Билермандар ордосу
Аткарган: Туратбекова Элмира
Текшерген: Исаева Рапия
Сабактын максаты:
Оюнду уюштуруу менен окуучулардын физикага болгон кызыгуусун арттыруу жана физикалык түшүнүктөрдү калыптандыруу.
Оюндун жүрүшү
Оюн 3 бөлүмдөн турат:
- Күтүлбөгөн суроолор.
- Окумуштуулар.
- Табышмактар.
Күтүлбөгөн суроолор
1) Физика илими эмнени окутат?
2) Ылдамдыктын бирдиги эмнеге барабар?
3) Өтүлгөн жол деп эмнени айтабыз?
4) Жол менен которулуштун айырмасы эмнеде?
5) Күч кандай чоңдук?
6) Заттын тыгыздыгы кайсы тамга менен белгиленет?
7) Беттик тартылуу коэффициенти кайсы тамга менен белгиленет?
8) Беттик тартылуу коэффициентинин бирдиги?
9) « Атом» грекчеден которгондо эмне дегенди түшүндүрөт?
10) Абсолюттук температуранын СИ системасындагы бирдиги?
Окумуштуулар
1)Нерсенин түшүү жана маятниктин термелүү закондорун ачкан, жылуулукту өлчөөчү приборду ойлоп тапкан италиялык физик, астроном.
2) Күчтүн бирдиги кайсы окумуштуунун атынан коюлган?
3) Атмосфералык басымды өлчөгөн Галилейдин окуучусу ким?
4) Байыркы грек окумуштуусу, рычаг эрежесин түзгөн гидростатика законун ачкан окумуштуу.
5) Жумуштун бирдиги Ангилялык кайсы окумуштуунун атынан коюлган?
6) Ток күчүн өлчөөчү прибор кайсы окумуштууга таандык?
7) Чынжырдын бөлүгүндөгү ток күчү бөлүктүн учтарындагы чыналууга түз, ал эми каршылыгына тескери пропорциялаш. Бул закон кимдин закону?
8) Былтыр кайсы окумуштуунун 450 жылдыгы белгиленди?
9)Деформация законун ачкан, 1635-жылы Англиялык кайсы окумуштуу жарык дүйнөгө келген?
10) Атомдун түзүлүшүн жана атомдун ядросун биринчи болуп ажыраткан окумуштуу ким?
Табышмактар
Боштукта да чөйрөдө да таралуучу,
Же бөлүкчө, же толкун деп каралуучу.
Атын таап, формуласын жазып койгон,
Мыктылардын мыктысы деп каралуучу.
Ток болбосо өзү жалгыз жашабаган,
Пайда кылуучу, заряды аталбаган.
Кандай талаа, аты кандай аталат?
Кол көтөрүп ким биринчи айталат?
Нейтрондор келип ага урунса,
Жарылат да пайда болот жылуулук.
Адамзатты азап-отко салбаган,
Тынчтык үчүн пайдалансан улуулук.
Атын ата кайсы элемент күтүлчү?
Металлдардын ичинде жүрүшкөн,
Ток булагы кошулса чынжыр менен.
Зарядка, эң кичине массага ээ,
Атын айтып, чоңдуктарын жазчы кенен.
Өзү жука айнек сындуу туптунук,
Кээси томпок, кээси иймек түзүлгөн.
Кээ биринен жарык өтсө бурулуп,
Кээ биринен изи калат үзүлгөн.
Оптикалык бул куралды атагын,
Чечип коюп табышмактын чатагын.
Жыйынтыктоо
Окуучулардын билимдери упай менен бааланат. Оюнду жеңген окуучу “билерман” окуучу наамын алат.