СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим берүүнүн жаңы технологиясындагы тесттик формадагы тапшырмалар

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билим берүүнүн жаңы технологиясындагы тесттик формадагы тапшырмалар»

Билим берүүнүн жаңы технологиясындагы тесттик формадагы тапшырмалар

Билим берүүнү шарттуу түрдө үчкө бөлүп карасак болот. Билим берүү (теория), билим берүүнүн ыкмалары жана баалоонун (көзөмөлдөөнүн, контролдоонун) ыкмалары деп. Ошол үч бөлүктүн маанилүү бир бөлүгү окуучулардын ишмердүүлүгүнө баа берүү (контролдоо) деп ойлойм. Себеби окуучуларды баалап жатып мугалим календардык планына, бөлүмдүн (теманын) канчалык деңгээлде кабыл алынгандыгын, сабак өтүүдөгү колдонулган ыкмалардын натыйжалуулугун, өтүлгөн сабагынын сапатын көрө алат жана андан ары өнүктүрөт.

Окуучулардын же студенттердин алган билимдерин же ой-жүгүртүүсүн баалоо үчүн ар кандай ыкмалар колдонулуп келет. Мисалы: үй тапшырмасы, текшерүү иш, диктант, долбоордук иш, тесттик тапшырмалар ж.б.. Булардын ичинен тесттик формадагы тапшырмалар күн өткөн сайын кеңири колдонула баштады.

Тест жөнүндө кыскача аныктама

Тест - (англ. – test – сыноо, текшерүү, байкоо жүргүзүү) – сыналуучунун (окуучу, инсан жана башка) психофизиологиялык өзгөчөлүгүн, билим, билгичтик жана көндүм деңгээлдерин кыска убакыттын ичинде аныктоого арналган каражат. Тест ички мазмунуна жараша стандартташтырылган тапшырма, аткарган функциясына жараша процесс деп да айтылат. Колдонуу чөйрөлөрүнө жараша тест психологиялык, педагогикалык жана кесиптик багыттарга бөлүнөт. Окуу процессинде колдонулуучу тест контролдоонун формасы катары аныкталат. Адамды изилдөөдө, анын өзгөчөлүктөрүн ченөөгө жана баалоого, аларга мүнөздөмө берүүгө чоң маани берилет. Мына ушул ченөөнүн жана баалоонун бирден бир эффективдүү каражаты болуп тест эсептелет.

Азыркы учурда окуучуларды же студенттерди эле эмес жумушка орношо турган адистерди дагы тесттен өткөзүп анан жумушка алышат. Ошого карабастан кээ бир улуу муундагы адамдардын арасында мындай тесттерди окутуу жана билимди текшерүү процессинде колдонуу окуучуларды жалкоолукка, сөз байлыгынын азайышына, билиминин тайкы болушуна алып келет деген кайчы пикир ойлор айтылып жүрөт. Ошондой болсо дагы анын өзүнүн белгилүү маанилүү орду бар. Ошол эле учурда, кандайдыр бир формалдуулукка дагы ыктап кетиши мүмкүн. Көрсөтүлгөн жооптун кайсынысы суроого жооп беришин билбеген окуучу болжолдоп белгилөөгө өтүп кетет жана ыктымалдуулук теориясынын негизинде жакшы баа алып калышы дагы мүмкүн. Ошол эле учурда жоопту табууда тизмектүү (логикалык) ой жүгүртүү менен жооптордун баардыгын табууга мүмкүн эмес. Мына ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдү адегенде тесттердин ар кандай түрлөрүн жана аларды деңгээлдерге бөлүү үстүндө иштөө менен бирдикте тесттердин натыйжалуулугун өстүрсө болот.

Билим берүү системасындагы тесттик тапшырмалар боюнча Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкүдөй жазылган:

Билим берүү тутумуна баа берүү жетишкендиктердин стандарт-таштырылган тесттерин колдонуу менен ар кандай билим берүү чөйрөсү боюнча баштапкы жана негизги мектептик деңгээлде окуучулардын билимдеги жетишкендиктерин туруктуу улуттук изилдөө жүргүзүү аркылуу ишке ашырылат. Билим берүү тутумунун абалына мониторинг жүргүзүү үчүн негизги жана жогорку мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу аттестациялоонун натыйжалары да пайдаланылат.

(Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты ((КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 590 токтомунун редакциясына ылайык)) 4-бап. Баа берүү тутуму., 59).

Тесттик тапшырмалар менен окуучулардын же студенттердин башкача айтканда билим алуучулардын билимин текшерүү менен бирге ошол сабактан берген мугалимдин (билим берүүчүнүн) да ишмердүүлүгүн, анализдөөгө, баалоого болот. Мугалимдин эле эмес бүтүндөй билим берүү системасына анализ жасоого мүмкүн.

