СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башка элдердин жана кыргыздардын маданияты,адеп нарктуулугу.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Г.А.Жумабаеванын "Тарбиялык сааттардын иштелмелери" методикалык колдонмосунан алынды.

Просмотр содержимого документа
«Башка элдердин жана кыргыздардын маданияты,адеп нарктуулугу.»

Башка элдин жана кыргыздардын маданияты, адептик нарктуулугу .

Сабактын максаты: Башка элдердин маданияты менен өз элибиздин маданиятын салыштыруу аркылуу, кыргыздын адептик нарктуулугун түшүндүрүү.

Жаңы тема: Улууларды урматтоо, ийменүү, кичүүлөрдү ызаттоо, жазгануу – адептүүлүктүн белгиси, бул – ички маданият. Ийменүү – кичипейилдик, адамдын мүнөзүнүн жумшактыгынын жана назиктиктин белгиси. Кыздын пакизалыгы (тазалыгы), аруулугу, ыйбаа кылуусу – ыймандуулуктун белгиси. Жаш келиндин уяттуулугу, кайын журтуна ийилип, кызмат кылуусу – анын тартип көрүп чоңойгондугунун белгиси. Ата-бабаларыбыз өздү өзүм, өзгөнү жатым дебеген. Бул бир тууганым, кайын журтум, сөөк-тамырым, жоро-жолдошторум-деп бирөөлөрдү баса, бирөөлөрдү аса белгилебей, тең санаган. Бул – адамдын асыл сапаттарынын бири. Айкөлдөр адамдарды түргө бөлүп, түркөйлүк кылбайт. Баарын тең санайт. Совет доорунда орус маданиятынын таасири бизге тийди. Тууганым, жатым – деп бөлүү кийин чыкты. Сүйүү – адамдын жашоо-турмушундагы назик мамиле, жакшы көрүү, элесин эске тутуу, булар – ички маданияттын бөлүгү. Жүрөгүндө адамга, элге, Мекенге сүйүүсү жок адам – ичи көңдөй челек сыяктуу. Орусча “любовь” – “сүйүү” деп которулат, алар: “люблю кашу, маму, Отечество, родную землю” ж.б. – деп айтышат. Кыргыздар: боткону жакшы көрөм, апамды, атамды, Мекенимди ж.б. “сүйөм”-дейт, кызга (жигитке) сүйүүбүздү “махабат” дейбиз. Биз рухий казынасы бай элдердин бири болгонбуз. Адамдын жүрөгүндө сүйүү болсо, жакындарынын жаманы (сапаты) жабылып, жакшысы табылып жашай берет. Бөлүнгөндөн кийин жакшы сапаттары гана эсинде калат. Ошондуктан кыргыздар көзү өткөндөрдү акаарат кылбайт, кеп-сөз, ушак айтпайт, кемчилигин чукубайт. Аларды эскергенде “Маркум”, “Раматылык”, “Бейиши болгур” деп жалаң жакшы сапаттары айтылат. Бул – анын арбагын сыйлоо. Маркумду сыйлоо бардык мусулман элдерде бар. Өлгөндөн кийин адамды сындоо кийин чыкты. Ал – акылсыздык. Көзү өткөндөн кийин саясий лидерлерди, белгилүү инсандарды сындоо орустардын тарыхында болуп келген, азыр да бар. “И.В. Сталиндин, Л.И. Брежневдин ж.б. саясий ишмердигин кайрадан карап чыгышкан. Азыр Б. Ельциндин ишмердигин карап чыгууда. Кийин В.