СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим берүү реформасына ой толгоо

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Бул макалада заман агымына жараша билим берүү системасында олуттуу өзгөртүүлөрдү жаратуу каралды.

Просмотр содержимого документа
«Билим берүү реформасына ой толгоо»

УДК 37.01

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕФОРМАСЫНА ОЙ ТОЛГОО

Бактыбек кызы Айсулуу - Ош мамлекеттик

педагогикалык университети, магистр.E/mail: [email protected]

Пирматова Г.М.- Ош мамлекеттик

педагогикалык университети, магистр.E/mail: gul.55.87@mail.ru


Аннотация

Бул макалада заман агымына жараша билим берүү системасында олуттуу өзгөртүүлөрдү жаратуу каралды.

Ачкыч сөздөр: стандарт, ыкма, мектеп, ЖОЖ, баалоо.


РАЗМЫШЛЕНИЯ О РЕФОРМЕ ОБРАЗОВАНИЯ

Аннотация

В этой статье рассматривается вопрос о внесении существенных изменений

в систему образования в соответствии с течением времени.

Ключевые слова: стандарт, метод, школа, университет, оценка.


REFLECTIONS ON EDUCATION REFORM

Abstract

This article discusses the issue of making significant changes to the education system in

accordance with the passage of time.

Keywords: standard, method, school, university, assessment.

Учурда кайсы гана мамлекеттин болбосун билим берүү системасынын алдындагы негизги да, абдан орчундуу да, маанилүү да, көйгөйлүү да, курч да турган маселе - бул билим берүүнүн мазмунунун ушунчалык тездик менен жаңылануусу, өзгөрүүсү. Билим берүүнүн мазмуну 5 жылдын ичинде олуттуу жаңыланып жатканын эске алсак, мектеп босогосун аттаган бала мектепти аяктагыча билим берүүнүн мазмуну эки жолу жаңыланууга дуушар болуп жатат. Андай болсо, эскирип кете турган билимди окуучуга берүүнүн зарылчылыгы канчалык?!.

Анткени мектепти аяктагыча эле анын алган билимдери эскирип, керексиз болуп калып жатпайбы. Демек, окуучу мектепти аяктаган кезде ага башка билимдер, билгичтиктер, көндүмдөр керек болот? Анда окуучуга кандай билимдерди берүү керек? Деги бул маселени кантип чечүүгө болот?!.Ошондуктан келечегин ойлогон мамлекеттер билим берүүнүн бүгүнкү, эртеңки күнүн гана эмес, узак мөөнөттүү келечегин ойлоп, ошого жараша аракеттене башташты. Кытай мамлекети 2010-жылдары эле билим берүү системасын 2020-жылга карата реформалоонун үстүнөн иштеп баштап, реформанын планын иштеп чыгуу процессинде электрондук почталарды, каттарды, чогулуштарды пайдаланып, ага 1 млн адамды тарта алса, Гонконг билим берүүнүн мазмунун реформалоону ийгиликтүү ишке ашырып, үзгүлтүксүз билим алуу системасын киргизип, мектеп бүтүрүүчүлөрү социалдык-экономикалык өзгөрүүлөргө өмүр бою ыңгайлаша ала турган болушту. Ал эми Канаданын Альберта провинциясында жыйырма жылдай мурда 2029-жылы анын билимдүү тургуну кандай болору тууралуу талкууга билим берүүгө тиешеси бар адамдарды да, бул маселеде анчалык активдүү эместерди да тарта алган.Билим берүү саясаты жаатындагы эл аралык деңгээлдеги эксперттер Майкл Барбер менен Мона Муршед 25 мамлекеттин билим берүү системаларын талдоого алышкан, ага эң мыкты билим берүү системасына ээ болгон 10 (Сингапур, Финляндия, Түштүк Корея, Кытай, Гонконг, Япония, Нидерландия ж.б.) жана билим берүү жаатында өзгөрүүлөргө жетишкен 15 мамлекет кирген.

Талдоонун жыйынтыгында бир канча корутундуга ээ болушкан.Алардын бири:

