СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

“Билим берүү жаңыланууга муктаж”- деген темага карата ойлор жана педагогикалык сунуштар.

Категория: Биология

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема:      “Билим берүү жаңыланууга муктаж”

 

              Мугалим ар бир сабакта коом менен жаратылыштын мыйзамдарына арналган конкреттүү теманын илимий – теориялык ,практикалык маанисин ачып берүү менен бирге колдонулган ык, окуучуларда  машыгууларды  калыптандырууга аракет жасайт.   Педагогика илиминин мыйзам ченемдүүлүктөрүн аң- сезимде баамдап түшүнбөгөн мугалим окуу- тарбия жараянын анын өз табиятында уюштура албайт.Окуу – тарбиялоо процессин турмуш менен байланыштыруу – бул сабагымдын негизги проблемаларынын  бири.

Просмотр содержимого документа
«“Билим берүү жаңыланууга муктаж”- деген темага карата ойлор жана педагогикалык сунуштар.»





Жалал- Абад областынын Кара – Көл

шаарындагы Токтогул атындагы

№ 1 ортo мектебинин

Жылдын мыкты мугалими -2015”

конкурсунун катышуучусу, биология

сабагынын мугалими Субаналиева

Гулшан Кутманалиевнанын “Билим берүү жаңыланууга муктаж”-

деген темага карата ойлору,

педагогикалык сунуштары.
















Тема: “Билим берүү жаңыланууга муктаж”


Мугалим ар бир сабакта коом менен жаратылыштын мыйзамдарына арналган конкреттүү теманын илимий – теориялык ,практикалык маанисин ачып берүү менен бирге колдонулган ык, окуучуларда машыгууларды калыптандырууга аракет жасайт. Педагогика илиминин мыйзам ченемдүүлүктөрүн аң- сезимде баамдап түшүнбөгөн мугалим окуу- тарбия жараянын анын өз табиятында уюштура албайт.Окуу – тарбиялоо процессин турмуш менен байланыштыруу – бул сабагымдын негизги проблемаларынын бири. Жашоо тиричилик менен мектептин байланышын чыңдоо ишинде предметтердин жалпы системасында биология предмети негизги ролду ойнойт. Анткени, бизди курчап турган дүйнөнүн өзгөрүшү ,анын тарыхый өнүгүшү, организмдин айлана – чөйрө менен өз ара байланышы жөнүндөгү окуучулардын түшүнүгү башка илимдерге караганда биология илими аркылуу тезирээк калыптанат. Окуучулар мектепке жаңы кирип , окуй баштаганда кызыгуу абдан жогору болот. Анан акырындап биринчи учурдагыдай дилгирлик өчө баштайт. Эмне себептен ушундай болот? Ким күнөөлүү? Эң негизгиси эмне кылуу керек? Буга жооп төмөндөгүчө болот. Окуу процессинде окуучулардын ар бири өз алдынча , өз позициясына туруп проблема чечүүгө киришип, аны изилдеп,далилдеп конструкциялык аракеттерди аткарып, долбоорлоп көрүп, белгилүү бир натыйжага чыгып, кайра аны талкуулап, анан жыйынтыктап таанып –билүү процесстери аткарылат.Ошондуктан мугалим окуучуларга биология предметин окутууда жаратылыш менен коомдук турмуштагы кубулуштардын ортосундагы ар түрдүү байланышты аң- сезимдүүлүк менен өздөштүрүү үчүн билим алуунун түрдүү ыкмаларын ,окутуунун технологияларын тандап алуусу керек.

Кыргыз эли бүгүнкү цивилизациянын денгээлинде жашоосу үчүн эн биринчи педагогдор, мен жана кесиптештерим, сиздер менен бирдикте мамлекеттин келечеги болгон жаш муунду тарбиянын жардамы менен денесин чыналтып, чоңойтуп акылын өстүрүп бойго жеткирип инсанга айландырабыз.

