Сабактын темасы: Барымтага алган учурдагы коопсуздук эрежелери
Сабактын максаты:
Террорчулук деген эмне?
Барымтага алуу деген эмне жана анын этаптары.
Барымтага алынган учурдагы эрежелер.
Сабактын жабдылышы:
Ылайыктуу сүрөттөр, эрежелер,
Террорчулук - бул күч колдонуу.
Ал коомчулукту же болбосо бүтүндөй мамлекетти коркутуу менен өзүнүн саясий максаттарын ишке ашырууга багытталат. Ал турсун мамлекет же болбосо өлкө башында турган элитта дагы террорчунун ролунда болушу мүмкүн. Террорчулук бир гана диний көз караштагылар арасында эмес, светтик чөйрөдө дагы болот.
—бул адамдардын эркиндигинен ажыратып, аларды өзүнө коркутуу жолу менен баш ийдирүү.
Барымтага алуу ар кандай жашыруун, ачык, зомбулук көрсөтүү, коркутуу-үркүтүү жолдору менен ишке ашат.
Барымтада калуунун 3 негизги этабы
Барымтага алуу;
Террористтердин үстөмдүгүнүн астында болуу;
Барымтадагыларды күч менен бошотуу.
Тажрыйба көрсөткөндөй барымтага алынгандар зомбулуктан эмес, психологиялык шоктон көбүрөөк жабыр тартышат.
Эсиңерде болсун!
Силердин барымтада экендигинер жөнүндөгү маалымат алгандан кийин, атайын кызматтар силерди бошотуу үчүн бардык күчүн жумшашат.
1- эреже – өзүн-өзү колго алуу, кырдаалды анализдөө
Өзүңдү- өзүң колго ал, тынчтан, өзүңдү жоготпо.
Сүйлөшкөндө үнүңдү жай чыгарып сүйлөш.
Моралдык жана психологиялык жактан сыноого даярдан
Алаксыш үчүн, өзүң турган жерге жакшылап байкоо жүргүз, эгерде атышуу башталса жашынууга ыңгайлуу жерди издештир.
Силерди барымтага алган адамдарга акырын байкоо жүргүз.
Алардын психологиялык абалын жана курал жарактарын өз алдыңча баала.
Келме келтир!
Мүмкүн болушунча көбүрөөк эстеп калганга аракет кыл:
Террористтердин кандайдыр бир белгилерин, алардын санын, өзүн алып жүрүүдөгү өзгөчө манераларын, курал-жарактарын, байланыш системасын,кийимдерин, кличкаларын, бети-колундагы тырыктар же өзгөчө белгилерин,сүйлөөдөгү өзгөчөлүктөрүн ж.б.
Эгерде силер алардын арасынан кимдир бирөөнү таанып калсаңар, ал жөнүндө сыр билдирбегиле
Алардын саны, алар имараттын кайсы бөлүгүндө жайгашышкан, курал-жарактары кандай, барымтадагылардын саны, террористтердин физикалык жана моралдык абалы, өзүн алып жүрүү өзгөчөлүктөрү (агрессия, наркотик чегип алганбы), группанын башында ким турат.
2-эреже – толук баш ийүү
Барымтадагылардын арасынан өзгөчөлөнүп, бандиттердин кыжырына тийбеңиз.
Бандиттердин талаптарын баш тартпастан аткар. Алар жөнүндө жаман ойлоруңарды айтпагыла.
Террористтердин көзүңөрдү, оозуңарды таңуусуна, колу-бутуңарды байлап же кол кишен тагуусуна даяр бол.
Алардын ар кандай кемсинтүүлөрүнө, жаман сөздөр менен сөгүнүүсүнө сабырдуулук менен мамиле кылгыла, террористтердин көздөрүнө тик карабагыла.
3-эреже – уруксаатсыз эч нерсе кылбагыла
Өзүңөрдүн нааразычылыгыңарды билдирбегиле, катуу кыйкырып ыйлабагыла,катуу жөтөлүп же какырынып, түкүрүнбөгүлө.
Эгерде сиз сумкаңыздан бир нерсе алгыңыз келсе, туруп башка жакка отургуңуз келсе, сөссүз уруксаат сураңыз.
Окууга, жазууга, өздүк гигиенанын каражаттарын колдонууга болобу деп уруксаат сурагыла.
Уруксаат алмайынча эч нерсе жасабагыла
Эгерде штурм башталса же башталганы жатса денеңерди октон жапкыла. Эшик-терезелерден алыс полго жатыңыз же мебелдерге жашыныңыз да башыңызды катыңыз.
