Сабактын темасы:
Бар бол, Нооруз!
Сабактын максаты:
Окуучуларга ата-бабадан мурас катары отуп, ушул кунго келип жеткен Нооруз майрамы тууралуу тушундуруу.
Ыймандуулукка, адептуулукко, ата-эне, эл-журт алдындагы милдетин сезе билууго, улуу муундарды сыйлай билууго тарбиялоо.
Окуучулардын чыгармачылык жондомдуулугун онуктуруу.
Сабактын формасы: адабий-музыкалык кече.
Сабактын жабдылышы: дубал газета, улуттук буюмдар, DVD, диск.
Сабактын журушу:
Уюштуруу. Күү уктурулат. Коноктор жайгаштырылат. Арча тутөтуп бир окуучу кирет.
- Алас, алас, алас,
Ар балээден калас.
Айдан аман, жылдан эсен бололу.
Жакшылыкты тенир берди,
Жарык күндү кеңири берди,
Орообуз данга толсун!
Оозубуз нанга толсун!
2-окуучу: Нооруз майрамыныздар куттуу болсун,
Үйүңөргө бакыт консун.
Башыңарга баш кошулуп,
Даныңарга дан кошулсун.
3-окуучу: Ууртуңардан күлкү,
Жүзүңөрдөн нур кетпесин!
Быйылкы жыл жакшылыктын
Токчулуктун жылы болсун.
4-окуучу: Байыркы Чыгыш элдеринде, ошонун ичинде кыргыздарда 2000 жылдан ашуун убактан бери кун менен тундун теңдешкен кунун жаңы жыл – Нооруз дешкен.
5-окуучу: Нооруз – фарсы тилиндеги нав-жаңы, руз-күн деген сөзүнөн алынган. Ал бара-бара турк тилдериндеги элдерге төл сөз катары өтөт.
Нооруз –
- Жаркыраган жаздын
- Жаштык жигердин
- Күжүрмөн эмгектин
- Жакшы тилек умуттун
- Биримдуулуктун
- Кайрымдуулуктун
- Боорукердиктин
- Ыймандуулуктун
- Адилеттуулуктун
- Таттуу, даамдуу жайыл дасторкондун майрамы.
6-окуучу: Келди Нооруз жер энебиз нан берсин,
Жериме көк, жер жайнаган мал берсин,
Канат бутак өсүп, тукум жаңырып,
Бешиктерге бакыт шерик жан берсин.
7-окуучу: Келди Нооруз, жаңырып кун, жаңы тилек,
Өмүргө бир кылчайып ойлонуучу.
Белгилеп амандыгын ар бир адам,
Кубаныч ар бир үйдө тойлонуучу.
8-окуучу: Келди Нооруз, дил майрамы жаркыраган,
Күндүн нуру төгүлүп дүйнө шаңдуу.
Өлбөгөн жан жазды көрдү кубанып,
Кыбырап күнгө умтулду бардык жандуу.
9-окуучу: Нооруз жалган куран айынын 20сынан 21ине караган түнү өткөрүлгөн. Бул кунду баары: кары-жашына карабай чыдамсыздык менен кутушкөн.
10-окуучу: Алар жаңы жылга жаңы кийимдерди даярдашкан. Алсак, карыялар, байбичелер ак, жашыл түстүү кездемелерден кийимдерди, көйнөктөрдү кийишкен.
11-окуучу: Ушул куну колунда барлар бей-бечараларга кайыр-садага беришкен.
12-окуучу: Ушул күнү Баба дыйкандар мол түшүмдү сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишкен.
13-окуучу: Ушул күнү айыл-ападагылар жаңы жыл бизге оттой ысык жашоону алып келишсин дешип, балбылдата от жагышып, тегеренип бий бийлешкен.
14-окуучу: Ушул күнү ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бири менен таарынышып журушсө, элдешишкен жана кечирим сурашкан.