Ушул максатта мен гана эмес мамлекетибизде жалпы билим берүүнүн негизги максаты интеллектулдык жана дене – күч жагынан өнүккөн, дүйнөгө карата илимий көз караштардын негизине ээ болгон, коомдук турмушка активдүү катышкан, жашоодогу өзгөрүүлөргө тез ыңгайлашууга жөндөмдүү инсанды калыптандыруу болуп эсептелет. Учурда окуучуларга билим, тарбия берүү менен гана чектелбестен, аны турмушка даярдоо, компетенттүүлүктү калыптандыруу милдети коюлууда. Коомдун өнүгүшүндө адамдын рухий сапаттары, маданияты ар дайым жогору бааланып келген. Ушуга байланыштуу, билимдүү, маданияттуу, акыл – эстүү гана эмес, эл-жеринин тагдыры үчүн жоопкер, ыймандуу, адептүү адамды тарбиялоо көңүл борборунда болуу керек. Инсанга багытталган билим берүүдө мугалим класстагы окуучулардын өсүп -өнүгүүсүн эске алуу менен, алардын өз деңгээлдерине жараша тапшырма берип багыттайт, жардам берет, иш -аракеттин жыйынтыгын презентациялоого көмөк берет. Класста жагымдуу чөйрө түзүүдө, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын четте калбай, башка балдар менен тыгыз мамиледе болуп, өзүн алар менен тең сезүүсүнө шарт түзүүдө мугалимдин ролу чоң. Ар бир сабакта окуутуну инсанга багыттап уюштуруу ар бир окуучунун жоопкерчилигин арттырып, бири – бирине чыдамдуулук менен мамиле кылууга туртку берет.Өзүмдүн иш- тажрыйбамда аткарган тапшырмаларды жалпылайм.
Окуу китеби боюнча 6-класстын окуучуларынын жеке өнүгүүсүн эсепке алуу менен ар түрдүү ыкмаларды үйрөтөм.
Компьютер боюнча билимдерин жана билгичтиктерин колдонуу менен информатика кабинетинде биологиядан сабак өтөмүн.
Сабакта иштөө үчүн адабияттарды жана окуучулардын чыгармачыл иштерин, презентацияларды, дидактикалык материалдарды жыйнаймын.
Окуучулардын ойлонуу иш-аракетинин алгоритмин үзгүлтүксүз баа алуусунун натыйжасында анализдеймин .

« Мектептеги биологиялык бурчтун ишин жана класстан тышкаркы ишин уюштуруу , мектептин айлана- тегерегин жашылдандыруу боюнча план иштеп чыктым.

План:


1. Биология кабинетинде окуучулардын иштеши үчүн жагымдуу
шартты түзүү

2. Мугалимдин жана окуучунун жумушчу орду.
3. Жандуу бурч

4. Окуучулардын чыгармачыл иштери, информациялар, газеталар,
көргөзмөлөр, экспонаттардын алмашып турушу.

5. Биология предметине кызыктыруу үчүн окуучулардын класстан
тышкаркы кружокторго катышуусу.
6. Колдонулган ыкмалардын натыйжалуулугун изилдөө

7. Жекече өнугүүсүндө өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу.


Билим алгандарга диагностика жүргүзүп- билим алууга көндүмдөр, коммуникативдүүлүгү, тарбиялуулугу, мээнин жарым шарынын ишмердүүлүгү, ар бир баланын өсүү процессин анализдөө алардын иш аткаруу темпин эске алуу менен тапшырманын көлөмүн аныктоо.

Окуучу деген статусун жогорулатууну калыптандыруу үчүн окуучунун инсан катары өзүн көрсөтүүсүнө шарт түзүү жана окуу ишмердигинде ийгиликке жетүү жагдайларын түзүүгө аракеттенем.


Биология сабагында окуучулардын иш аракетинин ийгиликтүү болушуна түрткү берүү үчүн мен колдонгон каражаттар

Аларды мен 2 аймакка бөлдүм:

1. Жалпы педагогикалык.

2. Психологиялык.

Жалпы педагогикалык аймакта мээримдуу, өз ара түшүнүү, сый
атмосферанын болушу.

  • Бири- бирин окутуу, бири-бирин текшерүү, өзүн-өзү текшерүү жагдайларын колдонуу.

  • Техникалык каражаттарды, биология кабинетинде окутуучу каражаттарды, анын ичинде мультимедиялык каражаттарды колдонуу.

  • Сабактын мазмунуна карата окуучулардын иш-аракетин ойлонуштуруу.

  • Чыгармачыл иштерди, долбоорлорду, оюндарды, изилдөөчүлүк методду, компьютерди пайдалануу менен долбоорлорду түзүүнү колдоном.

  • Биологиялык маселелерди чечүүдө окуучулардын өз алдынчалуулугун жана ар түрдүү ыкмаларды колдонуу (анализ, синтез, жалпылоо, гипотезаларды түзүү салыштыруу ж.б.).

  • Жекече өнүгүүсүндө өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу.

  • Билим алгандарга диагностика жүргүзүп- билим алууга көндүмдөр, коммуникативдүүлүгү, тарбиялуулугу, мээнин жарым шарынын ишмердүүлүгү, ар бир баланын өсуу процессин анализдөө, алардын иш аткаруу темпин эске алуу менен тапшырманын көлөмүн аныктоо.



Окуучу деген статусун жогорулатууну калыптандыруу учун окуучунун инсан катары өзүн көрсөтүүсүнө шарт түзүү жана окуу ишмердигинде ийгиликке жетүү жагдайларын түзүүгө аракеттенем.


