Текшерилди: ТИ б/ча директордун
орун басары:
______________________
Сабактын темасы: Кытай жана Индия мамлекеттеринин билим берүү системасы.
Сабактын формасы: Лекция, талкуу.
Сабактын методу: Жаңы сабак.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, текстер.
Сабактын максаты:
| Предметтик компетенттүүлүк: Кытай жана индия мамлекеттери тууралуу чакан маалыматтарды алышат; Окуучулар башка өлкөнүн билим берүү системалары тууралуу билим алат; Окуучулар өзү менен тең башка өлкөнүн окуучулары кандай мектептерде жана кандай шартта билим алаары тууралуу маалымат алышат; Башка өлкөгөдөгү ЖОЖ дор тууралуу маалымат алышат; Окуучулардын таанып билүүлөрү өсөт; |
| Көрсөткүчтөр: Окуучулардын дүйнө таанымы кеңейет; Башка өлкөлөрдөгү ЖОЖ дорго тапшырууга кызыгат; Кыргызстандын билим берүү системасы менен башка өлкөлөрдүн билим берүү системаларын салыштыра алышат. |
| Күтүлүүчү натыйжа: Кытайдын мектептериндеги катуу тартиптер тууралуу айтып бере алат; Кытайдын ЖОЖ доруна кантип тапшыруу керектигин билишет; Индияда балдар кандай шартта билим алышаары тууралуу билишет; Кытай жана Индия мамлекеттери тууралуу айтып бере алышат. |
Сабактын жүрүшү:
| Мугалимдин иш аракети: Сабактын чөйрөсүн түзүү; Окуучулар менен аңгемелешүү (2-3мин); Жаңы тема тууралуу айтып берүү (15мин); Окуучулардын суроолоруна жооп берүү (5мин); Окуучуларга суроо берүү (5мин); Баалоо (2мин); Сабакты жыйынтыктоо; |
| Окуучунун иш аракети: |
Жаңы тема: Кытай жана Индия мамлекеттеринин билим берүү системасы.
Текст.
Саламатсыздарбы урматтуу окуучулар! Ар бир мамлекетте бала бакчадан тартып жогорку окуу жайына чейинки билим берүү билим берүү системасы жеп аталат. Ар бир өлкөнүн билим берүүсүндө ар кандай өзгөчөлүтөр бар. Бизге сезилбегени менен Кыргызстандын билим берүү системасы башка өлкөнүн жарандары үчүн абдан кызык сезилиши мүмкүн. Биз бүгүн Кытай жана Индия мамлекеттеринин билим берүү системасы тууралуу сабак өтөбүз.
Кытай Эл Республикасы тууралуу маалымат.
Кытай - түндүк-чыгышынан КЭДР жана Орусия, түндүгүнөн Монголия, түндүк-батышынан Орусия, Казакстан жана Кыргызстан, батышынан Тажикстан, Ооганстан, ошондой эле Пакистан, түштүк-батышынан жана түштүгүнөн Индия, Непал жана Бутан, түштүк-чыгышынан Мьянма, Лаос, Вьетнам менен чектешет. Борбору — Пекин. Администрациялык-аймактык жактан 23 провинцияга, 5 автономия районго, 4 борборго баш ийген шаарга (чет жакасындагы ири шаарлар менен кошо, аны курчаган зор аянтты камтыйт) 2 өзгөчө администрациялык районго бөлүнөт.
Калкы - 1 401 898 110 адам (1-орун)
Башкаруусу – парламенттик башкаруу
Аянты - 9 598 962 км² (3-орун)
Гимн – 1949-жылы кабыл алынган
Желек – 1949-жылы 27-сентябрда кабыл алынган
Герб – 1950-жылы 20-сентябрда кабыл алынган
Валютасы – кытай юаны
Борбору - Пекин
Кытайдын бала бакчалары.
Кытай эл республикасында бала бакчалар коммерциялык жана мамлекеттик болуп бөлүнөт. Коммерциялык бала бакчаларда баланын ички потенциалын жана анын чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн арттыруу, келечектеги окуу процесстерине эң мыкты деңгээлде даярдоо тарбиялоонун негизи болуп саналат. Башкача айтканда, балдар айыл чарбасынын негиздерин, кийимди оңдоо же үйлөрдү тазалоо сыяктуу анча оор эмес тапшырмаларды аткарышат. Кытай үй-бүлөөлөрүнүн көпчүлүгүндө бирден гана балдар болгондуктан, балдарды коомго аралаштыруу жана улуу адамдарга урмат көргөзүү бала бакчаларда жолго коюлган.
