СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класс мугалим

Нажмите, чтобы узнать подробности

мен мугалим болуп эмгектенем 31 окуучум бар 14 кыз 17 уул бар

Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класс мугалим»

3-март-Кыргыз мамлекетинин Туу күнү Просмотр содержимого документа
«3-март-Кыргыз мамлекетинин Туу күнү»

Сабактын темасы: 3-март -Кыргыз Республикасынын Туу күнү

Сабактын максаты:

Билим берүүчү максаты: Окуучулар Кыргыз Туусу жөнүндө маалымат алышат;

• Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүнө өз салымдарын кошууга жана мекени үчүн жоопкер экендигин аңдап түшүнүшөт.

Өнүктүрүүчүлүк максаты:• Сынчыл ойломдорун өнүктүрүү менен мекенинин келечеги жөнүндө өз ой пикирин билдиришет.

Таалим-тарбия берүүчү максаты: Жалпы адамзаттык жана улуттук руханий-баалуулуктарды баалоого жана сактоого, атуулдук, Ата мекенин сүйүүчүлүк, мекени менен сыймыктануу, мекенди коргоо,ага кызмат кылууга болгон инсандык негизги сапаттарына ээ болууга жана калыптанууга, тарбиялоо.

Күтүлүүчү натыйжалар:

• Окуучулар Кыргызстан жана анын негизги атрибуттары жөнүндө толук айтып бере алса;

  • Өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө кандай салым кошоорун белгилей алса;

• Мекени үчүн жоопкерчиликте экенин сезе билсе.

• Келечек туралуу ой жүгүртүү эң оболу биздин Кыргызстандагы эртеңки турмушубузду, өнүгүүбүздү кандай көрөрүн түшүндүрүп бере алса;

• Жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды айтып берсе;• Патриотизм — бул менин өлкөм баардыгынан мыкты  деген ишенимди чечмелеп бере алса;

Сабакта пайдаланылуучу каражаттар:

• Кыргыз Республикасынын картасы;

• Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана гербинин сүрөттөрү тартылган плакаттар;

• Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин тексти;

• Слайд жана видео көрсөтүү үчүн  проектор же “акылдуу доска”;

• карточкалар, тексттер,  ак барактар, кайчы.

Сабактын жүрүшү:

Мугалим:

Сабактын максатын окуучуларга жакшылап түшүндүрөт.

Анда эмес ар бириңер слайддагы сүйлөмдү барагыңарга өз алдыңарча толуктап жазгыла.

Ата мекен — бул …….

Ынтымак— бул ………

Атуул — бул ……….

Жазып бүткөнүңөр кагазыңарды партаңардын четине коюп койгула.

Сабактын аягында өзүңөрдүн жазганыңар боюнча ой-пикириңер өзгөрдүбү салыштырабыз.

Мугалим окуучулардын аткарган иштерине ыраазычылык билдирип, Ата мекен деген эмне, бул боюнча видео көрсөтөт же даярдалган слайдды көрсөтөт да ал жөнүндө баяндайт.

Урматуу окуучулар, ар бир адамдын туулуп өскөн жери ал үчүн ыйык Мекен. Улутуна, жынысына, тилине, туткан динине карабастан алар үчүн Ата мекен, Тынчтык, Ынтымак деген сөздөр ыйык болууга тийиш. себеби бул сөздөрдө мамлекеттин келечеги жатат. Анда эмесе биз үчүн Ата мекен, Тынчтык, Ынтымак, деген эмне? Слайдды көрсөтөбүз.

Мугалим: Кыргызстан демократиялуу мамлекет экендиги жөнүндө башкы мыйзамдын негизинде маалымат берет (слайдды көрсөтөт).

Мугалим: Окуучуларды үч топко бөлөт, ар бир топко алдын-ала даярдап койгон белектерин тапшырат. Ал белектер — Эгемендүү Кыргызстандын символдору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жөнүндө маалыматтар жазылган баракчалар. Андан соң мугалим окуучуларга тапшырманы аткарууга киришүүнү сунуш кылат.

