СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Барабар бурчтар.Бурчтун биссектрисасы.

Категория: Геометрия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Барабар бурчтар.Бурчтун биссектрисасы.»

Тема:Барабар бурчтар.Бурчтун биссектрисасы.

Сабактын максаты:Геометриядагы негизги түшүнүктөрдү,аксиомаларды билишет;

-бурч жана анын түрлөрү боюнча билимдерин кеңейтишет;

-окуучулардын сүйлөө маданиятын өнүктүрүү менен өз алдынча жана коллектив менен иштей билүүгө, бири-бирине жардамдашууга,эстетикалык маданиятка калыптанышат.

Көрсөткүчтөр:Бурч жана анын түрлөрүнүн аныктамаларын айта алышат,чиймесин чийип аныктай алышат.

Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү

Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү, интерактивдүү

Сабактын жабдылышы:чиймелер, карточкалар, моделдер.

Сабактын жүрүшү:1.Уюштуруу иштери

2.Кана эмесе балдар төмөнкү табышмактарды тапкылачы:



1.Өзү сансыз көп болот,

Фигура ансыз жок болот

Кааласа чокуга конот,

Кааласа беттерге толот.

(Чекит)

2.Өзү узун,эч жерге батпайт

Ийрилик болсо ага жакпайт.

Ниетим түз деп өзүн мактайт.

Ким аны тезинен тапса

Билимдүү экенин актайт.

(Туз сызык)

3.Башы бар,аягы жок,

Колунда таягы жок.

Бир жерден чыгып

Ар жакта конуштайт

Бири экинчисин толуктайт.

Бир тарапта болушпайт

Белгиси эки тамга

Нурданып чачыраса

Келтирет бизге пайда.

(Шоола)

4.Чункур эмес, дөң эмес,

Түсү бардай өң эмес,

Даргөйү кең,тар эмес

Эч нерсеге зар эмес.

Көпчүлүк анда жатышат,

Батпаганы өйдө качышат.

Эгер аны таппасаң,

Ичим абдан ачышат.

(Тегиздик)

Эми негизги түшүнүктөргө сөз берели.

Чекит:

Мен чекитмин, чекитмин

Түз сызыкта,фигурада чексизмин.

Өлчөмум жок,бийиктик жок белгилүү

Фигуралар түзүлө албайт түк менсиз.

Түз сызык:

Октой тузмун болжолсуз да эсепсиз

Эки жакка мен кетемин эң чексиз.

Фигуралар,курулуштар ар кандай

Түзүлө албайт,курула албайт эч менсиз.

Тегиздик:

Тегиздикмин мелмилдеген тептегиз

Учу кыйрым кенен кетет эң чексиз

Канча болсо фигуралар көптүгу

Көтөргөнгө күчүм жетет кебелгис.

Көптүк:

Көптүкмун мен ар кандай

Жыйындысы чекиттердин буюмдун

Көп мактанып кыйынсынба, туугандар

Баарынардан өзүмдү ойлойм,кыйынмын

Мен чогултуп, ынтымакка келтирсем

Болосуңар бир элеси фигуранын,буюмдун.

(Чиймелер баракка чийилип, доскага илинет)

Параллель түз сызыктардын касиеттерин көрөлү.

Параллель түз сызыктар

Ушунда жатат кызыктар

Ааламга чейин барышат,

Аяктары талышат.

Жолугушпай таптакыр

Түбөлүккө жарышат,

Арманда дайым катышат

Биз түз сызык параллель

Узундугубуз дайыма барабар

Аралыгыбыз болсо да карыш,

Кесилишип кетпейбиз

Экинчи атыбыз биздин жарыш.

Эми перпендикуляр түз сызыктар жөнүндө сөз кылалы

Түзүлөбуз кесилишкен эки октон,

Бурчтарыбыздын градуска токсон.

Кесилишкен бурчтарыбыз типтик,

Чырдашып урушпайбыз эч, түк

Атабыз биздин түз сызыктар перпендикуляр.

Өтүлгөндөр боюнча аз да болсо кайталап алдык.Эми мурунку сабакта өтүлгөн бурч жана анын түрлөрүнө сөз берели.

Доскага ар бир бурчтун ролундагы окуучулар чогуу чыгышат.Колдорунда чиймелери болот.

Атыбыз биздин бурч

Сөздөрүбүз абдан курч.

Көп бир тууган болобуз,

Эң чоңубуз жайылган

Ортончубуз тик бурч,

Кичүү инибиздин аты тар,

Кең деген дагы бир тууганыбыз бар.

Вертикалдык,жандаш жана жанаша

Бул айткандарыбыз чыпчын,

Ойлобогула айтып жатат деп тамаша.

Эми бул бурчтардын ар бирине токтололу.

1.Бурч болом мен жайылган,

Түз сызык түзөт эки кабыргам.

2.Бурчмун мен кең,

Телегейим тең.

3.Бурч болом мен тик,

Менсиз курулуш курулбайт түк.

4.Бурч болом мен тар,

Менин да керегим тийчү жерлер бар.

5.Бурч болобуз жандаш жана жанаша,

Окшоштугубуз да,айырмабыз да бар

Кунт коюп, көңүл буруп караса.

6.Мен вертикалдык бурчмун,

Кайчылашып турсун.

Мени вертикалдык бурч дешет,

Мендейлер далай кездешет.

Үй тапшырмасын кайталап бышыктап алдык.Анда эмесе жаңы темага көңүл буралы.

Аныктама:Эгерде эки бурчту беттештиргенде тиешелүү жактары жана бурчтары дал келсе,анда алар барабар болушат.

Аныктама: Берилген бурчтун чокусунан чыгып,ал бурчту тең экиге бөлүүчү шооланы бурчтун биссектрисасы деп аташат.

Бышыктоо үчүн суроолор:

А)Тик бурчка барабар болгон бурч кандай бурч?

В)Тик бурчтун биссектрисасы аны кандай бурчтарга бөлөт.Тарбы же кеңби?

С)Жайылган бурчтун биссектрисасы аны кандай бурчтарга бөлөт?

Үйгө тапшырма берүү N14

Окуучулардын билимдерин баалоо

Жыйынтыктоо