СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Башталгыч класстарда математика сабагында окуучулардын негизги компетентүүлүктөрдү калыптандыруунун жолдору

Нажмите, чтобы узнать подробности

Данная статья расматривает формиравание ключевых компетенций учащихся начальных клласов на уроках математики. Приводятся конкретные примеры работы с детьми. (На кыргыском языке)

Просмотр содержимого документа
«Башталгыч класстарда математика сабагында окуучулардын негизги компетентүүлүктөрдү калыптандыруунун жолдору»

Башталгыч класстарда математика сабагында окуучулардын негизги компетентүүлүктөрдү калыптандыруунун жолдору

Студент Каримова Фотима, БКМк-01-18

Жетекчи: Тобокелова Саламат


Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартында көрсөтүлгөндөй: “Билим берүүнүн максаты - улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган исандын жарандык жана кесиптик ишке даярдыгы”. Демек, бул максатты ишке ашырууда азыркы учурда башталгыч мектеп да модернизациялоо процесске ээ болуусу зарыл.

Бүгүнкү күндө компетенттик мамиле жөнүндө көп айтылат, мектептеги мугалимдер, даярдалып жаткан студенттер сабактардын план-конспектилерин “жаңы стандарттка” ылаыйык жазып жатабыз деп мактанабыз. Бирок, чынына келгенде, ишмердүүлүгүбүздүн кайсы жагын оңдоо керек деген суроого так жооп бергенде кыйналабыз. Азыркы учурда мугалимден өзүнун ролун өзгөртүүнү жана ишин жаңыча уюштурууну талап кылынат. Себеби, мугалимдин ишинин негизинде окучууларда мобилдүүлүк, өз алдынчалык, конструктивдүүлүк сыяктуу касиеттерди өнүктүрүүлүшүн жана баланын өзгөрүүлөргө даяр болууга, аларга ыңгайлашууну коомчулук окуучулардан күтөт.

Азыркы учурда билим берүү системасында компетенттик мамиле сапаттуу билимдин зарыл шартты катары каралат. 2014-жылда бекитилген мамлекеттик стандартта компетенттик мамиле негизги жана предметтик компетенцияларды калыптандыруу аркылуу ишке ашырылып жатат. Токтоло кетсек, негизги компетентүүлуктөр 3 бөлүнот:

  1. маалыматтык компетентүүлук

  2. социалдык – коммуникативдик компететүүлүк

  3. өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү уомпетентүүлүгү.

Ушул 3 негизги компетентүүлуктөр адамдын жеке жана кесиптик чойрөсүндө колдонгон ресурстарды аныкташат. Негизги компететүүлүк конкретүү предметтердин мазмунуна түзүлгөн жана ишке ашырылган. Аларды калыптандыруу окуучунун социалдык тажрыйбасына таянган.

Бүгүн биз башталгыч класстарды математика сабагында негизги компетенүүлүктөрдү калыптандыруу жолдорго токтолобуз.

Математика сабагында окуучунун билимин практика жүзундө колонууну биз буга чейин да негизги максат катары карап келгенбиз., Негизги компетентүүлүктөрдү калыптандыруу көз караш менен караганда, айырмасы эмне болуп саналат?. Азыр көп билгенин пайдалуу эмес, болгон билимди туура пайдалануу жана өзүңө керектүү натыйжаны чыгаруу маанилүү болуп жатат. Ушул жерде математика сабагы башталгыч класстарда чоң мааниге ээ. Себеби, математикада турмуштук кырдаалдарды чечүү эң негизги иш аракеттердин бири болуп саналат. Текстик маселелер, геометриялык материалдар, алгебралык материалдар, аттуу сандар менен иштөө, булар бардыгы турмуштук кырдаалдар катары берилет. Ошону менен бирге математикалык маселелерди чыгаруу окуучуларды руханий жактан өнүктүрөт, аларда эмгекчилдикти, чыдамкайлыкты, кайраттулукту калыптандырат.

Мугалим математиканы окутуп жатканда балдарга анын маалыматтарды формула, эреже катары бербестен, турмуштук кырдаалды чечүү үчүн керек болгон маалымат катары берүүсү зарыл. Ал үчүн ар бир сабакта балдардын өздүк тажрыйбасына таянуу керек, алар үйдө, көчөдө, коомдук жерлерде көргөндүн негизинде эрежелерди, формуларды түшүнүүсү зарыл. Сабакта теманы түшүндүрүүдөн мурун, тема боюнча ой жүгуртүп, “эмне үчүн”, “кантип”, “эмнеге”, “эмне жөнүндө”, “эмне менен” деген суроолорду берип, жооп алуу керек. Булардын негизинде бала теманы турмушта кандай пайдаланат, эмне жасай алат дегендин тегерегинде ой жүгүртөт.