Кытайдагы орто билим берүү.
Кытайда базалык окутуу жалпы 12 жылды түзүп, ал 3 стадияга бөлүнөт:
Башталгыч класс – 6жыл
Ортоңку класс – 3жыл
Жогорку класс – 3жыл
Окууга кабыл алууда окуучулар тест тапшырышат. Тесттин суроолору кандай экендиги алдын ала белгисиз болот. Тесттин жыйындыгы менен окуучу окуй турган мектеп менен классынын деңгээли аныкталат. Кытай окуучулары окууга абдан олуттуу мамиле жасашат. Эрежелерди сактоо жана үй тапшырмаларынын чоң көлөмү окуунун биринчи жылдарында эле башталат.
Кытайдагы башталгыч класстан кийинки орто билим берүү – үч жыл аралыгындагы билим берүү болуп саналат. Бул стадиядан кийин милдеттүү билим алуу да аяктайт. Балдар орто билим алууда
мамематика
физика
информатика
биология
география
мукзыка
дене тарбия
этика жана мораль
сабактарын өтүшөт.
Кытайда окуучуларды тарбиялоодо саясий сабаттуулукка жана акыл идеологиясына өзгөчө көңүл бурулат.
Жогорку класс окуу мөөнөтү 3 жыл. Баштапкы эки стадиядан айырмаланып жогорку класста билим алуу акылуу болуп саналат. Окуунун бул стадиясына жогорку окуу жайына тапшырууну каалаган окуучулар гана өтө алышат. Окуу жылынын башталышында окуучулар профессионалдык – техникалык же академиялык сыяктуу профилдик багытты тандашат жана ал үчүн талап кылынган тест тапшырышат.
Кытайдын жогорку окуу жайлары.
Кытайдагы жогорку окуу жайлар Азиядагы эң мыкты окуу жайлары болуп саналат. Дипломдору Европада жана Америкада жогору бааланат. Бүгүнкү күндө кытай университеттеринин көпчүлүк бөлүгү китепкана, музей, заманбап лабораториялар менен камсыздалган жогорку технологиялуу илимий комплекстер болуп саналат. Студенттерге лекцияларды окуу үчүн дүйнөнүн эң мыкты профессорлорун тез-тезден чакырып турушат. Кытайдагы жогорку билим берүү Баллондук системага баш ийет. Анда
Бакалавриат – 4 жыл
Магистратура – 3-4 жыл
Докторантура – 2-4 жыл
Кытайдын жогорку окуу жайларына тапшыруу
Кытайдагы бардык окуу жайлар окутуунун сапатына жана беделине карап бир нече категорияларга бөлүнгөн. Жогорку окуу жайына тапшырууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү жыйынтыгы 100 баллдык шкалада баалануучу тестти тапшырышат. Абитуриенттер тестти эки ирет тапшырышат. Биринчиси абитуриенттин билим сапатын текшерсе, экинчиси университетке тапшыруу укугун берет. Эгер абитуриент биринчи сынактан талап кылынган баллды топтой албаса, ал экинчи тестти тапшыруу укугунан ажырайт. Ал эми экинчи тестти тапшыргандардын босого же андан көп балл топтогондор абдан катуу конкуренцияда университетке тапшыруу конкурсуна катышышат. Кытайдын кээ бир университеттеринде 1 орунга 200-250 талапкер ат салышат. Университеттерде окуу арзан турбайт. Ошондуктан финансылык оор абалга кептелген студенттер үчүн атайын кредит системасын киргизген. Анда студенттердин окуу акысын мамлекет төлоп берет да, студент окууну бүтүп, иштеп баштагандан тартып кайтара баштайт. Жакшысы, окуунун кайсы формасында окугандыгына карабастан жакшы окуган студенттерге 2500 юань өлчөмүндөгү стипендия берилет. Кытайдагы бардык окуу жайлар окутуунун сапатына жана беделине карап бир нече категорияларга бөлүнгөн. Жогорку окуу жайына тапшырууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү жыйынтыгы 100 баллдык шкалада баалануучу тестти тапшырышат. Абитуриенттер тестти эки ирет тапшырышат. Биринчиси абитуриенттин билим сапатын текшерсе, экинчиси университетке тапшыруу укугун берет. Эгер абитуриент биринчи сынактан талап кылынган баллды топтой албаса, ал экинчи тестти тапшыруу укугунан ажырайт. Ал эми экинчи тестти тапшыргандардын босого же андан көп балл топтогондор абдан катуу конкуренцияда университетке тапшыруу конкурсуна катышышат. Кытайдын кээ бир университеттеринде 1 орунга 200-250 талапкер ат салышат. Университеттерде окуу арзан турбайт. Ошондуктан финансылык оор абалга кептелген студенттер үчүн атайын кредит системасын киргизген. Анда студенттердин окуу акысын мамлекет төлоп берет да, студент окууну бүтүп, иштеп баштагандан тартып кайтара баштайт. Жакшысы, окуунун кайсы формасында окугандыгына карабастан жакшы окуган студенттерге 2500 юань өлчөмүндөгү стипендия берилет.
