СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билерман ордо оюну

Категория: География

Нажмите, чтобы узнать подробности

Билерман ордо

Просмотр содержимого документа
«Билерман ордо оюну»

Ош шаарындагы №11 В.В.Терешкова атындагы мектеп-интернатында 2024-жылдын 7-майында 7-8-9-класстардын арасында өткөрүүлүчү т “Билерман ордо” интеллектуалдык оюнунун сценарийи


Билерман ордо” интеллектуладык оюндун максаты:


  • Окуучулардын ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүү ;

  • Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин жогорулатуу;

  • Окуууларды тапкычтыкка өнүктүрүү.


Оюндун категориялары:


  1. География

  2. Тарых

  3. Биология

  4. Ар түрдүү логикалык суроолор

  1. Категория география

1-суроо

Антарктидада экспедицияда жүргөн эки эскимос,эки орус, бири немец жана бир американец алтоосу сүрөткө түшүшкөн. Биринчи эскимостун колунда термос, экинчисиникинде рация, орустун колунда Россиянын байрагы, америкалыктын колунда АКШнын желеги, немецтин колунда мылтык болгон.

Ал эми алтынчы адамдын колунда эмне кармап турган? ( Фотоаппарат).

2-суроо

Дүйнөнүн бир мамлекетинде мындай лозунг бар. “Жер шарынын кургак бөлүгүнүн 7%, дүйнө калкынын 22%ын багат”.

Бул кайсы мамлекет? ( Кытай)

3-суроо

Жаңылыктар деген сөздүн англисче аталышы-News. Ушул төрт тамга өзүнчө чечмеленип, ар бир тамга өзүнчө бир сөздү билдирет. “News” сөзүндөгү төрт тамга англисче кандай түшүнүктү билдирет? (N-North-Түндүк, E-East- Чыгыш, W-West-Батыш, S-South-Түштүк)

4-суроо

Австрия, Албания, Египет, Ирак, Исландия, Мексика, Нигерия, Панама, Польша, Сирия, Судан, АКШ, Филиппин, Германия.Бул мамлекеттерди эмне бириктирип турат? (Мамлкеттик гербдериндеги бүркүттүн сүрөтү).

5-суроо

Дүйнөдө айрым мамлекеттердин картадагы көрүнүшү ар түрдүү жаныбарларга, ар кандай нерселерге окшошуп кетет. Ошолордун арасында бир мамлекеттин көрүнүшү өрдөктүн кейпине окшошуп кетет. Ал кайсы мамлекет? ( Исландия)

6-суроо

АКШда бул нерсе үчүн адамдарды, Африкада жаныбарларды, ал эми Россияда болсо, көбүнчө шаарларды пайдаланышат. Жогоруда айтылган нерселерди эмне үчүн колдонушат? ( Акчага сүртүн түшүрүү үчүн)

7-суроо

Француз императору Наполеон Банапрат ат мингенди каалаган эмес. Аны ар адайым жан-жөкөрлөрү замбилге салып көтөрүп жүрүшкөн.

Ал эмне үчүн ат минген эмес? ( Ал гиппофобия (аттан коркуу) оорусу менен ооруган).

8-суроо

Гитлер СССРден жеңилүүсүн эки себеп менен түшүндүргөн

Алар кандай себептер? ( Россиянын катуу суугу,партизандардын күтүүсүз соккулары)

9-суроо

Кайсы тарыхый эстелик “ Дүйнөдөгү эң узун көрүстөн“ деп аталат? (Улуу Кытай дубалы)

10 -суроо

Тарыхта белгилүү болгондой гректер храмдын сыртын, ал эми римдиктер ичин абдан кооздоп курушкан.Эмне үчүн? ( Гректер храмдын сыртында, римдиктер ичинде сыйынышкан)

11 -суроо

Илимпоз К.Тыныстановдун сүрөтү он сомдук акча бирдикке түшүрүлгөн.

Эмне себептен он сомдукта жүрөт? ( Ал алгач кыргыз алиппесин жазган,ушул китепти басып чыг арганы үчүн элдерден 10 рублдан чогулткан)

12-суроо

Өсүмдүккө жашыл түс берип турган пластида кайсы? (Хлоропласта)

13-суроо

Адамда эң күчтүү булчуң кайсы? ( Жаагы)



14-суроо

Адамдын кайсы органы 80º ысыкка чыдайт? (Оозу)

15-суроо

Адамдардын 12 жуп кабыргасы бар, ал эми кайсы жаныбардын 300дөй кабыргасы бар? ( Жыланда)

16-суроо

Клетканын кайсы бөлүгүндө гендер жайгашкан? (ДНК)

17-суроо

Орус тилинде “миллионер” жана “миллиардер” деген сөздөр бар. Англис тилинде да “миллионер” бар,бирок “миллиардер” деген сөз жок.

Анда анын ордуна кайсы сөз колдонулат? ( Мультимиллионер)

18-суроо

Бир күн бою бир эле суроону берип, бирок ар сураганда ар түрдүү жооп алган сурообуз кайсы ? ( Саат канча болду)

19-суроо

Бир гана ушул мамлекетте 1983-жылы бир да төрөлүү катталган эмес.

Кайсы мамлекетте? ( Ватиканда)

20-суроо

Дүйнөдө эки эле жаныбардын өздөрүнүн өлүмүнө анатомиялык, физиологиялык түзүлүшү себеп болот экен.

Алар кайсы жаныбарлар? ( Пил жана ташбака

21 -суроо

Мурунку мезгилде кайсы гана падыша болбосун, ага жөнөкөй адам артын салып олтурууга болбойт эле. бирок бир адам ар дайым падышага ушундай абалда олтурчу

Ал ким? ( Арабакеч)