| Натыйжа | Бул натыйжага жетишүүнү мүнөздөөчү жөндөмдөр |
| Мейкиндик мамилелери. Геометриялык фигуралар |
| Бүтүрүүчү үйрөнөт | мейкиндикте жана тегиздикте буюмдардын өз ара жайгашуусун сүрөттөөгө | Объекттин мейкиндиктеги/тегиздиктеги абалын сүрөттөөчү математикалык терминдерди түшүнүүгө; буюмдун мейкиндиктеги/тегиздиктеги абалын сүрөттөөчү көрсөтмө берүүнү колдонууга |
| геометриялык фигураларды таанууга, атоого, көрсөтүүгө (чекит, кесинди, сынык сызык, тик бурч, көп бурчтук, үч бурчтук, тик бурчтук, квадрат, айлана, тегерек); | геометриялык фигураларды таанууга (чекит, кесинди, сынык сызык, тик бурч, көп бурчтук, үч бурчтук, тик бурчтук, квадрат, айлана, тегерек); геометриялык фигураларды сүрөттөп көрсөтүүгө (чекит, кесинди, сынык сызык, тик бурч, көп бурчтук, үч бурчтук, тик бурчтук, квадрат, айлана, тегерек); геометриялык фигуралардын тегиздиктеги айырмасын (окшоштугун) табууга |
| сызгычтын, үч бурчтуу сызгычтын жардамы менен берилген чендер боюнча геометриялык фигураларды түзүүгө (кесиндик, квадрат, тик бурчтук) | берилген узундуктун кесиндисин түзүүгө; чакмак баракта сызгычтын же үч бурчтуу сызгычтын жардамы менен берилген чендер боюнча тик бурчтукту, квадратты түзүүгө |
| маселелерди чыгаруу үчүн тик бурчтук менен квадраттын касиетин колдонууга | маселелерди чыгарууда квадраттын жактарынын барабардыгын, тик бурчтуктун карама-каршы жактарынын узундугунун барабардыгын эске алууга |
| геометриялык телолорду танууга жана атоого (куб, шар) | геометриялык телолорду таанууга; мейкиндиктеги фигуралардын айырмасын (окшоштугун) табууга |
| реалдуу объекттер менен геометриялык фигуралардын моделдерин салыштырууга | |
| Бүтүрүүчү үйрөнүүгө мүмкүндүк алат | геометриялык телолорду таанып билүүгө, айырмалоого жана атоого: параллелепипед, пирамида, цилиндр, конус | геометриялык телолорду таанып билүүгө; мейкиндиктеги фигуралардын айырмасын (окшоштугун) табууга |
| Геометриялык чоңдуктар |
| Бүтүрүүчү үйрөнөт | кесиндинин узундугун ченөөгө | |
| үч бурчтуктун, тик бурчтуктун жана квадраттын периметрин, тик бурчтуктун жана квадраттын аянтын аныктоого | периметр менен аянттын маанисин геометриялык фигуралардын мүнөздөмөсү катары түшүнүүгө; тик бурчтук менен квадраттын периметрин жана аянтын аныктоого; маселени чыгаруу үчүн узундук, периметр жана аянт жөнүндө түшүнүктү колдонууга |
| геометриялык объекттердин көлөмдөрүн, аралыгын болжолдуу (көз менен) баалоого | |
| Бүтүрүүчү үйрөнүүгө мүмкүндүк алат | көп бурчтуктун периметрин, тик бурчтуктан түзүлгөн фигуранын аянтын аныктоону | көп бурчтуктун периметрин аныктоону; тик бурчтуктан түзүлгөн фигуранын аянтын аныктоону |
| 1-класс | 2-класс | 3-класс | 4-класс |
| Мейкиндиктеги мамиле. Географиялык фигуралар |
буюмдун мейкиндиктеги жана тегиздиктеги абалын сүрөттөөчү сөздөрдүн маанисин түшүнүү (сол жагынан, оң жагынан, жогору жагынан, төмөн жактан ж.б.), буюмдардын тегиздиктеги абалын сүрөттөөчү көрсөтмө берүүнү колдонуу; мейкиндикте жана тегиздикте буюмдардын өз ара жайгашуусун сүрөттөөгө: сол жагынан, оң жагынан (сол жакка – оң жакка), жогору жагынан, төмөн жагынан (жогору-төмөн), алдында, артында, ортосунда ж.б.; курчап турган чөйрөдөн көп бурчтуу (үч бурчтуу, төрт бурчтуу ж.б. айлана) буюмдарды (буюмдардын бөлүгүн) формага ээ буюмдарды табуу; геометриялык фигураларды таанууга, атоого, көрсөтүүгө (чекит, сызык, түз сызык, кесинди, шоола, сынык сызык, көп бурчтук, тегерек; төрт бурчтуктун ичинен тик бурчтукту (квадратты) бөлүү); геометриялык фигуралардын окшоштуктарын жана айырмачылыктарын (түз сызык, сынык сызык, шоола) табуу | ар кандай түрдөгү: тик, тар, кең бурчтарды таануу жана атоо; геометриялык фигураларды: үч бурчтук, төрт бурчтук ж.