Тажрыйбалуу мугалимдер жана соцпедагог менен кызматташып, психология боюнча адабияттарды окуп, жеке байкоо жүргүзүп, бир коллективдеги окуган балдар окуу материалын ар түрдүүчө кабыл алат жана иштеп чыгарат. Мунун негизи- алардын ар түрдүү жеке жөндөмдүүлүктөрү жана мүмкүнчүлүктөрү.

Окуучулардын модалдуулугу: визуалдар, аудиалдар, кинестетиктер

Модалдуулук- бул баланы информацияны кабыл алуу каналдары, бала үчүн ынгайлуу боло тургандай өз алдынча иштөө формаларын жана материалды берүү ыкмасын аныктоо.
Визуал –класстагы баш аламандыкты, доскадагы, дептердеги иретсиздиктин, жыйнактуулутун жок болушу кыжырын келтирет.
Аудиал – жазганга караганда айтып бергенди жакшы көрүшөт, айнекти тез- тез карап, укканды жана сүрөт тартканды сүйүшөт.
Кинестетик – кыймылдуу, эмоционалдуу, тез алаксыйт, туюму менен мисал чыгарат. Мугалимге жана жанында отурган окуучуларга көп ыңгайсыздыкты жаратат

Информациялык окуу көндүмдөрү окуучу үчүн өз алдынча изденүүчүлүккө жана информациянын үстүндө ойлонууга мумкүнчүлүк тузуп берет.

  • Техникалык каражаттарды колдонуу ( ТСО, ПК, ТВ, мультимедиа)

Системдик компьютердик компетенттүүлүк акыл жөндөмдүүлүгүнүн бекемдешине, чыгармачылыгынын өнүгүшүнө шык берет. Түгөйлөшүп иштөө, коммуникативдүүлүктү, креативдүүлүктү калыптандырат. Сабагымда ар түрдүү ыкмаларды, жаңы технологияны пайдаланам.


Акыркы мезгилде педагогикалык лексикага педагогикалык технология деген түшүнүк, термин кирген. Технология-бул кандайдыр бир иште колдонулуучу ыкмалардын топтому. Бүгүнкү күндө педагогикалык технологиянын 100дөн ашык түрү бар, бирок ошолордун бардыгы азыркы мезгилде, 21 кылымда актуалдуубу?

Эмне үчүн педагогдор заманбап окутуу технологияларын кабыл алууга даяр эмес?

Бул процесстин себептери төмөнкүлөр:


  • Инновациялык ишмердикте иштөөгө мугалимдердин каалоосунун жоктугу (информациялык, технологиялык комплектүүлүктүн жоктугунан)

  • Өз билимин өркүндөтүүнү каалабагандыктан.

  • Мектеп окуу программасында, методикалык жана окуу китептеринде берилген илимий аныктамаларды окутууга багытталган боюнча калган, бул билимдерди берүүдө мугалим авторитардык ролдо болуп, өзүнүн билимин таңуулайт, ошондуктан окуучулардын сабакка келгиси келбей калат. Мектептин жашоосу менен заманбап мезгил - эки башка полюстар. Мектеп турмушу традициялык класстык сабакты, үй тапшырманы, стандарттуу күнүмдүк сабактарды, окуу китебин, атлас, карта, сабакты түшүндүрүү, сабакта эффективдүү эмес формаларды, методдорду колдонуу камтыйт. Ал эми азыркы мезгил эмнени өзүнө камтыйт?

Бул постиндустриалдык коом, информатизация, компьютеризация, глобализация, инновация, модернизация, практикага багытталган ж.башкаларды окутуу мезгили.


Жыйынтыгында мектеп жана азыркы мезгил бири-бирине карама-каршыланган эки дүйнөнү түзөт. Мектеп бул-азыркы мезгилден бөлүнгөн, айырмаланган өзүнчө дүйнө. Ошондуктан төмөнкүдөй проблема пайда болот: мектептин билим берүү аймагы баланын реалдуу дүйнөсүнөн, окутуунун реалдуу турмуштан артта калгандыгы, балдардын кызыгуусуна каршы келет.

Мектеп балдардын кызыгуусуна жана кабыл алуусун чектөө менен курчап турган айлананы үйрөнүүгө каршы келүүчү жасалма аймакты түзөт. Б.а. мугалим менен окуучу ар тилде сүйлөшөт. Эгерде мурда мугалим өзүнүн деңгээли жана компетенциясы боюнча окуучудан жогору турган болсо, азыр мугалим окуучудан бир топ төмөн турат, себеби окуучулар күнүмдүк турмушунда жаңы технологияларды колдонуп, алардын жашоо турмушунда, акылына, жүрүш-турушунда керектүү нерсеге айланган. Ошондуктан окуучуга мугалим жакпайт, анткени ал заманбап мугалим эмес.