Дагы бир жакшы натыйжа бере турган жолу бул стандарттык эмес маселелрди берүү. Мисалы төмөндөгүдөй маселе :” Алмаз 11 класста, Болот 7-класста окуйт. Алмаз 6 класста окуп жатканда, Болот канчанчы класста окуган?”. Бул маселени чыгарганда, бир гана айырмачылыгын чыгарбастан, негизги суроого жооп табуу , маселенин кыскача жазылышын жана чыгарылышын жазуу маанилүү болот.

Жогоруда айтылган тапшырмалардын негизинде окуучуларда маалыматтк компетентүүлүктү калыптандырууга жол ачылат. Ошону менен бирге математикалык символдорду пайдаланып текстти жазуу, айтып берүү жана геометриялык терминдерди пайдалануу окуучунун жаңы кырдаалда өзүн жоготпоого жана маселени чечүүгө жардам берет.

Математика сабагында математикалык сөздүктү түзүү, математикалык түшүнүктөр жөнүндө жомок жазуу, сан атоочторду оозеки жана жазуу кепте туура пайдалануу сыяктуу тапшырмалар окуучулардын негизги копетентүүлүктөрдү калыптандырууга жардам берет.

Мисалы төмөндөгүдөй маселе “2-класстын окуучусу 10 саат уктоо керек. Канча саат ал уктабай сергек болот?” балдардын гигиеналык эрежелерди сактоого, өзүнүн ден соолугуна камкоордук мамиле жасоого жардам берет. Ал болсо 3- “өзүн-өзү уюштуруу жана көйгөйлөрдү чечүү” компетентүүлүгүн ишке ашырат.

Дагы бир айтыла турган маселе, бул сабак учурунда ар түрдүү иштердин формаларын колдонуу. Азыркы учурда активдүү формаларды сабакта кеңири колдонуп жүрушөт, мисалы топто, жупта иштөө. Бирок топто да, жупта да бир гана маселе чыгарбастан, бирин бирине теманы түшундүрүп берүү, биргелешип каталарды табуу, аларды оңдоо, жаңы тапшырманы түзүү сыяктуу иштер социалдык – коммуникативдик жана маалыматтар менен иштөө компетентүүлүктөрдү ишке ашырат.

Өзүн-өзү башкарууну окуучуларда калыптандыруу максатында, математика сабагында мисалдарды текшерүү болуп саналат. Ар бир бала өзү иштеген тапшырмасын текшерсе да болот, бир-биринин тапшырмасын да текшерсе да эрктик сапаттар, чечкиндүүлүк, кайраттуулук сыяктуу сапатар калыптанат.

Бүгүн аталган тапшырмаларды сабактын кайсы этабында колдонуу керек экендигин аныктоо, сабактын максатына көз каранды. Мисалы, үй тапшырманы текшерип жатканда окуучулардын сынчыл ойлоону өнүктүрүү максатында “Тапшырманы рецензиялоо” деген ыкманы колдонсо болот. Окуучулардын билимин текшерүү жана актуалдаштыруу максатында болсо математикалык диктант деген ыкманы колдонсо болот. Жаңы теманы түшүндүруп жатканда математикалык сөздүктү түзүү, изилдөө, кичи тайпалар менен иштөө сыяктуу ыкмалар маалыматтык жана социалдык-коммуникативдик компетенцияларды ишке ашырышат. Сабактын бышыктоо этабында болсо математикалык эстафета, долбоор түзүү, маселени бир нече жол менен чыгаруу, алгоритмди түзүү деген тапшырмалар окуучуларды маалымат менен иштөөгө багыт берет.

Биздин иште айтылып кеткен математика сабагында колдонуучу ыкмалар жана тапшырмалар окуучулардын практикалык жөндөмдөрүн, көндүмдөрүн, билимди колдонуу билүүгө, жеке долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет.

Мугалимге болсо өзүнүн сабагын балдарга натыйжалуу, кызыктуу, балдардын ички дүйнөсүнө таасир этүүгө жардам берет деп ишенебиз..