СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баткен коогалаңы

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

баткен коогалаңы

Просмотр содержимого документа
«Баткен коогалаңы»

ТЕКШЕРИЛДИ

ОРГ ___________С.Сурапбаева

_____ ___________2024-ж.

Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 26-октябрь Баткен коогалаңынын катышуучуларын эскерүү максатында “Баатырлардын баяны” деген темасындагы докладдын программасы

Максаты: Тарыхта орду калган 1999-2000-жылдарда Баткен облусундагы диний экстремисттик топтун басып кириши, кагылышуусунда курман болгон карапайым кыргыз адамдарынын жана жоокерлерини эрдиги,баатыр-тайманбастыгы жөнүндө окуучулар менен биргеликте талкуулоо.

Алынуучу натыйжа:

  • керектөөчүлөрдүн муктаждыктарын анализдөө, шериктештер менен чогуу иштөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо;

  • келечекте биргелешип иштөө багыттарын белгилөө,

Күнү

Убактысы

Өтүлүүчү орду

25.10.2024

12:00 — 13:20

Усупбек уулу Кубатбек атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби.

Математика кабинети



Катышуучулар: Мектептин тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары,мугалимдер 8-9-класстын окуучулары

Баткен окуясы — Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында эгемендүү Кыргыз Республикасынын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин курган жана аларды чыңдоого аракет кылышкан. Өздөрүн Өзбек Республикасынын мамлекеттик бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып өздөрүнө тартуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн.

Өз максаттарына жетүү үчүн алар милициянын, райондук админ. кызматкерлерин, ал жакта иштеген япондук төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Динге жамынган террорчулардын бул аракети Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө шек келтирүү катары бааланып, аларды талкалоо, республиканын чегинен сүрүп чыгуу жөнүндө чечим кабыл алган.

Региондук деңгээлдеги терроризмге каршы күрөштө Кыргызстанга «Шанхай бешилтигинин» келишимдерине ылайык Өзбекстан, Россия, Армения жана Казакстан аскердик-техникалык жактан көмөк көрсөтүштү. Кыргызстандык жоокерлер, ыктыярдуу аскердик топтор бандиттердин бирикмелерин талкалоодо күжүрмөндүктү көрсөтүшүп, айрымдары бул кармашта Ата Мекен үчүн курман болушту. Кыргызстандын түштүгүндөгү куралдуу кагылышуулар Кыргызстандын жалпы элинин биримдигинин, душманга каршы сокку уруу жөндөмдүүлүгүн сыноодон өткөрдү.

Республиканын көптөгөн жаштары Кыргызстандын бүтүндүгүн коргоо, бандиттик топторду талкалоо үчүн өз ыктыяры менен аттанышкан. Республиканын түштүгүндөгү баскынчылардан жапа чеккен элдерге, аскерлерге жардам берүүгө Кыргызстандын эли колунан келген жардамдарын көрсөтүштү. Кыргызстандын түштүгүндөгү бул окуя республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу ишинде чоң сабак болгон. Мында республиканын куралдуу күчтөрүндөгү кемчиликтер, аскердик техниканын, курал-жарактын жетишсиздиги жана башка айкын көрүндү.







Баткен окуясы (1999-2000)

Дата

август 1999 — 2000

Орун

 Баткен облусу,   Кыргызстан

Себеп

Өзбекстан Ислам Кыймылынын Баткен облусуна кирип келиши.

Натыйжа

Кыргызстандын стратегикалык утуусу: Өзбекстан Ислам Кыймылы кайта Тажикстанга кетирилген

Каршы тараптар

 Кыргыз Республикасы
авиация менен жардамадаган:
 Өзбекстан
 Орусия

 Өзбекстан Ислам Кыймылы



Колбашчылар

 Аскар Акаев
 Мырзакан Субанов
 Эсен Топоев
 Абдырахман Маматалиев
 Абдыгул Чотбаев
 Станислав Холодков

 Жума Намангани
 Тахир Жолдош



Тарап күчтөрү

200 - 300 аскер

1.200 аскер



Жоготуулар

32 жараан жана аскер

1.150 аскер каза тапты











Кыргызстан Өкмөтү бул кемчиликтерге жеткиликтүү баа берип, тийиштүү чараларды көрө баштады. Куралдуу кагылышуулар болгон чөлкөмдүн стратегиялык жана социалдык-экономикалык маанисин эске алып, Кыргыз Республиканын Президенти А. Акаев 1999-жылы 13-октябрда Баткен облусун түзүү жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул облуска Ош облусунун Баткен, Кадамжай, Лейлек райондору жана Кызылкыя шаары киргизилип, жаңы облустун борбору Баткен айылы болуп белгиленди.

Хронология

  • 1998-жылдын теке айынын (июл) 30унда Баткен облусунун Зардалы аймагында саны 17 чамалуу куралчан адамдар пайда болгон.

