Башталгыч класстарда алгебралык материалдарды окутуунун усулу
Билим берүүнүн сапатын көтөрүү, анын ичинде кенже окуучулардын билим деңгээлин өркүндөтүү мамлекеттин бирден бир маанилүү максаттарынын бири.
Ошол болочоктогу инсандарды азыркы шартка ылайык, турмуштагы ар кандай кырдаалга аң сезимин, ийкемдүүлүгүн, жөндөмүн, ойлоосун өстүрүүдө алардын билимин, фундаментин бекемдөөдө кенже окуучулардын математикалык материалдарды өздөштүрүүсү талапка ылайык.
Ал эми башталгыч математиканын бир тармагын алгебралык материалдар түзөт. Андыктан, көрсөтмөлүү, жеткиликтүү окуп үйрөтүү алгебралык материалдар менен тыгыз байланышта болуу керек.
Ал эми, башталгыч класстарга алгебралык материалдарды окуп үйрөтүүнүн максаты – сан түшүнүгүн, алардын арасындагы катнаштарды, арифметикалык амалдарды жана алардын негизги касиеттерин жалпылоо, сан барабардыктары жана барабарсыздыктары жөнүндө маалымдоо, тамгалуу символика жана өзгөрүлмө чоңдуктар менен тааныштыруу, өтө татаал эмес барабарсыздыктарды жана теңдемелерди чыгаруу менен жогорку класстарда алгебраны окутууга даярдоо болуп эсептелет.
Математикалык туюнтмаларды окутууда төмөндөгүдөй программалык талаптарды кароо маселелери каралат:
Окуучуларды жөнөкөй математикалык туюнтмаларды окуй билүүгө жана жазууга үйрөтүү;
Туюнтмалардагы арифметикалык амалдарды аткаруу тартиби менен тааныштыруу жана аларды туюнтманын сан маанисин табууда колдонууну үйрөтүү;
Туюнтмаларды теңдеш өзгөртүп түзүү менен тааныштыруу, аларды аткара билүүгө көнүктүрүү;
Тамгалуу символикалар менен тааныштыруу жана белгисиздин конкреттүү маанилери үчүн туюнтманын маанисин табууну үйрөтүү.
Барабардык, барабарсыздык жана теңдемени окутууда төмөндөгүдөй окутуунун негизги талаптары коюлат:
Сандарды жана сан туюнтмаларын салыштыра билүүнү, б.а. “барабар”, “чоң”, “кичине” катнаштарын пайдалана билүүнү үйрөтүү, натыйжаларын “”, “=” белгилеринин жардамы менен жаза билүүгө көнүктүрүү;
Туура жана туура эмес барабардыктар, барабарсыздыктар менен тааныштыруу, алардын чын же жалган экенин аныктай билүүгө үйрөтүү;
Жөнөкөй теңдемелер менен тааныштыруу жана аларды чыгарууну үйрөтүү.
Жогорудагы коюлган талаптарды аткаруу, баланын мектепке келүүсүнүн биринчи күнүнөн баштап башталгыч класста окутуунун бардык төрт жылы ичи ишке ашырылат.
Башталгыч класста билим берүү, демек, билимдин фундаментин түптөө, окуучулардын билиминин бекемдиги фундаменттин канчалык денгээлде бышык түптөлүшүнөн көз каранды.
Эң негизги максат болуп ар кандай көрүнүштөргө, кубулуштарга, чөйрөгө, коомдук, социалдык маселелерге өз бет алдынча мамиле жасай билген, бардык жагынан өсүп жетилген адамды тарбиялап чыгаруу процессин камсыз кылуу болуп саналат.
Окутуунун ийгиликтүүлүгү анын максаттарынын кандай болушуна жана материалдын мазмунуна гана көз каранды эмес, ал ошондой эле коюлган максаттарга жетишүүнүн жолу кандай болушуна, б.а. окутуу усулунун кандай экендигине да көз каранды.
Математикалык туюнтмалар жөнүндө алгачкы маалымат 1-класстан баштап эле арифметикалык амалдарды окуп үйрөөнү мезгилинен башталат.
Окуучуларды сан туюнтмалары менен тааныштыруу эки этап менен жүргүзүлөт:
1-этабында эң жөнөкөй сан туюнтмалары (сумма, айырма,көбөйтүндү, тийинди); 2-этабында эки же андан ашык арифметикалык белгилер менен бириктирилген сан туюнтмалары менен тааныштыруу каралат.