Штурм башталганда уктатуучу же жаш агызуучу газ колдонулушу мүмкүн. Ошондуктан мүмкүндүк болсо, көзүңүздү жумуп, дем алуу органдарын бир нече кабатталган жана сууланган чүпүрөк менен жабууга аракет кылыңыз .
Штурм учурунда кылмышкерлердин куралын колуңузга албаңыз.
Көпчүлүк учурда штурм убагында кылмышкерлер барымтадагылардын арасына жашырынууга аракет кылышат. Аны билип калсаңыз, ал жөнүндө атайын кызматтардын жоокерлерине тезирээк билдиргенге аракет кылыңыз.
Куткаруу иштери жүрүп жаткан учурда чуркоого, куткаруучуларды кучактоого, полго жаткыла деген команда берилген учурда ордунан турууга болбойт.
ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН:
СИЗДИН МАКСАТ – ӨЗҮҢҮЗДҮН ӨМҮРҮҢҮЗДҮ КОРГОО!
Куткаруудан кийин эмне кылуу керек?
Сөзсүз түрдө силерди бошоткон атайын кызматтардын кызматкерлери менен жолугушуп, сүйлөшүңүз.
Медициналык кызматкерлердин жардамынан эч качан баш тартпаңыз.
Медициналык реабилитациядан сөзсүз өтүңүз. Ал сизге абдан керек.
1.Бул маалыматты өзүңүздүн туугандарыңызга, жакын адамдарыңызга, досторуңузга да бериңиз.
ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ
ТЕМАСЫ:
Селекция
деген эмне?
Даярдаган: 9-«Г» классынын окуучусу
Бакеева Айжан
Текшерген: _______________________________
2019-жыл
ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ
«ЭНЕ ТИЛИМ ЭЧЕН КЫЛЫМ КАРЫТКАН,
ЭЧ КИМ АНЫ ӨЧҮРӨ АЛБАЙТ ТАРЫХТАН!»
Класстык сааттын иштелмеси
Сабакты иштеп чыккан
тарых мугалими
Иманкулова Рада Сапарбековна
ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ
ТЕМА:
«Санарип технологиялары адамдын турмушунда»
Класстык сааттын иштелмеси
5-класс
Мугалими: Кадырова Улангүл Кашкарбековна
ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ
ТЕМА:
«Барымтага алган учурдагы
коопсуздук эрежелери »
Класстык сааттын иштелмеси
Мугалими: Эсембаева Айгул Солтонбековна
ГЕПАТИТ – ДАРЫЛАБАСА ЦИРРОЗГО, РАККА ӨТҮП КЕТЧҮ ДАРТ
.
Гепатит жугуштуу оору экендиги илгертен маалым. Аталган оору тууралуу суроолорго жооп издеп, КММАнын балдардын жугуштуу оорулары кафедрасынын доценти Дамирахан Чыныевага кайрылдык.
Т
ҮРЛӨРҮ
Жугуштуу гепатиттин 7 түрү бар. Алар түрдүү себептер менен келип чыкса да, негизги белгилерине саргаруу жана боордогу оорутуу кирет.
А ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
А гепатити (мурун Боткин оорусу, сарык деп аталчу) калган түрлөрүнүн ичинен эң жеңил түрү болуп саналат.
Тамак-аш жана буюмдар (сүлгү, идиш-аяк, оюнчук ж.б.) аркылуу жугат. Аталган нерселерге оорулуудан вирус түшүп калса, аны колдонгондорго оорунун жугуу коркунучу бар.
Белгиси
Белгилерине дене табынын көтөрүлүшү (37-380), аздан жөтөлүү, мурундун бүтүшү, тамакка табиттин жоголушу, көңүл айлануу менен кусуу, ичтин оорушу кирет. Заң агарып, зааранын түсү сыранын өңүнө окшошуп калат. Боор менен көк боор чоңоёт. Оору белгилери билингенден 4-7 күн ичинде дене саргайып кетет. Башкача айтканда, көздүн тегереги, тилдин асты, таңдай саргаят. Саргаюунун белгилери 1-2 апта туруп, анан жоголот. Чоңоюп кеткен боор, көк боор калыпка келет.
Эскертүү: А гепатити 3 түрлүү өтүшү мүмкүн:
1) Гепатиттин белгилери аз билинген түрү;
2) саргаюу күтүлбөгөн түрү;
3) белгиси жок (саргаюу да жок) түрү.
Гепатиттин А түрүндө диагноз коюу кыйын, ошол эле учурда чөйрөдөгүлөргө жугуу коркунучу чоң.
