Билим алууга жетише албаган окуучулар менен иштөөнүн иш пландары
Сабакта жетише албаган окуучулардын проблемалары баарыбызды тынчсыздандырат: чоңдорду да, балдарды да. Туура, жер шаарында мен жаман окуганды жакшы көрөм же мага жаман окуган жагат деген бир да бала жок экенин билебиз. Эгер бала “эки” деген баа алса, анда анын биринчиден окууга болгон кызыгуусу жоголуп, анан ал сабакты көп калтыра баштайт, ар кандай себептер менен, убакыт өткѳн соң ал окуучу, тартиби, билими, жүрүм-туруму начар окуучу деп атала баштайт. Алгач класста, анан мектепте, ал окуучу өзүн кемсинтпей, кабыл ала турган чөйрөнү иштей баштайт. Ошентип, алар көчө компанияларына көздөй багыт алат. Хулигандардын, наркомандардын армиясын толукташат.
Мектеп сабактарын жакшы ѳздѳштүрѳ албагандыгы окуучунун окууга болгон кызыгуусуунун азаюуусу, журуш-турушунун бузулушу жана кээ бир учурда криминалдык жүрүмүнүн байкалышы. Алардын ичинен эң биринчи орунда бул окуучунун жазуу жана окуусунун бузулуусу. Ар турдүү психикалык бузулуулар жазууну уйрѳнүүгѳ терс таасирин тийгизет. Туруктуу жазуу бузулуулары кадимки интеллекти жакшы, сүйлѳй алган, кѳрүү жана угуу функциясы иштеген балдарда болушу мүмкүн. Мындай нерселер айкын кѳрүнбѳсѳ да, жазуу жана окууда кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Кѳпчүлүк мугалимдер жана ата-энелер мындай жаратылыш кубулуштар жѳнүндѳ толук кандуу маалыматы жоктугунан кѳйгѳй келип чыгат.
Дисграфия жана дислексия жѳнүндѳ маалыматы жок болуп, балдарына убагында жардам кѳрсѳтѳ албай калышат. Балдары болсо ѳмүр бою начар сабаттуу болуп калуу коркунучунда турат.
Дисграфия менен дислексия деген эмне? Анын себептери эмнеде?
Дисграфия - бул жазуунун бузулуусу, бир сѳздү кайра-кайра ката жазуу кирет. Азыркы күндѳ кѳп ката жазган балдар кезигет. Мындай бузулуу дисграфия менен байланыштуу. Бирок, окумуштуулар дагы деле бир жыйынтыкка келе элек.
Дислексия – бул окуунун бузулушу, тамгаларды алмаштырып окуу кирет.
Мындай кубулуштардын себеби эмнеде? Башталгыч класстагы биринчи мугалим–окуучуга жана ата-энеге биринчи жардамчы болуп саналат. Зарылчылыгы бар болсо мугалим окуучуга логопедке, невропатологко барууну сунуштаса болот. Кээ бир кырдаалдарда мугалим ѳзү окуучуга жардам берсе болот. Эрте, ѳз убагында диагностика кылуу–дартты айыктырууда кѳп жакшы мумкунчүлүктѳрдү берет. Чет ѳлкѳлүк авторлордун маалыматына караганда дислексияны аныктаганда 1-2 класста окуу 82% ге, 3-класста 48%гу, 4-класста 47% ге, 5-7-класста 10-13%ге нормага жеткирүүгѳ болот.
Окуганга жардам көрсөтүүнүн түрлөрү :
- Сурагандын темпин жайлатуу, доскада даярданууга көбүрөөк убакыт берүү;
- Көрсөтмө куралдарды пайдаланууга уруксат берүү менен алган билимин бышыктап билүүгө көмөктөшүү;
- Жетишпеген окуучуларга кызыктыруучу суроолор менен окуу материалдарын тереңирээк түшүнүүгө жардамдашуу;
- Жетишпегендиктин алдын алуу чаралары.
Окуучулардын даярдыгына көз салуу
Тема боюнча суроолорго туура даярдануусуна абдан көңүл бөлүп, ката, туура эмес айтылган жерлерин, терминдердин туура айтылышына, эрежелерди так билдирүүлөрүнө дыкат көңүл бөлүп, каталарды жеринде оңдоого аракет кылынышы.
Жаңы материалга баяндама
Бериле турган материалды сабак учурда окуучулар кандай кабыл алышарына байкоо жүргүзүү керек. Окуу материалдары боюнча окуучулар түшүнө албай жаткан суроолорго түшүндүрүү керек. Кандайдыр бир ыкма менен окуучуларды кызыктырууга мугалим аракеттенип, билимди туура, тереңирээк кабыл алдырууга милдеттүү.