Индия Республикасы тууралуу маалымат.
Мамлекеттик тили- хинди жана англис тили
Калкы – 1 338 047 000 (2-орун)
Башкаруусу – федеративдүү парламенттик башкаруу
Аянты – 3 287 263 км² (7-орун)
Гимн – 1950-жылы 24-январда кабыл алынган
Желек – 1947-жылы 22-июлда кабыл алынган
Герб – 1950-жылы 26-январда кабыл алынган
Валютасы – индия рупиясы
Борбору – Нью – Дели
Индия Республикасы Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу менен чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу менен Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. Түндүк-батышынан Пакистан жана Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал жана Бутан, чыгышынан Бангладеш жана Мьянма өлкөлөрү менен чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман жана Никобар аралы кирет.
Индиядагы мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоо.
Индияда мектепке чейинки тарбиялоо салттуу өнүккөн. Төрт жашка чейин бала энесинин көзөмөлүндө үйдө тарбияланат. Эгер энесинин жумушка чыга турган болсо, бала багуучунун кызматын пайдаланышат же туугандарына кайрылышат. Кээ бир мектептерде озүйүндө тарбияланууга мүмкүнчүлүгү болбогон балдарды берүүгө атайын топтор бар. Бирок бала багуучунун кызматына караганда лада канча кымбатыраак турат. Мындай топтордо балджар күнүнүн көбүрөөк бөлүгун өткөрөт. Жана англис тилин үйрөтүү, мектепке даярдоодон өтүп дайымкы көзөмөлдө болот.
Индиядагы орто билим берүү.
Индияда орто билимди жынысына жана социалдык статусуна карабастан өлкөнүн ар бир жараны алууга милдеттүү. Орто билим алуу акысыз болуп эсептелет. Билим алуу эки баскычтан турат. Биринчи баскычында балдар 4 жашынан баштап 14 жашына чейин 10 класстык базада билим алышат. экинчи баскычында 11-12-класстар. Бул баскычта билим алууну университетте улантып кесипке ээ болууну каалагандар гана окушат. Өлкөнүн бардык мектептеринде окутуунун инновациялык методдор колдонулат. Бирок, жеке менчик мектептердин билим сапаты алда канча бийик болот. Жеке менчик мектептердин орточо баасы айына100 – 200 доллар, а түгүл андан да кымбатыраак. Эң кызыгы бардык орто мектептердин окуучулардын бардыгына бекер тамак берилет. Индияда дүйнө жүзүндөгү эң чоң мектеп орун алган. Ал мектепте жалпы 32 000 окуучу окуйт.
Индияда жогорку билим берүү.
Индияда жогорку билим берүү үч баскычтан турат:
Бакалавриат
Магистратура
Докторантура
Ал эми окуунун мөөнөтү түздөн түз тандалган адистиктен көз каранды. Соода жана искуство жаатындагылар 3 жыл, айыл чарба, чарбачылык, медицина, формакология, ветеринардык билим алуу 4 жыл.
Азыркы учурда Индияда экономиканын активдүү өсүшүнө байланыштуу бакалавриаттын студенттеринин көпчүлүгү техникалык адистикти тандаса, 40 % гуманитардык багытта билим алышат.
Индия окуу жайларындагы популярдуу адистиктер:
Окуу акысы эң беделдүү окуу жайларда 15 000 доллардан жогору. IT адистикти Индия университеттеринде аяктаган студенттер бүгүнкү күндө дүйнөлүк эмгек рыногунда өтө популярдуу.
| Бышыктоо: Кытай эл рРеспубликасы калкы жана аянты боюнча дүйнөдө канчанчы орунда турат? Индия Республикасы калкы жана аянты боюнча дүйнөдө канчанчы орунда турат? Индияда балдар мектепке чейин каякта тарбияланышат? Кытайда эмне үчүн ЖОЖго өтүү кыйын? |
| Үй тапшырма: “Жаратылыш жан досум”. |
| Баалоо: |