  • Билим берүүнү реформалоого системалуу мамиле

Билим берүү тармагындагы ийгиликтер ички карама-каршылыктарды анализдөө жана аны чечүүгө байланыштуу болот. Алар: билим берүү тармагындагы эскиче ой-жүгүртүүлөрдүн, кайдигерлик мамилелердин карама-каршылыгы; таалим-тарбия процессинде тарыхый окуя, фактылар, социалдык-экономикалык абалдардын өзгөрүү процесстери талдап-тастыкталбай жаткандыгы; билим берүү процесси окутуунун заманбап технологиялары  менен айкалыштырылып иштелбегендиги; таалим-тарбия процессинде теория, закондорду калыптандыруу жана өнүктүрүү боюнча мугалимдин илимий билим менен илимий-методикалык даярдыгынын ортосундагы дал келбөөчүлүк;  жаңы коомду окутуу боюнча билим берүүнүн өзгөчөлүктөрү, маани-маңызы жана илимий негиздери боюнча жаңы идеядагы илимий-усулдук багыт берүүчү адабияттардын  жоктугу ж.б.; жаштардын дүйнөгө болгон илимий көз караштарын,    диалектикалык ой-жүгүртүүлөрүн туура жолго салбаганыбыздан диний көз караштардын келип чыгышы. Ушундай себептерден улам билим берүү тармагын реформалоо, башкарууну модернизациялоо зарылдыгы келип чыкты. Азыркы мезгилдеги коомдун өзгөрүшүнө байланыштуу, теорияны практикага жакындатып, мурунку билим берүү баалуулуктарын кайра талдоону, ошондой эле жаңы баалуулуктарды табууну заман талап кылууда. Азыркы саясий, педагогикалык чөйрөдө бул проблеманын актуалдуулугуна карабастан изилдөөлөр эски илимий көз караштар менен улантылып, жаңы илимий бурулуштар, реформалар болбой жатат.

Менин жеке пикиримде билим берүү тармагына реформаны биринчи кезекте эле билим берүү стандартынан баштоо керек! Кантип? Эмне үчүн? Төмөнкү схемага көңүл бурабыз.

Билим берүү стандарты





Ата-эне

Мектеп

Окутуунун жыйынтыгына көңүл буруу

Билим берүү каражаттарын,ыкмаларын жаңыртуу

Кесипке багыт берип окутуу

Курстан курска көчүрүүдөгү сынак (1-4-курска чейин)

ЖОЖдо

Класстан класска көчүрүүдөгү сынак (1-11кл.чейин)

Мектепте



Балдарынын окуусуна шарт түзүү

Балдардын окуусун көзөмөлдөө

Мугалимдер менен кызматташуу

ЖОЖ

Схема боюнча:

  1. ББ стандарты алгач мектепке багытталып , ар тараптан каралып иштелип чыгуусу керек.

  2. ЖОЖдун билим берүү стандарты мектептин билим берүү стандартын уланткандай түзүлүүсү керек. Себеби окуучу окуусун мектептен соң, өз билимин ЖОЖдо гана улантып окуйт. Учурда ББ стандарты эки башка түзүлүп калгандай. Мектептин окуу программасын ЖОЖдон бүтүп барган адис өздөштүрө албагандыгы далалил. ЖОЖдо билим берүүдө төмөнкү 3 быгытты эффективдүү ишке ашыруу керек.

  • ЖОЖ студенттерди окутууда кесипке багыттап окутуунун абалына көңүл бурушубуз керек. Башкача айтканда кесиптик билим берүүнү биринчи ишке ашырып, андан соң табигый гуманитардык билим берүү керек. Бул боюнча музыкалык билим алып жаткан 1-курсттун студентинин оюн мисалга алсак. –Студент: “Эжеке, кайсы бир адистикке окууда, ошол адистик боюнча гана билим алсак, М : эрте менен 8:30дон 14:00 чейин табигый гуманитардык билим алабыз, андан кийин мээбиз чарчап калганда кесибибиз боюнча окуйбуз...”

  • Билим берүү каражаттарын, ыкмаларын жаңыртуу: Өзгөчө мектепте, ЖОЖдордо да коомдук жана табият предметтерин окутууда  илимий-теориялык билим берүүгө аракет жасалат. Башкача айтканда, кургак теория, закондорду айтып жана анын колдонуштарын жаттатып, санап тим болобуз. Ал закон, теориялардын түпкү маңызы (философиясы) эмнеде? Келечекте жаштарга кандай адамдык кыял, мүнөз, билим, көз караштарды калыптандырышы жана кандай реформатордук сапаттарды өнүктүрүшү керек? Алар көбүнчө көмүскөдө калып келатат. Ошондуктан билим берүү тармагынын маанилүү жагы болгон окутуу процессинин маңыз-мазмунун, натыйжасын, жүрүшүн ийкемдүү көзөмөлгө алуу зарылдыгы турат. Биз айтып жүргөн окутуунун интерактивдүү технологиялары кызматташтыктын педагогикасын турмушка ашыруунун формалары гана. Таалим-тарбия берүүнүн мазмун-маңызы педагогикалык кызматташтыкта жатат. Эми, тилекке каршы, унутулуп баратат. Ушул теория, тажрыйбалар азыркы коомдун өнүгүү мыйзамына  үндөш, бирок алгач аткаруу үчүн кылдат анализдөөнү, системага, схемага салууну, тырышчаактыкты, теориялык билимди, максатка талыкпай умтулууну талап кылар эле. Британиялык жазуучу Клайв Стейплз Льюис “Заманбап агартуучунун милдети токойлорду кыюу эмес, чөлдөрдү сугаруу” – деп айткандай “агартуучу” түшүнүгүнөн “Заманбап агартуучу” түшүнүгүнө өтүү мезгили келип жетти.