15-окуучу: Ошентип, алардын биринин да көкүрөгүндө кири калбаган.
16-окуучу: Мына ушунусу менен Нооруз майрамы барктуу да, данктуу да болгон. Ошентип, Нооруз майрамын жылга-жыл улаар, өмүргө-өмүр улаар – улуу күндү тосуп алдык.
Куш келипсиз Нооруз!
Жер жарылып чөп чыгып,
Желин айрылып сүт чыксын.
Ар балээ бизден алыс болсун,
Дасторкон жайылып береке толсун.
17-окуучу: Ноорузга арналган тамак-аштын эң сыйлуусу, өткөрө сыйлуусу сүмөлөк менен чоң көжө болгон. Сүмөлөктүн келип чыгышы жөнүндө, эл ичинде ар кандай уламыштар айтылат, алардын бирин угуп көрөлү:
DVD ден уктурулат:
Илгери өткөн заманда, жаркыраган жаздын алгачкы айында, калкты ачарчылык каптайт. Эл ичин өлум-житим аралайт. Жумурай-журттун айласы куруп, самандай сапырылат. Ошол заманда бир аялдын көп балдары бар экен . Кыйынчылык , жокчулуктан балдарынын жей турган тамагы жок . Алар тамак сурап ыйлашат. Эне эмне айла кылаарын билбей чоң казанга сууну куюп, ташты салып, кайната баштайт. Балдарына “мына азыр оокат бышайын деп калды” деген жоопту айтып , ыйлап , оттон жагып олтуруп , балдары да өзү да уктап калышат . Эртең менен ойгонуп карашса казандагы таш кайнап , сүмөлөккө айланып калганын көрүшөт . Мына ошондуктан сүмөлөк сырдуу дагы ыйык дагы тамак деп аталып калган дешет .
Сүмөлөк жасаш үчүн адегенде буудайды жууп , тазалап алабыз . Аны тегиз тактага жайып , күнүгө суу куюп турабыз . Ал жети күндө даяр болот , өнүп чыккан буудайдын узундугу 1-2 см ден ашыш керек . Буудай көп өсүп кетсе сүмөлөк кычкыл , даамсыз болуп калат . Өнүп даяр болгон буудайды жанчып, сууга салып сүзүп алабыз . Сүзүп алынган сууларды казанга куябыз . Сүмөлөккө сүзүп алынган суу , ун , 40 таш салынат . Жакшы тилек айтып , сүмөлөктү тынбай аралаштырып туруу керек . Сүмөлөк эң узак 6-8 саат кайнап быша турган тамак . Сүмөлөктү баштаардан мурда жети токоч салынат . Жети күндө буудай өнөт . Жети саны кыргыз үчүн ыйык сан . Нооруздун дагы жети түрдүү тамагы бар . Алар : сүмөлөк , көк самса , бадырак , май талкан , эжигей , ширин күрүч , курут .
Сабакты жыйынтыктоо .
“ Арыба, Нооруз!
Келе бер, Нооруз!
Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!
Талаабызга ак нан берсин!
Алдыбыздан ак дасторкон,
Башыбыздан бак-дөөлөт,
Ырыс-кешик, ынтымак,
Узун өмүр ырашкерчилик кетпесин!” деген баталар жакында кирип келчу “Нооруз” майрамында берилет. Нооруз майрамы кайдан келбесин, анын символдору менен ритуалдары эмнени билдирбесин, кайсы ишенимге таандык болбосун – бул майрам миңдеген жылдар бою жер бетиндеги көптөгөн элдерин чыныгы элдик майрамы катары калууда. Аны 2010-жылы БУУ адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.
Үй тапшырмасы . Синквейн түзүү . Мисалы :
Сүмөлөк .
Ыйык , таттуу .
Өнөт , кайнайт ,бышат .
Сүмөлөк Нооруздун символикалык тамагы .
Таттуу тамак .