СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бата адеби иштелме

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" деген кыргыз элинин таамай айтылган макалы бар. Анын сыңарындай, кыргыз үй бүлөсү кандай гана жакшылык болбосун ар убак бата  коштоп жүрөт

Просмотр содержимого документа
«Бата адеби иштелме»

ВОЕННО-АНТОНОВКА  ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ

ВОЕННО-АНТОНОВКА ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫ

Предметтик долбоор  Адеп сабагы
  • Предметтик долбоор

  • Адеп сабагы
Долбоордун темасы: Бата  адеби. Презентацияны даярдаган башталгыч класстын мугалими Тюлемишева Ж.Ж.

Долбоордун темасы:

Бата

адеби.

Презентацияны даярдаган башталгыч класстын мугалими

Тюлемишева Ж.Ж.

Долбоордун максаты: Кыргыз элиндеги батанын  түрлөрү жөнүндө түшүнүк алуу.

Долбоордун максаты:

  • Кыргыз элиндеги батанын

түрлөрү жөнүндө түшүнүк алуу.

  • "Бата"деген сөздүн өзүнө түшүнүк берүү
  • "Кандай учурда, кандай бата берилиши

керек?" экендигине токтолуу.

  • "Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт" деген кыргыз элинин таамай айтылган макалы бар. Анын сыңарындай, кыргыз үй бүлөсү кандай гана жакшылык болбосун ар убак бата коштоп жүрөт.
Батанын келип чыгышы: Илгери кыргыздар ислам динин кабыл ала электе эле ар кандай жаратылыш кубулуштарына, табиятка, мисалы,тоо, таш, булакка жана башкаларга сыйынышкан. Тарыхый фактыларга таянсак, VIII кылымда арабдар кытайдын түндүк - батышын, Орто Азияны басып алып,

Батанын келип чыгышы:

  • Илгери кыргыздар ислам динин кабыл ала электе эле ар кандай жаратылыш кубулуштарына, табиятка, мисалы,тоо, таш, булакка жана башкаларга сыйынышкан. Тарыхый фактыларга таянсак, VIII кылымда арабдар кытайдын түндүк - батышын, Орто Азияны басып алып, "ислам динин кенен жайылтабыз"деп, максат кылышкан. Акыры кыргыздар ислам динине баш койгондон улам бизде "бата" деген түшүнүк пайда болгон. Ошондон тарта Мухаммед пайгамбарыбыз биз үчүн кол жеткис ыйык болуп, "пайгамбарыбыздын бар экенине тобо кылдык" деп алакан жайып бата кылуу, бата берүү башталган. Бата тилөө адамдын жогору, ыйык тутканына болгон кайрылуусу, үмүттөнүүсү дегенди түшүндүрөт.
Ак бата Ак батанын тилеги ак, жакшылыкты көздөйт, ак тилекте болуусун эңсейт. Кыргыз улуту алкоону, батаны эненин  мээриминдей, тагдыр таалайынын  сүйгөнүндөй сезет. Кыргыз эли  байыртадан бери атадан балага,  укумдан – тукумга ак тилек,  алкоо, баталарын айтып  келишкен.

Ак бата

  • Ак батанын тилеги ак, жакшылыкты көздөйт, ак тилекте болуусун эңсейт. Кыргыз улуту алкоону, батаны эненин

мээриминдей, тагдыр таалайынын

сүйгөнүндөй сезет. Кыргыз эли

байыртадан бери атадан балага,

укумдан – тукумга ак тилек,

алкоо, баталарын айтып

келишкен.