Биринчи сан туюнтмасы менен тааныштыруу 1ден 10го чейинки сандарды кошуу жана кемитүү амалдарын окутууда жүргүзүлөт жана бала баарыдан мурда кошуунун жана кемитүүнүн конкреттүү маанисин түшүнүп билиш керек. Мисалы, 5+1, 6-2 көрүнүшүндөгү жазууларды “чоңойтуу” жана “азайтуу” сөздөрүнүн кыскача белгилениши экенин аңдап жетиш керек. Бул түшүнүктөр барган сайын тереңдетиле баштайт. Барган сайын булардын жыйынтыгы үчүн “сумма”, “айырма” термини колдонулат, б.а. 6+3=9 туюнтмасы (9-сумма, 6+3 – сумма) төмөндөгүдөй сүрөттөлөт:
6+3
9

=
Сумма Сумма.
Кийинки көнүгүлөрдү иштөө процессинде 1- класстын окуучулары барган сайын туюнтмаларды окуганды, жазганды, алардын маанилерин табуунуөздөштүрүп барат.
2-класста, мурдагы каралган туюнтмалар менен биргеликте, эки жөнөкөй туюнтмалардан турган туюнтмалар киргизилет, мисалы: (50+20)+(30+10), 7
3-5, 27:9+17, 16+(8:4), 50-(3
Барган сайын окуучулар көптөгон көнүгүүлөрдү иштөө менен татаал туюнтмаларды өздөштүрүү жөдөмдүүлүгүнө ээ болушат.
Математиканын программасына ылайык тамгалуу символикалар 1-класстан баштап эле өтүлөт. Анда окуучулар:
көрүнүшүндөгү теңдемелердин чечимин издөөдө, белгисиздин маанисин символ катары белгилөө үчүн х тамгасы менен таанышышат. 2-класста, символ катары сандардын касиеттерин жалпылоо жана арифметикалык амалдардагы белгисизди белгилөө үчүн тамгалар колдонулат. Тамгалуу символикалар окуучуларга арифметикалык материалдарды тереңирээк өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет, б.а. өзгөрүлмө, теңдеме, барабарсыздык деген түшүнүктөрдү өздөштүрүүгө жардам берет.
Тамгалуу символикаларды тереңирээк түшүндүрүү үчүн төмөндөгүдөй көнүгүүлөр жардам берет:
Тамгалардын берилген маанисинде тамгалуу туюнтманын сандык маанилерин тубуу, мисалы: “
туюнтмасын окугула. Эгерде
болсо, сумманын маанисин эсептегиле”.
Туюнтмадагы тамгаларга сан маанилерин тандоо жана бул туюнтмалардын сандык маанаилерин табуу окуучулардын өздөрүнө тапшырылат.
Тамгалуу жөнөкөй маселелерди чыгаруу, мисалы: “Гаражда а машина турган, дагы с машина келип токтоду. Гаражда канча машина болуп калды”.
Бул маселелерди чыгаруу, чыгарылыштарын жалпылап жазуу мене биргеликте, окуучулар тамгалуу символикалар – бардык бири-бирине мүнөзү менен окшош болгон сандык маселелердин кеңейтилген жазылуусу экенин терең үйрөнүп түшүнүшөт.
Барабардык, барабарсыздык жана теңдемелер түшүнүктөрү 1-класстан баштап эле арифметикалык амал менен айкалышта берилет. Ал эми теңдеме түшүнүгү 3-класста тамгалуу символикалар аркылуу киргизилет. Теңдемеде белгисиз латындын кичине тамгалары аркылуу белгиленет.
Башталгыч класстарда айрым маселелерди теңдеме түзүү жолу менен чыгаруу жолу каралат. Мисалы: “Эки катарда 28 окуучу бар. Эгер биринчи катарда 15 окуучу болсо, анда экинчи катарда канча окуучу бар?”.
Теңдеме түзүү:
Класстагы бардык окуучулурдын саны – 28;
Биринчи катарда – 15 окуучу;
Экинчи катарда – х окуучу болсо, бардыгы – 15+х.
Демек, 15+х=28 теңдемесин алабыз.
Окуу китебинде берилген маселелердин көбүн эле теңдеме түзүү жолу менен чыгарууга болот. Бирок, бул окуучулардын аналитикалык ой жүгүртүүсү бир жактуу болуп, өнүгүүсүнө анчалык шарт түзүлбөйт. Ошол себептүү окуу китептеринде теңдеме түзүү аркылуу чыгаруу жөнүндө талап коюлган маселелерди гана чыгаруу керек.
Алгебралык материалдарды окутуунун усулдары – кенже окуучулардын функционалдык ой жүгүртүүсүн, эске тутуусун, эсептөө жөндөмдүүлүктөрүн калыптандырат.
2