СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Банги зат боюнча

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Банги зат боюнча»



КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

СҮлҮктҮ шаардык билим берҮҮ бӨлҮмҮ

МИНИСТЕРСТВО ОБРАЗОВАНИЯ И НАУКИ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Сулюктинский городской

отдел образования

индекс 720500

Сүлүктү ш. И. Раззаковкөчөсү – 2

тел: 0(3653) 50434, 50134 Факс: 50084

e-mail: [email protected]

э/с 12905031410076

РСК Банкынын Сүлүктүдөгү филиалы

ИСН 01008193310012

БИК коду 129050

ИУЖК коду 02169631

индекс 720500

г. Сулюкта. ул. И.Раззакова – 2

тел: 0(3653) 50434, 50134 Факс: 50084

e-mail: [email protected]

р/с 12905031410076

Сулюктинский филиал РСК Банк

ИНН 01008193310012

Код МФО 129050

Код по ОКПО 02169631

_________________№_____________

№_______________ _____________


Сүлүктү шаарынын мэриясына


Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү, Сизге Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-ноябрындагы №535-р Көрсөтмөсүнүн 1,4 пунктунун негизинде “Баңгизаттарга каршы программасы ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги жана Саламаттыкты сактоо министирлиги тарабынан “Бирин-бири жакын-бангичиликтен алыс усулдук колдомосу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө төмөнкүдөй маалыматты билдирет.

Шаардык билим берүү бөлүмунө караштуу жалпы билим берүүчү уюмдарында түзүлгөн иш-чараларга ылайык баңгиликтин алдын алуу жана баңгиликке каршы саясат боюнча колдоо топтору түзүлүп, баңгизаттарга каршы, баңгиликтин алдын алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлдү. 2019-жылдын 10- 11-ноябрь күнү жана Сүлүктү шаардык ички иштер бөлүмүнүн мектептерге бөлүнгөн кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлүп турат.

В.И.Ленин атындагы №1 орто мектеби 2019-жылдын 5-ноябрь күнү “Психоактивдүү заттардын зыяндуулугу” деген темада 9-10-11-класстарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 20-ноябрь күнү ата –энелери ичимдикке жакын балдар менен жекече сүйлөшүүлөр өтүлдү. Токтогул атындагы №2 лицейи 2019-жылдын 8-октябрь күнү “Терс көрүнүштөр”, деген темада 6-7-8-9-10-11-класстарга тарбиялык сабактар өтүлдү. М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектепте “Бангичилик деген эмне?”, деген темада 5-6-7-8-9-10-11-класстарга тарбиялык сабактар өткөрүлдү. Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинде 2019-жылдын 15-ноябрь күнү 6-7-8-9-10-11-класстардын окуучуларына “Тамеки өтө кеңири таралган зыяндуу адаттардын бири” деген темада соц педаго тарабынан маалымат берилип, суроо жооптор менен талкуулар жүргүзүлдү.Т.Рустамов атындагы №5 орто мектебинде 2019-жылдын 22-октябрь күнү “Биз баңгизатка каршыбыз”, деген темада 5-6-7-8-9-10-11 класстын окуучуларына тарбиялык сабак өтүлдү. А.Кайымкулов атындагы №6 орто мектебинде “Тобекел коркунуч келтирүү жүрүм турум”, деген темада 9-10-11-класстарга дил баяндар жаздырылды. “Алкоголь жана коом”, Аракерчиликтин алдын алуу”, деген темаларда тарбиялык саат өткөрүлдү. И.Раззаков атындагы №7 орто мектебинде 2019-жыл 12-октябрь күнү “Ичимдик ичүү ден-соолукка зыян”, 6-7-8-9-10-11-класстарга тарбиялык тасмалар көрсөтүлдү жана “Тамеки жана коом”, деген темада тегерек столдор өтүлдү. “Наркотикалык заттардын зыяндуулугу” деген темаларда Наркотикалык заттарды пайдалануунун дагы бир кесепети болгон ВИЧ/СПИД ооруусу. Ошондуктан аны болтурбоо үчүн толук маалыматка ээ болушун камсыздоо максатында 2019-жыл 9-декабрь күнү Токтогул атындагы №2 техникалык лицейдин лидерлери Асылбекова Мээрим жана Муратов Уланбектин уюштуруусунда шаардык масштабдагы флешмоб өткөрүлдү 9-мектебинин окуучулары катышты. “Баңгизаттарды колдонууга жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү” боюнча жалпы билим берүүчү уюмдарда массалык иштер, профилактикалык иш чаралар 9-11-класстар арасында өткөрүлдү. Класс жетекчилер жана кыргыз тил мугалимдери тарабынан “Баңгиликтин башаты тамеки”, Баңгизат өмүргө зыян”, ж,б, темаларда дил баяндар жазылды. Окуучулардын аң-сезимине оң таасирин тийгизген патриоттук фильмдерди, соц-роликтерди, интернеттен алынган тасмалар көрсөтүлүп, 2019-жыл 18-ноябрь күнү 6-11-класстын кыздар, балдар кеңештери өткөрүлдү.









Башчы А.Исманов



















































Бангизат боюнча