СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Бекмамат Осмонов жонундо маалымат

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Бекмамат Осмонов жонундо маалымат»

Бекмамат Осмонов атындагы орто мектебинин тарыхы

Кандай гана адам өзү максат кылып койгон багыт боюнча талбай эмгектенсе ,эртеби-кечпи эмгегинин үзүрүн көрөт. Аткарган кызматы аркылуу эл ичинде кадыр баркка ээ болот.

Биз сиздерге тааныштыра турган мектеп саятчы катары элге таанлган улуу инсан Б.Осмоновдун атына коюлган.

1.2001-жылы мектеп толук эмес орто мектеп болуп ачылган. Ошол мезгилде 250 окуучу окуган. 14 мугалим эмгектенген. 2003-2004-окуу жылында мектеп жетекчилигинин жана ата-энелердин үзүрлүү эмгегинин натыйжасында мектеп 11-жылдык болуп түзүлгөн. Окуучу саны 280 болгон. Ушул эле жылы мектеп капиталдык ремонтко киргизилген. ( АБР 1млн.200миң сом).

2.Бөлүнгөн акча каражатына мектептин бардык окуу кааналарынын полдору, актовый зал, туалети, инвентарлары, ошондой эле жылытуу системалары жаңыланды.

3.2005-жылы МОТ организациясынын жардамында 53 миң сомдук инвентарлар алынган. Окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн окуу кааналарында парта, отургучтар, эки каана үчүн толукталып жабдылды.

4. 2006-жылы АРИС программасынын жардамында 93 миң сомдук каражат мектептин негизги кирүүчү жайы жана фае түзүлгөн. Мына ушул мектептин негизги кирүүчү жайы окуучуларды негизгиси тазалыкка үндөйт.

5.Жогорку кеңештин депутаты Жамалдинов Зиядиндин жардамында мектепке компьютер алынып келтирген.

6. Айыл өкмөтүнүн жардамында 2005-жылы 14 миң сом сарпталып жылытуу системасы оңдолгон.

7. 2003-2007-окуу жылдары ичинде Б.Осмоновдун үй-бүлөсүнүн жардамында 12 миң сомдук акча каржаты берилип, окуучуларга стипендия, мектепке орка тургузулган. Арка мектептин жалпы эмгек жамаатынын жана айыл элдеринин жардамы менен тургузулду.

8. Айылдык спонсорлордун жардамында 2005-жылы 11 миң сомдук электр зымдары алынган.

9. 2006-жылы айыл өкмөтү тарабынан 7 миң 2 жүз сом сарпталып, мектептин ашканасы оңдолгон.

10. Фонддун 1 га жерин арендага алып иштетип 12 миң сомдук акча каражат алынып мектептин ички ремонту оңдолгон.

11. Учурда мекиеп жааматынын 25 мугалим жаш жеткенчектерге сапаттуу билим берүүнүн үстүндө жигердүү эмгектенип жаңы шык, жаңы дем менен иштеп келүүдө. 250 окуучу учурдун талабына ылайык билим алып жатышат. Келечекте бул мектептин ийгилиги алдыда деп зор үмүттөнөбүз.

















Б.Осмоновдун өмүр баяны.

Бекмамат Осмонов 1946-жылы августунда Ош облусунун Базаркоргон кыштагында туулган. Ата-энесинин колунан тарбия көрүп, “Беш бадам” мектебинен 4-классты аяктаган. 1963-68-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл-чарба институтунан жалаң “5” ке окуп кызыл дипломго татыган. Окууну бүтүп, 1968-жылы Ош областында “Катта Талдык ”асыл тукум кой заводуна селексионерзоотехник болуп ишке орношкон. 1968-1969-жылдары аскердик парзык Москва шаарында катардагы солдаттын взводдун командиринин орун басарлыгына чейинки тепкичте өтөп келген. Айта турган нерсе ал өмүрү өткөнчө запастагы офицер катары жүрдү да 1997-жылы полковник наамы берилди. 1969-1971-жылдары зоотехник болуп иштеп жүрүп, Араван районунда айыл-чарба башкармасынын орун басары болуп иштеди. 1972-жылы Алай районунда “Чоң Алай” совхозуна директор, 1978-жылы Алай районунун төрагасы, 1985-жылы партиянын Ош обкомунун айыл-чарба бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенген. 1988-жылы бөтөн элде кызмат кылууга туура келди, себеби ал Токтогул райпартком биринчи секратары болуп дайындалды. Аз убакыттан соң Жалал-Абад өзүнчө облус болуп Ош облусунан бөлүнөт да ага 1991-жылдын апрелинен аким болуп дайындалат. 1994-жылы кайрадан Ошко орун басар болуп кызматка орношот. Ошентип жүрүп күндөр өтүп аны менен кошо мугалим да өз кемесин зуулдатып айдап жатты. Осмоновдун ушул мезгилдер ичинде кылган эмгектери элдин арасында чоң ыраазычылыктар жаратып, алкышка ээ болуп жатты. Ошонун үзүрүбү 1995-жылы 5-февралында Жогорку Кеңешке депутат болуп, марттан Ош обл. Кеңешинин төрагасы болуп шайланды. Андан кийин өмүрүнүн акырына чейин Токой чарбачылыгы боюнча Республикалык дирекциясынын орун басары. Токой чарбачылыгына Ош облусу боюнча директору болуп эмгектенди. Б.Осмонов ЖК эки жолу депутат, обл. Кеңешке 7 жолу депутат болуп шайланган.

Осмонов көптөгөн шаарларга, өлкөлөргө турист катары атайын командировкалар боюнча каттаган. М: Турцияга, Чехословакияга, А КШга ,Австрияга,Кытайга, Венгрияга,Индияга барып келген.Анын кылган эмгектери эл тарабынан жогору бааланып,”Артыкчылык “ ордени,”СССРдин чек арасын коргоодогу артыкчылыгы үчүн “ медалы менен 1996-жылы президент тарабынан “Республиканын айыл чарбасына эмгек синирген кызматкер”деген ардактуу наам берилген.