Е ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
Суу, тамак-аш, оорулуунун буюмдарын колдонуу (сүлгүсү, оюнчугу, идиш-аягы ж.б.) аркылуу жугат. Суу аркылуу жукканы көбүнчө суу түтүктөрү жок болуп, арыктан, каналдан суу ичкен айылдарда кезигет.
Белгиси
Белгилери А гепатитине окшош. Бирок кош бойлуу аялдарга коркунуч келтирген жагы бар. Анткени оорунун вирусу бойдон түшүүгө, кандын токтобой калышына жеткирет. Бул каза болуп калууга дейре алып келет.
В ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
Жыныстык катнаш жана кан аркылуу жугат. Энеден түйүлдүккө өтүшү мүмкүн. Кан аркылуу көбүнчө баңгилер арасында булганган шприц, стоматологияда тиш жулдуруу, ал эми тату салондорунда булганган аспап аркылуу жугат. Мындан тышкары кан болуп, бирок таза жуулбай калган сакал алгычты, тиш щётканы башкалар колдонгондо жугуп калат. Кулак, оозду көзөткөндө (пирсинг), маникюр, педикюр жасатканда да кан болгон аспап таза жуулбай колдонулса, вирустун жугуу коркунучу бар.
Белгиси
Дене табы көтөрүлөт, адам шалдырап, көңүлү айланып, кускусу келет. Кээ бирлерде майда бүдүрлөр чыгышы мүмкүн. Боор, көк боор чоңоёт. Зааранын өңү сыраныкындай болуп, заңдын түсү агарат.
Дене саргаят. Гепатит Ада саргаюу пайда болгон соң оору жеңилдесе, бул түрүндө адамдын абалы оңолбойт. Боор чоңоё берип, адам 1-2 айга чейин ооруйт.
Эскертүү: В гепатитинин коркунучу – вирусту кан аркылуу жуктуруп алган адам өмүр бою оорунун булагы катары кала бергени.
С ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору
Көбүнчө баңгилер, гомосексуалдар арасында кездешет. Эл ичинде “ласковый убийца” деп аталат. Кан жана кан куюу аркылуу жугат. Баңгилерде шприц аркылуу тарайт. Энеден түйүлдүккө өтүшү мүмкүн.
Белгилери
Оорунун белгилери В гепатитине дээрлик окшош.
Убагында дарыланбаса, вирусту жуктуруп алгандардын 70-80 пайызында оору өнөкөткө айланып, циррозго жана боордун рагына өтүп кетет.
Д ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору жана белгилери
Бул өз алдынча оору катары кездешпейт. Сөзсүз түрдө гепатит В түрүн коштоп жүрөт. Демек, В гепатити менен ооругандарга Д гепатити да жабышат.
Вирустун жугуу жолдору жана белгилери дал эле В гепатитине окшош. Айырмасы, саргаюунун белгилери кетти дегенде эле, кайрадан саргаюу башталат. Башкача айтканда, адам айыгып баратып, оору кайрадан кармайт. Андыктан адамдын абалы өтө начарлайт. Оорунун айынан адам комага түшүп калышы мүмкүн.
G ГЕПАТИТИ
Жугуу жолдору, белгилери жагынан В, С гепатитине окшош. Бирок С гепатитиндей анчалык оор эмес. Тактап айтканда, ооруну жуктуруп алгандардын 20дай пайызында гана боордун рагы жана цирроз өнүгөт.
F ГЕПАТИТИ
Гепатиттин бул түрүнүн жугуу жана өнүгүү жагы өтө аз изилденген. Антсе да белгилери А гепатитине окшош экендиги маалым. Оорунун козгогучу былжыр кабыкчаларда көбөйөт.
ДИАГНОЗ ЖАНА ДАРЫЛОО ЖОЛДОРУ
Диагноз үчүн оорулуунун абалын текшерүү, кан тапшыртуу, УЗИге түшүрүү жана башкалар керектелет.
Дарылоодо гепатиттин бардык түрүндө мүнөздөп тамак ичүү сунушталат. Андыктан майлуу тамактарды (манты, лагман ж.б.) унутуп туруу керек. Гепатиттин А түрүндө мүнөздөп тамак ичүү 6 айга, калган түрлөрүндө 1 жылга дейре созулат.
А гепатитин гана үй шартында дарылоого болот. Калган түрлөрүндө сөзсүз ооруканага жатып, дарылануу зарыл.
