СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Беттин дарылоонун жолу

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адамдар беттеги кара чекиттерди кеткезүү жолдору менен таанышат

Просмотр содержимого документа
«Беттин дарылоонун жолу»

БЕТТЕГИ КАРА ЧЕКИТТЕРГЕ КАРШЫ МАСКАЛАР! Майлуу бетте майда кошумча тешиктери тарып, чаң толуп кеткенде, бетте кара чекиттер – комендондор пайда болот. Ал эми беттеги тешиктерге бир аз эле жугуштуу микробдор кирип кетсе, безеткилер чыга баштайт. Аны сыгып салууга болбойт. Себеби, ырбап отуруп, андан да чоңоюп кетиши мүмкүн. Майлуу бет безеткиге жакын болгондуктан, ага кам көрүүнү жаш кезден эле баштаган оң. Майлуу беттин кургак беттен айырмасы – ал калың келип, одуракайыраак тартып, бат эле жалтылдап майланышып кетет. өтө майлуу беттер, ал тургай, көгүш түстөнүп да кетет. Бирок, анын жылма көрүнгөн кургак беттен артыкчылыгы бар. Бул артыкчылык – анын калың жана майлуу болгондугунда. Башкача айтканда, майлуу бет күндүн нурунун, суунун, суук шамалдын териге көрсөтүүчү терс таасирлерине туруштук берет. Ошондуктан, бети майлуу адамдардын жүзүнө бырыш кеч түшөт. Мындай бетке майлуу бетмайларды колдонуунун кажети жок. 1. Беттеги кара чекитчелерди жок кылуучу эң эле көп колдонулган маска жумуртканын агынан жасалат. Муну бир нече мүнөттүн ичинде оңой эле жасай аласыз. Ал эми, жыйынтыгы дароо эле байкалат. Жумуртканы сарысынан агын өүнчө бөлүп аласыз да көбүргөнчө кашык менен чаласыз. Андан кийин таза жуулган бетиңизге 20 мүнөткө сүйкөп коёсуз. Бул убакыт аралыгында беттеги маска кургаган сайын кошумча сүйкөп турасыз. 2. Сода дагы жумуртканын агы сыяктуу өтө пайдалуу. Ал терини комедондордон абдан жакшы тазалайт. Ашкана содасынан 1 аш кашык алып аны жылуу суу менен аралаштырып бетиңизге 10 мүнөтко сүйкөп коёсуз. Андан кийин муздак суу менен чайкап коёсуз. 3. Лимон ширеси дагы үй шартында жасалган масканын негизинде терини тазалап жана агартат. Бир чай кашык лимондун ширесине ошончолук суу кошуп аралаштырып, аптасына 2-3 жолу бетиңизди сүртүп жүрүңүз. Же болбосо, лимондун ширесин жумурканын агы менен кошуп, аралаштырып маска жасасаңыз болот. Бетиңиз тазаланып жана агарып эле калбастан тартылып жылмакай болуп калат. Ачылган кара чекитчелерден терини тазалап ордун бүтөп коёт. 4. Майлуу терилүү кара чекиттүү бет үчүн бир алма жана 5 аш кашык таза бал керек кылынат. Алманы таза жууп, сырты менен сүргүчтөн өткөрүп, бал менен аралаштырып бетиңизге 10 мүнөткө коёсуз. Андан соң жылуу менен жууп саласыз. 5. Суюк жана жылуу бал косметологияда көптөн бери колдонулуп келет. Бир аш кашык балды банкага салып мискейде кайнап жаткан сууга 5 мүнөткө салып, жылуусу менен бетиңизге 10-15 мүнөткө коюп коёсуз. Жылуу суу менен чайкалат. Мындан сырткары, бир чай кашык тузга бир чай кашык лимон ширесин, бал жана эки чай кашык кефир кошуп аралаштырып бетке 10-15 мүнөткө коюлат. Безеткиге каршы жасала турган маскалар 1. 1 даана орточо өлчөмдөгү картошканы аарчып, бир аз сүткө салып кайнатасыз. Картошка бышканда ошол эле сүткө ботко кылып эзесиз. Муздаган соң бетиңизге сүйкөп 15 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз. 2. Райкан чөбүнүн жалбырактарын таза жууп, анын үстүнө 1 стакан кайнак суу куюп 15-20 мүнөтко демдеп коёсуз. Муздаган соң кебез менен бетиңизге сүртөсүз. 3. Бул масканы жасоо үчүн 50 г бал, 50 г өсүмдүк майы жана 1 жумуртканын сарысы керек. Буларды жакшылап аралаштырып, андан соң бетиңизге, моюнуңузга коёсуз. 20 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп саласыз. 4. Сулунун унун жылуу сууга аралаштырып ботко жасайсыз. Аны бетиңизге 15 мүнөткө коюп, андан кийин жылуу суу менен жууп саласыз.