Тесттин түрлөрү

Сыноо уюштуруунун дүйнөлүк практикасында, кээ бир өзгөчөлүктү негиз кылып алуунун натыйжасында тесттер бир нече түрлөргө бөлүнгөн.
Инсандын психологиялык сапаттарын негиз кылып алууда тесттер жалпы акыл жөндөмдүүлүктөрүн аныктоочу, айрым бир жөндөмдүүлүктү аныктоочу, креативдүү, личносттук жана жетишкендик тесттери деп бөлүнүшөт. Уюштуруу тартиби боюнча стандартташтырылган жана стандартташтырылбаган тесттер кездешет. Аткаруу милдеттери боюнча тесттер жалпы диагностикалык, интеллектуалдык, жөндөмдүүлүктү аныктоочу деп бөлүнүшөт. Сөз катышын эске алуу менен вербалдык жана вербалдык эмес деп бөлүнөт. Мындан тышкары объективдүү тесттер чет элдик тестирлөө практикасында кездешет.

Тестирлөө деген эмне?

Тестирлөө – алдын-ала түзүлгөн, апробацияланган тапшырмаларды колдонуу менен сыналуучунун өзгөчөлүгүн аныктоо. Тестирлөө аткаруучу функциясына жараша уюштурулат. Тестирлөөнү уюштурууда ыйгарыла турган тапшырмалар, уюштуруу орду, убакыт алдын ала белгиленет. Тестирлөө алдында тапшырмаларды аткаруу, жооп-баракчаларын толтуруу ирети, тестирлөө убактысы боюнча сыналуучуларга инструктаж өткөрүлөт. Тестирлөөгө берилген убакыт аяктагандан кийин, сыналуучулардын аткаруу иштери жыйналып алынат, математикалык-статистикалык методдун негизинде жыйынтыктары чыгарылат, кийинки учурда аткарылуучу иш-аракеттер белгиленет. Психологияда жана кесип тандоодо сыналуучунун психофизиологиялык кесиптик жөндөмү аныкталат. Билим берүү жаатында сыналуучунун билим деңгээлин аныктоо максатында колдонулат.

Мектептердин окуу-тарбия процессинде тестирлөө педагогикалык диагноздоонун бирден бир эффективдүү каражаты деп эсептелет. Окуучунун алдын-ала билимин текшерүүдө тестирлөө контролдоонун диагноздоочу жана мотивациялык функцияларын аткарат. Күнүмдүк контролдоону уюштурууда тестирлөө аркылуу тескери байланыш, диагноздоочу, коррекциялоочу, окутуучу жана өнүктүрүүчү функциялары ишке ашырылат. Ал эми темалык жана жыйынтык контролдоону уюштурууда тестирлөөнүн аткаруучу негизги функциялары болуп баалоочу, текшерүүчү жана өнүктүрүүчү функциялары эсептелет. Ар бир тема өтүлгөндөн кийин окуучулардын ушул теманы канчалык деңгээлде өздөштүргөндүгүн да байкоого болот.

Ал эми азыркы техниканын жетишкен заманында тесттик формадагы тапшырмаларды жаңы технологияларды колдонуп түзүү кагаз бетиндеги тесттен бер нече эсе эффективдүүрөк жана пайдалуураак болот. Тесттин тууралыгын текшерген текшерүүчү үчүн дагы жеңил болот. Себеби, кагаз бетиндеги тесттин ар бирине 1 эле минута короткондо 60 тест үчүн текшерүүчү толук бир саат коротот. Эгер тест тапшыргандардын саны жүздөп же миңдеп саналса текшерүүчү канча убакыт коротот элестетип көрүңүздөр.

Жаңы технологияны колдонуп тесттик тапшырмаларды даярдоонун жана тест алуунун эки жолу бар.

Биринчиси офлайн. Бул режимде интернеттин зарылчылыгы жок. Ошондуктан алыскы региондогу мектептерге да жарай берет. Болгону компьютерлерге, планшеттерге же телефондорго (смартфондорго) программа орнотуу керектелет. Негизинен мындай программалар мугалимдин компьютерине орнотулуучу сервер программа жана окуучунун компьютерине (телефонуна, смартфонуна) орнотула турган клиент программа болуп эки бөлүктөн турат. Мугалимдин компьютериндеги сервер программада тесттин суроолорун түзүү жана оңдоо, тест тапшырып бүткөндөн кийин жыйынтыктарды көрүү, анализдөө, иштеп чыгуу, окуучуларды класс боюнча топтоштуруу ж.б. функциялар бар болот. Ал эми клиент программада тест тапшыруучу өзү жөнүндө мааламатты киргизгенден кийин тест тапшыра алат. Бул программада окуучу классты, сабакты тандай алат жана өзүнүн фамилия, атын киргизгенден кийин тест тапшырууга мүмкүнчүлүк алат. Тест тапшыруучулар тестти тапшырып бүтөөрү менен жыйынтык серверге локалдык тармак же блютуз (Bluetooth) аркылуу жөнөтүлөт.

