СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башка адамдын акысына тийишпоо

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тарбиялык саат

Просмотр содержимого документа
«Башка адамдын акысына тийишпоо»

Башка адамдын акысына тийишпөө.

А: Окуучуларга суроолор.


1. Бирөөнүн акысын жеген адамга көз карашыңар кандай?

2. Акы жеген адамга кандай мамиле кылыш керек?

3. Башкалардын акысын жеп алганда эмне кылыш керек?


Б: Теманы түшүндүрүү.


Дүйнө жүзү ар кандай адамдар менен толгон. Ар бир адамдын өзүнүн өзгөчө мүнөзү бар. Кээ бири жакшы амал кылып жашагандар болсо, кээ бирлери жаман ой, жаман ниет менен жашагандар. Адамзаттын бул дүйнөдө берилген ченелүү ырыскысы, мал-мүлкү болот. Бул байлыкты кээ бири ак эмгеги менен табат, кээ бири - башкасынан уурдайт, же коркутуп-үркүтүп тартып алат.

Акы же укук деген бул - адамдын бир нерсеге ээ болуу кудурети. Адамдын көп акысы болот. Мисалы, адамдын жашоого, окуганга, иштегенге ж.б. көп нерселерди кылганга акысы бар. Бул ар бир инсандын менчик, бир гана ошого таандык болгон нерсеси. Аны эч ким ала албайт, уурдай албайт, колдоно албайт. Башкача айтканда бир адамдын акысын анын уруксаты болбостон эч кимдин жегенге укугу жок.

Уурулук, зомбулук, адамга кордук көрсөтүү жана башка көптөгөн жаман иштер менен адамдын акысын жегенге болот. Адамдын акысын жегенди же укугун тепселегенди бир нече мисалдар менен көрсөтсө болот:

Уурулук. Адамдын малын, мүлкүн, буюмун, жада калса сөзүн уруксатсыз колдонуу уурулукка жатат.

Зомбулук. Бирөөнү өлтүрүү, уруу, кордоо, басынтуу, айыбын ачуу - зомбулук болуп эсептелет.

Ушак. Адамдын аркасынан, башкача айтканда адамдын көзү жокто, жаман ойлорду, адам укканда таарынып кала турган жаман сөздөрдү айтуу - бул ушак болуп эсептелинет. Ушак айтуу менен, бирөөнү башкаларга жамандоо менен да адам акысын жегенге мүмкүн.

Аманатка кыянат кылуу. Аманатка берилген буюмду алуучусуна, ээсине алып барбай коюуу, алмаштырып коюуу, бузуп коюуу, пайдаланып коюуу да адам укугун, акысын жегендик деген.

“Адам акысын жесе эмне болот экен?” деген суроо туулушу мүмкүн. Чындап ойлоп көрсөк азыркы учурда, адам укугунун тепселенишин ар бир кадамда, ар бир мүнөттө байкаса болот. Албетте, мындай абал элдин караңгылыгын көрсөтөт. Баары эле алып атат - мен да алсам эмне болот, баары эле жеп атат - мен да жесем эмне болот, баары эле уурдап, ушак айтып атат - мен да ошондой кылсам эмне болот деп жашоо - бул жаңылыштык, караңгылык жана Кудайдын алдында эн чоң күнөөлөрдүн бири.

Адам бирөөдөн бир нерсе алгысы келсе, биринчи бергенди үйрөнүшү керек дегендей адам кимге кандай мамиле кылса ошондой мамилени башкалардан көрөт. Баардыгы бумеранг сыяктуу - бир адамдан чыккан жакшылык өзүнө сөзсүз бир күнү кайра кайтып келет, ал эми, жамандык кылган болсо, ал дагы сөзсүз кайтып келип башына бир тийет. Ошондой эле, бирөөнүн акысын жеген - өзүнүн акысын жегенге, өзүнүн жолун өзү тосконго, өзүнүн бутун өзү бууганга, өз жашоосуна өзү кооптуу абалды жаратканга тете. Бүгүн бирөөнү жамандап, айыбын ачып шылдыңдасаң, эртен да бирөө сени ошондой жаман абалга салат. Бирөөнүн кымындай да болсо бир нерсесин алам десең, эртеси эле баардык байлыгыңан айрылышың мүмкүн.

Айта келгенде баары оңой, айкын, түшүнүктүү, бирок жашай келгенде адам бирөөнүн акысын жеп атканын байкабай да калат. Азыр билип туруп, эртең унутуп калып кайра эле бирөөнү жамандап же сурабастан башкасынын буюмун алуу менен башкасынын акысын жеп алышыбыз мүмкүн. Айтылган сөз атылып кеткен ок сымал, кайра кайтарып кармап калуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, ар бир кылган ишибизге, ар бир айткан сөзүбүзгө дайыма көңүл бурушубуз керек.

Турмушта бири бирибиздин акыбызды байкабастан жеп алышыбыз мүмкүн. Эгер, ушундай абалга кабылган болсок, бири бирибизден кечирим сурашыбыз жана кечиришибиз абзел. Билбестиктен, же түшүнбөстүктөн бирөөнүн же мамлекеттин мал-мүлкүн уурдап менчикке алып алган болсок, кайра кайтаруу менен кемтилген ордун толтуруу керек.