В. Путиндин ишмердиги да айтылат. Мен узак жашаган адаммын, билем, бийликтегилерди кызматта турганда идеализациялап, өлгөндөн кийин кемчилигин табышат”-дейт Ли Куан Ю (Суровые истины во движении Сингапура вперед. Казань.2011). Азыр башка республикада жашаган кыргыздардын маданияты жөнүндө айта кетели. Жызактык кыргыздар негизинен ичкиликке киришип, беш уруу, тогуз уруу тейит болуп, чоң эки урууга бөлүнүшөт. Беш уруу тейит – кашка, 5 манап, кутуке, абай, куталы болуп, беш майда урууга бөлүнүшөт. Жызакта тогуз уруу тейиттерден бир гана уруу бар, алар Чапан тейитттер. Алай, Ноокат, Баткен жана Лейлек болуп, Кыргызстандын түштүк тоо кыркаларын ичкиликтер ээлешет. Тажикстандын аймагында туурасы 40-50 км узуну 240- 250 км аралыкты кыргыздар ээлеп келген. Өзбекстандын Жызак областынын Бахмал айылында кыргыздар жашашат. Жызактагы тоолуу Замен районунун 1/3нен көбүн жергиликтүү кыргыздар түзөт. Достук, Пактокор, Зафарабад, Арпасай, Мырза чөлдүү райондорунда кыргыздар орун алган. Баш аягы Жызак областында 150 миң кыргыздар бар. Алар бери дегенде беш кылым өзбек элинин курчоосунда жашоодо. Ошого карабастан өзүнүн этникалык аң-сезимин, материалдык жана руханий маданиятын, салт-санаасын, адептик нарктуулугун жоготпой, сактап келе жатышат. Бахмалда ар бир үйдө алма өстүрүлөт, алар дыйканчылык, багбанчылык кылышат, мал чарбачылыгы өнүккөн. Жашаган үйлөрү кыргыздын маданиятын чагылдырат, шырдак, ала кийиз, көлдөлөң, төшөк, таар ж.б. менен жасалгаланган. Аларда кыз ала качуу – кылмыш. Үй-бүлө түзөрдө салттык өзгөчөлүктөрүн карманышат. Балдары балагатка жеткенде ата-энелери макулдашып, нике кыйылат, келечектеги үй-бүлөгө шарт түзүп беришет. Келинди ала качуу – кыздын ата-энесин, урууну басынтуу, теңсинбөө, эл алдында уят кылуу болуп эсептелет. Мында чоң чыр чыгышы мүмкүн. Тамак-аштары Кытайдагы Памирлик, Каргалык, Коженттик кыргыздардын тамактарына окшош. [1] “Дөөт алейхисаламдын устаканасы”, “Дөөт-баба”, “Асти-Дөөт” мазарлары Кожентте жайгашкан. Коженттик кыргыздар: аваат, бостон, төөлөс, жоо кесек, канды, кыдырша, кыпчак, найман, нойгут, оргу, тейит, чапкылдык урууларынан турат. Шаардын аталышы тажикче эмес, кыргызча, чечмелениши “кожо кент” (кожолордун шаары). Мурдагы доорлордо ал жерди Илияс-Кесек, Темир-Малик, Акмат-Могол, Салимбек, Акботобий, Баабер ж.б. кыргыздар башкарган. Улуттук оюндары – улак тартыш, балбан күрөш, ат чабыш, тойлордо акыйнек айтышат. ХVII-ХIХ кылымдан баштап ХХ кылымдын орто ченине чейин (б.а. чек араны бөлүүгө чейин) кыргыздар Алайдан Жызакка чейинки тоо кыркаларын ээлеп келген. Алар азыркыдай үч мамлекеттин чек арасына бөлүнгөн эмес. Өзбек, тажик элинин маданиятынын таасирине карабастан, кыргыздар өз маданиятын сактап калышкан. Кожент шаарынын күн чыгыш тарабында “Мозори чил духторон” (кырк кыз мазары) деген бар. Уламыштарга караганда эркек аттуунун баары согушка чыгып кеткенин билип, капыстан басып кирген жоодон жалтанбай, кынсыз кылыч байланган кыздар шаарды коргошкон. Теңсиз айыгышкан согушта курман болгон кыздардын эрдигин бүгүнкү күнгө чейин эл унутпай, эскерип келүүдө. 6 Совет доорунан кийин бизде Батыш өз маданиятын пропагандалап келе жатат. Батыш элдеринин жакшы сапаттары бар, алар: эмгекчилдик, тактык, тазалык, эпчилдик, илимди, техниканы, технологияны өздөштүрүүгө умтулуусу ж.