Үйгө киргендеги бата: Ак сакалдуу карылар үйгө киргенде:

Үйгө киргендеги бата:

  • Ак сакалдуу карылар үйгө киргенде: "Бул ак өргөөңөрдөн ырыс куту, адеп куту кетпей, силерге жугумдуу,акжолтой үй болуп, келечекте ак дилден тирек кылган, ак пейилден тилек кылган, уул кыздардан болсун"- деп ак бата беришкен.
Уулуна берилген бата: Уулум бери карагын, Атаңдын уккун батасын. Кудурет берсе тилекти, Өмүрдүн жолун басасың. Суудай таза, сүттөй ак бол! Акыл ойдун кени бол! Калайыкка адил бол! Түндүгүңдөн кут түшүп, Бак карысын, Кыдыр даарысын,  О – ооо –мийин!-деген.

Уулуна берилген бата:

  • Уулум бери карагын,
  • Атаңдын уккун батасын.
  • Кудурет берсе тилекти,
  • Өмүрдүн жолун басасың.
  • Суудай таза, сүттөй ак бол!
  • Акыл ойдун кени бол!
  • Калайыкка адил бол!
  • Түндүгүңдөн кут түшүп,
  • Бак карысын,
  • Кыдыр даарысын,
  • О – ооо –мийин!-деген.
Колго суу куйгандагы бата: Мусулман баласы колун сууга  чайкамайынча дасторконго  отурган эмес. Мисалы, бирин-  чиден бата колго суу куйган  балдарга айтылат. Колго суу-  ну үйдүн кичүү баласы куюш  керек да, ага карата:

Колго суу куйгандагы бата:

  • Мусулман баласы колун сууга

чайкамайынча дасторконго

отурган эмес. Мисалы, бирин-

чиден бата колго суу куйган

балдарга айтылат. Колго суу-

ну үйдүн кичүү баласы куюш

керек да, ага карата:

Колго суу куйгандагы бата:

Колго суу куйгандагы бата:

  • "Бакайдай көсөм, Жээренчедей чечен, Манастай кыраан,Чыңгыздай чыгаан бол" деген бата берилген. Ошондой эле алакан жайып:

"Башыңа бак консун, кыдыр даарысын,

өмүрүң узак, таалайлуу бол, эчтемеден кем болбо" деген бата берүү – карыялардын, байбичелердин салты.

Колго суу куйгандагы бата Кудай тилегиңди берсин, Жаныңды темирдей бек кылсын. Келечегиң кең болсун, Өмүрүң суудай узун болсун! О – ооо – мийин!

Колго суу куйгандагы бата

  • Кудай тилегиңди берсин,
  • Жаныңды темирдей бек кылсын.
  • Келечегиң кең болсун,
  • Өмүрүң суудай узун болсун!
  • О – ооо – мийин!
Дасторкон жыйылаардагы  бата. Отургандар жеп – ичип бүткөндөн кийин үйдөн кичүү баласы тура калып, алакан жайып:

Дасторкон жыйылаардагы бата.

  • Отургандар жеп – ичип бүткөндөн кийин үйдөн кичүү баласы тура калып, алакан жайып: " О – ооо – мийин! Ааллоху акбар" - дегенден кийин, дасторконго отургандардын, алардын ичинен эң улуусу, кадырлуусу, үй ээсинин дасторкону дайым жакшылыкка жайылуусун, тамак жасаган адамга ден – соолук тилеп, ыраазычылыгын билдирип, бата берет.
Дасторконго бата: Жараткан өзүң жалга, Жарды кылба малга. Агыл - төгүл аштуу кыл, Адеби артык баштуу кыл. Уулдарды эгиздеп бер, Телегейин тегиздеп бер. Кызың, чүрөк болсун, Сууң мүрөк болсун. Корголуң кой болсун, Билгениң той болсун. Бакканын асыл ой болсун. Жек жаатың сүйүмдүү болсун, Тууганың күйүмдүү болсун. Конушуң ток болсун, Коогасы жок болсун. Элиң эсепсиз болсун, Жамандык тоорубасын. О-ооо-мийин!