Сабакта окуучулардын өз алдынча иштөөсү
- окуу материалдарынын татаал, кыйын болгон бөлүмдөрүнөн так тапшырмалар боюнча өз алдынча иштөө иштерин топтоо;
- азыраак көнүгүү, суроолор болсо да эффективдүү үйрөнүүгө шарт түзүү;
- ѳздүк иштердин жүрүшүн сөзсүз түшүндүрүү;
- окучууга түшүнбөй жаткан жерлерине жардам берүү;
Ошентип баланы өз алдынчалыкка акырындык менен үйрөтүп, ойлонуусун, сүйлөѳ речин өстүрүү, эске тутуусун, кабыл алуусун күчөтүү менен чоң
Класстан тышкаркы өз алдынча ишти уюуштуруу.
- Программаны өздөштүрүүдө ар бир үйгө берилген тапшырмалардын каталары өз алдынча текшерүүгө систематикалык түрдө көндүрүү.
- Үй тапшырманы кантип аткаруу керек экендигин так түшүндүрүп, аны окуучу түшүндүбү, ошону текшерүү керек.
- Башка предметтен берген мугалимдер менен сүйлөшүп, жетишпеген окуучуларга үй тапшырмалары кыйын, көп болбошуна да байкоо жүргүзүү зарыл.
Начар жетишпеген окуучулар менен иштөөнүн планы .
1. Былтыркы окуу материалдарындагы айрым бөлүмдөр боюнча срез. текшерүү иштер алынышы керек.
Максаты: Учурдагы баланын билим деңгээлин аныктоо; бөлүмдөр боюнча билиминин жетишсиздигин чыгарып, ошол боюнча тезинен иштөө.
2. Ата-энелер менен жолугушуунун натыйжасында жетишпегендиктин себептерин тастыктап, окуучу менен психолог, доктур менен баарлашуусуна көмөктөшүү.
3. Айрым бөлүмдөр боюнча жеишпей калган окуучулар менен иштөөнүн жекече иш планын түзүү.
4. Жыл бою жетишпеген окуучуларга дифференцирленген багытта, өз алдынча тапшырмаларды берип, сурап, кызыктыруу менен сабактарга кызыгуусун арттыруу.
Жетишпеген окуучулар менен жекече иштөөнүн планы .
1. Педагогикалык жана психологиялык мүнөздөмө.
2. Окуу китеби боюнча окуучунун жетишпей калган темалары жана бөлүмдөрү.
3. Иштердин формалары жана ыкмалары.
4. Кошумча сабактардын өтүлүүсүнүн жүгүртмөсү (число, айы, кайсы тема боюнча).
5. Баалары.
6. Ата-энелери менен байланышы.
7. Класс жетекчиси жана коомдук бирикмелер боюнча байланышуу.
Жетишпеген окуучулар менен иштөөнүн мугалимдер үчүн эскертме .
Качан гана мугалим жетишпеген окуучулар менен иштедим деп айта алат:
1. Эгер мугалимдин жетишпеген окуучулар менен иштөөчү жекече планы болсо;
2. Окуучунун ата-энеси менен(чейрек ичинде) 2-3 жолу жолугуп, баланын проблемаларын бөлүшсө;
3. Эгер окуучу жекече тапшырмаларды мугалим тарабынан алса;
4. Жардам жана консультацияларды берсе;
5. Арт жагында отурган балдарды, жакшы окуган балдар менен орун алмаштырып отургузуу;
6. Бардык жазуу иштери өз убагында текшерилсе;
7. Сабакты, тапшырманы кантип окуунун жолдорун үйрөткөн болсо;
8. I чейректе 5-6 жолу предметтен суралган болсо:
Окуучулар менен жекече иштөөнүн бирдиктүү талаптары .
1. Мектепте колдонулган материалдар аркылуу өз убагында жана сабаттуу билим алуу менен өз билим деңгээлин текшерүү.
2. Ар бир тема боюнча окуучу кандайдыр бир билимге жана көндүмдөргө ээ болуусу абзел;
3. Ар бир окуучунун ар түрдүү иштеринде кетирилген каталарынын классификациясы;
4. Өтүлгөн темаларды систематикалуу түрдө, өтө кунт коюу менен кайталоо керек;
5. Окуучуларга өз убагында жекече тапшырмалар берилиши керек;
6. Жекече тапшырмаларды эсепке алуу менен өз убагында баалануусу;
7. Жетишпеген окуучуларга сабак убагынан тышкары кошумча сабак өтүү;
8. Окуучулардын арасында бири-бирине жардам берүү байланышын түзүү:
Жетишпеген окуучулардын себептерин изилдөө ыкмалары .
Ар бир мугалимге керек болуучу бир канча ыкмалар сунушталат:
1. Максаттуу багытталган байкоо;
2. Белгилүү программа боюнча окуучулар, ата-энелер, класс активисттери менен баарлашуу;
3. Оозеки жана жазуу иштерине анализ жүргүзүү;
4. Диагностикалык жана дил баяндарды жаздыруу;
5. Мектеп документтери менен таанышуу (журнал, күндөлүк, мед.баракчасы).