В. Аңгеме

Уурдалган аспап


Дүйнө жүзүндө канчалык адилетсиздик үстөмдүк кылат десек да, адилеттүүлүк баары бир баарынан жогору турат жана бүгүн болбосо эртең кылган катабыз үчүн жазабызды алабыз.

Күндөрдүн биринде акыл эси ордунда болгон, бойго жетип үй-бүлөлүү болгон бир адам жашоосундагы эң чоң күнөөгө батат. Жашоосу бираз кыстагандыгы үчүн бул адам ак иштеп, адал акча табуудан баш тартып, уурулукка кол сунат. Өзү жашаган шаардагы бир бейтапканадан өтө баалуу, чет лкөдөн келген, жалгыз, оор дарттарды айыктыруучу аспапты уурдайт. Адам бул аспаптын абдан кымбат, керектүү экендигин билип, башка нерсени эмес, так ошону уурдоону чечкен болот. Эмнеси болсо да, ал максатына жетет, аракет кылып уурдап алган аспабын сатып акчага бай болуп калат. Эч ким анын уурдаганын билбейт. Ал адам баары ойдогудай эле болгондой болуп жашап жүрө берет, ичинде өзүнүн күнөөлүү экенин да сезбейт. Убакыт өткөн сайын ал аспаптын дагы уурдалганы билинбей калат...

Адам баласы унутчаак, бүгүн кылган күнөөсүн эртең унутуп коёт. Бирок адилеттүүлүк, калыстык бул - ааламдын, бул жашоонун эң негизги мыйзамы экен, ал эч качан эч кимдин кылган жамандыгын унутпайт. Баягы адам ооруканадан уурдаган аспабы үчүн абдан өкүнүчтүү абалга дуушар болот.

Ал адамдын чоңоюп, бойго жетип калган жалгыз кызы болот. Ошол кызы үчүн бул адам баарына даяр эле. Ар бир ата өз перзентин кандай сүйсө, бул адам деле ошолордой бир ата болгон жана ал кызын өз жанынан дагы жакшы көргөн. Бирок, кандай гана сүйүү болбосун акы маселеси баары бир баарынан жогору турат экен. Адамдын ал жалгыз кызы бир күнү ооруп калат. Ооруганда да аябай катуу ооруйт, тез арада айыктырбаса, кыз дүйнөдөн кайтып кетчүдөй. Мындай абалга дуушар болгон кыздын атасы аны бейтапканага алып келет. Азыр аны сакташ үчүн атасынын баарына кайыл болур турган учуру. Шаардагы болгон бейтапканаларды кыдырып чыгышат, баарынан тең “биз айыктыра албайбыз” деген жоопту угушат. Бир гана бейтапканадан ага: “Биздин бир уурдалган аспабыбыз бар эле, ошондой аспап менен гана дарылай алабыз” дейт. Муну угуп адам өзүнүн кандай ката кылганын ошондо түшүнөт. Тез арада андай кымбат баалуу аспапты таба албайт, акыры өзүнүн перзенти менен да кош айтышат.

Бул адам мамлекет ага жаза бербесе да өз жазасын алды. Эгер ошол аспап уурдалбаганда балким анын кызы да, жана андай оору менен ооруган дагы көптөгөн адамдар тирүү калат беле! Жашоо айтылбас, жазылбас мыйзамдары менен баардыгын калыс жолго салат экен.


Уурдалган ат


Бир айылдык кишинин жакшы аты бар болчу. Ал ар күн атынын башын сылап, келишимдүү келбетине суктанып караар эле. Күндөрдүн биринде бир ууру сарайга кирип, атын уурдап кетет. Киши атынын уурдалганына бир канча күн кайгырып, башка бир ат сатып алууга шаарга келет. Базарда оңго-солго карап жүрүп, күтүүсүздөн өз атын көрүп калат. Ээри менен жүгөнүн алмаштырып, сатканы алып чыгышкан экен. Айылдык адам аттын жүгөнүн кармап кыйкырды: Бул ат менин атым. Үч күн мурун уурдалып кеткен болчу. Сатуучу болсо, бул сөздөргө көңүл бурбай, кош көңүл мындай деп жооп берди. Жаңылып жатасың, мырза… Ат меники. Канча жылдан бери минип жүрөм. Акылдуу айылдык киши аттын эки көзүн колу менен жаап туруп: Андай болсо айтчы, кайсы көзү сокур бул аттын? Бул жерде билинбеген эмне бар? Сол көзү сокур. Тилекке каршы, биле алган жоксуз. Сатуучу болсо, жаңылып калгансып карбаластап: Эмне… Мен оң көзү сокур деп айтайын дегем, деп мукактана түштү. Канча жылдан бери минип жүргөн атымды кантип билбейин. Айылдык адам аттын көзүн ачып: Сен жалганчысың. Ал аз келгенсип уурусуң. Эй, адамдар карагыла! Аттын эки көзү тең таптаза. Ушул убакта тегеректе бир топ киши топтолуп калган эле. Айылдык адамдын акылына баары таң калышты. Сүйүктүү атын алып, айылдык адам айылына кетип бара жаткан кезде, ууруну болсо түрмөгө алып баратышкан.

Г. Накыл сөздөр

Ууру уурулугун койсо да, “ууру” аты калбайт.

Ууруну каракчы урат.

Уурунун тапканы жукпайт.






























Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!