Дасторконго бата:

  • Жараткан өзүң жалга,
  • Жарды кылба малга.
  • Агыл - төгүл аштуу кыл,
  • Адеби артык баштуу кыл.
  • Уулдарды эгиздеп бер,
  • Телегейин тегиздеп бер.
  • Кызың, чүрөк болсун,
  • Сууң мүрөк болсун.
  • Корголуң кой болсун,
  • Билгениң той болсун.
  • Бакканын асыл ой болсун.
  • Жек жаатың сүйүмдүү болсун,
  • Тууганың күйүмдүү болсун.
  • Конушуң ток болсун,
  • Коогасы жок болсун.
  • Элиң эсепсиз болсун,
  • Жамандык тоорубасын.
  • О-ооо-мийин!
Күйөөгө узатылаар кызга,  жаңы келген келинге  берилген бата: Кайнатаңды хандай көр, Кайненеңди жандай көр. Кур калтырбай бир сөзүн, Касиетин аңдай көр. Айткан акыл, насаатын, Агарып аткан таңдай көр. Ичер ашың, тамагың, Олтурарга төшөгүң, Кийерине кийимин, Айттырбастан камдай көр. Кызмат кылып талыкпай, Урмат кылып жалыкпай, Купулга куп толо көр. Кызынан кымбат боло көр

Күйөөгө узатылаар кызга, жаңы келген келинге берилген бата:

  • Кайнатаңды хандай көр,
  • Кайненеңди жандай көр.
  • Кур калтырбай бир сөзүн,
  • Касиетин аңдай көр.
  • Айткан акыл, насаатын,
  • Агарып аткан таңдай көр.
  • Ичер ашың, тамагың,
  • Олтурарга төшөгүң,
  • Кийерине кийимин,
  • Айттырбастан камдай көр.
  • Кызмат кылып талыкпай,
  • Урмат кылып жалыкпай,
  • Купулга куп толо көр.
  • Кызынан кымбат боло көр
Жаңы төрөлгөн небересин  көргөн чоң ата менен чоң эне  «Неберем өмүрлүү болсун,  келиним тезирээк тыңысын
  • Жаңы төрөлгөн небересин

көргөн чоң ата менен чоң эне

«Неберем өмүрлүү болсун,

келиним тезирээк тыңысын"

деп бата кылган.

Небере кыз болсо: Жылдыздай жаркын чырай бер, Күндөй ысык ырай бер. Тал чыбыктай сымбат бер, Кылыгын жандай кымбат бер
  • Небере кыз болсо:
  • Жылдыздай жаркын чырай бер,
  • Күндөй ысык ырай бер.
  • Тал чыбыктай сымбат бер,
  • Кылыгын жандай кымбат бер", дешкен.

Эгер уул болсо

  • «Ата - бабанын арбагы колдогон, атагың алыска кеткен, эл башында туу көтөргөн уулдардан бол!»

деп бата беришкен .

Ымыркай уулга берилген бата: Жараткан өзүң жалга, Жакшылыгыңдан жанба. Ыйман берип, ылдыйда жөлө, Ымыркайыңа ырыскы бөлө. Кесепеттүүнүн сөзүнөн сакта, Кескинин көзүнөн сакта. Кара жердин төшүнөн сакта, Касиетсиздин өзүнөн сакта. Агаларына атчы болсун, Инилерине башчы болсун. Жамандан адаштыр, Жакшыга жанаштыр. Жан досун көп кыл, Жатындашын төп кыл. Теңтушунан кеңкыл, Телегейге тең кыл. Арамдыктан алыс кыл, Актан тайбас калыс кыл. Акылын төп кыл, Ага - инисине коргон чеп кыл.