Тапшырманы аткарыш үчүн окуучуларга тапшырманын темалары алдын-ала жазылып коюлган флипчарттар, маркерлер таратылып берилет. Ар бир топ тандап алган темасынын баракчалардагы текстти жана мурдатан окуп билгендери боюнча маалыматтарды даярдашат. Алар ар кандай көрүнүштө даярдалышы мүмкүн. Тапшырмаларды кыскача, кызыктуу кылып даярдоого мугалим көмөктөшөт.

Топтор тапшырманы аткарып бүтүшкөндүктөрүн кол чаап билдиришет. Баардык топтор бүткөндөн кийин, тапшырманы аткарып бүткөн ырааты боюнча топтун 1-2 өкүлү чыгып, өз маалыматтарын жакташат.

Эгемендүү Кыргызстандын символдору. Символ деген эмне?

Азыркы кезде ар бир мамлекеттин герби, туусу жана гимни болот. Алар мамлекеттин башкы символдору. Кыргызстандын азыркы символикасы качан түзүлгөн? Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун ар биринин өз тарыхы бар.

1991-жылы 31-августта көз карандысыздыкка ээ болгон жаңы мамлекетке — эгемендүү Кыргыз Республикасына жаңы символдорду кабыл алуу талап кылынды.

Кыргызстандын мамлекеттик символикасына Кыргыз Республикасынын Конституциясынын атайын бөлүмү арналган. Мамлекеттик символика Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын жана эгемендүүлүгүн аныктап жана бекемдеп турат.

Мамлекеттин символдору: герб, туу, гимн. Символ — башкы белги. Мамлекеттик символика — көз карандысыздыктын жана эгемендүүлүктүн белгиси.

1-топтун баракчасы:

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун кантип сүрөттөп берүүгө болот?

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу кызыл түстө, ал кыргыз элинин байыркы элдерден экенин билдирип турат. Улуу Кыргыз дөөлөтүнүн доорунда кыргыз кагандарынын ордосунун төбөсүндө кызыл туу желбиреп илинип туруучу. Айкөл Манас бабабыз өз элинин, ата журтунун эркиндиги үчүн кызыл асабанын астында күрөшкөн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун дал ортосунда алтын нурларын кырк бөлүнтүп чачыраткан күн алкагы тартылган. Кырк саны — кырк уруудан куралган кыргыз элинин эң байыркы эл экендигинин күбөсү.

Күн алкагынын ортосунда — боз үйдүн түндүгү.

Туунун кызыл түсү — акыйкаттыкты, нарк-дөөлөттү жана каармандыкты; нурга бөлөнгөн алтын күн — бейкуттукту жана байлыкты билдирет. Ал эми түндүк — ата конуштун, укум-тукум улоонун, Кыргызстандын бардык элдерине, кеңири мааниде айтканда, бүткүл дүйнөгө, ай-ааламга карата мээрмандыктын символу.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Авторлору: С. Иптаров, Б. Жайчыбеков,   Ж. Матаев, М. Сыдыков, Э. Айдарбеков.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу 1992-жылы 5-мартта Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын — Өкмөт Үйүнүн төбөсүнө орнотулган.

2-топтун баракчасы:Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербинде тартылган Ак шумкар — жоомарттыктын жана кыраакылыктын, тоолуу өлкөнүн жалпы жарандарынын мүдөө-максаттарынын бийиктигинин символу. Көгүлтүр Ысык-Көлдүн жана Ала-Тоонун ак мөңгүлүү аскаларынын артында алтын нурларын чачылта күн чыгып келатат. Көл жана Күн — жаратылыштын сулуулугунун, өмүр булагынын жана күч-кубаттын символдору. Айланта тартылган алтын түстүү тасманын оромундагы буудайдын машагы жана чанактары ачылган ак пахта — биздин республикабызда өстүрүлгөн негизги айыл чарба өсүмдүктөрү. Алардын катарында гербдин үстү жана асты жагында айланта «Кыргыз Республикасы» деп жазылган.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби 1994-жылы 14-январда бекитилген. Авторлору: А. Абдраев, С. Дубанаев.