  • 31инде Баткен районунун акими Абдрахман Маматалиев кырдаал тууралуу Бишкекке маалымат берген. Бул учурда куралчан адамдар Зардалынын жашоочуларынан тамак-аш сатып ала баштаган. Ошол кездеги ИИМ жанан МУКК белгисиз куралчандар менен байланыш түзүүгө аракет кылып, бирок натыйжа чыккан эмес.

  • Баш оонанын (август) 6сында аким Абдрахман Маматалиев, МУККнын райондук бөлүмүнүн кызматкери Бокоев жана Коргоо министрлигинин эки жоокери куралчан адамдардын лагерине сүйлөшүүгө жөнөп кетишкен. Бирок, андан майнап чыккан эмес. Аким жана МУКК кызматкерлери куралчандар тарабынан барымтага алынган.

Бул кабар борборго жетери менен Ички иштер министри Өмүрбек Кутуев, МУКК жетекчисинин орун

басары Токон Мамытов, Коргоо министри Мырзакан Субанов Коопсуздук кеңешинин катчысы Эсен

Топоев шашылыш түрдө Баткенге учуп барышкан.

  • Баш оонанын 9унда күч түзүмдөрүнүн жана президенттик администрациянын жетекчиси Болот Жанузаков маалымат жыйын өткөрүп, куралчан адамдардын өздүгү аныкталбаганын билдирген. Бирок, ошол эле маалда орус тилдүү “Дело№” гезити куралчандардын башында Өзбекстандын ислам кыймылынын жетекси Тахир Юлдашев турганын, ал эми Кыргызстанда жүргөн топту Жума Намангани жетектерин жазып чыккан.

  • 13-числодо барымтага алынган аким Абдрахман Маматалиев, МУКК кызматкери, майор Бокоев жана Коргоо министринин эки жоокери бошотулган. Так эмес маалыматтарга таянсак, кыргыз бийлиги аларды бошотуп алууга 50 миң акча сунуштаган. Ушундан кийин куралчандар Тажикстан аймагына жылган.

  • 16сында Кыргызстан менен чектеш аймактын бир нече жерине бомба ташталган. Тажик бийлиги муну Өзбекстандын аба күчтөрүнөн көргөн. Бирок, өзбек тарап муну моюнга алган эмес.

  • 18инде Кыргызстанга таандык эки вертолет Жылуу-Суу аймагынан жылып бараткан куралчандарга абадан сокку урган.

  • 22синде Тажикстан тараптан 30га жакын куралчан адам кирип, Кожо-Ашкан менен Зардалы айылдарына басып алган. 23үндө алар Алтын-Жайлоодо чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан 4 жапон геологун, тилмеч Өмүрбек Жанакеевди жана генерал Анарбек Шамкеевди барымтага алган.

  • 23үнөн 24үнө караган түнү Алтын-Жылгага жакын жерде Ош облустук милициясынын атайын кошууну менен куралчандар ортосунда атышуу башталган. Бул кармаш 4 саатка созулуп, Баткен РИИБүсүнүн жетекчиси К. Султанов жарадар болгон.

  • Баш оонанын 24үндө президент Аскар Акаев 1999-жылдын 11-августундагы бандалык күчтөрдү жок кылуу боюнча чыккан жарлыкты аткарбаганы үчүн генерал-полковник Мырзакан Субановду кызматтан алган. Коргоо министри болуп генерал Эсен Топоев дайындалган.

  • 29-числодо Өзбекстандын аскер аба күчтөрү Алай районундагы Кара-Тейит айылына бомба таштаган. Натыйжада айылдын 3 тургуну каза таап, 10го жакын үйлөр бузулган. 118ге жакын ар кандай имараттар жараксыз абалга келген.

  • Аяк оонанын (сентябрь) 13үндө жогорудагы окуяга байланыштуу президент Аскар Акаевдин буйругу менен Баткен району облус макамын алып, анын курамына Баткен, Лейлек, Кадамжай райондору жана Кызыл-Кыя шаары киргизилген.

  • Арадан эки ай өткөндөн кийин тогуздун айынын (октябрь) 25инде барымтадагы 4 жапон геологу тилмеч Ө. Жанакеев жана генерал А. Шамкеев туткундан бошотулган.

Ошол кездеги басма сөзгө чыккан маалыматтарга таянсак, бул куралдуу кагылыш 35ке жакын жараныбыздын өмүрүн алып, бир нечесин жарадар кылган. Куралчан адамдар кийинки жылы Өзбекстан тараптан Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна кирип келишкен. 11-сентябрда ИИМдин атайын кызматы менен алардын ортосунда атышуу жүрүп, куралчандар толугу менен жок кылынган. Бул кармашта кыргыз милициясынын эки кызматкери: ага лейтенант Муратбек Туйтунов менен сержант Мирдин Түгөлбаев курман болгон.