СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Билим кунуно ырлар

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Билим кунуно ырлар»



Салам сага,

мектебим!







Ырлар жыйнагы



Салам сага , мектебим !



Салам айтам мектебим,

Алтын уям аманбы?

Көргүм келип дегдедим,

Сага теңди табамбы?!



Көңүлдүү өттү каникул,

Тоо-талааны кыдырдым.

Жайлоо жагып, чыны ушул,

Коштошордо кыйылдым.

Көп кол кабыш жасадым,

Бактым атам койлорун.

Ат үйрөтүп, азоонун,

Кулагында ойнодум.



Эжем бир иш тапшырса,

Орундоого үлгүрдүм.

Китептеги жакшы ырга,

Кол бош кезде үңүлдүм.....



Бийик көккө, алыска,

Кыял кушу сабалап,

Сайран курдум Марста

Ай, Чолпонду аралап.



Чыктым аскар тоосуна,

Терип кайттым таштарын.

Кайрылгыча айлыма,

Өтүү убакыт каш кагым.... С.Калиев



Биринчи сентябрь



Күлө карап барлык жак,

Келген кенже билимге.

Салам айтат куттуктап,

Сентябрдын биринде.



Кары билим жол ачат,

Кичинекей билимге.

Мектептердин баары аппак,

Сентябрдын биринде.



Так келе элек тил менен,

Таттуу билим алганы.

Биринчи келди мектепке,

Биринчи класс балдары .



Акыл менен окуткан,

Кулак салып апага.

Жети жашар Жеңишкан,

Жакшы олтурат партада. А. Осмонов





Биринчи сентябрь



Келген сайын сентябрь,

Кубанабыз ырдап ыр.

Гүл дестеге бөлөнөт,

Мектебибиз жылда бир.



Артып класс сүйкүмү,

Шаттанабыз бул күнү.

Туш тараптан угабыз,

Жанга жагым күлкүнү.



Мейли болсун кимибиз,

Мыктап окуу-дилибиз.

Сагынычтуу карайбыз,

Бирибизди бирибиз.



Алиппени көтөргөн,

Бөбөктөргө жол берип,

Биринчиге кирдиң,-деп,

Куттуктадык кол берип.



Кагылганда коңгуроо,

Гүлдөй жайнап ачылдык.

Бизди күткөн таптаза,

Класстарга шашылдык. А. Кыдыров









Биринчи мугалим



Өмүргө өмүр улап бөпөлөгөн,

Көңүлгө гүл өндүрүп төтөлөгөн.

Ал адам менин кымбат мугалимим,

Турмушка жол көрсөтүп жетелеген.

Акылга акыл кошуп чабыттаган,

Келечек турмушумду аныктаган.

Ал киши менин асыл мугалимим,

Изденип өз ишинде талыкпаган.



Колумду,карандашты кошо кармап,

Тамгаларды чиймелеп көрсөтүүчү.

Учкун деп, келечекке канат жалгап,

Өзүндө болгондорду үйрөтүүчү.



Эң алгач “ Алиппемди” барактаган,

Кесибин жандай сүйүп ардактаган.

Ал менин ,эң биринчи мугалимим,

Билим ал,талыкпа деп жаркылдаган. О. Абдылдаев



Билим майрамы



Китеп, кагаз, калемим,

Бүгүн колго аламын.

Билим жолун басууга,

Дилгирленген баламын.



Күзгү кутман айдагы,

Бүгүн –Билим майрамы.

Ак мектепке биринчи,

Биз киребиз жайдары. О. Сооронов









Мектебим



Жаркылдатып кабагын,
Агай берет сабагын.
К
үндө барып мектепке,
Жа
ңылыкка канамын.

Сүйкүмдөтүп жамалын,
Эжей берет сабагын.
Ар к
үн окуп мектепке,
Тере
ң билим аламын.