Ош мамлекеттик университет
Математика жана информациялык
технологиялар факультети
Билим берүү чөйрөсүндө виртуалдык чөйрөсүн долбоорлоо
Тема: Билим берүүдөгү негизги компетенттүүлүктөр.
Группа: ФМОИ(б)-1-20
Студент: Ураимова Күмүшай
Текшерген: Авазова Элнура
План:
1. Негизги компетенттүүлүктөр.
2. Негизги компетенттүүлүктөрдүн калыптануу деңгээлдери.
Негизгилери катары ушул 3компонент каралат:
● Маалыматтык компотенттуулук
● Социалдык коммуникативдик компотенттуулук
● Озун-озу уюштуруу жана маселелердичечуу
компотенттуулугу
1) маалыматтык компетенттүүлүк-өз ишмердүүлүгүн пландаштыруу
жана ишке ашыруу, аргументтүү тыянактарды чыгаруу үчүн маалыматты
пайдаланууга болгон даярдык. Маалымат менен иштей билүү төмөнкүлөрдү:
жетпеген маалыматты максаттуу издөөнү, айрым фрагменттерди
салыштырууну; бүтүн алып анализдөө көндүмдөрүнө ээ болууну;
божомолдорду (гипотезаларды) коё билүүнү карайт. Адамга сынчыл ой
жүгүртүүгө негизделген маалыматтын негизинде ойлонулган чечимдерди
кабыл алууга мүмкүндүк берет.
2) социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк – өз умтулууларын
башка адамдардын жана социалдык топтордун кызыкчылыктары
мененшайкеш келтирүү, позициялардын ар түрдүүлүгүн таануунун жана
башка адамдардын баалуулуктарына (диний, этникалык, кесиптик, инсандык
ж.б.) сыйлуу мамиленин негизинде өз көз карашын цивилизациялуу коргоого
болгон даярдык. Диалогдо керектүү маалыматты алуу жана инсандык,
социалдык жана кесиптик проблемаларды чечүү үчүн аны оозеки жана жазуу
жүзүндө туюнта билүү зарылдыгы. Милдеттерди чечүү үчүн башка
адамдардын жана социалдык институттардын ресурстарын пайдаланууга
мүмкүндүк берет.
3) өзүн-өзү уюштуруу жана маселелерди чечүү
компетенттүүлүгү – маалыматта, окуудагы жана
турмуштук кырдаалдардагы карамакаршылыктарды табууга
жана ар түрдүү ыкмаларды өз алдынча жана башка адамдар
менен өз ара биргелешип колдонууга, ошондой эле андан
аркы аракеттер тууралуу чечимдерди кабыл алууга болгон
даярдык.
Компотенттуулуктун ар бири туру бир катар аспектилерди
камтыйт. Ар бир аспект учун калыптануунун 3 денгээли
белгиленген.
● Биринчи денгээл(репродиктивдуу)
● Экинчи денгээл (продиктивдуу)
● Учунчу денгээл(креативдуу)
Биринчи деңгээл (репродуктивдүү) окуучулардын үлгү боюнча (аткаруунун
берилген алгоритмин) аткара билүүсү менен мүнөздөлөт.
Экинчи деңгээл (продуктивдүү) окуучулар жөнөкөй ишмердикти аткаруу, ал
ишмердиктин өздөштүрүлгөн алгоритмин башка кырдаалда колдонуу
жөндөмдүүлүгү менен мүнөздөлөт.