СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баткен өрүгүнүн даамы

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Баткен өрүгүнүн даамы»

Баткен өрүгү

















Кыргызстандын Баткен өрөөнү өрүк менен таанымал. Акыркы жылдары өрүктөн эле эл 7 млрд. сом пайда көрө башташканын расмий бийлик жарыялап келет. Жергиликтүү тургундар чет өлкөлөрдө сатып жатышат. Анткени, бул аймакта өрүктүн көптөгөн түрү өндүрүлүп, анан абдан кургатылып КМШнын бир катар өлкөлөрүнө экспорттолуп жатат.



Баткен өрүгүнүн өзгөчөлүгү – эттүү келип, аш болумдуу. Аймакта өрүкзар 7 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Анын 500 гектары “ак өрүк” сорту. “Ак өрүк” эрте бышып, сыртка эртерээк экспорттолот. 2-апрель Баткенде өзгөчө майрам, анткени дал ушул күнү “Өрүк күнүн” белгилеп, жаш көчөттөрдү отургузушат. Баткен өрүгүнүн түрү көп.



Баткендин өрүгүн “Нимекс Измир” өрүктү кайра иштетүүчү компаниясы дүйнөлүк базарга алып чыгуу ишин баштаган. Учурда миңден ашык киши жумуш менен камсыз болуп, элден өрүктү сатып алышат. Баткенде бир жылда 10 миң тоннадай өрүк кургатылат.



“Өрүк кактын” жасалышы же кургатылышы жана түрлөрү



Негизи өрүк кактын эки түрү болот. Биринчиси – дары коюлган, экинчиси – дары коюлбаган.



1. Дары колган кактар – булар, “баргек” жана “тоголок өрүк” болуп экиге бөлүнөт. Анын ичинен “баргектин” дагы өрүктүн түрүнө карап бир нече түрлөрү бар. Алар: “абрикостун баргеги”, “исверектин баргеги”, “кашекинин баргеги”, “жолчу өрүктүн баргеги”, “сууханы” дегендер. “Тоголок өрүк” кагы дагы ушул эле түрлөргө бөлүнөт. Бул баргекте данеги болбойт. Ал эми тоголок өрүгүндө данеги болот. Ошол үчүн аны “тоголок өрүк”,-деп аташат.



Өрүктү кагып, терип келип атайын жашиктерге салышат. Андан кийин өзүнүн даярдалган ордуна “алтын күкүрттү” бир идишке салып туруп, аны атайын казылган чуңкурга коюп, күйгүзөт. Анан үстүнө жашиктерди тизип, желим буюм менен алты сааттан көбүрөөк убакытка ороп коюшат. Дары киргенден кийин жерге желим буюм салып, анын үстүнө соолуганга чейин эки же үч күн жайып коюшат. Андан кийин атайын данегин сыгып, ажыратып туруп, чакан шиферлерге же шалынын сөңгөктөрүн жайып, үстүнө тизип, кургатышат. Ал эми тоголок түрүн дагы ушул эле таризде кургатып алышат.



2. Дары коюлбаган кактын “аштек”, “кандек”, “исверектин мейизи”, “абрикостун мейизи”, “семечка өрүк”,-деген түрлөрү бар. Булар кургаганга чейин бир жумага жакын же ашыгыраак убакытка жайылат. Булардын ичинен бир гана “аштек кагынын” данеги болбойт. Муну өрүктү терип келгенден кийин, тең ортосунан жарып, бир же эки сутка күнгө жайып коюшат. Андан кийин жарылган өрүктөрдү жуп-жубу менен бириктирип, кургаганча дагы күнгө жайып коюшат. Буларга дары коюлбай туруп, күнгө кургаганча бир жумага чейин жайып, кургатып алынат.



Пайдалуулугу



Өрүк адамдын жумушка болгон жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Курамындагы витаминдер менен микро элементтер аз кандуулукту жана калцийге болгон жетишсиздикти жок кылат. Тамак сиңирүүнү жөндөйт. Ашказанды, боордун жана өттүн иштешин жакшыртат. Денедеги шлактарды чыгарат. Өрүктө калий витамини бар. Калий – жүрөк кан тамыр оорулары үчүн табылгыс азык. Ошол үчүн өрүктү как түрүндө жесе да болот. Компот, варенье жасаса болот. Кырк жаштан ашкан аялзаттын организминде эстороген азаят. Эстороген азайганда көңүлү эч нерсеге келбей, маанайы чөгөт. Адам күнүгө беш алтыдан өрүк жеп турса, ошол жок болгон эсторогендин ордун басат.



Чындыгында, өрүктүн адамдын ден-соолугуна пайдасы көп. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Анын дагы бир касиети – жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ.



Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк – эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке да ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган дары жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулуп келет.



Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат.



Дагы бир кеңеш: Үй шартында эле какты кечинде сууга кайнатып, үстүн жаап коюп эрте менен анын суусун (согун) ар дайым ичип турса, аз кандуулук – анемияны алдын алат жана канды көбөйтүүчү касиетке ээ. Ошондой эле имунитетти дагы көтөрөт.



Баасы



Дары коюлган кактар – өрүк бышкан жай мезгилинде чоң-кичинесине, түрүнө карап 35 сомдон баштап 200 сомго чейин сатылат. Ал эми жайдан башка мезгилдерде 80 сомдон 250 сомго чейин сатылат.



Дары коюлбаган кактын да баасы ар кандай



“Аштек” 500 сомдон 1500 сомго чейин;



“Кандек” 250 сомдон 500 сомго чейин;



“Семечка өрүк” 150 сомдон 300 сомго чейин;



“Исверектин мейизи” жана “Абрикостун мейизи” 200-250 сом.



Баткен өрүк кагын кошуна Тажикистандан келип, сатып алып, Россияга жана Казакстанга экспорт кылышат. Казакстан менен Россияда Кыргызстанга салыштырмалуу кактын баасы кымбат. Мындан сырткары акыркы жылдары Түркияга да жөнөтүлүүдө. Ошого карабастан, ал жактын жашоочуларынын арасында какка болгон талап өтө жогору.



Кыргызстандын ичинде дагы жалпы калк сүйүп жейт



Эске сала кетчү нерсе, Баткенде өрүк, май айынын акырларында бышат, августтун 10-15теринде баары толук жыйналат. Баткендин жалпы мектеп окуучулары үчүн үч айлык эс алуу – өрүк мезгили болуп эсептелет, башкача айтканда, мезгил ичиндеги мезгил.



Э. Момунов.