б. Кыргыздардын көп проблемалуулугунун себеби эмнеде, балдар дүйнөнү кыргыздын көзү менен тааныбай, башка элдин көзү менен таанып жатышат, жаштар таңсык болгон өлкөлөр рухий сазга батып баратат, ал өлкөлөр бизге үлгү-өрнөк боло албайт, бирок биздин жаштарыбыздын көбү аны билбейт. Азыр элдин келечек-тагдырына таасири бар гендер саясаты жөнүндө макаладан үзүндүгө көңүл бөлөлү. Дүйнө өнүгүп, өзгөргөн сайын бирибирине дал келбеген карама-каршы көрүнүштөр пайда болуп, адамзаттын турмушуна терс таасирин тийгизген саясат пайда болду. Ошонун бири маданият аралык кагылышууну, Чыгыш салттулугуна Батыш маданиятынын баскынчылык аракетин, гендер саясатын атасак болот. АКШда, Европада коомчулуктун гендер маселесине кызыгуусу ХХ кылымдын 60-жылдарында пайда болгон. Бүгүн ошол кызыгуу бизге жетип отурат. Батыш өлкөлөрүндө ал дисциплиналар аралык кеңири илимий багытка айланды. Ал эми дүйнөнүн башка жактарында бул маселени изилдөө, ошол коомдун өзүнүн эмес, Европа менен АКШнын маданияттарынын саясатынын негизинде жүргүзүлүп келе жатат. (hitp: //www.harunyahya.ru/article_islam_yukselis.html). Ар бир коомдо аялзаттын орду бар жана ага өзгөчө мамиле калыптанган. Ар бир элдин өзүнүн улуттук жана маданий өзгөчөлүгү бар, ар кимдин өзүнүн “чындыгы” бар. Өлкөбүздө “бардыгын вестерндештирүү” (вест – батыш) деген түшүнүк старт алды, бул түшүнүк гендер маселесин да ичине камтыйт. Вестерндештирүү – Батышта калыптанып калган аял тууралуу “феминисттик” түшүнүктөрдү Чыгыш дүйнөсүнө таңуулоодо. Батыштын маданиятында “чындык” деп эсептелген нерсе Чыгыш дүйнөсүнүн аялзатына үйрөтүлдү. (hitp: //www.liveintemet.ru/community/gender_vs_sex/post 52746848). Туура эмес калыптанып калган түшүнүктөрдүн ичинен ЖМК аркылуу гламурдук кутюрьелер, мода жаратуучулар менен талкууга алынган кыздын сексуалдык кебете кешпири, аны курал катары колдонуп, баш айланткан карьерага жетишүү пропагандаланды. Өкүнүчтүүсү бул аракеттер кыздарыбыздын жашоодогу эң негизги максатына айланып бара жатат. Бул маселе улуттун жок болуп кетишине, мамлекеттин руханий баалуулуктарынын соолушуна, нарк-насилдин бузулушуна жол ачат [28]. Аны АКШнын, Европанын азыркы абалынан көрүүгө болот. Бүгүнкү күндө өлкөбүз 30дан ашуун конвенцияга кол коюп, анын ичинен аялга каршы дискриминациянын бардык түрүн жокко чыгаруу конвенциясы да кабыл алынды. Бирок гендер маселеси чечилген жок. [27]. Феминисттик түшүнүккө жуурулган “гендер саясатынын” натыйжасында аялдын ыктыярдуулук, тандоо укугу арткы планга өтүп, “иштөө укугу” 7 максаттуу түрдө таңууланууда. Натыйжада аял – эне болуп, баласына камкордук көрүп, үйдүн куту болуп, аны тарбиялоонун ордуна иштөө укугун туу тутуп, күйөөсү менен жарышып иштеп келе жатат. Гендер саясатынын негизинде Европанын өзү кандай натыйжага келди, ошого көңүл бөлөлү. Алар убактылуу пайда тапты, экономикалык