б. таануу жана атоо, жактарынын берилген узундуктары менен сызгычты колдонуу аркылуу чакмактуу сызыктарда тик бурчтуктун (квадраттын) түзүлүшүн чийүү; реалдуу объекттерди үч бурчтуктун, тик бурчтуктун (квадраттын) моделдери жана чиймеси менен катышын аныктоо | геометриялык фигураларды тамгалар менен белгилөө; тегерек менен айлананы айырмалоо; циркулдун жардамы менен берилген радиустун айланасын чийүү | буюмдардын тегиздикте жана мейкиндикте өз ара жайгашуусун сүрөттөө; геометриялык фигураларды таануу, атоо, көрсөтүү (чекит, кесинди, сынык сызык, тик бурч, көп бурчтук, анын ичинде үч бурчтук, тик бурчтук, квадрат; айлана, тегерек); берилген көрсөткүчтөр боюнча сызгычтын, үч бурчтуу сызгычтын жардамы менен геометриялык фигураларды түзүү (кесинди, квадрат, тик бурчтук); маселелерди чыгаруу үчүн тик бурчтук менен квадраттын касиеттерин колдонуу; геометриялык телолорду (куб, шар) таануу жана атоо; айкын объекттер менен геометриялык фигураларды салыштыруу |
өздөштүрүлгөн фигураларды анын аягы менен дал келбөөчү татаал фигуралардан бөлүүгө (кесиндиге чекит (эки чекит) койгондо пайда болуучу кесиндилердин саны) | тик бурчтукту (квадратты) сызык сызылбаган кагазга сызгычты жана үч бурчтуу сызгычты колдонуу менен чийүү | үч бурчтуктарды жактарынын узундугун салыштыруу, бурчтардын түрлөрү боюнча айырмалоо; берилген масштабда геометриялык фигураларды (кесинди, тик бурчтук) чийүү; участоктун (бөлмөнүн, бакчанын ж.б.) планын окуу | геометриялык телолорду таануу, айырмалоо жана атоо: параллелепипед, пирамида, цилиндр, конус |
| Геометриялык чоңдуктар |
узундуктун өздөштүрүлгөн бирдиктерди сантиметр жана дециметрди жана алардын катышын колдонуу менен узундукту (буюмдун, кесиндинин) ченөө (сызгычтын жардамы менен) жана жазуу; берилген узундуктун кесиндилерин цифралар көрсөтүлгөн сызгычтын жардамы менен чийүү; ченелүүчү буюмга ылайык келүүчү узундуктун бирдигин тандоо (мисалы, калемсаптын узундугун кандай бирдиктер менен ченейт элең) | узундуктун өздөштүрүлгөн бирдиктерин жана алардын катышын (миллиметр, сантиметр, дециметр, метр) колдонуу менен узундуктун маанисин окуу жана жазуу; 2-5 тутумдан турган сынык сызыктын узундугун жана көп бурчтуктун периметрин (үч бурчтук, төрт бурчтук, беш бурчтук) аныктоо | кесиндинин узундугун ченөө; тик бурчтуктун (квадраттын) аянтын анын берилген узундуктары боюнча аныктоо; объекттердин аянтын аянттын ар кандай бирдиктери менен (квадраттык сантиметр, квадраттык дециметр, квадраттык метр) алардын ортосундагы катышты колдонуу аркылуу көрсөтүү | кесиндинин узундугун өлчөө; үч бурчтуктун, тик бурчтуктун жана квадраттын периметрин, тик бурчтуктун жана квадраттын аянтын аныктоо; геометриялык объекттердин көлөмдөрүн, аралыгын болжолдуу (көз менен) баалоо |
ченөөнүн ар кандай бирдиктерин (мисалы, 15 см жана 1 дм 5 см) колдонуу менен кесиндинин (предметтин) узундугун көрсөтүү; чоңдуктардын катышын чыгаруу жана салыштыруу (мисалы, кемүү (өсүү) тартибинде жайгаштыруу: 1 дм, 8 см, 13 см). | белгилүү кырдаалда ылайык келүүчү бирдикти тандоо; тик бурчтуктун (квадраттын) периметрин аныктоо; логикалык ой жүгүртүүлөрдү жүргүзүү жана тыянак чыгаруу | белгилүү кырдаал үчүн аянттын ылайык келүүчү бирдиктерин тандоо; тик бурчтуктун, үч бурчтуктун аянтын тик бурчтукка чейин толуктап түзүү менен аныктоо | көп бурчтуктун периметрин аныктоо; тик бурчтуу үч бурчтуктун аянтын табуу; фигуралардын аянттарын аларды тик бурчтарга (квадраттарга) жана тик бурчтуу үч бурчтуктарга бөлүү менен табуу. |
Ответственный за перевод: Мамбетмусаева Назира Келдибековна, Секретарь Координационного совета по стандартам и качеству образования при МОиН КР.