СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Белек беруу маданияты

Нажмите, чтобы узнать подробности

        Белек берүү жɵн гана салт болбостон адамга жагымдуу маанай же болбосо бири бирине болгон сыйды тартуулайт. Белек берүүнүн да өзүнүн маданияты, өзгөчөлүгү бар. Биринчиден белекти тандоодо адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө башкача айтканда жаш курагына ылайык тандоо керек.

Просмотр содержимого документа
«Белек беруу маданияты»

Класстык саат

Сабактын темасы: Белек берүү маданияты .

Сабактын максаты: а) окуучулардын белек берүүнүн маанисине, маданияттына жана адебине кам көрүү

б) кабыл алуусун, көӊүл буруусун калыптандыруу

в) белек берүүнүн маданиятына үйрɵтүү, үндөө

Сабактын тиби: Жаңы материалды түшүндүрүү

Сабактын методу: Сүйлөшүү, аӊгемелешүү

Сабактын жабдылышы: Дептер, сүрөттөр, быйтыкчалар, түстүү барактар

Сабактын журушу

Уюштуруу: Саламатсыӊарбы, балдар? Маанайыӊар кандай, жакшы эс алып келдиӊерби? Кайсы ай, ким айтат мага? Ал эми жуманын кайсы куну? Жагымдуу маанай түзɵт.

Уй тапшырма: Текшерүү

Жаны тема: Майрамдарда, туулган күндө бирөөдөн белек алуу, бирөөгө белек берүү да жакшы жөрөлгө. Бул илгертеден келе жаткан салт.

Белек берүү жɵн гана салт болбостон адамга жагымдуу маанай же болбосо бири бирине болгон сыйды тартуулайт. Белек берүүнүн да өзүнүн маданияты, өзгөчөлүгү бар. Биринчиден белекти тандоодо адамдын жаш өзгөчөлүктөрүнө башкача айтканда жаш курагына ылайык тандоо керек. Эн негизгизи белек ошол адамдын көӊүлүн көтөрүп, ага кубаныч тартуулаш керек. Эгер сага бирөө белек бере турган болсо анын баасына эмес, кооздугуна көӊүл буруш керек. Кеп белекте эмес, сенин ал адамга болгон урматтооӊдо. Көӊүл бурганыӊда жана туура мамилеӊде. Кымбат баадагы белек тартуулоо сага туура келбейт. Анткени ошол белекти сен ата – энеӊдин акчасына алып жатасын да. Ата – энеӊди кыйнап коюшуӊ мүмкүн. Ошон үчүн кооз, колуӊдун келишинче өзуӊдун эмгегиӊ менен жасаган буюмду белекке берсен абдан ылайыктуу жана баалуу болот. Белек берүү сөзсуз түрдө жагымдуу сөздөр, жакшы каалоолор менен коштолгону жакшы. Белек менен кошо эӊ кымбат каалоо сɵздɵрүӊдү кагазга түшүрүп эстелик үчүн бер. Жакшы сөз да баалуу белек болот. Белекти айрыкча баса көрсөтпөй, жөнөкөй жана баркы менен бере билүү керек. Бышыктоо: Биз белек берүүдо жаш куракка карайбыз. Мисалга алсак, апаларыбызга үйго колдончу буюмдарды берсек абдан жакшы болот. Мисалы: кооз дасторкон, ашканага илинүүчу буюмдарды берсек болот. Бирок силер азыр кичинекей болгондуктан апалар үчүн өӊ колуӊ менен жасаган белек абдан баалуу болот. М: колго жасалган гүл, открытка, кооз тартылган сүрөттөр менен ырлар.

Колго отрытка жасашат.

Жыйынтыктоо: Бүгүнкү тема жактыбы?

Өзүӊөргө кандай маалыматтарды ала алдыӊар?

Баалоо: Окуучу чогулткан быйтыкчасы менен бааланат.

Уй тапшырма: «Менин алгачкы берген белегим» дил баян жазуу.