Ымыркай уулга берилген бата:

  • Жараткан өзүң жалга,
  • Жакшылыгыңдан жанба.
  • Ыйман берип, ылдыйда жөлө,
  • Ымыркайыңа ырыскы бөлө.
  • Кесепеттүүнүн сөзүнөн сакта,
  • Кескинин көзүнөн сакта.
  • Кара жердин төшүнөн сакта,
  • Касиетсиздин өзүнөн сакта.
  • Агаларына атчы болсун,
  • Инилерине башчы болсун.
  • Жамандан адаштыр,
  • Жакшыга жанаштыр.
  • Жан досун көп кыл,
  • Жатындашын төп кыл.
  • Теңтушунан кеңкыл,
  • Телегейге тең кыл.
  • Арамдыктан алыс кыл,
  • Актан тайбас калыс кыл.
  • Акылын төп кыл,
  • Ага - инисине коргон чеп кыл.
Ымыркай кызга берилген бата: Жараткан өзүң жалга, Жалгагандан талба. Ымыркайынан ырыска бөлө Өң бергейсиң чүрөктөй, Мүнөз бергин жибектей. Жылдыздан жаркын чырай бер, Күндөн ысык ырай бер. Тал чыбыктай сымбат бер. Айдай чийилген каш бер, Арчадай узак жаш бер. Колунан көөрү төгүлсүн, Жүзүнөн мээри төгүлсүн. Апасынын сүтүн актасын, Атасынын арын сактасын. Адамга сүйкүм кеби болсун, Абийири - чеби болсун. Айтканы элге эп болсун, Акыл - адеби сеп болсун. О - ооо - мийин

Ымыркай кызга берилген бата:

  • Жараткан өзүң жалга,
  • Жалгагандан талба.
  • Ымыркайынан ырыска бөлө
  • Өң бергейсиң чүрөктөй,
  • Мүнөз бергин жибектей.
  • Жылдыздан жаркын чырай бер,
  • Күндөн ысык ырай бер.
  • Тал чыбыктай сымбат бер.
  • Айдай чийилген каш бер,
  • Арчадай узак жаш бер.
  • Колунан көөрү төгүлсүн,
  • Жүзүнөн мээри төгүлсүн.
  • Апасынын сүтүн актасын,
  • Атасынын арын сактасын.
  • Адамга сүйкүм кеби болсун,
  • Абийири - чеби болсун.
  • Айтканы элге эп болсун,
  • Акыл - адеби сеп болсун.
  • О - ооо - мийин
Үй ээсине берилген бата: Дасторконуң бай болсун, Казаның, очогуң май болсун. Төрт тарабың шай болсун, Көңүлүң толуп жай болсун. Уулуң конуп уяга, кызын учуп кыяга, Келиниң бүбү атанып, Уулуң болсун бий ага. Бергенден Теңирим танбасын. Көбөйө берсин мал башың. Өсө берсин жан башың!

Үй ээсине берилген бата:

  • Дасторконуң бай болсун,
  • Казаның, очогуң май болсун.
  • Төрт тарабың шай болсун,
  • Көңүлүң толуп жай болсун.
  • Уулуң конуп уяга, кызын учуп кыяга,
  • Келиниң бүбү атанып,
  • Уулуң болсун бий ага.
  • Бергенден Теңирим танбасын.
  • Көбөйө берсин мал башың.
  • Өсө берсин жан башың!
Уулга: Көтөр бала, билегиңди. Кудайым берсин тилегиңди. Бак карасын, кыдыр даарысын. Айыкпас балаа, жок жалаадан сактасын. Ата - Бабаңдын арбагы колдосун, Эч жамандык болбосун

Уулга:

  • Көтөр бала, билегиңди.
  • Кудайым берсин тилегиңди.
  • Бак карасын, кыдыр даарысын.
  • Айыкпас балаа, жок жалаадан сактасын.
  • Ата - Бабаңдын арбагы колдосун,
  • Эч жамандык болбосун"
Кыз балага: Кийимиң эптүү болсун, Элечегин кептүү болсун. Сымбатың көрктүү болсун, Жүрөгүң өрттүү болсун. Каныкейдин акылын берсин, Айчүрөктүн сулуулугун берсин. Башыңа өнөрдүн багы консун, Шагыңа түгөйлүү жарың болсун!