  • Окутуунун жыйынтыгына көңүл буруу:

Азыр учурда билимди баалоо мектеп да, ЖОЖдо да ар кандай система менен жүргүзүлүп келет. Бирок, жакшы жыйынтык көрүүгө болбойт. Себеби, баалоо системасын сандык жана сапаттык деп экиге бөлүп карап, бирин гана колдонгондон болуп жатат. Башкача айтканда сапаттык эмес сандык гана баалоо менен чектелип калып, билимди баалоо процесси эффективдүүлүгүн жоготту. Мектепте 1-классты аяктаган окуучу 2-класста окуу үчүн деңээлине жараша (оозеки,жазуу) сынак менен гана көчүрүлсө, ушул этап 11-класска чейин ишке ашса . Ошондой эле мектепти аяктап, ЖОЖго багыт алганда да (оозеки, жазуу) сынагы менен кабыл алынса, 1-курсттан 4-курска чейин да оозеки, жазуу сынагы киргизилсе, келечекти алыстан көрө билген мыкты кесипкөй адистердин саны арбын болоор эле!

Эми схеманын ата-эне бөлүгү боюнча бир аз сөз кылсак.

Мектеп менен ата-эненин байланышын күчөтүү окуучулардын тарбиясын жакшыртууга, билим сапатын жогорулатууга негиз болот. Ата-энелер өз балдарынын мыкты билимдүү адеп-ахлактуу болушун каалайт ошону менен бирге өмүрүн тилейт. Бирок көпчүлүгүбүз балдарыбыз билим тарбия алуучу эң ыйык жер мектеп менен байланышууга барып кабар алууга кызыкпайбыз. Биздин балдарыбыздын окууга кызыкпагандыгы, тартибинин начардыгынын себеби дал ушунда болушу мүмкүн. Ата-эне мектеп мугалим менен байланыш түзүп турса, эң биринчи балаңыздын таалим-тарбиясына керек андан кийин ошол тарбияны ишке ашыруу үчүн мугалимге керек. Ал мугалимге дем берет. Ата-эненин активдүү колдоосу аркылуу гана мектепте билим, тарбия берүү толук максатына жетет.

Энелер мектебинин негиздөөчүсү Гапыр Мадаминов 1992-1993-жылдардан баштап билим, тарбия сапатынын түшүп кеткендигин байкап эксперимент жүргүзгөндө күнөө мугалимдерде эмес анын тамыры үй-бүлөдө анын ичинен энеде экенин билишкен.

Жыйынтыктап айтанда коомдун керектөөсүнө карата билим берүүнүн философиясынын идеологиясын ушул жаңы багытка буруу керек деп эсептейм.  Жаңы багыт дегенибиз билим берүү идеясынын маңызын өз ара кызматташуу аркылуу бир максатты көздөй умтулушу. Аны ишке ашырууда ата эне чоң роль ойнойт. Анткени, мектепте, ЖОЖдо окутуп жаткан баласынын окуусуна көңүл буруусу жана шарт жаратуусу керек. Билим берүү мекемелеринде, билим берүүнүн шаардык башкармалыктарында, райондук билим берүү бөлүмдөрүндө, мектепте коомдун табиятына жараша билим берүүнүн философиясын аныктап, билим берүү саясатын жүргүзүүнүн методологиясын жана таалим-тарбиянын технологиясын иштеп чыгуу менен билим берүүнүн мазмунун-маңызын жаңы багытка буруу милдети турат. Айтайын дегеним“Мугалимдер эки тайпада болушат биринчилери жакшылыктын ачкычы болсо, экинчилери анын жапкычы. Биринчилери баланын шык жөндөмүн аңдап, колунан жетектеп, алга карай үмүттөндүрөт. Окуучуга досундай ортоктош болуп, турмуш жолун салууга жардам берет. Талантын тактап, алга жылдырат. Экинчилери болсо өздөрүнүн туура эмес берген тарбиясы аркылуу окуучудагы эрктүүлүктү мокотот. Ишенимди жоготуп үмүтсүздүккө жетелейт. Талантын өчүрүп, жоготуп жиберет. Жарыктыкта биринчи эмес, экинчи мугалимдин колуна түшкөн канчалык инсандар бар. Алар бүгүн деле жашоолорунда өздөрүн таппай жүрүшөт. Жашоодогу эң чоң оомат балалыкта мыкты окутуучунун колуна түшүү” эмеспи.









































Колдонгон адабияттар:

1. Ийгилик — бул сен Жуманазаров А. К

2. Акыл эмгегинин маданияты Г. Мадаминов

3. Тарбия берүүдөгү ата-эненин 8 катасы Т. Жакыпов

4. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

Интернет-документтер

    1. https://www.bbc.com/kyrgyz/blog-43287737

    2. https://kutbilim.journalist.kg/2015/10/19/zha-yi-bagyitka-kantkende-barabyiz-bilim-ber-n-reformaloo-zh-n-nd-oy/ Д.Султанкулов.

    3. https://ky.warbletoncouncil.org/frases-citas-celebres-educacion-1193#menu-47