-сүрөт. Балыктын денесинин түзүлүшү жана түсү жашаган чөйрөсүнө жараша өзгөрөбү? (презентация даярдоо)

Үйгө тапшырма

§ 34. Окуп келүү, 113-сүрөт. Балыктын денесинин түзүлүшү жана түсү жашаган чөйрөсүнө жараша өзгөрөбү? (презентация даярдоо)