Кыз балага:

  • Кийимиң эптүү болсун,
  • Элечегин кептүү болсун.
  • Сымбатың көрктүү болсун,
  • Жүрөгүң өрттүү болсун.
  • Каныкейдин акылын берсин,
  • Айчүрөктүн сулуулугун берсин.
  • Башыңа өнөрдүн багы консун,
  • Шагыңа түгөйлүү жарың болсун!
Кыргыз эли байыртадан мал багып алыш - бериш иштерин, соода-сатыктарын дагы мал менен жүргүзгөндүктөн
  • Кыргыз эли байыртадан мал багып алыш - бериш иштерин, соода-сатыктарын дагы мал менен жүргүзгөндүктөн

"Мал саткандагы бата".

Базарга чыгып мал алган адамга малын саткан адам да бата берет.

"Ушул малыңыз буйруктуу болуп, акжолтой болсун, мындан ары малыңызга мал кошулсун"

деп бата беришкен.

"Жаш жубайларга бата":

  • Бакыт консун башыңарга.
  • Жаш кошулсун жашыңарга
  • Өргөө куруп, бала күтүп,
  • Кол кармашып чогуу бас.
  • Каргашадан ары бас,
  • Ынтымакка бери бас.
  • Бейкут жашоо күн берсин,
  • Чамгарагыңар бийик болсун,
  • Босогоңор берик болсун.
  • Ортоңорго от жагаар,
  • Опосуздар болбосун,
  • Баш кошкон эки жашка
  • Бакыт - таалай орносун", -
Жолго бата: Жолдун башы - Жол Теңир, Жылкы, башы Камбар, эй. Жол үстүндө чарчасам, Камбар сиздей ким бар, эй. Жол үстүнөн бага жүр, Ар балаадан кага жүр. О - ооо - мийин!

Жолго бата:

  • Жолдун башы - Жол Теңир,
  • Жылкы, башы Камбар, эй.
  • Жол үстүндө чарчасам,
  • Камбар сиздей ким бар, эй.
  • Жол үстүнөн бага жүр,
  • Ар балаадан кага жүр.
  • О - ооо - мийин!
Конушка бата Корооң кыктуу болсун, Конушуң ыктуу болсун. Жайлооң чөптүү болсун. Жан - жагың көрктүү болсун. Жайытың жайык болсун, Жаш балаңдын ойногону. Жашыл сырдуу кайык болсун, О - ооо - мийин!

Конушка бата

  • Корооң кыктуу болсун,
  • Конушуң ыктуу болсун.
  • Жайлооң чөптүү болсун.
  • Жан - жагың көрктүү болсун.
  • Жайытың жайык болсун,
  • Жаш балаңдын ойногону.
  • Жашыл сырдуу кайык болсун,
  • О - ооо - мийин!
Жаан тилөө: Күн жаа, күн жаа Күндөп - түндөп көп жаа. Карагай башын кайра жаа, Арча шагын айра жаа. Чекенде башын черте жаа, Чийдин башын ийип жаа. Тоо куйрукка ийип жаа, Жер жанга сыйып жаа, Төгүп - төгүп куюп жаа.

Жаан тилөө:

  • Күн жаа, күн жаа
  • Күндөп - түндөп көп жаа.
  • Карагай башын кайра жаа,
  • Арча шагын айра жаа.
  • Чекенде башын черте жаа,
  • Чийдин башын ийип жаа.
  • Тоо куйрукка ийип жаа,
  • Жер жанга сыйып жаа,
  • Төгүп - төгүп куюп жаа.
Уктаардагы тилек Жаттым жараткан, Тургуза көр эсен - аман. Бейиштин түбүндө бир дарак, Жалбырагы гүлдүү барак, Аны жети жолу окуп жаттым, Менден тозок оту ыраак. Жаттым аманат, Ойгото көр саламат. О - ооо - мийин!