Оорунун курч мезгилинде адам баспай, чуркабай, тынч абалда жатышы кажет. Вирустун уусун боордон тазалоо максатында табигый суюктуктарды (компот, минералдык суу ж.б.) көп ичүү керектелет. Витаминдер, тамчылатма дарылар да жазылып берилет. Оорунун вирусуна каршы күчтүү каражаттарды да кабыл алуу сунушталат.
Тамак-аштын катарынан жумуртка, бал муздак, торт, таттуу токочтор, койдун эти, тооктун саны (окорочка) дегендер алынып салынат. Анын ордуна тооктун эти (териси сыйрылат), уйдун майсыз эти колдонулат. Уйдун этин бир сыйра кайнаткан соң анын шорпосун төгүп салып, экинчи жолу кайнаган шорпосун ичүү керек.
ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Жаш балдар арасында оору биринин сагызын бири чайнаганда, "Чупа-Чупстарды" биринен кийин экинчиси соргондо жугат. Балдар мекемелеринде, бакчада, мектепте идиштер жакшы жуулбай калса да оорунун тароо коркунучу өсөт.
Оору жукпашы үчүн көчөдөн колдон сатылган тамак-аштарды сатып жебөө, бирөөнүн сүлгүсү менен идишин, тиш щёткасын колдонбоо керек.
Газдалган сууларды саткандар да стаканды жакшы чайкабай койсо, оору жугат. Андыктан ата-энелер балдарына жеке гигиена эрежелерин жакшылап үйрөтүүлөрү зарыл. Чоңдор болсо өздөрү менен кошо балдарды оорудан сактоо милдетин эч качан унутпоолору керек. Ал эми жаман өнөкөтү барлар (көбүнчө баңгилер) алардан арылууну көздөгөндөрү оң.
Суу түтүктөрү жок айыл жерлеринин эли өкмөттөн суу чыгарып берүүнү талап кылып, суунун тазалыгын көзөмөлдөөлөрү зарыл. Суу чыккыча болгон сууну кайнатып колдонуп, чийки сууну ичпөө, колдонбоо керектигин унутпоолору кажет.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
Вирустуу гепатит
Вирустуу гепатит — боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу дарт. Ооруну 2 түрдүү вирустар (А жана Б) козгойт. Бири жугуштуу гепатитти (Боткин оорусун), экинчиси кан сары суу гепатитин козгойт. Алар сырткы чөйрөнүн түрдүү таасирине туруктуу: бөлмө температурасында 1 жыл, суукта 4,5 жылга чейин сакталат. Күн нурунунтаасиринен 1,5 саатта, кайнатуудан 30—40 минутада өлөт. Боткин оорусу менен ооругандар заңы менен вирус бөлүп чыгарып айлана-чөйрөнү булгайт.
Оорунун козгогучу дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир кол, чымын - чиркей аркылуу; кан сары суу гепатити медициналык аспаптарды чала стерилдөөдөн жугат. Вирус организмге жуккандан кийин 3—6 жумага, кээде 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык мезгил). Оору башталганда адамдын алы кетип, тез чарчайт. Тамакка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даамданып, зарна болот, кекирет, окшуп кусат. Ичи ооруп, өтүшү мүмкүн.
Кээде баш ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эт ысыйт (кээде температура 39—40°ка көтөрүлөт). Зааранын өңү пиво же коюу чайга окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене саргаят. Кээде оору билинбей жалпы абалы бир аз начарлап, денеси саргайбай өтөт. Оорулуу өзүн оору деп сезбегендиктен врачка убагында кайрылбай, тегерегиндегилерге ооруну таратат. Мындай учурда оору күчөп кетип, көпкө созулушу жана кабылдоого алып келиши мүмкүн. Дарылоо ооруканада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт.
Убагында ооруканага жатып, врачтын көрсөтмөлөрүн аткаруу оорулуунун жакшы болуп, айыгып кетүүсүнө түрткү берет. Ооруп айыккан адам 6—12 ай режимди туура сактап, убагы менен сапаттуу тамактануусу зарыл. Сүт азыктарын, жашылча, жемиш, майсыз эт, балык, минералдуу суу берүү сунуш кылынат. Оор жумуш жасоого, спорт оюндары менен машыгууга, суукка урунууга, күнгө күйүүгө болбойт. Спирт ичимдиктерин, куурулган, өткүр тамактарды, майлуу эт, консерва азыктарын, шоколад жешке болбойт. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, боордун циррозуна айланып кетүүсү мүмкүн: 2 жылга чейин врачтын көзөмөлүндө болуп, жеңил жумушта иштөөсү талапка ылайык. Оорунун алдын алууда оорулууну тезинен ооруканага жеткирип, ал жаткан бөлмөгө дезинфекция жүргүзүлөт; оорулуу менен бирге болгондор 45 күнгө чейин медициналык көзөмөлдө болот.
