Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класстарда математика боюнча предметтик стандар»
Башталгыч класстарда математика боюнча предметтик стандар
Бул башталгыч классатар дагы Метематика боюнча стандарт Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июнундагы №403-токтомуна, Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүүчү мамлекеттик билим берүү стандартына негизделип иштелип чыкты. Бул преддметтик стандарт башталгыч класстардын окуу процессин Математика предмети боюнча жетекчиликке алып, жөнгө салат. Предметтик стандарттын негизинде окуу программасы түзүлүп, окуу китептери , методикалык колдонмолор, дидактиклык материалдар, ошондой эле окуучулардын билим деңгээлин баалоо үчүн керектүү кошумча материалдар даярдалып, практикада колдонуу сунушталат
Предметтик стандарт төмөнкүлөрдү жетекчиликке алат:
- Башталгыч класттарда Математика предмети боюнча окуу программасын, окуу китептерин, окуу усулдук колдонмолорун, кошумча окуу материалдарын түзүүчүлөрүн;
- Болочок башталгыч класстардын мугалимдерин даярдоочу жогорку окуу жайларынын Математика боюнча окуу программасынын түзүүчүлөрүн;
- Кесиптик орто билим берүү мекемелеринде, жогорку окуу жайларында педагогикалык башталгыч билим берүү адистиктерин даярдоочу окуучуларын;
- башталгыч класстын мугалимдерин;
- Башталгыч класстардын мугалимдеринин адистигин жогорулатуу курстарынын окутуучуларын;
- Билим берүү системаларынын башталгыч класстарынын мугалимдерин атестациялоо боюнча жетекчилерин;
- Кенже окуучулардын математикалык компетенттүүлүктөрүн баалоочу адистерин;
- Башталгыч класстардын педагогикасы жана методикасы боюнча билим алып жаткан жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттерин , магистрлерин.
- Башталгыч класстарда математика сабактарын окутуу боюнча илимий иш жүргүзүп жаткан аспиранттарын, изденүүчүлөрүн, методист-окумуштууларын ж.б.
Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Математика предметин окутууда негизги жана предметтик деп аталып, эки түрдүү компетенттүүлүк каралат.
Негизги компетенттүүлүктөр. Алар «Кыргыз Республикасында жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты» тарабынан аныкталып, алардын калыптанышынын үч деңгээли көрсөтүлгөн.
1
1) Маалыматтык компетенттүүлүк
Негизги компетентүүлүктүн түрлөрү
2) Социалдык-коммуникациялык компетенттүүлүк
3) Өз ишин уюштуруу жана көйгөйлөрүн чечүү компетенттүүлүгү
Алардын калыптанышынын үч деңгээли
Продуктивдик
Курамы боюнча жөнөкөй иштерди аткаруу, ишмердиктин өздөштүрүлгөн тартаал алгоритмин башка кырдаалдарда колдонуу жөндөмү менен мүнөздөлөт
Репродуктивдик
Окуучулардын үлгүлөрдү (аракеттерди аткаруунун дайындалган алгоритми) жолдой билиши менен мүнөздөлөт;
Креативдик
Өз алдынча конструкциялоо жана негиздөө элементтери менен татаал курамдагы ишмердикти жүзөгө ашырууну түшүндүрөт
Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Математика предметин окутууда негизги жана предметтик деп аталып, эки түрдүү компетенттүүлүк каралат.
2
Предметтик компетенттүүлүктөр. Алар башталгыч билим берүүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен төмөнкүчө аныкталды:
- Математикалык жаңы маалыматтарды (термин-түшүнүктөрдү) аң сезимдүү кабыл алуу, аны колдонуу жана элементи менен жаза билүү компетенттүүлүгү ( П К1 ). Жаңы кабыл алынуучу термин түшүнүктөрдү аң сезимдүү кабыл алуусу жана жаза билүүсү;
- Математиклык түшүнүгүн тереңдетүү/бышыктоо компетенттүүлүгү ( П К2 ).термин түшүнүктөр боюнча көндүмдөрдүн пайда болушу;
- Математикалык көндүмдөрдү талдоо компетенттүүлүгү ( П К3 ). Аткарган иш аракеттеринин ийгиликтери жана кемчиликтери жөнүндө ой бөлүшүү, аларды талдай билүүсү;
- Жашоо тиричилик менен байланыштыруу компетенттүүлүгү ( П К4 ). Калыптанган жашоо тиричилик менен байланыштыра алуусу.
Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдүн байланышы
Негизги жана предметтик компетентүүлүктөр өз ара тыгыз байланышта, карым-катнашта болуп, негизги компетенттүүлүктөр предметтик компетенттүүлүктөр аркылуу калыптанат. Ошондуктан, предметтик компетенттүүлүктөр негизги компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга багытталып, үч деңгээлде ишке ашат.
Предметтик компетентүүлүктөр негизги компетенттүүлүктөрдүн ар бири менен байланышта болот, алардын калыптанышынын негизин түзөт.