3-топтун баракчасы:Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни

Гимн деген эмне? Гимн — бул салтанаттуу ыр.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни — биздин Ата мекенибиздин улуулугу жана ажайып кооз сулуулугу жөнүндө салтанаттуу ыр.

Кыргызстан жөнүндө маалымат берүү. Слайддагы картанын жардамы менен.

Мугалим: Кыргызстан дүйнөнүн бир бөлүгү экендигин аныктаган маалыматтарды слайддын жардамы менен берет.

Урматтуу окуучулар, Кыргызстанда 5 млн.дон ашуун киши жашайт, мунун 27% этникалык азчылыктар түзөт. Бизде 100дөн ашуун улуттун өкүлү бар. Биз, кыргыздар, орустар, казактар, өзбектер, тажиктер, дунгандар, уйгурлар, украиндер жана башка этностор — баарыбыз Кыргызстандын бирдиктүү элин түзөбүз. Биз кыргызстандыкпыз деген идеяны туу тутушубуз зарыл.

Кыргызстандын куралдуу күчтөрү 1991-жылы 29-майда Президенттин указы менен түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы 1991-ж. 3-декабрда түзүлгөн. Кыргызстан тынчтыкты сүйгөн өлкө. Бирок тыштан катылгандардын мизин кайтаруу үчүн такшалган армияга ээбиз. Урматтуу окуучулар, Мекенибизди көздүн карегиндей сактоо үчүн Ата мекенибизди коргоого милдеттүүбүз.

Кыргызстандын жаратылышы кооз, кен байлыкка бай өлкө. Жылына миңдеген эс алуучулар келишет. Биз Кыргызстан дүйнөдө татыктуу, келечеги кең өлкө экендигин далилдеп аларга татыктуу меймандостукту көрсөтүшүбүз керек.

Балдар биздин келечегибиз. Мамлекеттин өнүгүшү, улут аралык биримдик, ынтымак, силерге байланыштуу кымбаттуу окуучулар. Ошондуктан ар кимибиз улутубузга карабастан өз мекенибиздин  патриоту болушубуз керек.

Бир күнү бир акылмандан “Патриотизм деген эмне?” — деп сурашыптыр. Ошондо акылман минтип жооп бериптир:  “Патриотизм — бул менин өлкөм баардыгынан мыкты деген ишеним. Анткени бул өлкөдө сен туулгансың!”.

Демек, Кыргызстандын кайсы жеринде, кайсы шаар, айылында болбойлу, ал биздин Кыргызстан! А Кыргызстанды өнүктүрүү жана гүлдөгөн мамлекетке айландыруу, “Кыргызстан — бардык этностордун бирдиктүү Мекени”  деген идеяны ишке ашыруу — менин жана сенин эмгегиң, ынтымагың.

Эгерде биз мамлекетибиз мыкты болсун десек ар кимиңер бир баракты алып, жүрөкчө жасап ага адамда кандай сапаттар же баалуулуктар болушу керектигин жазгыла. Ар бир жүрөкчө барагын доскадагы Кыргызстандын картасына жабыштырып койгула. Жүрөкчөгө төмөндөгүдөй жазсаңар болот (М; баалуулуктар: патриоттулук, ар намыс, милдет, жоопкерчилик, сүйүү, жакшылык, тынчтык ж.б.).

Рефлекция:

Сабактын аягында мугалим ар бир окуучунун партасынын четиндеги Ата мекен, Ынтымак, атуул деген суроолорго жоопторун окуп, бүгүнкү алган маалыматтары менен канчалык дал келгенин текшерет. Сүйлөмдүн аяктарын толукташса да болот.

Мугалим окуучуларга сабакка активдүү катышкандыктарына рахмат айтып жакшы тилектерди каалап коштошот.