Мугалимдер мезгилден артта калган, сабактарында информациялык-компьютердик-технологияларды колдонулбайт, информациялык-технологиялык-компетенттүүлүгү жок. Балдар өздөрү каалаган мугалимдерде окуй албайт, сабакка болгон кызыгуусу жок.

Ошондуктан – сабактардагы негизги максат: оюн технологияларын окуучуларды сабакка мотивдештирүү үчүн, билим сапатын көтөрүү үчүн киргизүү.

Гипотеза: оюн технологиялары-геймификация окуучуларды билим алууга мотивдештирет жана томондогудой милдеттер пайда болот:

  • Геймификация түшүнүгүн түшүндүрүү

  • Геймификация билим сапатын көтөрүүгө кандай таасирин тийгизерин аныктай билүү.

  • Оюндар технологиясын, оюн симуляторлорун сабакка колдонуу.

Тажрыйба:

Информациялык технологиядагы геймификация – билим берүү процессинде окуучулардын билим алуусуна кызыктыруу үчүн оюн аркылуу ойлонууга, компьютерде ойноого ылайыктуу оюндарды колдонуу менен мотивдештирүү. Оюн технологиясы сабакка болгон кызыгууну арттырат, билим алууда атаандаштыкты пайда кылат.

Оюн технологиясын колдонууда окуучулар активдүү, билим алууда жана бышыктоодо эффективдүү натыйжа берет.

Ошондуктан оюндар, оюн симуляторлорду колдонуу деңгээлине өтүү менен окуучулардын предметке болгон кызыгуусун арттырууга, билим сапатын көтөрүүгө жетишсе болот.





Оюн технологияларынын төмөнкүдөй элементтерин сабактарда колдонсо болот:

  1. Ролдоштурулган оюн

  2. “ысык стул” (тарыхый инсандын ролунда Наполеон, Л.Толстой, Ч.Дарвин ж.б.)

  3. ДАЕ (кыймыл, сүрөт, терминди аныктоо)

  4. Квест оюну

  5. Тарыхый сот

  6. Метеор-кубик

  7. Асоциативдүү оюн

  8. Инссценировка

9. Экскурсия-саякат

10. Лексикалык конструктор

11. “Чынбы же калппы” оюну

Бул оюндарды колдонууда окуучулардын предметке болгон кызыгуусу артты, ар бир окуучу биринчи лидер болгонго, жеңгенге аракеттенет, бири-бири менен жарышат. Оюн методдорун колдонгондо окуучулар анализдегенге, салыштырганга, изилдөөгө, аракеттенип, көндүмдөрү, билгичтиги активдешет.

Окуучулар сабакта оюн аркылуу өз алдынча классташтарына тапшырмаларды ойлоп табышат. Бул оюн технологиясын Салман Хан деген финансы аналитиги 2006ж. негиздеген. Ал өз академиясында табигый илимдер боюнча видеоматериалдарды жана физика, биология, астрономия ж.б. илимдер боюнча тапшырмаларды атайын сактоочу жайда сактайт.

Көп мезгилге чейин видеоюндар билим берүүдө колдонуу үчүн жеткиликтүү көңүл коюлган эмес,” Оюн убакытты алат, же ал жаш жеткинчектерди моралдык жактан бузат”- деген ойдо болушкан. Эксперттердин ою боюнча компьютердик оюндар билим алууда өзгөчө шарт түзөт.


Биология табиятты тааныган,

Эволюция принцибине негиздеп.

Өнүгүүдө тармактары кеңейип,

Адамзаттын өнүгүүсүн иликтеп.

Заманынын талабына ылайык,

Бул илим да жаңылыкка ээ болду.

Ачылыштар өнүгүүдө көбөйүп,

Багыттары өсүп барат кеңейип.




Жандуу ачып жаратылыш кырдаалын,
Бүт мүнөздөп айкын ачат өзөгүн.

Бактерия курт- кумурска канаттуу,

Киши анын кулак ,көзүн бөйрөгүн.


Ботаника,зоология, экология,

Анатомия, физиология- баары

Илим багыты,биз үйрөнүп
Мунун баарын

Биз кошолу салымды


Жаңыланып, байып мазмун жагынан,

Окутуунун ыкмалары өзгөрдү.

Байып илим жаңырган жаңы ыкмада,

Таанып билүү билим берүү түптөлдү.



Таанып тулку боюн адамдын,

Табияттын мыйзамын бүт тааныган.

Таанып билүү баскычында орду бар,

Оруну чоң илимдердин сабынан.



Биология мугалими: Субаналиева Гульшан Кутманалиевна