жактан өнүктү, бирок кийин зыяны өтө көп болду. Мисалы, Германияда эмгектенген энелердин балдары тарбиядан өксүп, көз карандылыктын ар кандай формаларына келишти: азыр 6,2 миллион адам тамекиге көнүп калышкан; 2,3 миллион адам алкоголизмден көз каранды; 1,2 миллион адамдар медикаменттен көз каранды; 400000 адам баңгизатка кумарданышат; 100000 адам баңгизаттан көз каранды; 150000 кумар оюндарына азгырылышат; 500000 тамак-ашка көз карандылыктан (соргоктуктан) ден соолугу проблемалуу; 50000 адам арыктоонун ар кандай методдоруна муктаж; 1 миллион адам секске, спортко ыгы жок берилүүдөн азап чегишет. Бул тизменин толук эмес экендигин, о.э. бул коом физикалык, психикалык соо эмес коом экендигин К.Теппервайн «Как противостоять превратностям судьбы» (СПб. Питер. 1996) деген китебинде белгилейт [31]. Ушундай баа төлөнүүчү эркиндиктин аялга кереги барбы? Дүйнөнүн демографиялык өзгөрүүсүн изилдеген АКШлык окумуштуулар элдин 25 жыл стабилдүү сакталышы үчүн балдардын төрөлүү коэффициенти (ар бир үй-бүлөгө туура келген орточо арифметикалык чоңдук) k=2,11 кем эмес болуш керек деп ырастайт. Эгерде k мындан кичине болсо, улут азаят. Адамзаттын тарыхында k=1,9 болгон бир да улут сакталып калган эмес. Азыр Европалык континенттеги 31 мамлекеттин орточо төрөлүү коэффициенти k=1,38, АКШныкы k=1,8. б.а. эл азайып баратат. Тарыхый тенденцияга таянсак, бул көрсөткүч дагы кемийт. (БУУнун 2010-жылдагы отчѐтунан алынды). Ойлонгула. Бышыктоо. Эми Батыштын таасириндеги азыркы жаштардын жоруктарына токтололу. Башка улуттарда байкалбаган жоруктар бизде пайда болду. Ата-бабалардын салтына, дөөлөттөрүнө доо кетүүдө. Биз кызыл гүлдү, айды, Чолпон жылдызды кызга теңеп, ыроолойбуз. Айрым кыздарыбыз: “өзүмдү өзүм билем, (кааласам) Америкага (Кытайга, Кореяга ж.б) күйөөгө тием, кайын журтум менен жашагым келбейт, күйөөм жакшы, апасы жаман, балдарымды чоң ата, чоң энеси эмес, тай ата, тай энеси багат, кайын журтум менен мамилем начар”-деп отуруп, артында “өзүнөн-өзү арданып, жалгыздыктан жапа чегүүгө жетти. “Булуттар, булуттар, жан кейиткен жалгыздыкты унуткар, унуткар, унуткар” (аткаруучу Г. Сатылганова) -деп боздоп-ырдап жүрүшөт. Айрым кыздарыбыз: “Сени Оштон, Таластан, Ысык-Көлдөн, Нарындан... Галактикадан издедим, жоксуң, жоксуң”-деп ырдап жүрүшөт. Кыздан кылык, уулдан уят кетти. Качан кыргыздын кызы эр издеп жер кыдырчу эле? Демократияга жамынып, НПОлор (БӨУлар) кыргыздын рухий тарбиясына жат сексуалдык тарбияны, 8 жат идеологияны таратууда. Көчөдө, коомдук жерде беш көкүл кыздын жигиттерге айкалышып, өбүшүүсү кайдан келди? Кыргыз баласы эне тилин, ата-бабалардын тарбиясын, рухий мурасын качан жээричү эле? Уулу келинчегине болушуп, энесин качан капа кылчу эле? Келиндин укугу качан кайын энесиникинен жогору болгон? Ак сакалдардын көзүнчө афроамерикалык бейадеп бийлерди жаш кыздар качан тайраңдап, бийлечү эле? Кыздар төшүн, курсагын, далысын