Экинчиси онлайн. Бул режимде интернет керектелет. Бирок офлайн режимине карганда артыкчылыктарга ээ. Интернеттеги кээ бир онлайн сервистерди колдонуп тест алууда эч кандай программага муктаж болбойбуз. Болгону ошол сайтка катталабыз дагы тесттердин тапшырмаларын даярдайбыз жана тест тапшыруучуларга шилтемесин жөнөтүп жиберебиз. Алар тесттин тапшырмаларын аткарып бүткөн соң бизге жыйынтыктар келип түшөт. Онлайн режимдин дагы бир артыкчылыгы аралыктан билим берүүдө билим алуучулардын билимин текшерүүгө мүмкүнүлүк берет. Бул аралыктан билим берүү үчүн алмаштырылгыс каражат болуп саналат. Азыркы учурда кыргызстанда төмөнкү сайттар (порталдар) тесттик тапшырмалар боюнча ийгиликтүү иш алып барып жатышат.

1. Жогорку окуу жайлар студенттерге http://avn.indo.kg сайты (порталы) аркылуу тесттик тапшырмаларды берип баалап, көзөмөлдөп (конролдоп) жатат.

2. ЖРТга даярдангысы келген мектеп бүтүрүүчүлөрү http://testing.kg жана http://edc.kg/ort/kg/ сайты (порталы) аркылуу өзүлөрүн текшерип көрсө болот. Бул учурунда кайсыл сабактан жана кайсыл бөлүмдөн билими начар экенин байкоого жардам берет. Окуучу ошол жыйынтыгына карап тесттеги кыйналган сабагына же бөлүмгө көбүрөөк басым жасашы керек экендигин биле алат жана ЖРТны ийгиликтүү тапшыра алат.

3. Кыргыз тилин канчалык деңгээлде билээриңизди билгиңиз келсе http://kyrgyztest.gov.kg сайтына (порталына) кирип тест тапшырып көрүңүз. Бул жаңы эле түзүлгөн сервис болгону менен өтө пайдалуу жана келечеги кең сервис деп ойлойм.

Тесттик тапшырмаларды түзүүгө арналган эркин сайттар (порталдар)

1. Мастер-Тест  (http://master-test.net/)

2. Банк тестов  (http://www.banktestov.ru/)

3. Твой тест (http://www.make-test.ru/)

4. Test.fromgomel (http://test.fromgomel.com/)

5. Let’s test (https://letstest.ru/)

6.  Online Test Pad (http://onlinetestpad.com/ru)

7. Kahoot! (https://kahoot.com/)

8. testserver.pro (https://testserver.pro/pages/attestation#SECT1)

9. Google Docs — Google Forms? (https://docs.google.com/forms)

Бул сайттардын (порталдардын) жардамы менен мугалимдер өздөрү каалаган түрдөгү жана деңгээлдеги тесттик тапшырмаларды түзө алышат жана өзүнүн окуучуларына (студенттерине) шилтемесин жөнөтө алат. Жалаң гана билим берүүдө эмес өзү каалаган темада да кеңири чөйрөдө (интернет колдонуучуларынын арасында) сурамжылоо жүргүзө алат.

Кээ бирөөлөр тесттик формадагы тапшырмаларды колдонуу мугалимдерге кошумча түйшүктү жарат деп ойлошу мүмкүн. Ооба, эгерде жаңы технологияны колдонбой кагаз түрүндө тест алып, колго текшерсе көп мээнет кылууга туура келет. Бирок, жаңы маалыматтык технологияларды колдонуу менен окуучуларга тесттик формадага тапшырмаларды берип текшерүү (контролдоо) бул жеңил эле. Себеби, план-конспект жазып жатканда эле тесттик тапшырмаларды кошо даярдап койсо болот. Ал эми текшерүүнү, баалоону маалыматтык техника өзү аткарып коёт. Мугалимге жыйынтыкты кагаз бетине түшүрүп коюу гана калат.

Жогорудагы айтылгандарга таянып жаңы маалыматтык технологияны билим берүү тармагындагы тесттик формадагы тапшырмаларды түзүүдө жана окуучларды баалоодо колдонуу билим берүүнүн сапатын жогорулатат жана мугалимдердин убактысын үнөмдөйт деп терең ишенем. Үнөмдөлгөн убактысын башка жаңы нерселерди үйрөнүүгө жана изилдөөгө арнайт. Бул өз убагында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чоң салым кошот.



http://www.banktestov.ru/

2