Уктаардагы тилек

  • Жаттым жараткан,
  • Тургуза көр эсен - аман.
  • Бейиштин түбүндө бир дарак,
  • Жалбырагы гүлдүү барак,
  • Аны жети жолу окуп жаттым,
  • Менден тозок оту ыраак.
  • Жаттым аманат,
  • Ойгото көр саламат.
  • О - ооо - мийин!
Жыйынтыктоо: Кыскасын айтканда илгертеден бата берүүнүн негизги мазмунун:

Жыйынтыктоо:

  • Кыскасын айтканда илгертеден бата берүүнүн негизги мазмунун: "О - ооо - мийин, алдыңды мал, артыңды бала бассын" дегени алдында айдаганга малың болсун, артыңда ишиң улаар балаң болсун дегени. "Алганың менен тең кары, Кудай менин жашымды берсин. Пайгамбар колдосун" деген өңдүү сөздөр түзүп келген.
  • Кийин ошол баталар төп келсе, анын батасы тийген "касиеттүү адамдан бата алган", "батадан жаралган бала" деп бара - бара уламышка айланат.
  • Ушундан улам кан Кошойдун, кан Бакайдын жайган алакандары алкаган сөздөрү тегин чыккан эмес деп айта алабыз.
Ал эми ушул эле маселени шарияттагы орду туурасында
  • Ал эми ушул эле маселени шарияттагы орду туурасында

"Сүннөт" диний уюмунун президенти Ильязбек Назарбеков

төмөндөгүлөрдү айткан:

-Шариятта бул нерсе бата эмес, дуба деп айтылат. Дуба
  • -Шариятта бул нерсе бата эмес, дуба деп айтылат. Дуба "Алла Таалага кайрылуу, сурануу" дегенди тїшїндїрєт. Түндүн үчүнчү бөлүгүндө же болбосо таңкы бештен алтыга чейинки убакытта айтылган дубаны, Кудай кабыл алат.
  • Шариятта кайсы дуба кабыл алынат? Биринчиден, ата – эненин баласына берген дубасы. Экинчиден жашоодон кыйналып, ооруп, запкы көргөн адамдын дубасы. Ал эми үчүнчүдөн сапарда жүргөн адамдын дубасы, анан кудайга ишенген такыба адамдардын дубасы кабыл болот. Ислам дининде өзүмчүлдүк катуу сынга алынат. Өзүнө кошуп өзгөгө да дуба кылсаң, ошол дубаны Алла Таала кабыл кылат.
Ак бата улуттук рухтун - мөл  булагы!
  • Ак бата улуттук рухтун - мөл

булагы!

Долбоордун үстүндө иштегендер 3 «А» классынын окуучулары Амиров Амантур Бейшенбеков Илгиз Дуйшенов Бекзат Дуйшеева Сумая Жайдарбеков Актан Каныбекова Фатиха Кенешова Амина Кемелбеков Алмаз Курманбекова Амина Майрамбеков Бекназар Советов Эмил Сейитбеков Алмамбет Сураналиева Алина Турумов Ырыскелди Суюнбекова Аэлита

Долбоордун үстүндө иштегендер

  • 3 «А» классынын окуучулары
  • Амиров Амантур
  • Бейшенбеков Илгиз
  • Дуйшенов Бекзат
  • Дуйшеева Сумая
  • Жайдарбеков Актан
  • Каныбекова Фатиха
  • Кенешова Амина
  • Кемелбеков Алмаз
  • Курманбекова Амина
  • Майрамбеков Бекназар
  • Советов Эмил
  • Сейитбеков Алмамбет
  • Сураналиева Алина
  • Турумов Ырыскелди
  • Суюнбекова Аэлита
Көңүл бурганыңыздар үчүн зор ыраазычылык билдиребиз!

Көңүл бурганыңыздар үчүн зор ыраазычылык билдиребиз!