көрсөтүп качан кийинишкен? Денесин сатуу деген кыргызда качан болду эле? Качан ата-энесин карылар үйүнө өткөрчү эле? Карысы бардын ырысы бар-деген кыргыздар, эми ырысын тепкен элге айланабы? Тил, дил билген, “билимдүү” ага-эжелерибизден кыйратып үлгү ала турган жагыбыз жок сыяктуу. Улуу деп сыйлап учурашсаң, алик албай өтүп кетет, кийинки жолукканда жаштардын жөөлөп өткүсү келет. Өмүр бою интрига менен “оокат” кылгандар кайсы үлгүнү көрсөтүшөт? Митингде жулунуп-жулкунуп, эркек менен мушташып, ак үйгө, көк үйгө барып, “элдин тагдырын чечкен”, дүйнө жүзүнө кебете кешпирин көргөзгөн аялдар качан бар эле? Ошолорду бетине кармап, саясий “маселени чечкен” эркектер качан болгон? “Жаман деген бир ат бар, жууса кеткис”, болдук. Ушунун баары жан дүйнөнү бузуп, кимдин ким экенин билгизбей, аң-сезимдеги баалуулуктарды өчүрүп бараткан ааламдашуу саясатына макул болобузбу? Кантип? Кыргыздардын маданиятын, адептик нарктуулугун жоготобузбу? Ойлонолу. Оозунан жылуу сөз чыкпаган, теменени төө деген, досту жоо деген, барды жок деген, акты көк деген, кең дүйнөнү тар кылган, жан дүйнөлөрү жарды адамдар бар. Азыр нарктуу адам десе, байлыгы, бийлиги бар адамды элестетебиз, ошолор таман акы маңдай тери менен байлыкка келдиби, кайран элдин кактабай канын соруп, алдыбы? Байлыгы адалбы же арамбы? Азыр кыргызда нарктуу адам ким? Тигил же бул өлкөнүн ак сакалдарын карап, алар тарбиялап өстүргөн балдарынын адеп-ахлагына, эл-жерине, ата-энесине, башка улуттун адамдарына болгон мамилесине карап, баа берилет, “билебиз, бул нарктуу эл, булар менен мамиле түзсө болот” – дешет. Эми сабакты жыйынтыктайлы. Адамды байлык-мансабына эмес, алган билимине, ички маданиятына карап баа берүү кылым кыйырын кечкен кыргыз салты болуп келген. Ушул улуу салтты ыйык туткан эл нечен доордун кыйырын басып өтүп, кандай күн болбосун, ар качан илимге, маданиятуулукка умтулуп, тарбияга маани берип жашап келишкен. Кантебиз, өткөнгө өкүнгөндө эмне пайда, андан көрө өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү бололу, баскан-турганыбызды, сүйлөгөн сөзүбүздү, кебетекешпирибизди, кийген кийимибизди оңдойлу, ар кимибиз өз адебибизге көз салып, жүрүм-турумубузду жакшырталы. Улуттун маданиятынын келечеги жаштардын адеп-ахлагы, ойлому, аңсезими менен байланыштуу. Ушу тапта окуп, иштеп жаткан жаштардын арасында маданиятыбызды оңдоо боюнча практикалык маселелерди 9 ойлогон, туруктуу жарандык позициясы бар, көптү билүүгө умтулган, ыймандуу улан-кыздар өсүп келе жатат. Туура багыт берип, туура жол көрсөтүлсө, улуу муундагылардын рухий дартынан оолак болуп, жакшы саамалыктарына жардам берилсе, алардын канат-бутагы жайылып чыга турган жолдору көп. Элдин маданиятын, мамлекеттин кызыкчылыгын коргой турган жаштардын чыгышы алыс эмес. Анда эмесе балдарыбыздын келечеги кең, түбөлүгү түз болсун деп тилейли.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!