Балдарга гамма-глобулин куюлат. Өздүк гигиенаны сактап, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ылайык.
Вирустуу гепатит — боорду жабыркатуучу катуу кармаган жугуштуу дарт.
Мазмуну
[жашыруу]
1Оору түрлөрү
2Вируска каршы дарылар
3Белгилери
4Алдын алуу
5Колдонулган адабияттар
Оору түрлөрү[оңдоо | булагын оңдоо]
Ооруну 2 түрдүү вирустар (А жана Б) козгойт. Бири жугуштуу гепатитти (Боткин оорусун), экинчиси кан сары суу гепатитин козгойт. Алар сырткы чөйрөнүн түрдүү таасирине туруктуу: бөлмө температурасында 1 жыл, суукта 4,5 жылга чейин сакталат. Күн нурунун таасиринен 1,5 саатта, кайнатуудан 30—40 минутада өлөт. Боткин оорусу менен ооругандар заңы менен вирус бөлүп чыгарып айлана-чөйрөнү булгайт. Оорунун козгогучу дени соо кишиге вирус менен булганган тамак-аш, оюнчук, сүлгү, идиш-аяк, жуулбаган кир кол, чымын-чиркей аркылуу; кан сары суу гепатити медициналык аспаптарды чала стерилдөөдөн жугат.
Вируска каршы дарылар[оңдоо | булагын оңдоо]
Вирус организмге жуккандан кийин 3—6 жумага, кээде 1 жылга чейин оорунун белгиси байкалбайт (инкубациялык мезгил).
Белгилери[оңдоо | булагын оңдоо]
Оору башталганда адамдын алы кетип, тез чарчайт. Тамакка табити тартпайт, ооздун ичи ачуу даамданып, зарна болот, кекирет, окшуп кусат. Ичи ооруп, өтүшү мүмкүн. Кээде баш ооруп, чүчкүрүп, мурун бүтүп жөтөлөт, булчуңдар, муундар ооруйт, эт ысыйт (кээде температура 39—40°ка көтөрүлөт). Зааранын өңү пиво же коюу чайга окшоп, заңы бозоруп, агыш тартат. Андан кийин көздүн агы, дене саргаят. Кээде оору билинбей жалпы абалы бир аз начарлап, денеси саргайбай өтөт. Оорулуу өзүн оору деп сезбегендиктен врачка убагында кайрылбай, тегерегиндегилерге ооруну таратат.
Мындай учурда оору күчөп кетип, көпкө созулушу жана кабылдоого алып келиши мүмкүн. Дарылоо ооруканада врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Убагында ооруканага жатып, врачтын көрсөтмөлөрүн аткаруу оорулуунун жакшы болуп, айыгып кетүүсүнө түрткү берет. Ооруп айыккан адам 6—12 ай режимди туура сактап, убагы менен сапаттуу тамактануусу зарыл. Сүт азыктарын, жашылча, жемиш, майсыз эт, балык, минералдуу суу берүү сунуш кылынат. Оор жумуш жасоого, спорт оюндары менен машыгууга, суукка урунууга, күнгө күйүүгө болбойт. Спирт ичимдиктерин, куурулган, өткүр тамактарды, майлуу эт, консерва азыктарын, шоколад жешке болбойт. Эгерде режимди туура, так сактабаса оору кабылдап, боордун циррозуна айланып кетүүсү мүмкүн: 2 жылга чейин врачтын көзөмөлүндө болуп, жеңил жумушта иштөөсү талапка ылайык.
Алдын алуу[оңдоо | булагын оңдоо]
Оорунун алдын алууда оорулууну тезинен ооруканага жеткирип, ал жаткан бөлмөгө дезинфекция жүргүзүлөт; оорулуу менен бирге болгондор 45 күнгө чейин медициналык көзөмөлдө болот. Балдарга гамма-глобулин куюлат. Өздүк гигиенаны сактап, донорлорду жакшылап текшерүү, медициналык аспаптарды абдан стерилдөө талапка ылайык.
Самые востребованные профессии в мире 2019
Специалисты по инжинирингу
IT-специалисты
Врачи
Специалисты в сфере туризма
Логисты
Экологи
Химики и энергетики
Нанотехнологи
Сервис-специалисты
Журналист, имиджмейкер